Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги №162 токтому менен бекитилген |
Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автоунаа каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген алардын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Автоунаа каражаттарын каттоонун тартиби
III. Дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди берүүнүн тартиби,
аларды колдонуу мөөнөтү жана саны
IV. Дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин мөөнөтүн
узартуунун, алмаштыруунун жана алып салуунун тартиби
V. Автоунаа каражатын каттоодон чыгаруунун тартиби
VI. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автоунаа каражаттарына,
алардын Кыргыз Республикасында аккредиттелген өткөн
кызматкерлеринин автоунаа каражаттарына карата бажылык жөнгө
салуу
VII. Техникалык кароодон өткөрүү
VIII. Автоунаа каражаттарынын курамдык, запастык бөлүктөрүн,
кошумча жабдуучу предметтеринин алмаштырууну каттоо
IX. Автоунаа каражаттарынын дипломатиялык каттоочу номердик
белгилерин, техникалык паспортун, техникалык талонун жоготуу
X. Артыкчылыктар
XI. Кыргыз Республикасынын айдоочу күбөлүгүн берүү
XII. Арыздарды кароонун мөөнөттөрү
XIII. Дипломатиялык каттоочу номердик белгилердеги автоунаа
каражаттарынын ээлеринин милдеттери
Бул Жобо чет мамлекеттердин дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматтык жана жеке пайдалануусундагы автоунаа каражаттарын жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген алардын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартибин 1961-жылдагы дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1963-жылдагы консулдук байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясынын, 1946-жылдагы БУУнун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенциянын жоболорунда, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салат.
1.1. Чет мамлекеттердин дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн жана башка эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн (мындан ары "Өкүлчүлүктөр" жана "Мекемелер" деп аталат) кызматтык автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) Кыргыз Республикасы мүчө болгон мыйзамдуу тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргыздипсервис" МИ) боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында (мындан ары - КРнын МКК) жүргүзүлөт.
1.2. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык, административдик-техникалык кызматкерлеринин, соода өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жана кызматчыларынын, БУУ системасынын жана башка уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин жеке автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) КРнын ТИМнин макулдугу менен "Кыргыздипсервис" МИсы тарабынан КРнын МККда жүргүзүлөт.
1.3. Унаа каражаттарынын документтерин тариздөө, каттоо (кайра каттоо), эсепке алуу "Кыргыздипсервис" МИнын кызматкерлери тарабынан КРнын МККда белгиленген тартипке ылайык ишке ашырылат.
1.4. "Кыргыздипсервис" МИнын кызматкерлери КРнын МККда каттоочу (кайра каттоочу) иш-аракеттерди иш жүзүнө ашырууда Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелеринин жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде автоунаа каражаттарын пайдалануучулардын жана/же автоунааларды тескөөчүлөрдүн атынан иш алып барышат.
1.5. Белгиленген тартипте каттоого алынбаган жана дипломатиялык каттоочу номерлердик белгилердин мөөнөтү өткөн автоунаа каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
1.6. КРнын ТИМнин макулдугу менен "Кыргыздипсервис" МИсы автоунаалардын төмөнкү түрлөрүн каттоону (кайра каттоо) жүргүзөт:
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин башчыларынын кызматтык жана жеке автоунааларын;
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автоунааларын;
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жашы жеткен, айдоочу күбөлүккө ээ мүчөлөрүнүн жеке автоунааларын.
2.1. Автоунаа каражаттарын каттоо жана атайын дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди алуу үчүн Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер "Кыргыздипсервис" МИсына дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди берүү тууралуу өтүнүч менен нота же кат жөнөтөт.
"Кыргыздипсервис" МИсы жогоруда аталган өтүнүч келип түшкөндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде КРнын ТИМне Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) үчүн документтердин тиркемелери менен кат жөнөтөт.
"Кыргыздипсервис" МИсынан кат жана керектүү документтердин көчүрмөсү келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күн ичинде КРнын ТИМи дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди берүүнүн укуктуулугун аныктайт жана кабыл алынган чечим тууралуу "Кыргыздипсервис" МИсына жазуу түрүндө билдирүү жөнөтөт.
Талаш-тартыштуу учурларда арызды кароонун мөөнөтү эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишине тийиштүү экспертиза жүргүзүү керектигине байланыштуу он жумушчу күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
"Кыргыздипсервис" МИсы КРнын МККда дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди каттоо жана алуу жол-жоболорун КРнын ТИМнен (тийиштүү категориясы жана катар номери көрсөтүлгөн) жазуу түрүндөгү билдирүүсүн алгандан кийин жүргүзөт.
2.2. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автоунаа каражаттарына "Кыргыздипсервис" МИда төмөнкү документтер берилет:
а) автоунаа каражаттын түрү көрсөтүлгөн, дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди берүү жөнүндө кайрылуу мазмунундагы нота же арыз-кат:
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин башчысынын кызматтык автоунаа каражаты;
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автоунаа каражаты;
б) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин автоунаа каражатына менчик укугун ырастоочу документтин түп нускасы (автоунаа каражатынын техникалык паспорту же сертификаты):
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы автосалондо сатылып алынган жана чет өлкөлөрдөн алынып келген учурда - даярдоочу-уюм, соода уюму, ишкер тарабынан берилген сертификаттын түп нускасы жана эсеп маалымкат же унаа каражатына менчик укугун ырастаган башка документ, бажы күбөлүгү жана жүккө бажы жүк декларациясы.
Жеке жактан сатылып алынган учурларда - техникалык паспорттун көчүрмөсү, унаанын мурунку ээсинин паспортунун көчүрмөсү, сатып алуу-сатуу келишими, мамлекеттик каттоочу номердик белгилер, автомобилди алып жаткан жактын балансына алуусу тууралуу буйрук.
Автомобиль уюмдардан сатып алган учурда - техникалык паспорттун көчүрмөсү, мамлекеттик каттоочу номердик белгилер, автоунааны өткөрүүнүн актысы, сатып алуу-сатуу келишими, кириш ордерине квитанция, автомобилди алып жаткан жактын балансына кабыл алуусу тууралуу буйрук.
2.3. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин КРнын ТИМи тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ кызматкерлеринин, алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаасына "Кыргыздипсервис" МИда төмөнкү документтер берилет:
а) аты-жөнү жана ээлеген кызматы көрсөтүлгөн дипломатиялык каттоочу номердик белгилерин берүү тууралуу кайрылуу баяндалган нота же арыз-кат же нота;
б) кызматкердин жана анын үй бүлө мүчөлөрүнүн автоунаага менчик укугун ырастаган документтин түп нускасы жана көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы автосалондо сатылып алынган же чет өлкөлөрдөн алынып келген учурларда - даярдоочу-уюм, соода уюму, ишкер тарабынан берилген сертификаттын түп нускасы жана эсеп-маалымкаттар же автоунаага менчик укугун ырастаган башка документ, бажы күбөлүгү жана бажы жүк декларациясы;
- жеке жактан сатылып алынган учурда - техникалык паспорттун көчүрмөсү, унаанын мурунку ээсинин паспортунун көчүрмөсү, сатып алуу-сатуу келишими, мамлекеттик каттоочу номердик белгилер;
- автомобиль уюмдардан сатып алынган учурда - сатып алуу-сатуу келишими, техникалык паспорттун көчүрмөсү, мамлекеттик каттоочу номердик белгилер, кириш ордерине квитанция;
в) паспорттун жана КРнын ТИМи тарабынан берилген аккредиттөөчү карточканын көчүрмөсү.
3.1. "D" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилер:
- КРнын ТИМде аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын кызматтык жана жеке автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстөгү дипломатиялык каттоочу номердик белгилер) жана БУУ системасынын өкүлчүлүгүнүн башчысына (көгүлтүр фондогу ак түстөгү дипломатиялык каттоочу номердик белгилер) берилет. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык, 1961-жылдагы дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена Конвенциясына ылайык статусу дипломатиялык агенттерге теңдештирилген эл аралык уюмдардын башчыларынын жана кызматкерлеринин кызматтык автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстө дипломатиялык номердик белгилер) берилет;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматтык автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстөгү дипломатиялык каттоочу номердик белгилер) ошондой эле БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн автоунаа каражаттарына (көгүлтүр фондогу ак түстө дипломатиялык каттоочу номердик белгилер) берилет;
- Кыргыз Республикасында аккредиттелген өткөн чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык кызматкерлеринин башчыларынын жеке автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстөгү дипломатиялык каттоочу номердик белгилер), БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн башчысынын жана кызматкерлеринин автоунаа каражаттарына (көгүлтүр фондогу ак түстө дипломатиялык каттоочу номердик белгилер) берилет;
- "D" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилер КРнын ТИМи тарабынан берилген "D" жана "U" сериясындагы аккредиттөөчү карточкаларга ылайык жогоруда аталган жактардын автоунаа каражаттарына таризделет.
3.2.1. "D"сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин
саны жана колдонуу мөөнөттөрү
Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү үчүн
Өкүлчүлүктөрдүн кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин жалпы саны КРнын ТИМде үч (3) жылдык мөөнөткө аккредиттөөдөн өткөн дипломатиялык кызматкерлердин санына жараша аныкталат.
Өкүлчүлүктөрдүн Башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына үчтөн (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги беш (5) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
КРнын ТИМи тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн Башчысынын жана кызматкерлеринин же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги (1) бир комплектиден таризделет.
"D" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөттөрү Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин КРнын ТИМде аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
Эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрү үчүн
Кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин жалпы саны Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык үч (3) жылдык мөөнөткө, статусу дипломатиялык агенттерге теңдештирилген КРнын ТИМде аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин санына жараша аныкталат.
Өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына үчтөн (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги беш (5) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
КРнын ТИМи тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ болгон Өкүлчүлүктөрдүн башчысынын жана статусу боюнча дипломатиялык агенттерге теңдештирилген кызматкерлеринин же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги (1) бир комплектиден таризделет.
"D" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөттөрү Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын ТИМде аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
3.3. "С" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилер:
КРнын ТИМде аккредиттелген чет мамлекеттердин Консулдук Мекемелеринин башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстөгү дипломатиялык каттоочу номердик белгилер) берилет;
чет мамлекеттердин Консулдук мекемелеринин кызматтык автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстөгү дипломатиялык каттоочу номердик белгилер) берилет.
чет мамлекеттердин консулдук Мекемелеринин Башчыларынын жана кызмат адамдарынын жеке автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстөгү дипломатиялык каттоочу номердик белгилер) берилет.
"С" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилер КРнын ТИМи тарабынан берилген "С" сериясындагы аккредиттөөчү карточкаларга ылайык жогоруда аталган жактардын автоунаа каражаттарына таризделет.
3.3.1. "С" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик
белгилердин саны жана колдонуу мөөнөттөрү
Кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин жалпы саны КРнын ТИМде үч (3) жылдык мөөнөткө аккредиттелген консулдук Мекеменин кызмат адамдарынын сандык курамына жараша аныкталат.
Мекемелердин башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына үчтөн (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги (көгүлтүр фондогу кызыл түстөгү дипломатиялык каттоочу номердик белги) беш (5) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
КРнын ТИМи тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ болгон Мекеменин башчысынын жана кызматкерлеринин же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги бир (1) комплектиден таризделет.
"С" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөттөрү консулдук Мекеменин кызматкерлеринин КРнын ТИМде аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
3.4. "Т" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилери:
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автоунаа каражаттарына (дипломатиялык каттоо номерлери кызыл фондогу ак түстө), ошондой эле Кыргыз Республикасында БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн кызматтык автоунаа каражаттарына (дипломатиялык каттоо номерлери көгүлтүр фондогу ак түстө) берилет;
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин администрациялык-техникалык кызматкерлердин жеке автоунаа каражаттарына берилет;
- Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык, 1946-жылдагы БУУ артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенциясына ылайык статусу БУУ системасындагы уюмдардын кызматтык адамдарына теңдештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстө дипломатиялык номердик белгилер) берилет;
- эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн долбоорлорунун кызматкерлеринин кызматтык жеке автоунаа каражаттарына, эгерде бул Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде каралган болсо берилет (кызыл фондогу ак түстө дипломатиялык номердик белгилер);
- "Т" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилер КРнын ТИМи тарабынан берилген "Т", "U" жана "О" сериясындагы аккредиттөөчү карточкаларга ылайык жогоруда аталган жактардын автоунаа каражаттарына таризделет.
3.4.1. "Т" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик
белгилердин саны жана иштөө мөөнөттөрү
Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук
мекемелери үчүн
Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоо номерлеринин жалпы саны КРнын ТИМде үч (3) жылдык мөөнөткө аккредиттелген администрациялык-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн курамына жараша аныкталат.
КРнын ТИМи тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ болгон Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин администрациялык-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги бир (1) комплектиден таризделет.
Дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин колдонуу мөөнөттөрү Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин администрациялык-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн кызматкерлеринин КРнын ТИМде аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
Эл аралык уюмдардын Өкүлчүлүктөрү үчүн
Кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоо номерлеринин жалпы саны КРнын ТИМде Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимине ылайык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык кызматкерлеринин статусу менен үч (3) жылдык мөөнөткө аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин курамынын санына жараша аныкталат.
КРнын ТИМи тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ болгон Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин администрациялык-техникалык кызматкерлеринин же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги бир (1) комплектиден таризделет.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимине ылайык эл аралык уюмдардын жана долбоорлордун өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин жеке автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоо номердик белгилерин берүү каралса, автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги бир (1) комплектиден таризделет.
"Т" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин колдонуу мөөнөттөрү Өкүлчүлүктөрдүн администрациялык-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн кызматкерлеринин КРнын ТИМде аккредиттелген мөөнөтүнө жараша болот.
3.5. "НС" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилери
Чет мамлекеттердин Ардактуу консулдуктарынын автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстө дипломатиялык номердик белгилер) КРнын ТИМи тарабынан берилген "НС" сериясындагы аккредиттөө карточкаларына ылайык берилет.
3.5.1. "НС" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик
белгилердин саны жана колдонуу мөөнөттөрү
Ардактуу консулдун кызматтык автоунаасына бир (1) дипломатиялык каттоо номердик белги берилет.
Эгерде Ардактуу консулдук виза колдоосун тариздөө боюнча кызмат көрсөтсө, курьердик максаттарда кошумча дипломатиялык номердик белгилерди аккредиттеген мамлекеттин тышкы иштер министрлигинен суроо-талап алынгандан кийин гана тариздөөгө болот.
Дипломатиялык номердик белгилердин колдонуу мөөнөттөрү Ардактуу консулдун КРнын ТИМде аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
3.6. Жогоруда аталган дипломатиялык каттоочу номердик белгилер атайын катталган автоунаа каражаттарына гана тагылат.
Дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди бир автоунаа каражаттарынан экинчи автоунаа каражаттарына кайрадан тагуу КРнын ТИМнин макулдашуусу боюнча КРнын МККнын кызматкерлери тарабынан кызматкерлери тарабынан дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди жокко чыгаруусуна алып келет.
3.7. Бул Жободо каралган дипломатиялык каттоочу номердик белгилер төмөнкүлөргө берилбейт:
Кыргыз Республикасында аккредиттелген жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу резиденциясына ээ эмес чет мамлекеттердин Өкүлчүлүктөрүнө жана Мекемелерине, ошондой эле алардын кызматкерлерине;
Кыргыз Республикасында аккредиттелген жана чет мамлекеттин жарандарынын ичинен КРнын ТИМде аккредиттелбеген кызматкерлерине болгон аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө;
ижарага алынган автоунааларга.
3.8. Өкүлчүлүктөр, Мекемелер, долбоорлор жана алардын кызматкерлери, ошондой эле алар үй бүлө мүчөлөрү тарабынан кийин чыгарып кетүү милдетин алуу менен убактылуу алынып келинген автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) алардын бажыда таризделгенден кийин гана ишке ашырылат.
4.1. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык жана (же) жеке автоунааларына дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда, бул жөнүндө "Кыргыздипсервис" МИсына жана КРнын ТИМне 10 күн ичинде билдирилиши керек.
4.2. Кызматтык автоунааларга дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасына төмөнкү документтерди берүү керек:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин өтүнүч-каты же нотасы;
б) техникалык паспорттун жана автоунаанын талонунун көчүрмөсү;
в) дипломатиялык каттоочу номердик белги.
4.3. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкеринин же анын жашы жеткен үй бүлө мүчөсүнүн жеке автоунаа каражаттарынын дипломатиялык каттоочу номердик белгилеринин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасына төмөнкү документтерди берүү керек:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин өтүнүч-каты же нотасы;
б) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкерине же анын жашы жеткен үй бүлө мүчөсүнө КРнын ТИМи тарабынан берилген мөөнөтү узартылган аккредиттик карточкалардын көчүрмөсү;
в) автомашинанын техникалык паспортунун көчүрмөсү;
г) дипломатиялык каттоочу номердик белги.
4.4. Дипломатиялык каттоочу номердик белгини колдонуу мөөнөтүн узартуу, ошондой эле техникалык паспортко жана техникалык талонго кошумчаларды киргизүү "Кыргыздипсервис" МИнын кызматкерлери менен макулдашуу боюнча КРнын МККнын кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат.
- Дипломатиялык каттоочу номердик белгилери бар автоунаа каражаттарына тиешелүү каттоо (кайра каттоо), каттоодон чыгаруу жана башка иш-аракеттер КРнын ММКда гана жүргүзүлөт.
4.5. Каттоодон чыгып жаткан жана иштөө мөөнөтү аягына чыккан автоунаа каражаттардын дипломатиялык каттоочу номердик белгилери "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу кийин утилдештирүү үчүн КРнын МККна жиберилет, КРнын ТИМне маалымат жөнөтүлөт.
4.6. "Кыргыздипсервис" МИсы КРнын ТИМне Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин дипломатиялык каттоочу номердик белгилери бар автоунаа каражаттарын каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу КРнын ТИМне ай сайын маалымдап турат.
4.7. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автоунаа каражаттарынын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен дипломатиялык каттоочу номердик белгилери жараксыз деп эсептелинип, "Кыргыздипсервис" МИсынын өкүлдөрү менен биргеликте КРнын ИИМнин, ТИМинин кызматкерлери тарабынан алынып салынат.
4.8. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандыгы жок кызматкерлеринин жеке автоунаа каражаттарына, бул Жободо сунушталган дипломатиялык каттоо номердик белгилерин берүү жүргүзүлбөйт.
4.9. Мотоциклдерге, чиркелген унаага, жүк ташуучу автоунаага, автобустарга дипломатиялык каттоочу номердик белгилер берилбейт.
4.10. Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер, алардын кызматкерлери жана үй бүлө мүчөлөрү тарабынан убактылуу алып келинген унаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) унаа каражатты жана дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди каттоо тууралуу күбөлүктү Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашуусунун бажы документинде көрсөтүлгөн мөөнөтүнө ылайык берилет. Мындай учурларда чет мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоочу номердик белгилери КРнын МККна сактоого тапшырылат жана бул автоунаа каражаттарды каттоодон чыгарууда кайра кайтарылып берилет.
5.1. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматтык автоунаа каражаттары башка адамдарга, уюмдарга сатылган, берилген, тартууланган учурда жана алардын жараксыздыгына алып келген жагдайларда мезгилдерде "Кыргыздипсервис" МИсына төмөнкү документтерди берүү керек:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин автоунаа каражаттарын каттоодон чыгаруу себеби көрсөтүлгөн өтүнүч-каты же нотасы;
б) автоунаа каражаттарынын техникалык паспорту;
в) автоунаа каражатынын техникалык талону;
г) дипломатиялык каттоочу номердик белгилер;
д) жеке жактарга сатылган учурда - автоунаанын жаңы ээсинин паспорту;
е) уюмга автоунаа каражаттары акысыз өткөрүлүп берилген учурда: автомобилди өткөрүү-кабыл алуу актысы, алган уюмдун балансына автомобилди кабыл алынышы тууралуу буйрук;
ж) автоунаа каражаты жеке жакка тартуулоо учурда: тартуулоо тууралуу келишим, автоунаа каражатынын техникалык паспорту, автоунаанын жаңы ээсинин паспорту;
з) кызматтык автоунаа каражаты юридикалык жана жеке жактарга сатылган учурда сатуу-алуу тууралуу келишим жана төлөө тууралуу автоунаа каражатынын наркы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.
5.2. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин жеке автоунаа каражаттары башка адамдарга, уюмдарга сатылган, берилген, тартууланган, Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кеткен учурларда жана алардын жараксыздыгына алып келген жагдайларда "Кыргыздипсервис" МИсына төмөнкү документтерди берүү керек:
а) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин автоунаа каражаттарын каттоодон чыгарууга себеби көрсөтүлгөн өтүнүч-каты же нотасы;
б) автоунаа каражаттарынын техникалык паспорту;
в) дипломатиялык каттоочу номердик белгилери;
г) Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкерлеринин аккредиттөөчү карточкасынын көчүрмөсү;
д) жеке жактарга сатылган учурда - автоунаанын жаңы ээсинин паспорту;
е) уюмга автоунаа каражаттары акысыз өткөрүлүп берилген учурда: автомобилди өткөрүү-кабыл алуу актысы, алган уюмдун балансына автомобилди кабыл алынышы тууралуу буйрук;
ж) автоунааны жеке жакка акысыз берилген учурда: тартуулоо келишими, автоунаа каражатынын техникалык паспорту, аккредиттөөчү карточкасынын көчүрмөсү, автоунаанын жаңы ээсинин паспорту;
з) кызматтык автоунааны юридикалык жана жеке жактарга сатылган учурда сатуу-алуу тууралуу келишим жана автоунаа каражатынын наркы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
5.3. КРнын ТИМи тарабынан Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкеринин аккредиттөөчү карточкасын жокко чыгарылган учурда дипломатиялык каттоочу номердик белгини "Кыргыздипсервис" МИсы аркылуу КРнын МККна тапшырылууга тийиш.
5.4. Кыргыз Республикасынын аймагындагы Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин ишинин мөөнөтү токтотула турган же аяктаган, ошондой эле кызматкер Кыргыз Республикасынан биротоло кеткен же Өкүлчүлүктө жана Мекемеде кызматкердин функциясы токтотулган учурда дипломатиялык каттоочу номердик белгилер белгиленген тартипте "Кыргыздипсервис" МИсы аркылуу КРнын ММКна тапшырылууга тийиш.
6.1. Өкүлчүлүктөрдүн, Мекемелердин жана долбоорлордун автоунаа каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын бажылык тариздөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын белгилүү бир бажы мыйзамдары менен ишке ашырылат.
6.2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагында алынып келинген бажы төлөмдөрдү жана салыктарды төлөөдөн бошотулган автоунаа каражаттары үчүн, ээликтен ажыратууга тандалып алынган бажы тартибине ылайык шарттарды жана талаптарды сактоо менен бажы тариздөөсүн жүргүзүү зарыл.
6.3. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан автоунаа каражаттарын алып чыгууда тандалып алынган бажы тартибине ылайык шарттарды жана талаптарды сактоо менен бажы тариздөөсүн жүргүзүү зарыл.
6.4. Бажы жеңилдиктери берилген автоунаа каражаттары мындай жеңилдиктер берилген максаттарга байланыштуу гана пайдаланылат. Бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөөдө бажы жеңилдиктери берилген кызматтык жана жеке автоунаа каражаттардан ээликтен ажыратууга, бажы төлөмдөрүнүн шарттуу кошуп эсептелген суммасы төлөнгөн шартта, бажы органдардын уруксаты менен жүргүзүлөт.
7.1. Өкүлчүлүктөрдүн, Мекемелердин жана долбоорлордун жана алардын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү жыл сайын милдеттүү түрдө КРнын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы менен макулдашылган мөөнөттө өткөрүлөт.
7.2. Автоунаа каражаттары мамлекеттик техникалык кароого техникалык оң абалында жана төмөнкүдөй документтери менен сунушталат:
- аккредиттөөчү карточка;
- айдоочунун күбөлүгү;
- автоунаа каражатынын техникалык паспорту же каттоо тууралуу күбөлүк, ал эми кызматтык автоунаа каражаттары үчүн техникалык талон;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен бекитилген техникалык кароодон өткөрүүгө байланыштуу толук жыйымды төлөө тууралуу квитанция;
- чыккан газдын уулулугу контролунан өтүү талону.
7.3. Өкүлчүлүктөрдүн, Мекемелердин жана долбоорлордун Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган айдоочулары төмөнкүдөй документтерди көрсөтүүлөрү керек:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
- Өкүлчүлүктөрдө, Мекемелерде жана долбоорлордо иштөө контракт (же жумушка орношуунун башка документи);
- айдоочунун күбөлүгү;
- автоунаа каражаттарын башкарууга жарактуулугу тууралуу белгиленген формадагы медициналык маалымдама кат.
7.4. Белгиленген мөөнөттө техникалык кароого жүйөөсүз себептерсиз келбей койгон учурда автоунааны пайдаланууга тыюу салынат.
8.1. Автоунаанын түрүн жана үлгүсүн андагы агрегаттардын кайра жабдууда же алмаштырууда, ошондой эле анын түсү өзгөртүлгөн учурда техникалык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, ал үчүн "Кыргыздипсервис" МИсына төмөнкү документтер берилет:
Кызматтык автоунаа каражаттарына:
- өтүнүч-кат же нота;
- автоунаа каражаттарынын техникалык паспорту;
- автоунаа каражатынын техникалык талону;
- жеке жактан сатып алынган учурда - сатуучунун паспортунун көчүрмөсү;
- дүкөндө сатып алынган учурда - автодүкөндүн эсептик маалымкаты.
Жеке автоунаа каржаттарына:
- өтүнүч-кат;
- автоунаа каражаттарынын техникалык паспорту;
- аккредиттөөчү карточканын көчүрмөсү;
- жеке жактардан сатып алынган учурда - сатуучунун паспортунун көчүрмөсү;
- дүкөндө сатып алынган учурда - автодүкөндүн эсептик маалымкаты.
9.1. Автоунаа каражаттарынын дипломатиялык каттоочу номердик белгилерин, техникалык паспортун, техникалык талону жоголгон учурда же башка себептерден улам документтер жараксыз болуп калган учурда Өкүлчүлүк же Мекеме тез аранын ичинде бул тууралуу "Кыргыздипсервис" МИсына билдирүүлөрү керек.
9.2. Жаңы дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди берүү автоунаа каражаттарынын документтеринин дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин жоголгон фактысын далилдөөчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын документтеринин тиркемеси менен жогоруда көрсөтүлгөн билдирүүнү алгандан кийин ишке ашырылат.
10.1. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин, Кыргыз Республикасында аккредиттелген алардын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын каттоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык бардык жыйымдарды төлөөдөн бошотуу берилет.
11.1. 2004-жылдын 24-сентябрындагы Конвенцияга оңдоп-түзөтүүлөрү менен киргизилген оңдоолорго ылайык 1968-жылдын 8-ноябрындагы жол кыйымылы тууралуу Конвенциянын талаптарына ылайык келген эл аралык айдоочунун күбөлүгү (анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн) Кыргыз Республикасынын аймагында автоунааларды башкарууга жарактуу деп эсептелинет.
11.2. Чет өлкөлүк айдоочунун күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын айдоочусунун күбөлүгүнө алмаштыруу үчүн "Кыргыздипсервис" МИсине төмөнкүлөрдү берүү керек:
- өтүнүч-кат же нота;
- аккредиттөөчү карточканын эки көчүрмөсү;
- айдоочунун күбөлүгүнүн түп нускасы котормосу менен;
- паспорттун көчүрмөсү;
- медициналык маалымкат;
- айдоочунун күбөлүгүнө жазуу үчүн жакын туугандары тууралуу маалымат (дареги, телефон).
11.3. Айдоочунун күбөлүгүн алууда атайын процедуралардан өтүү үчүн күбөлүктү алуучунун өзү болушу зарыл.
Автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоо номерлерин берүү жана документтерин кароо, ошондой эле айдоочунун күбөлүгүн берүү "Кыргыздипсервис" МИси аркылуу КР МККсында 30 календардык күндүн ичинде иш жүзүнө ашырылат.
Дипломатиялык каттоочу номердик белгилери бар автоунаа каражаттарынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- автоунаа каражаттарын 1961-жылдагы дипломатиялык катнаштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1963-жылдагы консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын, 1946-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө конвенциясынын жоболорунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдеринин жоболорунда каралган Мекемелердин же Өкүлчүлүктөрдүн кызматтарына жана милдеттерине ылайык максаттарда гана пайдаланууга;
- дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди алар катталган автоунаа каражаттарында гана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын жол кыймылы эрежелерин сыйлоого жана сактоого;
- берилген техникалык паспортко жана дипломатиялык каттоочу номердик белгилерге аяр мамиле жасоого;
- дипломатиялык каттоочу номердик белгилери бар жеке автоунаа каражатын ишеним кат боюнча башка бирөөгө берүүгө же сатууга тыюу салынат.
┌──┬────────────────────────────────────────────────────┬─────────────┐
│ №│ Аталышы │Элчиликтердин│
│ │ │ катар │
│ │ │ номерлери │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│1 │Түркия Республикасынын Элчилиги │ 01 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│2 │Америка Кошмо Штаттарынын Элчилиги │ 02 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│3 │Кытай Эл Республикасынын Элчилиги │ 03 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│4 │Россия Федерациясынын Элчилиги │ 04 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│5 │Германия Федеративдүү Республикасынын Элчилиги │ 05 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│6 │Иран Ислам Республикасынын Элчилиги │ 06 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│7 │Казакстан Республикасынын Элчилиги │ 07 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│8 │Индия Республикасынын Элчилиги │ 08 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│9 │Беларусь Республикасынын Элчилиги │ 09 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│10│Пакистан Ислам Республикасынын Элчилиги │ 10 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│11│Өзбекстан Республикасынын Элчилиги │ 11 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│12│Украинанын Элчилиги │ 12 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│13│Афганистан Ислам Республикасынын Элчилиги │ 13 │
│ │(2007-жылдын апрель айында жабылган) │ │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│14│Тажикистан Республикасынын Элчилиги │ 14 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│15│Япониянын Элчилиги │ 15 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│16│Корея Республикасынын Элчилиги │ 16 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│17│Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү │ 17 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│18│Франция Республикасынын Элчилиги │ 18 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│19│Азербайжан Республикасынын Элчилиги │ 19 │
└──┴────────────────────────────────────────────────────┴─────────────┘
┌──┬────────────────────────────────────────────────────┬─────────────┐
│ №│ Аталышы │ Катар │
│ │ │ номерлери │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│1 │БУУнун (ПРООН) өнүгүү программасы │ 01 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│2 │БУУнун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссар │ 02 │
│ │башкармалыгы (БУУнун ЖКБ) │ │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│3 │БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) │ 03 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│4 │БУУнун эл-журт фонду │ 04 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│5 │Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюму │ 05 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│6 │БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы │ 06 │
└──┴────────────────────────────────────────────────────┴─────────────┘
┌──┬────────────────────────────────────────────────────┬─────────────┐
│ №│ Аталышы │Элчиликтердин│
│ │ │ катар │
│ │ │ номерлери │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│1 │Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕББР) │ 50 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│2 │Эл аралык Валюта фонду (МВФ) │ 51 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│3 │Бүткүл дүйнөлүк банк (ВБ) │ 52 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│4 │"Мир" Эл аралык телерадиокомпаниясы │ 53 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│5 │Кызматташтык боюнча Швейцария бюросу │ 54 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│6 │Германиянын Эл аралык кызматташуу коому (012) │ 55 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│7 │Миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) │ 56 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│8 │Улуу Британиянын Эл аралык Кызматташуу боюнча │ 57 │
│ │министрлиги │ │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│9 │Европада Коопсуздук жана Кызматташуу боюнча Уюм │ 58 │
│ │(ЕККУ) │ │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│10│"SOS - балдар айылдары" коомдук фонду │ 59 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│11│Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттиги (JIСА) │ 60 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│12│Азиялык өнүктүрүү банкы (АБР) │ 61 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│13│Кызыл Крест Эл аралык Комитети (МККК) │ 62 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│14│Ага-Хан Өнүктүрүү Тармагынын туруктуу өкүлчүлүгү │ 63 │
├──┼────────────────────────────────────────────────────┼─────────────┤
│15│Эл аралык илимий-техникалык борбор │ 64 │
└──┴────────────────────────────────────────────────────┴─────────────┘
┌──┬───────────────────────────────┬───────────────┬──────────────────┐
│№ │ Аталышы │ Ардактуу │ Ардактуу │
│ │ │Консулдуктардын│ Консулдуктардын │
│ │ │ачылган датасы │ катар номерлери │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│1 │Латвия Республикасы │ 18.01.1997 │ 1001 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│2 │Венгрия Республикасы │ 12.07.2001 │ 1101 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│3 │Италия Республикасы │ 23.07.2001 │ 1201 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│4 │Канада │ 20.09.2001 │ 1301 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│5 │Швеция Королдугу │ 01.01.2002 │ 1401 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│6 │Улуу Британия Королдугу │ 20.01.2003 │ 1501 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│7 │Кипр Республикасы │ 21.01.2003 │ 1601 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│8 │Чехия Республикасы │ 29.03.2004 │ 1701 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│9 │Молдова Республикасы │ 07.10.2004 │ 1801 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│10│Словакия Республикасы │ 01.01.2005 │ 1901 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│11│Румыния Республикасы │ 01.05.2006 │ 2001 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│12│Литва Республикасы │ 19.04.2007 │ 2101 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│13│Нидерланд Республикасы │ 29.06.2007 │ 2201 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│14│Түркия Республикасы (Ош жана │ 25.02.2008 │ 2301 │
│ │Жалал-Абад облустарындагы │ │ │
│ │консулдуктары менен) │ │ │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│15│Бельгия Королдугу │ май 2008 │ 2401 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│16│Монголия │ март 2009 │ 2501 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│17│Испания Королдугу │ январь 2010 │ 2601 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│18│Армения Республикасы │ июнь 2010 │ 2701 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│19│Казакстан Республикасы │ июль 2010 │ 2801 │
├──┼───────────────────────────────┼───────────────┼──────────────────┤
│20│Бразилия Федеративдүү │ декабрь 2010 │ 2901 │
│ │Республикасы │ │ │
└──┴───────────────────────────────┴───────────────┴──────────────────┘