Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги №162 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредиттөө тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Министрликте аккредиттөө тартиби
III. Аккредиттөөчү карточкаларын берүү тартиби
IV. Аккредиттөөчү карточкалардын сериясы
V. Аккредиттөөнүн мөөнөтү
VI. Артыкчылыктар жана иммунитеттер
VII. Аккредиттөөчү карточка ээсинин милдеттери
1-тиркеме. Анкета
2-тиркеме. Аккредитөө үчүн анкета
Бул Жобо 1961-жылдын 18-апрелиндеги дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1963-жылдын 24-апрелиндеги консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1946-жылдын 13-февралындагы Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенциянын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде (мындан ары - "Министрлик") чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин кызматкерлерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин (мындан ары - "Өкүлчүлүктөр" жана "Мекемелер") аккредиттөө тартибин регламенттештирет.
1.1. Төмөнкүлөр министрликте аккредиттөөгө алынат:
а) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык кызматкерлери, административдик-техникалык жана тейлөө кызматкерлери;
б) чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин кызматкерлери;
в) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык БУУ системасынын эл аралык уюмдарынын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана эл аралык уюмдардын башка өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери;
г) өз ара принциптүүлүктүн негизинде чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери;
д) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкерлери;
е) чет мамлекеттердин ардактуу консулдары.
1.2. Өкүлчүлүктөр министрликке жылына эки жолудан кем эмес Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин тизмесин алардын кызмат орундарын, алардын кызматтык телефон номерлерин, ошондой эле Өкүлчүлүктөрдүн же Мекемелердин курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө: өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин дайындалышы, келиши жана биротоло кетүүсү, Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн функцияларынын токтотулгандыгы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин тизмесин жиберишет (№ 1 тиркемеге ылайык).
Мындай маалымат Өкүлчүлүктөрдүн же Мекемелердин Кыргыз Республикасынын, үчүнчү мамлекеттердин жарандары болуп саналган кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдар жөнүндө кабарларды да камтууга тийиш.
Министрлик мурда кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү катары аккредиттелген адамдардын туугандыгы токтолгон учурда Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер мындай маалыматты Министрликке жиберишет.
1.3. Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана Мекемелерде жана Өкүлчүлүктөрдө эмгек ишин жүзөгө ашырган жарандыгы жок адамдар Ардактуу консулдарды кошпогондо, Министрликте аккредиттелүүгө алынбайт.
1.4. Мекемелердин жана Өкүлчүлүктөрдүн укуктук статусу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
1.5. Мекемелердин жана Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин жекече маалыматтарына тиешелүү маалымат купуялуу маалымат болуп саналат.
Министрликте аккредиттөө үчүн төмөнкүдөй документтердин болушу зарыл:
2.1. 1.1. пункттун (а) жана (б) пунктчаларында көрсөтүлгөн Өкүлчүлүктөрдүн кызматчылары жана Мекемелердин кызматкерлери үчүн:
- дипломатиялык (консулдук) карым-катнаштарды орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосундагы тиешелүү эл аралык келишимдердин көчүрмөсү;
- чет мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин же Өкүлчүлүгүнүн кызматкерди аккредиттөө жөнүндө өтүнүч нотасы;
- нота Өкүлчүлүктүн кызматчысынын ээлеген кызматы жана анын мындай кызматта иштөөсүнүн болжолдуу мөөнөтү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
2.2. 1.1. пункттун (в) жана (д) пунктчаларында көрсөтүлгөн Өкүлчүлүктөрдүн кызматчыларына:
- Кыргыз Республикасынын аймагында Эл аралык уюмдун Өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен эл аралык уюмдун ортосундагы тиешелүү эл аралык келишимдин же болбосо Кыргыз Республикасында бул эл аралык уюмдун болушунун шарттары жөнүндө тиешелүү эл аралык келишимдин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасы менен эл аралык уюмдун ортосундагы эл аралык уюмдун же өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлчүлүгүнүн чет мамлекеттин жарандары катары кызматчыларына Кыргыз Республикасынын аймагында иммунитеттердин жана артыкчылыктардын белгилүү бир көлөмүн караштырган тийиштүү эл аралык келишимдин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасы мүчөсү болгон эл аралык уюмдун Кыргыз Республикасынын тийиштүү органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында штаб-квартираны уюштуруу жөнүндө тийиштүү чечиминин көчүрмөсү;
- кызматчыны аккредиттөө жөнүндө өтүнүчү менен эл аралык уюмдун Өкүлчүлүктөрүнүн нотасы же каты;
- нота же кат өкүлчүлүктүн кызматчысынын ээлеген кызматы жана анын мындай кызматта иштөөсүнүн болжолдуу мөөнөтү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
Нотага же катка Өкүлчүлүктүн башчысы, ал эми ал жокто анын орун басары кол коюп, Өкүлчүлүктүн мөөрү басылып бекитилүүгө тийиш.
2.3. 1.1. пункттун (г) пунктчасында көрсөтүлгөн Өкүлчүлүктөрдүн кызматчылары:
- Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосундагы артыкчылыктарды жана иммунитеттерди берүүнү караштырган, соода өкүлчүлүктөрүн ачуу жөнүндө тийиштүү эл аралык келишимдин көчүрмөсү;
- кызматкерди аккредиттөө жөнүндө өтүнүчү менен тийиштүү мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин же дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, же консулдук мекемесинин нотасы.
Нота өкүлчүлүктүн кызматчысынын ээлеген кызматы, орду жана жана анын мындай кызматта иштөөсүнүн болжолдуу мөөнөтү жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
Чет мамлекеттин соода өкүлчүлүгүнүн кызматчылары өз ара принцип негизинде да аккредиттелиши мүмкүн.
2.4. 1.1. пункттун (е) пунктчасында көрсөтүлгөн Өкүлчүлүктөрдүн кызматчылары:
- Адамды Ардактуу консул катары аккредиттөө жөнүндө өтүнүчү менен тийиштүү мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин же дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн нотасы;
- Консулдук патент жана экзекватура.
2.5. Министрлик төмөнкүлөрдү аккредиттейт:
- чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчыларын, дипломатиялык кызматтардын мүчөлөрүн, консулдук кызмат адамдарын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү кызматкерлерин, ошондой эле алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн, эгерде алар жайгашкан мамлекеттин жараны болбосо;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен макулдашуу аркылуу аскердик атташелерди, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен макулдашуусу аркылуу полициянын атташелерин;
- эл аралык өкмөттөр аралык уюмдардын кызмат адамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында штаб-квартирага ээ эл аралык уюмдардын алдындагы мамлекеттердин Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин;
- кыргыз тарабы менен бирге долбоорлорду ишке ашырууну жүзөгө ашыруучу же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу алдында Өкүлчүлүктөрдүн кызматчыларына иммунитеттердин жана артыкчылыктардын белгилүү бир көлөмүн берүүнү караштырган, Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык Келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык, социалдык-экономикалык жана техникалык жардамды аткаруу боюнча программаларды жүргүзгөн чет мамлекеттердин өкмөттүк уюмдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызмат адамдарын;
- аккредиттөө жөнүндө кайрылууларды кароодо жана аккредиттөө карточкаларын берүүдө Министрлик өз аралык принцибин колдонушу мүмкүн;
- аккредиттөөдөн баш тартылган учурда Министрлик баш тартуунун себебин түшүндүрүүгө милдеттүү эмес.
Министрлик аккредиттөөчү карточкаларды берүүнүн төмөнкүдөй тартибин белгилейт:
3.1. Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер өзүнүн кызматчысын аккредиттөө жана аккредиттөөчү карточканы алуу үчүн Кыргыз Республикасына келген датадан тартып 10 күндүк мөөнөттө Министрликке төмөнкүдөй документтерди берет:
- аккредиттөө өтүнүчү жазылган нота же кат;
- паспорттун көчүрмөсү;
- кирүү визасынын көчүрмөсү (визалык режим сакталган учурда);
- өкүлчүлүктүн кызматкерлерине аккредиттөөчү карточкаларын берүүгө негиз болуучу ченемдик документтердин көчүрмөлөрү;
- 2x3 см өлчөмүндөгү 2 түстүү, жылма эмес фотосүрөт;
- толтурулган анкета (№ 2 тиркеме);
- Өкүлчүлүктөр же Мекемелердин кызматчыларынын жубайлары үчүн нике жөнүндө күбөлүк.
Нотада же катта аккредиттеле турган адамдын кызмат орду жана жарандыгы көрсөтүлүшү керек.
Бул Жобонун 1.1. пункттун а), б) жана г) пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдын паспортунда алардын кызматтык статусуна тиешелүү маалымат камтылышы керек.
Министрликте аккредиттеле турган адамдын паспортунун жарактуулугунун мөөнөтү паспорттун жарактуулук мөөнөтүнүн аягына чыгышына 6 айга чейин жарактуу болуш керек.
Анкета арыз берүүчү жана Өкүлчүлүктөр жана Мекемелердин башчысы тарабынан кол коюлушу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
3.2. Документтерди кароо жана аккредиттөөчү карточканы берүү 14 жумушчу күндөн көп эмес убакытта ишке ашат.
3.3. Аккредиттөөчү карточкада Өкүлчүлүктүн кызматчысынын толук аты-жөнү, кызматы, аккредиттөөчү карточканы берүү датасы жана анын жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлөт.
3.4. Аккредиттөөчү карточканы колдонуу мөөнөтүн өзгөртүүдө жана дубликатты берүүдө, эски аккредиттөөчү карточканы Министрликке кайтарылып берилүүгө тийиш.
3.5. Өкүлчүлүк кызматчынын кызмат абалынын өзгөрүүлөрү тууралуу маалыматты 10 күндүн ичинде Министрликке билдирет.
Аккредиттөөчү карточкаларды берүү тартиби төмөндөгүлөргө тиешелүү:
- аккредиттөөчү карточкаларды берүү үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына), 6 жаштан жогору жана 18 жашка чейинки балдарына, Кыргыз Республикасынын аймагындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан балдарын кошпогондо, мында аккредиттөөчү карточка окуусу аяктаган мезгилге берилет;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык кызматчыларына жана административдик-техникалык кызматкерлерине;
- чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин кызматкерлерине.
3.6. Министрликте, өз аралык принцибин эске алуу менен чет мамлекеттин өкүлчүлүгүнүн Кыргыз Республикасында туруктуу орунга (резиденцияга) ээ болбогон, 3төн ашпаган кызматкери аккредиттелиши мүмкүн, буга өкүлчүлүктүн башчысы жана аскердик атташеси (полиция атташеси) кирет.
4.1. 2.5-пунктта көрсөтүлгөн адамдарга Министрлик ушул бөлүмдүн пунктуна ылайык алардын кызматтык статустарына жараша аккредиттөөчү карточкаларды берет.
4.2. Аккредиттөөчү карточкалар 7 серияга бөлүнөт:
"D", "С", "Т", "U", "O", "НС" жана "А"
4.3. Аккредиттөөчү карточкалар чет мамлекеттин жарандарына гана берилиши мүмкүн. Бул эрежеге талапкерлиги алдын ала Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен жана чет мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын жарандары болгон чет мамлекеттердин Ардактуу консулдары да кирет.
Министрликте аккредиттелген, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен чыккан чет мамлекеттердин Ардактуу консулдары өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан жасаган аракеттерине таралбаган, иммунитеттин жана артыкчылыктардын чектелген көлөмүнөн пайдаланышат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
4.4. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматчылары кызматынын аягына чыгып, кетеринде алардын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн аккредиттөөчү карточкалары 10 күндүн ичинде Министрликке кайтарылып берилүүгө тийиш.
4.5. "D" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар төмөндөгүлөргө берилет:
- дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык кызматкерлерине жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнө (дипломатиялык паспорту бар болсо), 1961-жылдагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык;
- эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин негизинде аккредитацияланган, 1961-жылдагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык, статусу дипломатиялык агенттерге теңештирилген үй-бүлө мүчөлөрүнө (карточка дипломатиялык паспорту же БУУнун паспорту болсо берилет);
- эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрдүн кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин негизинде аккредиттелген, 1961-жылдагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык, статусу дипломатиялык агенттерге теңештирилген үй-бүлө мүчөлөрүнө (карточка дипломатиялык паспорту же БУУнун паспорту болсо берилет).
4.6. "С" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар төмөндөгүлөргө берилет:
- консулдук Мекемелердин консулдук кызмат адамдарына жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнө (дипломатиялык паспорту болсо).
4.7. "Т" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар төмөндөгүлөргө берилет:
- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык кызматкерлерине жана 1961-жылдагы дипломатиялык катнаштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнө (кызматтык паспорттору болсо);
- эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык статусу 1961-жылдагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык кызматкерлеринин статусуна теңештирилген үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- консулдук кызматчыларга жана 1963-жылдагы байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык, алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнө (кызматтык паспорттору болсо).
4.8. "U"сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар берилет:
- БУУнун системасындагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган жана Кыргыз Республиканын аймагында жашабаган үй-бүлө мүчөлөрүнө (карточка БУУнун паспорту болсо берилет);
- эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башка кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашабаган, Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишиминин негизинде БУУнун системасындагы уюмдардын кызмат адамдарынын же эксперттеринин статусуна теңештирилген үй-бүлө мүчөлөрүнө.
4.9. "О" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалары төмөндөгүлөргө берилет:
- Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында гуманитардык, социалдык-экономикалык жана техникалык жардамды иш жүзүнө ашырып жаткан эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө;
- дипломатиялык Өкүлчүлүктөрдүн, Мекемелердин тейлөөчү кызматкерлеринин мүчөлөрүнө жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнө.
Мында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими өкүлчүлүктүн кызматкерлерине иммунитеттин жана артыкчылыктын белгилүү бир көлөмүн берген жобону камтууга тийиш.
4.10. "НС" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалары чет мамлекеттердин Ардактуу консулдарына берилет. Чет мамлекеттин Ардактуу консулунун жана үй-бүлө мүчөлөрүнө Ардактуу консулдуктарынын башка кызматкерлерине аккредиттөөчү карточка берилбейт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген, Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин Ардактуу Консулу катары аккредиттелиши мүмкүн эмес.
4.11. Чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине жана кызматкерлерине дипломатиялык же кызматтык паспорту болсо, "О" сериясындагы аккредиттөөчү карточка, же болбосо Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишиминин негизинде жана/же өз аралык принцип боюнча башка жогоруда көрсөтүлгөн сериядагы карточкалар берилет.
4.12. Аккредиттөөчү карточкалар Министрликтин менчиги болуп саналат жана аккредиттөөнүн мөөнөтү (колдонуу) аяктагандан кийин же Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссия аяктагандан кийин Министрликке сөссүз кайтарылып берилүүгө тийиш.
4.13. "А" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар төмөндөгүлөргө берилет:
- эгерде алар жогоруда аталган адамдардын категориясына кирбесе, Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык иммунитеттер жана артыкчылыктар бекитилип белгиленген чет өлкөлүк жарандарга.
5.1. "D" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар бул жобонун 4.5 пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга кайрылууда көрсөтүлгөн мөөнөткө, бирок 3 жылдан көп эмес мөөнөткө - алгачкы аккредиттөөдөн өтүүдө Министрликте берилет, кийин аккредиттөөчү карточка 1 жылга узартылат.
- "С" жана "Т" серияларындагы аккредиттөөчү карточкалар бул жобонун 4.6. жана 4.7. пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга кайрылууда көрсөтүлгөн мөөнөткө, бирок 2 жылдан көп эмес мөөнөткө - алгачкы аккредиттөөдөн өтүүдө Министрликте берилет, кийин аккредиттөөчү карточка 1 жылга узартылат.
- "U", "О", "НС" жана "А" серияларындагы аккредиттөөчү карточкалар бул жобонун 4.8., 4.9. жана 4.10. пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга кайрылууда көрсөтүлгөн мөөнөткө, бирок 1 жылдан көп эмес мөөнөткө берилет.
- "О" сериясындагы аккредиттөөчү карточкалар же болбосо жогоруда көрсөтүлгөн башка сериядагы карточкалар Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишиминин негизинде жана/же өз аралык принциптин негизинде бул жобонун 4.11. пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга кайрылууда көрсөтүлгөн мөөнөткө, бирок 1 жылдан көп эмес мөөнөткө берилет.
Аккредиттөөчү карточканын мөөнөтү аягына чыкканга чейин бир ай (30 календардык күн) ичинде Министрлик анын мөөнөтүн узартуу маселесин карайт.
5.2. Аккредиттөө 6 айдан ашык мөөнөттөрдү, 3 жылдан ашпаган мөөнөттөрдү караштырат.
5.3. Аккредиттөөчү карточка жоготулган же ал жараксыз абалга келтирилген учурда өкүлчүлүк Министрликке 5 күндүн ичинде бул жөнүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
Дубликат аккредиттөөчү карточканын жоголгондугу фактысын ырастаган тийиштүү документтер тиркелген аталган билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары алгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде берилет.
6.1. "D", "С", "Т", "U" жана "НС" сериясындагы аккредиттөөчү карточкаларынын ээлеринин артыкчылыктары жана иммунитеттери 1961-жылдагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясы, 1963-жылдагы консулдук байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясы, 1946-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылыктар жана иммунитеттери жөнүндө Конвенцияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу тартипте күчүнө кирген башка эл аралык келишимдери менен аныкталат.
6.2. Чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган артыкчылыктар жана иммунитеттерден пайдаланышат.
6.3. "О" жана "А" серияларындагы аккредиттөөчү карточкалардын ээлери үчүн артыкчылыктар жана иммунитеттер:
"О" жана "А" серияларыдагы аккредиттөөчү карточка ээлери Кыргыз Республикасы же Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишиминде берилген ченемде гана артыкчылыктар жана иммунитеттерди пайдаланышат.
Аккредиттөөчү карточканын ээси:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын урматтоого жана сактоого;
- Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө;
- Өкүлчүлүктүн имарат жайын же жашаган жерин, автотранспортту 1961-жылдагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясында, 1963-жылдагы консулдук байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясында, 1946-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө Конвенцияда жана өкүлчүлүккө жүктөлгөн милдеттерде каралган өкүлчүлүктүн функцияларына ылайыктуу максаттарда гана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын элинин үрп-адатын, турмуш-тиричилигин, маданиятын жана салт-санаасын урматтоого;
- берилген аккредиттөөчү карточкага аяр мамиле жасоого;
- Кыргыз Республикасынан биротоло кетип жатканда аккредиттөөчү карточканы Министрликке тапшырууга милдеттүү.
1-тиркеме
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Өкүлчүлүктүн аталышы. │
│ Дареги (өлкө, шаар. көчөсү, үй номери, │
│ почта индекси жана е-mail дареги). │
│ Телефон жана факс номери │
├───┬────────────────┬──────────────┬───────────────┬─────────────────┤
│ № │ Кызматчынын │ Ээлеген │ Титулу, рангы │Кыргыз │
│ │ аты-жөнү │ кызматы │ (эгер болсо) │Республикасына │
│ │ │ │ │келген датасы │
│ │ │ │ │жана өкүлчүлүктүн│
│ │ │ │ │ишинин болжолдуу │
│ │ │ │ │мөөнөтү │
├───┼────────────────┼──────────────┼───────────────┼─────────────────┤
├───┼────────────────┼──────────────┼───────────────┼─────────────────┤
├───┼────────────────┼──────────────┼───────────────┼─────────────────┤
├───┼────────────────┼──────────────┼───────────────┼─────────────────┤
├───┼────────────────┼──────────────┼───────────────┼─────────────────┤
└───┴────────────────┴──────────────┴───────────────┴─────────────────┘
2-тиркеме
1. Өкүлчүлүктүн аталышы ___________________________ ┌────────────┐
________________________________________________________ │ФОТОКАРТОЧКА│
2. Толук аты ______________________________________ │ ҮЧҮН ОРУН │
3. Жынысы: (эркек), (аял) алдын сызыңыз. │ 2x3 │
4. Үй-бүлөлүк абалы _______________________________ │ ТҮСТҮҮ │
5. Ээлеген кызматы ________________________________ │ СЫЙМАЛЫК │
6. Дипломатиялык даражасы (бар болсо) _____________ │ ЭМЕС │
7. Туулган айы-күнү: Күнү ____ айы ______ жылы ____ └────────────┘
8. Туулган жери: өлкө ________________ шаар ______________________
9. Жарандуулугу: _______________ мурунку ______________________ же башка жарандуулугу ____________________________________________________
10. Паспорттун түрү: дипломатиялык, кызматтык, атайын, жарандык.
(керектүүсү сызылат)
Башка документи __________________________________________________
Номери _______________ Берилген айы-күнү: "__" ______ 20___-жылы
20___-жылдын "__" ________ чейин жарактуу.
11. Кыргыз Республикасына келген датасы: "__" _________ 20___-жылы
12. Өкүлчүлүктөгү ишинин болжолдуу мөөнөтү _______________________ _______________________________________________________________________
14. КРдагы үй дареги (шаар, көчө, үй жана батир номери) __________ _______________________________________________________________________
15. Кызматтык, мобилдик телефон номерлери ________________________
16. Кошо келген үй-бүлө мүчөлөрү:
┌───┬─────────────────┬─────────────────┬───────────────┬─────────────┐
│ № │ Фамилиясы, аты │ Туулган жылы, │ Тууганчылык │ Жарандыгы │
│ │ атасынын аты │ айы, күнү │ даражасы │ │
├───┼─────────────────┼─────────────────┼───────────────┼─────────────┤
│1 │ │ │ │ │
├───┼─────────────────┼─────────────────┼───────────────┼─────────────┤
│2 │ │ │ │ │
├───┼─────────────────┼─────────────────┼───────────────┼─────────────┤
│3 │ │ │ │ │
└───┴─────────────────┴─────────────────┴───────────────┴─────────────┘
20___-жылдын "__" __________
М.О.
Арыз берүүчүнүн колу ___________
(Мындан ары КРнын ТИМнин Мамлекеттик Протокол Кызматы
тарабынан толтурулат)
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Арыз берүүчү ___________________________________ Кызмат тарабынан│
│20__-жылдын "___" ________ № ___ "___" категориясындагы аккредиттөөчү│
│карточка берилди. │
│ Аккредиттөөчү карточканын жарактуулук мөөнөтү 20__-жылдын │
│"__" _______ чейин. │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘