Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрелин №176
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы № 147 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №147 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонд, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын фонддун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомго тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Тиркеме
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №147 токтомуна тиркеме |
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
- Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
- Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
- Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).
Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча):
- Эл аралык валюта фонду (ЭВФ);
- Дүйнөлүк банк (ДБ);
- Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (ПРООН);
- Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ);
- Европада коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ОБСЕ).
Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзу;
- Кыргыз Республикасынын Ишкерлер союзу;
- Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясынын директорунун орун басары;
- "Ош жаңырыгы" облустук гезитинин башкы редакторунун орун басары;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо борборунун өкүлү;
- "Каркыра" элдик кыймылынын өкүлү;
- Ош шаарынын коомчулугунун өкүлү.".