Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели №171
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Илимий кызматкерлердин ишин жана тармактык илимий мекемелерди илимий тейлөөнү стимулдаштыруу, Кыргыз Республикасындагы илимий потенциалды сактоо жана өнүктүрүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы №561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- токтомдун 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын илимий кызматкерлеринин жана тармактык илимий мекемелерди илимий тейлөөнүн колдонулган тарифтик ставкаларына 2011-жылдын 1-январынан тартып 1,8ге чейинки коэффициенттер белгиленсин.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 22-апрелинде № 30 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 7- апрели № 201
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту