Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 17-апрелиндеги № 204
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №177 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (мындан ары - Салык кодекси) жараша иштелип чыккан жана Салык кодексинин XII бөлүмүнө ылайык сатуудан алынуучу салыкты эсептөө жана төлөө жана үчүн арналган сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту толтуруу тартибин аныктайт.
2. Сатуудан алынуучу салык салык мезгилинен кийинки айдын 25-күндөн кийинки күнгө чейин FORM STI-075 боюнча отчет берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Сатуудан алынуучу салык жөнүндө" бөлүмдө салык салуу объектисинен тийиштүү маалымат, отчеттук салык мезгили үчүн сатуудан алынуучу салык боюнча салыктын өлчөмү жана салык милдеттенмесинин суммасы көрсөтүлөт, ал төмөндөгүдөй секциялардан турат:
- "А" секциясы: КНС салынуучу жана КНСтен бошотулган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу;
- "Б" секциясы: "А" секциясында каралбаган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу.
4. "А" секциясынын 301-сабында соода ишмердүүлүгү боюнча түшкөн акчанын көлөмү көрсөтүлөт.
5. "А" секциясынын 302-сабында соода ишмердүүлүгү боюнча сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көрсөтүлөт.
6. "А" секциясынын 303-сабында 301-сап х 302-сап/100% формуласы боюнча аныкталуучу соода ишмердүүлүгү боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
7. "А" секциясынын 304-сабында соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көрсөтүлөт.
8. "А" секциясынын 305-сабында соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көрсөтүлөт.
9. "А" секциясынын 306-сабында 304-сап х 305-сап/100% формуласы боюнча аныкталуучу соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
10. 307-сапта 303- жана 306-саптардын маанилеринин көлөмүнөн турган КНС салынуучу жана КНСтен бошотулган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчадан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
11. "Б" секциясынын 308-сабында соода ишмердүүлүгү боюнча түшкөн акчанын көлөмү көрсөтүлөт.
12. "Б" секциясынын 309-сабында соода ишмердүүлүгү боюнча сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көрсөтүлөт.
13. "Б" секциясынын 310-сабында 308-сап х 309-сап/100% формуласы боюнча аныкталуучу соода ишмердүүлүгү боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
14. "Б" секциясынын 311-сабында соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча түшкөн акчанын көлөмү көрсөтүлөт.
15. "Б" секциясынын 312-сабында соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча сатуудан алынуучу салыктын өлчөмү көрсөтүлөт.
16. "Б" секциясынын 313-сабында 311-сап х 312-сап/100% формуласы боюнча аныкталуучу соода ишмердүүлүгүнөн тышкары ишмердүүлүк боюнча сатуудан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
17. 314-сапта "А" секциясында каралбаган 310- жана 313-саптардын маанилеринин көлөмүнөн турган товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчадан алынуучу салыктын суммасы көрсөтүлөт.
18. 315-сапта 307- жана 313-саптардын көлөмдөрүнөн турган сатуудан алынуучу салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.