Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 23-сентябры № 659

токтомуна ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 18-апрели №162

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредиттөө жол-жоболорун ирээтке салуу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредиттөө жол-жоболорун ирээтке салуу жана өркүндөтүү, ошондой эле дипломатиялык номердик белгилерди каттоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредиттөө тартиби жөнүндө жобо;

- Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автоунаа каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген алардын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) тартиби жөнүндө жобо.

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев