Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-марты № 126
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 274, 282, 290 жана 322-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун 6-пунктчасынын төртүнчү абзацы жана жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Сатылган продукциянын акциздик салыгы" FORM STI-070-002 акциз салыгы боюнча отчеттун 02 тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобо бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:
4-пункттагы "25инен кеч эмес" деген сан жана сөздөр "25-күндөн кийинки күн" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, сатуу салыгы боюнча отчетту толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:
2-пункттагы "20-сына чейин" деген сөздөр жана сандар "25-күндөн кийинки күнгө чейин" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген FORM STI-070 акциздик салык боюнча отчеттун формасы бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, Акциз салыгы боюнча отчетту толтуруунун жана берүүнүн тартибинде:
2-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
3-пункттагы "02" саны жана "FORM STI-070-002" сөздөрү жана сандары алып салынсын;
4-пункттагы "жыйырмасынан кеч эмес" деген сөздөр "жыйырманчы күндөн кийинки күн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
9-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
4-глава күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун 1-тиркемеси |
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесине ылайык иштелип чыккан жана кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча эсептик-фактураларынын так отчеттуулук бланкаларынын түрлөрүн аныктайт, Кыргыз Республикасынын субъекти тарабынан аларды берүү, түзүү, тариздөө, колдонуу, эсепке алуу жана сактоо жол жоболорун жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
3. КНСтин эсеп-фактурасы так отчеттуулуктун бланкасы болуп саналат жана КНС төлөөчү катары салык органында катталган, салык салынган субъект тарабынан гана жазылып берилүүгө тийиш.
4. Салык салынган субъект ушул Жобонун 49-пунктунда каралган учурлардан тышкарыда, КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын белгиленген үлгүлөрүнүн (1.1-1.8-тиркемелер) негизинде сатып алынган материалдык ресурстардын жана жеткирилген товарлардын (аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын) эсебин алууну жүргүзүүгө милдеттүү.
5. Ушул Жобонун 50-пунктунда каралган, ошондой эле импорттоодо КНС төлөнгөн учурларда КНС боюнча салык милдеттенмеси КНСтин эсеп-фактурасын колдонбостон аныкталат.
6. Ушул Жобонун талаптары ушул Жободо каралган КНСтин эсеп-фактураларын колдонгон бардык салык салынуучу субъекттерге таркалат.
2. КНСтин эсеп-фактуралар бланктарынын түрлөрү
7. КНСтин эсеп-фактураларынын бланктары төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
1) А4 форматын электрондук толтуруу үчүн;
2) А5 форматын электрондук толтуруу үчүн;
3) А4 форматын кол менен толтуруу үчүн;
4) А5 форматын кол менен толтуруу үчүн.
8. КНСтин эсеп-фактура комплекти 2 нускадан турат:
1) биринчи нускасы (түп нускасы) сатып алуучуга берилет;
2) экинчи нускасы (көчүрмөсү) жеткирүүчүдө калат.
9. Салык салынган субъекттер катталган жерлери боюнча салык органына КНСтин эсеп-фактураларынын бланктары боюнча төмөнкү салык отчетторун ай сайын, КНС боюнча салык отчетторун берүү үчүн белгиленген мөөнөттө берип турууга милдеттүү:
1) КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган бланктарынын реестрин толтуруу жана берүү тартибине (3-тиркеме) ылайык толтурулган, КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган бланктарынын реестрин (DOC STI-019) (2-тиркеме);
2) КНСтин эсеп-фактураларынын өндүрүштүк жараксыз бланктарынын реестрин толтуруу жана берүү тартибине (5-тиркеме) ылайык толтурулган, КНСтин эсеп-фактураларынын өндүрүштүк жараксыз бланктарынын реестрин (DOC STI-021) (4-тиркеме);
3) КНСтин эсеп-фактураларынын жараксыз бланктарынын реестрин толтуруу жана берүү тартибине (7-тиркеме) ылайык толтурулган, КНСтин эсеп-фактураларынын жараксыз бланктарынын реестрин (DOC STI-052) (6-тиркеме);
4) КНСтин эсеп-фактураларынын салык салынган жиберүү боюнча реестрин толтуруу жана берүү тартибине (9-тиркеме) ылайык толтурулган, салык салынган жиберүү боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестрин (DOC STI-022) (8-тиркеме);
5) Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган, материалдык ресурстар боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын реестрин толтуруу жана берүү тартибине (11-тиркеме) ылайык толтурулган, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестрин (DOC STI-023) (10-тиркеме);
6) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген товарлар боюнча жүк бажы декларацияларынын реестрин толтуруу жана берүү тартибине (13-тиркеме) ылайык толтурулган, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген товарлар боюнча жүк бажы декларацияларынын реестрин (DOC STI-024) (12-тиркеме).
Эсеп-фактуралар бланктары боюнча салык отчетторун берүүдө көрсөткүчтөрү бар реестрлер (2, 4, 6, 8, 10, 12-тиркемелер) берилет.
3. Атайын жоболор
10. КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын даярдоого тапшырык, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамына ылайык түзүлгөн келишимдин негизинде республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ишке ашырылат.
4. Салык органында КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын
сатып алуу тартиби
11. Салык салынган субъект КНСтин эсеп-фактурасынын бланкын алуу үчүн салыктык каттоо жери боюнча салык органына 14-тиркемеге ылайык форма боюнча КНСтин эсеп-фактурасынын бланктарын (DOC STI-045) алууга арыз берүүгө милдеттүү.
12. Салык органы арызды 1 күндүн ичинде карап чыгууга жана КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын берүү жөнүндө тиешелүү чечим чыгарууга милдеттүү. Салык салынган субъект тарабынан КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын сатып алуу үчүн салык органынын кассасына акысын төккөндөн же чегерүүнү же атайын эсепке бланктар үчүн акча каражаты төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм иш кагазын бергенден кийин, салык органы ушул Жобого ылайык салык салынган субъектиге КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын берүүгө милдеттүү. Төлөм тапшырыгынын же квитанциянын көчүрмөсү салык органына тапшырылат.
13. КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын алгачкы берүү, DOC STI-002 формадагы КНС боюнча каттоо документинин негизинде КНС боюнча катталган салык салынган субъекттер тарабынан гана жүргүзүлөт.
14. Эгерде салык салынган субъект акыркы 12 айдын ичинде экономикалык ишти жүзөгө ашырбаса же КНС төлөөчү катары катталса (алгачкы жолу же жаңыдан) жана салык салынуучу жеткирүүлөрдү ишке ашыруу (келишим же контракт) ниети же жүзөгө ашыргандыгы жөнүндө ырастаган документтерин берсе, ага КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын алгачкы берүү салык органы тарабынан 10 комплекттен ашпаган санда жүргүзүлөт.
15. Салык салынган субъект тарабынан салык органынан КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын алгачкы алган учурда, салык салынган субъекттин жетекчиси жана башкы бухгалтери милдеттүү түрдө катышууга тийиш.
Кийин КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын, ишеним каты болгон жана бул адамдын ким экендигин ырастаган документин көрсөткөн учурларда, КНСтин эсеп-фактуралар бланктарынын эсебин алуу, аны жазып берүү жана сактоо жоопкерчилиги жүктөлгөн кызмат адамы алышы мүмкүн.
16. Салык салынган субъекттин КНСтин эсеп-фактураларынан так отчеттук бланктарынын эсебин алуу, аны жазып берүү жана сактоо үчүн жооптуу адамы катары Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон жеке адам дайындалышы керек.
17. КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын салык салынган субъекттерге экинчи жолу жана андан кийинки берүүлөр, КНСтин эсеп-фактуралар бланктары жана КНС боюнча дайыма ай сайын отчеттор берилген шартта гана жүргүзүлөт.
Эгерде, салык салынган субъектте салык мезгили ичинде КНСтин эсеп-фактуралар бланктарына карата кошумча муктаждык пайда болгон учурда, анда зарыл сандагы бланктарды алуу үчүн салык салынган субъект эсеп-фактуралар боюнча маалымат базасына киргизилбеген КНСтин эсеп-фактураларынын мурда алынган бланктарынын калдыгы боюнча салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын орто аралык реестрин (DOC STI-022) салык органына берүүгө милдеттүү.
18. Салык салынган субъекттин кызмат адамы салык органынан КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын алган учурда, салык органынын кызмат адамынын катышуусунда аларды саноого жана алардын толуктугун жана өндүрүштүк жараксыздары жоктугун текшерүүгө милдеттүү.
19. Салык салынган субъекттин кызмат адамы КНСтин эсеп-фактуралары бланктарын салык органынан алганда өндүрүштүк жараксыздыктарды тапкан учурда бланктарды жаңыларына алмаштыруу жүргүзүлөт.
20. КНСтин эсеп-фактуралары бланктарын жазып берүү учурунда салык салынган субъект тарабынан өндүрүштүк жараксыздык табылса, жетекчинин, башкы бухгалтердин жана эсеп-фактура боюнча жооптуу кызматкердин катышуусунда өндүрүштүк жараксыздыктын табылгандыгы тууралуу, жараксыз эсеп-фактуралардын номерлерин жана серияларын жана келтирилген жараксыздык белгилерин көрсөтүү менен акты түзүлөт.
21. Өндүрүштүк жараксыздыктары бар КНСтин эсеп-фактуралар бланктары табылган күндөн кийин 3 жумушчу күндүн ичинде катталган жери боюнча салык органына кайтарылып берилет, алардын ордуна салык органы тарабынан жаңы бланктар берилет.
22. Өндүрүштүк жараксыздыгы бар КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын кайтаруу үчүн, салык салынган субъект салыктык катталуу жери боюнча салык органына 15-тиркемеге ылайык форма боюнча (DOC STI-048) КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын кайтаруу арызын берүүгө милдеттүү.
23. Эгерде салык салынган субъект салык органы тарабынан КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын алуу арызы кабыл алынгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде салык органынан эсеп-фактуралар бланктарын албаса, анда салык органы тарабынан КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын берүү жөнүндөгү мурда кабыл алган чечими жокко чыгарылат.
5. КНСтин эсеп-фактураларынын тармактык формаларына
серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартиби
24. Башка чарба жүргүзгөн субъекттерге электр байланышы, жылуулук энергиясы, электр энергиясы, суу менен жабдуу жана канализация кызматтарын көрсөткөн салык салынган субъекттер, үлгүлөрү ушул Жобонун 1.5-1.8 тиркемелеринде каралган КНСтин эсеп-фактуралар бланктарынын тармактык формаларын колдоно алышат.
25. Алдыдагы календардык жылга карата КНСтин эсеп-фактура бланктарынын тармактык формаларынын сериялары жана номерлери ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ыйгарылат.
26. КНСтин эсеп-фактуралар бланктарынын тармактык формалары боюнча серияларды жана номерлерди алуу үчүн, салык салынган субъект, алдыдагы календардык жылдын башталышына чейин (учурдагы жылдын 1-декабрына чейин) бир ай мурда, салыктык катталуу жери боюнча салык органына 16-тиркемеге ылайык форма боюнча, номерлерге карата бир жылдык муктаждыгын көрсөтүү менен КНСтин эсеп-фактураларынын тармактык формаларына (DOC STI-015) серияларды жана номерлерди ыйгарууга арыз берүүгө милдеттүү.
27. Эгерде, салык салынган субъектте учурдагы жылдын аягына карата КНСтин эсеп-фактураларынын тармактык формаларындагы бланктардын пайдаланылбаган калдыгы бар болсо, анда ал салыктык катталуу жери боюнча салык органына бланктардын пайдаланылбаган калдыктарынын номерлерин жана серияларын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кайрылууга милдеттүү, бул ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ал бланктарды жараксыз деп таап, андай маалыматты расмий басма сөз басылмаларында жана ачык маалыматтык веб-сайтта жайгаштыруу максаттарында жүргүзүлөт.
28. Электр байланышы, жылуулук энергиясы, электр энергиясы, суу менен жабдуу жана канализация кызматтарын көрсөткөн салык салынган субъекттер, салыктык катталуу жери боюнча салык органына, ушул Жобонун 9-пунктунун 3, 4, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн КНСтин эсеп-фактуралар бланктары боюнча салык отчетторун беришет.
29. Номерлерге жана серияларга кошумча муктаждык пайда болгон учурда салык салынган субъект ушул Жобонун 26-пунктунда каралган тартипте салыктык катталуу жери боюнча салык органына кайрылууга укуктуу.
30. Жоюлууда же кудуретсиздикке учураганда КНСтин эсеп-фактураларынын тармактык формаларынын бланктарын пайдаланган салык салынган субъект салыктык катталуу жери боюнча салык органына, бланктардын пайдаланылбаган калдыктарынын номерлерин жана серияларын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү, бул ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ал бланктарды жараксыз деп таап, маалыматты расмий басма сөз басылмаларында жана ачык маалыматтык веб-сайтта жайгаштыруу максаттарында жүргүзүлөт.
6. КНСтин эсеп-фактураларын тариздөө тартиби
31. КНСтин эсеп-фактура бланктарында милдеттүү тартипте төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) КНСтин эсеп-фактурасынын номери жана түзүлгөн датасы;
2) товарларды (аткарылган иштерди, көрсөтүлгөн кызматтарды) жеткирүүчүнүн жана сатып алуучунун идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН), толук аты-жөнү же аталышы, юридикалык дареги;
3) салыктык катталуу жери боюнча жана/же патент берген салык органынын коду жана аталышы, ошондой эле сатып алуучунун патентинин номери жана сериясы;
4) банктык идентификациялык код (мындан ары - БИК), банктын аталышы, жеткирүүчүнүн жана сатып алуучунун эсептери;
5) жеткирүүнүн датасы жана түрү, төлөм ыкмасы;
6) жеткирилген товарлардын (аткарылган иштердин, көрсөтүлгөн кызматтардын) аталышы;
7) товарды (иштерди, кызматтарды) ченөө бирдиги, саны (көлөмү) жана баасы;
8) кошумча нарк салыгы эсепке алынбаган товарлардын (аткарылган иштердин, көрсөтүлгөн кызматтардын) наркы;
9) кошумча нарк салыгынын коюму жана суммасы;
10) кошумча нарк салыгы эсепке алынган товарлардын (аткарылган иштердин, көрсөтүлгөн кызматтардын) наркы;
11) жеткирүүчүнүн жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин колтамгалары.
32. "Сериянын эсеп-фактурасын оңдоп-түзөө" 404 жана "Оңдоп-түзөтүү себептери" 405-саптары салык салынуучу субъект - жеткирүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бүтүмдүн шарттары өзгөргөн учурларда салык салынуучу жеткирүүлөрдүн наркын оңдоп-түзөтүүнү жүргүзүүдө КНСтин кошумча эсеп-фактураларын тариздөө учурунда толтурулат.
33. КНСтин эсеп-фактурасы жеткирүүчүнүн жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин, же болбосо ага ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдарынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлөт жана салык салынуучу субъекттин же КНСтин эсеп-фактурасын жазып берген филиалынын мөөрү менен бекемделет.
34. Жеткирүүдө (товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатууларда) сатык салыгынын ар кандай коюмдары салынганда КНСтин эсеп-фактурасы салык салынган субъект тарабынан сатык салыгынын ар бир коюму боюнча өзүнчө жазылат.
35. Электр байланышы, жылуулук энергиясы, электр энергиясы, суу менен жабдуу, канализация кызматтарын көрсөтүшкөн салык салынган субъекттерге, ошондой эле ай сайын 5000 комплектен ашуун КНС эсеп-фактура бланктарын жазып берген субъекттерге КНСтин эсеп-фактура бланктарына жетекчинин, башкы бухгалтердин колтамгаларын жана электрондук түрдөгү мөөрдү же факсимилени коюуга уруксат берилет.
36. 100дөн ашык аталыштагы ассортименттеги продукция чыгарган салык салынган субъекттерге ушул Жобонун 1.2.1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилүүчү продукциялардын аталыштары боюнча чечмелөөлөрдү тиркеп, жалпы жыйынтык суммаларын бир сапта көрсөтүү менен 1.2-тиркемесине ылайык формада КНС боюнча эсеп-фактурасынын так отчеттук бланкын жөнөкөйлөштүрүп тариздөөгө уруксат берилет.
37. 36-пунктта көрсөтүлгөн КНСтин эсеп-фактура бланкын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте тариздөө үчүн салык салынган субъект квартал башталганга чейин 10 күн мурда салыктык катталуу жери боюнча салык органына, алдыдагы квартал ичинде чыгара турган продукциянын ассортиментинин тизмесин тиркеп, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте КНС боюнча эсеп-фактураларды тариздөөгө уруксат берүү жөнүндө арызы менен кайрылууга милдеттүү.
38. Салык органы салык салынган субъекттин КНС боюнча эсеп-фактурасын жөнөкөйлөштүрүү тартибинде тариздөө жөнүндө арызын карап чыгуунун натыйжалары боюнча тийиштүү чечим чыгарууга жана кварталдын башталышынан 5 күн мурда салык салынган субъектиге кабарлоого милдеттүү.
39. Эгерде КНСтин эсеп-фактурасында ушул Жобонун 31-пунктунда көрсөтүлгөн реквизиттер жок болсо, анда мындай эсеп-фактура ушул Жобонун 50-пунктунда белгиленген (б.а. бир ай ичинде жыйналып калган эсептик документтерге ылайык, КНСтин эсеп-фактурасын айдын аягында бир жолу тариздөөдөн) учурлардан тышкарыда жараксыз деп эсептелинет.
40. КНСтин эсеп-фактуралар комплектинин нускалары бирдей маалыматты камтууга тийиш.
41. Эгерде КНСтин эсеп-фактурасы ишкердик жүргүзбөгөн сатып алуучуга-жеке адамга жазылып берилсе, анда "ИСН", "МСКБнын коду жана аталышы, патенттин номери жана сериясы", "банктын коду (БИК) жана аталышы" жана "алыш-бериш эсеби" реквизиттеринде "жок" деген жазуу жазылат.
42. Эгерде эсеп-фактура иш жүзүндө ИСНи, банк мекемелеринде алыш-бериш эсеби жок болгон сатып алуучуга-юридикалык жакка жазылып берилсе, анда "ИСН", "банктын коду (БИК) жана аталышы" жана "алыш-бериш эсеби" реквизиттеринде ошондой эле "жок" деген жазуу жазылат.
43. Эгерде сатып алуучу-резидент эместин он төрт белгиден ашкан ИСНи болсо, анда "ИСН" реквизити боюнча алгачкы он төрт сан көрсөтүлөт.
44. КНСтин эсеп-фактурасында эч кандай тазалоолор жана булгоолор болбош керек. Каталарын оңдолгон учурда КНСтин эсеп-фактурасынын бланктары бузулган деп эсептелинет.
45. Товарлардын (аткарылган иштердин, көрсөтүлгөн кызматтардын) наркы жана КНСтин суммасы КНСтин эсеп-фактурасында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында көрсөтүлөт.
46. Товарларды экспорттоого карата КНСтин эсеп-фактурасы төмөнкү реквизиттерди камтууга тийиш:
1) эсеп-фактура экспортко тиешелүү экендиги тууралуу жазуу (402-сапта);
2) экспорт жеткирилүүчү пункт (303-сапта).
47. Салык салынган субъект тарабынан КНСтин эсеп-фактурасын тариздөөдө 103-сапта эсеп-фактурасынын жазылган (таризделген) датасы, ал эми 401-сапта товарлар (жумуштар, кызматтар) иш жүзүндө берилген дата көрсөтүлөт.
48. Салык салынган субъекттердин кызмат адамдары КНСтин эсеп-фактурасында жазылып көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооптуу болушат. Салык салынган субъекттерден товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатып алышкан жана алар боюнча КНСтин суммасын эсепке кабыл алышкан чарба жүргүзүшкөн субъекттердин-сатып алуучулардын кызмат адамдары ушундай эле тартипте жоопкерчиликтүү болушат.
7. КНСтин эсеп-фактураларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү
49. КНСтин эсеп-фактураларын тариздөө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 238-256-беренелеринде каралган, бошотулган берүүлөрдү ишке ашырууда жана эл аралык уюмдардын долбоорлорунун даректерине жеткирүүлөр учурунда милдеттүү эмес деп саналат.
50. КНСтин эсеп-фактураларын тариздөө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда жыйналган бир айдагы эсептик документтерге ылайык, айдын аягында бир жолу, ошондой эле банк мекемеси аркылуу акчасыз эсептешүү менен калкка акы төлөө кызматтарын көрсөтүүдө жана электрондук терминал жана банкоматтар аркылуу эсептешүүлөрдө жүргүзүлөт.
51. КНСтин эсеп-фактурасы КНС боюнча каттоо жокко чыгарылган учурда салык салынган жеткирүүлөргө киргизилген товардык-материалдык корлордун, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктарына таризделбейт.
52. Салык салынган субъектин филиалдары КНСтин эсеп-фактураларын жазып берүүдө 201, 202, 203 жана 204-саптарда салык органында КНСти төлөөчү катары катталган жана бюджет менен эсептешүүлөрдү борборлоштурулган тартипте жүзөгө ашырган башкы ишкананын маалыматтарын көрсөтүүгө тийиш. 202-сапта башкы ишкананын аталышынан кийин кашаада филиалдын аталышын көрсөтүү керек. Филиал тарабынан жазылган КНСтин эсеп-фактурасында мөөр, башкы ишкананын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдарынын колтамгалары коюлушу зарыл.
Мындай учурда, башкы ишкана катталган жер боюнча салык органына бул ыйгарым укуктарды филиалдардын жетекчилерине жүктөө тууралу буйруктун көчүрмөсүн берүүгө, ошондой эле мөөрдүн жана башкы ишкананын жетекчилеринин же ага ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдарынын колтамгаларынын үлгүлөрү бар маалымкат берүүгө милдеттүү болушат.
Салык салынган субъекттин-жеткирүүчүнүн салык салынган субъекттин-сатып алуучунун филиалынын дарегине КНСтин эсеп-фактураларын жазып берүүсүндө 301, 302, 303 жана 304-саптарда салык органында КНСти төлөөчү катары катталган башкы ишкананын маалыматтары көрсөтүлөт. 302-сапта башкы ишкананын аталышынан кийин кашаада филиалдын аталышы көрсөтүлөт.
53. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 266-беренесинде каралган учурларда салык салынган жеткирүүнүн өлчөмүн оңдоп-түзөтүүдө КНСтин кошумча эсеп-фактурасы таризделет да, анда милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) КНСтин кошумча эсеп-фактурасы таризделген КНСтин эсеп-фактурасынын сериясы жана номери, түзүлгөн датасы, ошондой эле оңдоп-түзөтүүнүн себептери;
2) жеткирүүнүн өлчөмү оңдоп-түзөтүлгөн товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын аталышы;
3) жеткирүүнүн өлчөмүн оңдоп-түзөөнүн себептерине жараша КНСтин эсеп-фактура бланкында каралган сандык жана наркты көрсөткүчтөрдү оңдоп-түзөтүү өлчөмү.
Эгерде салык салынган жеткирүүнү оңдоп-түзөтүү азайтуу жагына жүргүзүлсө, анда сандык жана нарктык оңдоп-түзөтүү көрсөткүчтөрүнүн өлчөмдөрү минус белгиси менен көрсөтүлөт.
54. Салык салынган жеткирүүлөрдүн наркы жана жараксыз жана жоголгон деп табылган, КНСтин эсеп-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы оңдоп-түзөтүүгө жатпайт.
55. Салык салынган субъект тарабынан түзүлгөн келишимдерге ылайык экспорттук жеткирүүлөрдү ишке ашырууда, КНСтин эсеп-фактурасында жеткирилген товардын баасы, наркы жана жалпы наркы бир эле учурда улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда көрсөтүлөт, башкача айтканда, биринчи сапта - улуттук валютада (сом) жана экинчи сапта - валютанын курсун көрсөтүү менен чет өлкөлүк валютада.
8. Салык салынган субъект тарабынан КНСтин
эсеп-фактураларынын бланктарын эсепке алуу жана сактоо
56. Салык салынган субъект салыктык катталуу жери боюнча салык органынан сатып алган КНСтин эсеп-фактуралар бланктарынын так эсебин алууну жана сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
57. КНСтин эсеп-фактурасынын бланктарынын эсебин алууну уюштуруу жана сактоо үчүн жоопкерчиликти мыйзамдарда белгиленген тартипте салык салынган субъекттин жетекчиси көтөрөт.
58. КНСтин эсеп-фактуралар бланктарынын эсебин алууну жана сактоону ишке ашырган, салык салынган субъекттин кызмат адамы салык салынган субъекттин жетекчисинин жазуу жүзүндөгү буйругу менен дайындалат.
59. КНСтин эсеп-фактуралар бланктарынын эсебин алууну жана сактоону ишке ашырган жооптуу кызматкердин дайындалышы тууралуу маалымат салыктык катталуу жери боюнча салык органына берилет.
60. КНСтин эсеп-фактуралар бланктарынын комплекттери же нускаларынын бири жоголгон жана/же уурдалган учурларда салык салынган субъект уурдалган жана/же жоголгон күндөн кийинки күндөн кечиктирбей салыктык катталуу жери боюнча салык органына, 17-тиркемеге ылайык форма боюнча КНСтин эсеп-фактуралар бланктарынын (DOC STI-056) жоголгондугу (уурдалгандыгы) тууралуу арыз берүү жолу менен жазуу жүзүндө маалымдоого жана массалык маалымат каражаттары аркылуу расмий басма сөз басылмасында бланктардын жоголгондугу же уурдалгандыгы жөнүндө алардын серияларын жана номерлерин, ошондой эле салык салынган субъекттин ИСН көрсөтүү менен кабарлоого милдеттүү.
61. Чарба жүргүзгөн субъекттер тарабынан жоголгон же уурдалган КНСтин эсеп-фактуралар бланктарын жазып берүү фактылары аныкталган учурда, КНСтин мындай эсеп-фактуралары жараксыз деп эсептелинет жана мындай эсеп-фактуралар боюнча КНСтин суммасы эсепке алынбайт. Алар боюнча материалдар экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тиешелүү органдарга берилет, ал эми ачык маалымат веб-сайтында жайгаштыруу үчүн бул тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу салык органына жиберилет.
62. Жоюунун, ИСНдин өзгөрүшү менен кайра уюштуруунун, анын ичинде жоюу жана кайра түзүү жолу менен кудуретсиздиктин натыйжасында КНС боюнча салык салынган субъекти каттоо жоюлган учурда, КНСтин эсеп-фактураларынын пайдаланылбаган бланктарынын калдыктары бузулган катары салык органына тапшырылат. Көрсөтүлгөн КНСтин эсеп-фактуралар бланктары үчүн төлөнгөн сумма салык салынган субъектиге кайтарылып берилбейт.
Жоюу жана кайра өзгөртүү жолу менен атайын башкаруу жол жоболору колдонулган салык салынган субъектиге КНСтин эсеп-фактуралар бланктары берилбейт.
63. Салык органы тарабынан, салык отчетторун берүүнүн белгиленген мөөнөтүнөн кийин катары менен эки салыктык мезгил ичинде КНС боюнча салык отчетторун бербегенине байланыштуу КНСти төлөөчү катары каттоосу жоюлган салык салынган субъектиге мурда берилген КНСтин эсеп-фактуралары, расмий басма сөз басылмаларында анын каттоосунун жоюлгандыгы тууралу маалымат жайгаштырылган күндөн баштап жараксыз деп табылат. Ошондой эле, бул маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалымат веб-сайтында жайгаштырылат.
64. Салык отчеттуулугун берүүнүн белгиленген мөөнөтүнөн кийин катары менен эки салыктык мезгил ичинде КНСтин эсеп-фактуралар бланктары боюнча нөлдүк көрсөткүчтөр менен б.а. кыймылсыз салык отчетторун беришкен салык салынган субъекттер, КНСтин эсеп-фактураларынын колдонулбаган бланктарынын калдыктарын бузулган катары салыктык катталуу жери боюнча салык органына кайтарууга милдеттүү. Мындай учурда, көрсөтүлгөн КНСтин эсеп-фактуралар бланктары үчүн төлөнгөн сумма салык салынган субъекттерге кайтарылып берилбейт.
65. Салык салынган субъект тарабынан белгилүү форматтагы КНСтин эсеп-фактуралары жаңылыш алынган учурларда, салык органына 500 комплекттен ашык КНСтин эсеп-фактураларынын кайтарылышына жол берилет. Мындай учурда, жаңылыш алынган бланктарга төлөнгөн акча каражаттары зарыл форматтагы эсеп-фактураларынын жаңы бланктарын алуу үчүн эсепке алынат.
Салык салынган субъект тарабынан кайтарылып берилген КНСтин эсеп-фактуралары маалыматтар базасына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизгенден кийин, салык органы тарабынан КНС боюнча катталган башка чарба жүргүзгөн субъекттерге берилет.
66. Салык салынган субъект КНСтин эсеп-фактураларынын пайдаланылбаган бланктарын башка адамга берүүгө укугу жок. КНСтин эсеп-фактуралары салык органында бир субъект тарабынан алынып, бирок башка субъект тарабынан жазылган учурлар аныкталса, анда башка чарба жүргүзгөн субъект тарабынан берилген жана/же жазылган КНСтин эсеп-фактураларынын бланктары жараксыз деп табылат жана мындай эсеп-фактуралары боюнча КНСтин суммасы эсепке алынбайт. Алар боюнча материалдар экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тиешелүү органдарга берилет, ал эми бул тууралуу маалымат ачык маалымат веб-сайтында жана расмий басма сөз басылмаларында жайгаштыруу үчүн ыйгарым укуктуу салык органына жиберилет.
67. КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган бланктары бардык нускаларында "бузулган" деген жазуу менен белгиленет жана салык салынган субъекттин КНСтин эсеп-фактураларынын бланктары үчүн жооптуу кызмат адамынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт. Салык салынган субъект КНСтин эсеп-фактураларынын бланктары боюнча ай сайын салык отчетторун бергенде салык органына КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган бланктарын толук бойдон тапшырууга милдеттүү.
68. КНСтин эсеп-фактураларынын мурда жоголгон жана жараксыз деп табылган бланктары (комплекттин кайсы гана болбосун нускасы) табылган учурда салык салынган субъект аларды салык органына тапшырууга милдеттүү.
69. Салык салынган субъект, жумуш күнүнүн аягында КНСтин жазылып берилген эсеп-фактураларынын маалыматтарынын жеткирүүлөрдүн жана сатып алуулардын атайын китебине такай киргизүүгө жана бардык жүргүзүлгөн операциялардын КНСтин эсеп-фактураларын сактоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн китептерге киргизилген КНСтин суммалары, КНС боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн суммага дал келиши керек.
70. Салык салынган субъект КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын так катар номерлери боюнча, өсүү жагына карай колдонууга милдеттүү.
| КНСтин эсеп-фактурасынын так отчеттук бланкаларынын эсептери жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 1.1-тиркемеси
|
DOC STI-001
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин ЭСЕП ФАКТУРАСЫ
| КНСтин эсеп-фактурасынын так отчеттук бланкаларынын эсептери жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 1.2-тиркемеси
|
DOC STI-001
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин ЭСЕП ФАКТУРАСЫ
| КНСтин эсеп-фактурасынын так отчеттук бланкаларынын эсептери жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 1.2.1-тиркемеси
|
DOC STI-001
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
Өндүрүмдү чыгарууга
ЭСЕП-ФАКТУРА/КОШТОМО КАГАЗ
Жүк жөнөтүүчү:
Жүк алуучу:
Тапшыруу тиби:
Төлөө ыкмасы:
(сом менен)
┌──┬─────────────────┬────┬──────┬──────┬──────┬──────┬───────┬───────┐
│№ │ Өндүрүм │Өл- │ Саны │Салык-│КНСтин│Сатуу-│Салыкты│Салыкты│
│ │ товарларынын │чөө │ │ сыз │ чени │ дан │ кошо │ кошо │
│ │ аталышы/таралар │бир-│ │ сумма│ (%) │ алы- │эсепте-│эсепте-│
│ │ │диги│ │ │ │ нуучу│гендеги│гендеги│
│ │ │ │ │ │ │салык-│ баа │ сумма │
│ │ │ │ │ │ │ тын │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ чени │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ (%) │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│1 │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│2 │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│3 │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│4 │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│5 │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│6 │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│7 │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│8 │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│9 │ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│10│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│11│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│12│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│13│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│14│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│15│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│16│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│17│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│18│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│19│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│20│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│21│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│22│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│23│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│24│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│25│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│26│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│27│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│28│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│29│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│30│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│31│ │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼─────────────────┼────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┤
│32│ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴─────────────────┴────┴──────┴──────┴──────┴──────┴───────┴───────┘
Өндүрүм боюнча ЖЫЙЫНТЫК:
БАРДЫГЫ:
Өндүрүмгө КНС 12% Чыгарууга уруксат берген:
Өндүрүмгө СС 1% Чыгарган:
Өндүрүмгө СС 2% Кабыл алган:
БАРДЫК ТӨЛӨМ: Жазып берген:
Жетекчи _______________ Башкы бухгалтер ________________
| КНСтин эсеп-фактурасынын так отчеттук бланкаларынын эсептери жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 1.3-тиркемеси
|
DOC STI-001
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин ЭСЕП ФАКТУРАСЫ
| КНСтин эсеп-фактурасынын так отчеттук бланкаларынын эсептери жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 1.4-тиркемеси
|
DOC STI-001
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин ЭСЕП ФАКТУРАСЫ
| КНСтин эсеп-фактурасынын так отчеттук бланкаларынын эсептери жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 1.5-тиркемеси (байланыш) |
DOC STI-001
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин ЭСЕП ФАКТУРАСЫ
| КНСтин эсеп-фактурасынын так отчеттук бланкаларынын эсептери жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 1.6-тиркемеси (электроэнергия) |
DOC STI-001
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин ЭСЕП ФАКТУРАСЫ
| КНСтин эсеп-фактурасынын так отчеттук бланкаларынын эсептери жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 1.7-тиркемеси (жылуулук энергиясы) |
DOC STI-001
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин ЭСЕП ФАКТУРАСЫ
| КНСтин эсеп-фактурасынын так отчеттук бланкаларынын эсептери жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 1.8-тиркемеси (сууканал)
|
DOC STI-001
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин ЭСЕП ФАКТУРАСЫ
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсептөө тартиби тууралу жобонун 2-тиркемеси
|
DOC STI-019
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин эсеп фактураларынын бузулган бланкаларынын
РЕЕСТРИ
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттуулук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси
|
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) жана КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык кошумча нарк салыгын эсептөө жана төлөө үчүн арналган КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган бланктарынын реестрин (DOC STI-019) (мындан ары - Реестр) толтуруунун тартибин аныктайт.
2. Реестрди кагаз түрүндөгү тартипте берген учурда, Реестр эки нускада түзүлөт:
1) биринчи нуска салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат;
2) экинчи нуска кабыл алынгандыгы жөнүндөгү белги коюу менен салык салынган субъекттиге кайтарылат.
3. Реестрди маалымдоо менен тапшырык кат аркылуу почта боюнча жиберген учурда, Реестр бир нускада салык органына жиберилет, ал салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат. Салык салынган субъект маалымдоону почта байланышы аркылуу алат.
4. Реестр ар ай сайын түзүлөт жана салык органына КНС боюнча отчет берүү үчүн белгиленген мөөнөттө башкаруу жери боюнча боюнча салык органына берилет.
5. Реестрдин ячейкаларын номерлөө кагаз түрүндө гана көрсөтүлөт.
2. Реестр формасын толтуруу
6. Реестрдин "КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган бланктары жөнүндө маалымат" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 1-графада - КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын саны;
2) 2-графада - КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын сериясы;
3) 3 жана 4-графаларда - КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын номерлеринин диапозону.
7. 1-графа боюнча жыйынтык маани Реестрдин ар бир барагы боюнча чыгарылышы керек.
8. 1-графа боюнча "Бардыгы" мааниси Реестрдин корутунду барагында гана чыгарылышы керек.
3. Реестрдин электрондук вариантынын формасын
толтуруунун өзгөчөлүктөрү
9. 201 жана 202-ячейкаларда отчеттук салык мезгилинин биринчи жана акыркы күнү көрсөтүлөт, мисалы, январь үчүн "01.01.2012"ден баштап "31.12.2012"ге чейин.
10. Реестрдин "КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган бланктары жөнүндө маалымат" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 1-графа боюнча "саны" - КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган бланктарынын саны;
- 2-графа боюнча "сериясы" - алты мааниден турган КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган бланктарынын сериясы, алар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген маанилерге ылайык төмөнкүлөр:
а) кирилл алфавитинин сандары жана тамгалары (тармактыктардан башкалар);
б) латын алфавитинин сандары жана тамгалары (тармактыктар үчүн);
- 3 жана 4-графалар боюнча "номерден баштап" жана "номерге чейин" - КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган бланктарынын диапозону, б.а. алты белгиден ашпоого тийиш болгон маанилердин баштапкы жана акыркы номерлери;
2, 3 жана 4-графалардагы маалыматтар салык органы тарабынан Реестрди берген салык салынган субъектиге берилген КНСтин эсеп-фактураларынын номерлерине жана серияларына туура келиши керек. 2, 3 жана 4-графаларда көрсөтүлгөн КНСтин эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери, КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган, жараксыз бланктардын реестрине жана салык салынган субъект тарабынан салык органына берилген, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык ресурстар жана салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестрине киргизилиши керек эмес.
11. 901 жана 902-ячейкаларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- салык органы Реестрди кабыл алган дата;
- салык салынган субъект берген Реестрди кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи.
12. Салык салынган субъект тарабынан салык органына электрондук варианттагы (файл-ЕХСЕL) реестри берилген учурда, алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болушу керек: "К_О", бул жерде:
К - префикс салык салынган субъект тарабынан берилген реестрдин формасынын номерин билдирет;
О - маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору, б.а. салык салынган субъектинин ИСНи.
Мисалы: "DOCSTI019_02901200910267".
13. Салык салынган субъект тарабынан салык органына электрондук варианттагы берилген Реестр, ал белгиленген форматтарга дал келбеген, б.а. салык салынган субъект тарабынан аларды толтуруу жана берүү учурунда ушул Тартипте көрсөтүлгөн талаптар сакталбаган учурда салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсептөө тартиби тууралу жобонун 4-тиркемеси |
DOC STI-021
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин эсеп фактураларынын өндүрүштүк
жараксыз бланкаларынын
РЕЕСТРИ
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттуулук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобонун 5-тиркемеси
|
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) жана КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык кошумча нарк салыгын эсептөө жана төлөө үчүн арналган КНСтин эсеп-фактураларынын өндүрүштүк жараксыз бланктарынын реестрин (DOC STI-021) (мындан ары Реестр) толтуруунун тартибин аныктайт.
2. Реестрди кагаз түрүндөгү тартипте берген учурда Реестр эки нускада түзүлөт:
1) биринчи нуска салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат;
2) экинчи нуска кабыл алынгандыгы жөнүндөгү белги коюу менен салык салынган субъекттиге кайтарылат.
3. Реестрди маалымдоо менен тапшырык кат аркылуу почта боюнча жиберген учурда, Реестр бир нускада салык органына жиберилет, ал салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат. Салык салынган субъект маалымдоону почта байланышы аркылуу алат.
4. Реестр ар ай сайын түзүлөт жана салык органына КНС боюнча отчет берүү үчүн белгиленген мөөнөттө башкаруу жери боюнча салык органына берилет.
5. Реестрдин ячейкаларын номерлөө кагаз түрүндө гана көрсөтүлөт.
2. Реестр формасын толтуруу
6. Реестрдин "КНСтин эсеп-фактураларынын өндүрүштүк жараксыз бланктары жөнүндө маалымат" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 1-графада - КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын саны;
2) 2-графада - КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын сериясы;
3) 3 жана 4-графаларда - КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын номерлеринин диапозону.
7. 1-графа боюнча жыйынтык мааниси Реестрдин ар бир барагы боюнча чыгарылышы керек.
8. 1-графа боюнча "Бардыгы" мааниси Реестрдин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.
3. Реестрдин электрондук вариантынын формасын
толтуруунун өзгөчөлүктөрү
9. 201 жана 202-ячейкаларында отчеттук салык мезгилинин биринчи жана акыркы күнү көрсөтүлөт, мисалы, январь үчүн "01.01.2012"ден баштап "31.12.2012"ге чейин.
10. Реестрдин "КНСтин эсеп-фактураларынын өндүрүштүк жараксыз бланктары жөнүндө маалымат" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 1-графа боюнча "саны" - КНСтин эсеп-фактураларынын өндүрүштүк жараксыз бланктарынын саны;
- 2-графа боюнча "сериясы" - алты белгиден турган КНСтин эсеп-фактураларынын жараксыз бланктарынын сериясы, алар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген белгилерге ылайык төмөнкүлөр:
а) кирилл алфавитинин сандары жана тамгалары (тармактыктардан башкасы);
б) латын алфавитинин сандары жана тамгалары (тармактык үчүн);
- 3 жана 4-графалар боюнча "номерден баштап" жана "номерге чейин" - КНСтин эсеп-фактураларынын өндүрүштүк жараксыз бланктарынын диапозону, б.а. алты белгиден ашпаган баштапкы жана акыркы номерлер;
2, 3 жана 4-графаларындагы маалыматтар салык органы тарабынан Реестрди берген салык салынган субъектиге берилген КНСтин эсеп-фактураларынын номерлерине жана серияларына туура келиши керек. 2, 3 жана 4-графаларында көрсөтүлгөн КНСтин эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери, КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган, жараксыз бланктарынын реестрине жана салык салынган субъект тарабынан салык органына берилген Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык ресурстар жана салык салынган жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестрине киргизилиши керек эмес.
11. 901 жана 902-ячейкаларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- салык органы тарабынан Реестр кабыл алынган дата;
- салык салынган субъект тарабынан берилген Реестрди кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи.
12. Салык салынган субъект тарабынан салык органына электрондук варианттагы (файл-EXCEL) Реестрди берилген учурда, алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болушу керек: "К_О", бул жерде:
К - префикс салык салынган субъект тарабынан берилген Реестрдин формасынын номерин билдирет;
О - маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору, б.а. салык салынган субъектинин ИСНи.
Мисалы: "DOCSTI021_02901200910267".
13. Салык салынган субъект тарабынан салык органына электрондук варианттагы берилген Реестр, ал белгиленген форматтарга дал келбеген учурда, б.а. салык салынган субъект тарабынан аларды толтуруунун жана берүүнүн ушул Тартипте көрсөтүлгөн талаптары сакталбаган учурда салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсептөө тартиби тууралу жобонун 6-тиркемеси
|
DOC STI-052
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
КНСтин эсеп фактураларынын жараксыз бланкаларынын
РЕЕСТРИ
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобонун 7-тиркемеси
|
1. Жалпы жоболор
1. Бул тартип, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) жана КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин IX бөлүмүмө ылайык кошумча нарк салыгын эсептеп чыгуу жана төлөө үчүн арналган КНСтин эсеп-фактураларынын жараксыз бланктарынын реестрин (DOC STI-052) (мындан ары Реестр) толтуруунун тартибин аныктайт.
2. Реестр кагаз түрүндө тартипте берилген учурда Реестр эки нускада түзүлөт:
1) биринчи нуска салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат;
2) экинчи нуска кабыл алынгандыгы жөнүндөгү белги коюу менен салык салынган субъектиге кайтарылат.
3. Реестрди маалымдоо менен тапшырык кат аркылуу почта боюнча жиберген учурда, Реестр бир нускада салык органына жиберилет, ал салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат. Салык салынган субъект маалымдоону почта байланышы аркылуу алат.
4. Реестр ай сайын түзүлөт жана салык органына КНС боюнча отчет берүү үчүн белгиленген мөөнөттө башкаруу жери боюнча салык органына берилет.
5. Реестрдин ячейкаларын номерлөө кагаз түрүндө гана көрсөтүлөт.
2. Реестр формасын толтуруу
6. Реестрдин "КНСтин эсеп-фактураларынын жараксыз бланктары жөнүндө маалымат" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 1-графада - КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын саны;
2) 2-графада - КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын сериясы;
3) 3 жана 4-графаларда - КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын номерлеринин диапозону.
7. 1-графа боюнча жыйынтык маани Реестрдин ар бир барагы боюнча чыгарылышы керек.
8. 1-графа боюнча "Бардыгы" мааниси Реестрдин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.
3. Реестрдин электрондук вариантынын формасын
толтуруунун өзгөчөлүктөрү
9. 201 жана 202-ячейкаларда отчеттук салык мезгилинин биринчи жана акыркы күнү көрсөтүлөт, мисалы, январь үчүн "01.01.2012"ден баштап "31.12.2012"ге чейин.
10. Реестрдин "КНСтин эсеп-фактураларынын жараксыз бланктары жөнүндө маалымат" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 1-графа боюнча "саны" - КНСтин эсеп-фактураларынын жараксыз бланктарынын саны;
- 2-графа боюнча "сериясы" - алты белгиден турган КНСтин эсеп-фактураларнын жараксыз бланктарынын сериясы, алар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген белгилерге ылайык төмөнкүлөр:
а) кирилл алфавитинин сандары жана тамгалары (тармактыктардан башкасы);
б) латын алфавитинин сандары жана тамгалары (тармактык үчүн);
3 жана 4-графалар боюнча "номерден баштап" жана "номерге чейин" КНСтин эсеп-фактураларынын жараксыз бланктарынын диапозону, б.а. алты белгиден ашпаган баштапкы жана акыркы номерлер;
2, 3 жана 4-графаларындагы маалыматтар салык органы тарабынан Реестрди берген, салык салынган субъектиге берилген КНСтин эсеп-фактураларынын номерлерине жана серияларына туура келиши керек. 2, 3 жана 4-графаларында көрсөтүлгөн КНСтин эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери, КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган, жараксыз бланктардын реестрине жана салык салынган субъект тарабынан салык органына берилген Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык рссурстар салык салынган жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестрине киргизилиши керек эмес.
11. 901 жана 902-ячейкаларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- салык органы Реестрди кабыл алган дата;
- салык салынган субъект тарабынан берилген Реестрди кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи.
12. Салык салынган субъект тарабынан салык органына электрондук варианттагы (файл-EXCEL) Реестр берилген учурда, алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болушу керек: "К_О", бул жерде:
К - префикс салык салынган субъект тарабынан берилген Реестрдин формасынын номерин билдирет;
О - маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору, б.а. салык салынган субъектинин ИСНи.
Мисалы: "DOCSTI052_02901200910267".
13. Салык салынган субъект тарабынан салык органына электрондук варианттагы берилген Реестр, ал белгиленген форматтарга дал келбеген, б.а. салык салынган субъект тарабынан аларды толтуруу жана берүү учурунда ушул Тартипте көрсөтүлгөн талаптар сакталбаган учурда салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсептөө тартиби тууралу жобонун 8-тиркемеси
|
DOC STI-022
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
Салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча
КНСтин эсеп-фактураларынын
РЕЕСТРИ
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобонун 9-тиркемеси
|
1. Жалпы жоболор
1. Бул, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) жана КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык кошумча нарк салыгын эсептөө жана төлөө үчүн арналган, салык салынган жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын Реестринин (DOC STI-022) (мындан ары - Реестр) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Реестр кагаз түрүндө берилген учурда, Реестр эки нускада түзүлөт:
1) биринчи нуска салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат;
2) экинчи нуска кабыл алынгандыгы жөнүндөгү белги коюу менен салык салынган субъекттиге кайтарылат.
3. Реестрди маалымдоо менен тапшырык кат аркылуу почта боюнча жиберген учурда, Реестр бир нускада салык органына жиберилет, ал салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат. Салык салынган субъект маалымдоону почта байланышы аркылуу алат.
4. Реестр ай сайын түзүлөт жана салык органына КНС боюнча отчет берүү үчүн белгиленген мөөнөттө башкаруу жери боюнча берилет.
5. Реестрге, салык салынган субъект тарабынан жазып берилген КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары киргизилет. КНС боюнча салык отчетторунун маалыматтары салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын ортосунда айырма болгон учурда эркин формада айырманын себеби көрсөтүлгөн түшүндүрмө кыскача кат таризделет.
2. Реестр формаларын толтуруу
6. 203-сапта Реестрдин барактарынын саны көрсөтүлөт.
7. Реестрдин "Салык салынган жеткирүүлөр боюнча КНСтин суммасы" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 1-графада - КНСтин жазылган эсеп-фактурасынын катар номери;
2) 2-графада - КНСтин эсеп-фактурасынын бланкынын 103-сабынын маалыматтары;
3) 3 жана 4-графаларда - КНСтин эсеп-фактурасынын бланкынын 101-сабынын маалыматтары;
4) 5-графада - КНСтин эсеп-фактурасынын бланкынын 402-сабынын маалыматтары;
5) 6, 7 жана 8-графаларда - КНСтин эсеп-фактурасынын бланкынын 301, 302 жана 304-саптарынын маалыматтары;
6) 9-графада КНСтин эсеп-фактурасынын бланкынын 401-сабынын маалыматтары;
7) 10, 11 жана 12-графаларда - КНСтин жазылган эсеп-фактурасынын бланкынын 901, 902 жана 903-саптарынын жыйынтык маалыматтары.
8. 10, 11 жана 12-графалар боюнча жыйынтык маанилери Реестрдин ар бир барагы боюнча чыгарылышы керек.
9. 10, 11 жана 12-1 графалар боюнча "Реестр боюнча бардыгы" мааниси Реестрдин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.
10. "Жеткирүүнүн түрү" 5-графаны толтуруу учурунда салык салынган жеткирүүлөрдүн төмөнкү коддору колдонулат:
┌─────┬───────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Коду│ Салык салынган жеткирүүлөрдүн аталышы │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 001 │Салык салынгандары │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 002 │Нөлдүктөрү │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 003 │Чекене соода │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 004 │Накта эсептешүү үчүн кызматтар │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 005 │Ички колдонуу үчүн товарларды берүү │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 006 │Айыл чарба продукцияларын сатуу │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 007 │Дистрибьюторлорго товарларды берүү │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 008 │Жарнама продукциясын сатуу │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 009 │Жолдомолорду сатуу │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 010 │Бюллетендерди сатуу │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 011 │Товарларды (жумуштарды, кызматтарды) кайтаруу │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 012 │Банк кызматы │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 013 │Резидент эместерге жеткирүү │
├─────┼───────────────────────────────────────────────────────────────┤
│ 014 │Контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен жеткирүү │
└─────┴───────────────────────────────────────────────────────────────┘
11. Салык салынган субъекттер тарабынан контролдук-кассалык машиналарды (кассалык жана товардык чектер боюнча) колдонуу менен чекене соода тармактарында сатылган материалдык ресурстар отчеттук салык мезгилинин аягында суммаланат жана Реестрде бир сап менен төмөнкүдөй тартипте чагылдырылат:
- 2-графада "жеткирүүнүн күнү" отчеттук салык мезгилинин акыркы күнү көрсөтүлөт, мисалы, январь үчүн "31.01.2012";
- 3-графада "КНСтин эсеп-фактурасынын №" - жазылып берилген эсеп-фактуранын номери;
- 4-графада "эсеп-фактуранын сериясы" - жазылып берилген эсеп-фактуранын сериясы;
- 5-графада "жеткирүүнүн түрү" - "014" коду;
- 6-графада "алуучунун аталышы, аты-жөнү" - "Х" белгиси коюлат;
- 7-графада "алуучунун ИСНи" - "99999999999999" номери көрсөтүлөт;
- 8-графада "алуучунун салык органынын коду" - "111" сандары коюлат;
- 9-графада "жеткирүүнүн датасы" - отчеттук салык мезгилинин акыркы күнү, мисалы, январь үчүн "31.01.2012";
- 10-графада "КНСи жок наркы" - КНСти эсепке албаганда ККМ колдонуу менен товардык жана кассалык чектер боюнча сатылган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы наркы;
- 11-графада "КНСтин суммасы" - ККМ колдонуу менен товардык жана кассалык чектер боюнча сатылган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы суммасы;
- 12-графада "КНС менен бирге жалпы нарк" - КНСтин суммасын эсепке алып, ККМ колдонуу менен товардык жана кассалык чектер боюнча сатылган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы наркы.
2. Реестрдин электрондук вариантын толтуруунун өзгөчөлүктөрү
12. 201 жана 202-ячейкаларда отчеттук салык мезгилинин биринчи жана акыркы күнү көрсөтүлөт, мисалы, январь үчүн "01.01.2012"ден баштап "31.12.2012"ге чейин.
13. Реестрдин "Салык салынган жеткирүүлөр боюнча КНСтин суммасы" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 1-графада "к/т №" - жазылып алынган эсеп-фактурасынын өсүү багытындагы катар номери;
- 2-графада "жазып берилген күнү" - салык салынган субъект тарабынан КНСтин эсеп-фактурасынын жазылып берилген күн, ал отчеттук салык мезгилинин күнүнө дал келбеши да мүмкүн;
- 3-графада "КНСтин эсеп-фактурасынын №" - алты сандык маанидеги ашпоого тийиш болгон жазылып берилген эсеп-фактуранын номери;
- 4-графада "КНСтин эсеп-фактурасынын сериясы" жазып берилген эсеп-фактурасынын алты мааниден турган сериясы, алар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген белгилерге ылайык төмөнкүлөр:
а) кирилл алфавитинин сандары жана тамгалары (тармактардан башкасы);
б) латын алфавитинин сандары жана тамгалары (тармактар үчүн).
3 жана 4-графалардагы маалыматтар салык органы тарабынан Реестрди берген салык салынган субъектиге берилген КНСтин эсеп-фактураларынын серияларына жана номерлерине туура келиши керек. 3 жана 4-графаларда көрсөтүлгөн КНСтин эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери, КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган, жараксыз бланктарынын Реестрине жана салык салынган субъект тарабынан салык органына берилген Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын Реестрине киргизилиши керек эмес;
- 5-графада "жеткирүүнүн түрү" - үч маанилүү сандардан турган, ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн код;
- 6-графада "жеткирүүчүнүн аталышы, аты-жөнү" - сатып алуучунун кыскартылган аталышы же аты-жөнү;
- 7-графа "сатып алуучунун ИСНи" ИСН бул белгилерге ылайык келбеши мүмкүн болгон КНСтин "нөлдүк" коюм боюнча жеткирүүлөрдөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында резидент эместерге товарларды (жумуштарды, кызматтарды) жеткирүүлөрдөн тышкарыда, он төрт маанидеги белгиден турган сатып алуучунун ИСНи;
- 8-графада "салык органынын коду" - ушул графага "111" сандары коюлган учурда, Кыргыз Республикасынын аймагында КНСтин "нөлдүк" коюму боюнча жеткирүүлөрдөн жана резидент эместерге товарларды (жумуштарды, кызматтарды) жеткирүүлөрдөн тышкарыда, үч маанидеги белгиден турган сатып алуучунун салыктык катталуу жери боюнча салык органынын коду.
6, 7 жана 8-графалардагы маалыматтар, маалыматтар базасы менен дал келбөө салык төлөөчүгө көз каранды эмес себептен улам болгон учурлардан тышкарыда, ошондой эле КНСтин "нөлдүк" коюму боюнча жеткирүүлөр жана Кыргыз Республикасынын аймагында резидент эместер товарларды (жумуштарды, кызматтарды) жеткирүүлөрүндө ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрүнүн каттоо боюнча маалымат базасына туура келиши керек;
- 9-графада "жеткирүүнүн датасы" - отчеттук салык мезгилинин күндөрүнө дал келген жеткирүүлөр датасы;
- 11-графада "КНСтин жок нарк" - КНСти эсепке албаган ушул эсеп-фактуранын маалыматтары боюнча сатылган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы наркы;
- 11-графада "КНСтин суммасы" - ушул эсеп-фактура боюнча сатылган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) КНСинин жалпы суммасы;
- 12-графада "КНС менен бирге жалпы наркы" - ушул эсеп-фактура боюнча КНСтин суммасын эске алуу менен сатылган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы наркы, ал 10 жана 11-графалардын суммаларына дал келиши керек.
14. 901 жана 902-ячейкаларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- салык органы Реестрди кабыл алган дата;
- салык салынган субъект берген Реестрди кабыл алган салык органын кызматкеринин ИСНи.
15. Салык салынган субъект салык органына электрондук варианттагы (файл-EXCEL) Реестрди берген учурда, алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болушу керек: "К_О ", мында:
К - префикс салык салынган субъект берген Реестрдин формасынын номерин билдирет;
О - маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору, б.а. салык салынган субъектинин ИСНи.
Мисалы: "DOCSTI023_02901200910267".
16. Салык салынган субъект салык органына электрондук вариантта берген Реестр, ал белгиленген форматтарга дал келбеген учурда, б.а. салык салынган субъект аларды толтурууда жана берүүдө ушул Тартипте көрсөтүлгөн талаптарды сактабаса салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсептөө тартиби тууралу жобонун 10-тиркемеси
|
DOC STI-023
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
Кыргыз Республикасынын аймагында алынган
материалдык ресурстар боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын
РЕЕСТРИ
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобонун 11-тиркемеси |
1. Жалпы жоболор
1. Бул тартип, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) жана КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык кошумча нарк салыгын эсептөө жана төлөө үчүн арналган, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын Реестринин (DOC STI-023) (мындан ары - Реестр) формасын толтуруунун жана берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Реестр кагаз түрүндө берилген учурда, Реестр эки нускада түзүлөт:
1) биринчи нуска салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат;
2) экинчи нуска кабыл алынгандыгы жөнүндө белги коюу менен салык салынган субъектиге кайтарылат.
3. Реестр маалымдоо менен тапшырык кат аркылуу почта боюнча жиберилген учурда, Реестр бир нускада салык органына жиберилет, ал салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат. Салык салынган субъект маалымдоону почта байланышы аркылуу алат.
4. Реестр ай сайын түзүлөт жана салык органына КНС боюнча отчет берүү үчүн белгиленген мөөнөттө башкаруу жери боюнча берилет.
5. Реестрге, салык салынган субъект жеткирүүлөрдөн алган, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттуулук бланктары киргизилет.
2. Реестр формаларын толтуруу
6. 203-сапта Реестрдин барактарынын саны көрсөтүлөт.
7. Реестрдин "Сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 1-графада - КНСтин алынган эсеп-фактурасынын катар номери;
2) 2 жана 3-графаларда - КНСтин эсеп-фактура бланкынын 101-сабынын маалыматтары;
3) 4, 5 жана 6-графаларда - КНСтин эсеп-фактура бланкынын 201, 202 жана 204-саптарынын маалыматтары;
4) 7-графасында - КНСтин эсеп-фактура бланкынын 401-сабынын маалыматтары;
5) 8 жана 9-графаларда - КНСтин эсеп-фактура бланкынын 901 жана 902-саптарынын жыйынтык суммалары;
6) 10-графада - эсепке алынууга жаткан КНСтин суммасы;
7) 11-графада - Салык кодексинин 272-беренесине ылайык бөлүштүрүлүүчү салык салынган жана андан бошотулган жеткирүүлөр максатында колдонулуучу материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы.
8. 8, 9, 10 жана 11-графалар боюнча жыйынтык маанилери Реестрдин ар бир барагы боюнча көрсөтүлүшү керек.
9. 8, 9, 10 жана 11-графалар боюнча "Реестр боюнча бардыгы" мааниси Реестрдин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.
10. Салык салынган субъекттер тарабынан контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен чекене соода түйүндөрү тармагынан сатып алынган материалдык ресурстар отчеттук салык мезгилинин аягында суммаланат жана Реестрде бир сап менен төмөнкүдөй тартипте чагылдырылат:
- 2-графада "КНСтин эсеп-фактурасынын №" "1" деп көрсөтүлөт;
- 3-графада "эсеп-фактуранын сериясы" "ЧЕК" сөзү;
- 4-графада "жеткирүүчүнүн аталышы (аты-жөнү)" - "-" белгиси коюлат;
- 5-графада "жеткирүүчүнүн ИСНи" "99999999999999" номери көрсөтүлөт;
- 6-графада "салык органынын коду" - "111" сандары коюлат;
- 7-графада "жеткирүү датасы" отчеттук салык мезгилинин акыркы күнү, мисалы, январь үчүн "31.01.2012";
- 8-графада "КНСи жок наркы" КНСти эсепке албастан ККМ колдонуу менен товардык жана кассалык чектер боюнча сатып алынган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы наркы;
- 9-графада "КНСтин суммасы" - ККМ колдонуу менен товардык жана кассалык чектер боюнча сатып алынган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы суммасы;
- 10-графада "эсепке алынуучу КНСтин суммасы" эсепке алынуучу, ККМ колдонуу менен товардык жана кассалык чектер боюнча сатып алынган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы суммасы;
- 11-графада "бөлүштүрүлүүчү КНСтин суммасы" - бөлүштүрүлүүчү, ККМ колдонуу менен товардык жана кассалык чектер боюнча сатып алынган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы суммасы.
3. Реестрдин электрондук вариантынын формасын
толтуруунун өзгөчөлүктөрү
12. 201 жана 202-ячейкаларда отчеттук салык мезгилинин биринчи жана акыркы күнү көрсөтүлөт, мисалы, январь үчүн "01.01.2012" ден баштап "12.12.2012"ге чейин.
13. Реестрдин "Сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 1-графада "к/т №" - жеткирүүчүдөн алынган эсеп-фактурасынын өсүү багытындагы катар номери;
- 2-графада "КНСтин эсеп-фактурасынын №" алты белгилик мааниден ашпаган, жеткирүүчүдөн алынган эсеп-фактурасынын номери;
- 3-графада "КНСтин эсеп-фактурасынын сериясы" - жеткирүүчүдөн алынган эсеп-фактурасынын алты мааниден турган сериясы, алар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген маанилерге ылайык төмөнкүлөр:
а) кирилл алфавитинин сандары жана тамгалары (тармактыктардан башка);
б) латын алфавитинин сандары жана тамгалары (тармактыктар үчүн).
2 жана 3-графалардагы маалыматтар салык органына жеткирүүчүлөр берген КНСтин эсеп-фактураларынын номерлерине жана серияларына туура келиши керек жана ошол жеткирүүчү тарабынан салык органына берилген салык салынган жеткирүү боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын Реестрине киргизилиши керек. 2 жана 3-графаларда көрсөтүлгөн КНСтин эсеп-фактураларынын сериялары жана номерлери, КНСтин эсеп-фактураларынын бузулган, жараксыз бланктар реестрине жана жеткирүүчү тарабынан салык органына берилген, салык салынган жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын реестрине киргизилиши керек эмес;
- 4-графада "жеткирүүчүнүн аталышы (аты-жөнү)" - жеткирүүчүнүн кыскартылган аталышы же аты-жөнү;
- 5-графада "жеткирүүчүнүн ИСНи" - он төрт белгиден турган маанидеги жеткирүүчүнүн ИСНи;
- 6-графада "салык органынын коду" үч белгиден турган маанидеги же кирүүчүнүн салыктык катталуу жери боюнча салык органынын коду.
4, 5 жана 6-графалар боюнча маалыматтар, маалыматтар базасы менен дал келбөөлөр салык төлөөчүгө көз каранды эмес себептен улам келип чыккан учурлардан тышкарыда, ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрүн каттоо боюнча маалыматтар базасына туура келиши керек;
- 7-графа боюнча "жеткирүүлөр датасы" - отчеттук салык мезгилинин күндөрүнө дал келе турган жеткирүүчүнүн жеткирген датасы;
- 8-графада "КНСи жок нарк" - КНСти эсепке алынбаган эсеп-фактуранын маалыматы боюнча сатып алынган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын жалпы наркы;
- 9-графада "КНСтин суммасы" ушул эсеп-фактурасы боюнча сатып алынган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы суммасы, ал 10 жана 11-графалардын суммасына дал келиши керек.
- 10-графада "эсепке алынуучу КНСтин суммасы" эсепке алынуучу сатып алынган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы суммасы;
- 11-графада "бөлүштүрүлүүчү КНСтин суммасы" бөлүштүрүлүүчү сатып алынган товарлардын (жумуштардын, кызматтардын) жалпы суммасы.
14. 901 жана 902-ячейкаларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- салык органы реестрди кабыл алган дата;
- салык салынган субъект берген реестрди кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСПи.
15. Салык салынган субъект тарабынан салык органына электрондук варианттагы (файл-EXCEL) реестрди берген учурда алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болушу керек: "К_О", бул жерде:
К - префикс салык салынган субъект берген Реестрдин формасынын номерин билдирет;
О - маалыматты жиберүүчүнүн, б.а. салык салынган субъектинин идентификатору.
Мисалы: "DOCSTI023_02901200910267".
16. Салык салынган субъект тарабынан салык органына электрондук варианттагы берилген Реестр, ал белгиленген форматтарга дал келбеген, б.а. салык салынган субъект тарабынан аларды толтуруу жана берүү учурунда ушул Тартипте көрсөтүлгөн талаптар сакталбаган учурда салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсептөө тартиби тууралу жобонун 12-тиркемеси
|
DOC STI-024
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып
келинген товарлар боюнча жүк бажы декларацияларынын
РЕЕСТРИ
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобонун 13-тиркемеси
|
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) жана КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуунун жана эсепке алуунун тартиби жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин IX бөлүмүнө ылайык кошумча нарк салыгын эсептөө жана төлөө үчүн арналган Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген товарлар боюнча жүк бажы декларацияларынын реестрин (DOC STI-024) (мындан ары Реестр) толтуруунун жана берүүнүн тартибин аныктайт.
2. Реестрди кагаз түрүндө берген учурда Реестр эки нускада түзүлөт:
1) биринчи нуска салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат;
2) экинчи нуска кабыл алынгандыгы жөнүндө белги коюу менен салык салынган субъекттиге кайтарылат.
3. Реестр маалымдоо менен атайын кат аркылуу почта боюнча жиберилген учурда, Реестр бир нускада салык органына жиберилет, ал салык салынган субъектти башкарууну ишке ашырган салык органында калат. Салык салынган субъект тапшырылгандыгы жөнүндө почта байланышынан маалымдоо алат.
4. Реестр ай сайын түзүлөт жана салык органына КНС боюнча отчет берүү үчүн белгиленген мөөнөттө башкаруу жери боюнча салык органына берилет.
2. Реестр формасын толтуруу
5. 203-сапта Реестрдин барактарынын саны көрсөтүлөт.
6. Реестрдин "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген товарлар боюнча КНСтин суммасы" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-графалар жүк бажы декларацияларынын негизинде толтурулат;
2) 8, 9 жана 10-графалар импортко КНС төлөө боюнча төлөм документтеринин негизинде;
3) 11-графада эсепке алынуучу КНСтин суммасы көрсөтүлөт;
4) 12-графада - Салык кодексинин 272-беренесине ылайык бөлүштүрүүгө жаткан салык салынган жана андан бошотулган жеткирүүлөрдү колдонуу максатындагы материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы.
7. 6, 7, 10, 11 жана 12-графалар боюнча жыйынтык маанилери Реестрдин ар бир барагы боюнча чыгарылышы керек.
8. 6, 7, 10, 11 жана 12-графалар боюнча "Реестр боюнча бардыгы" мааниси Реестрдин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.
2. Реестрдин электрондук вариантынын формасын
толтуруунун өзгөчөлүктөрү
9. 201 жана 202-ячейкаларында отчеттук салык мезгилинин биринчи жана акыркы күнү көрсөтүлөт, мисалы, январь үчүн "01.01.2012"ден баштап "31.12.2012"ге чейин.
10. "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген товарлар боюнча КНСтин суммасы" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 2-графада "жеткирүүчүнүн аталышы (аты-жөнү)" - жеткирүүчүнүн кыскартылган аталышы же аты-жөнү;
- 3-графа боюнча "жеткирүүчүнүн ИСНи" - он төрт белгиден турган жеткирүүчүнүн ИСПи.
2 жана 3-графалар боюнча маалыматтар, маалыматтар базасы менен дал келбөөлөр, салык төлөөчүгө көз каранды эмес себеп боюнча болуп өткөн учурлардан тышкарыда ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрүнүн каттоосу боюнча маалымат базасына туура келиши керек;
- 4-графада "дата" отчеттук мезгил ичиндеги алып келинген товарлардын жүк бажы декларациясынын түзүлгөн датасы;
- 5-графада "номери" - отчеттук мезгил ичиндеги алып келинген товарлардын жүк бажы декларациясынын номери;
- 6-графада "КНСи жок нарк" - ушул жүк бажы декларациясы боюнча алып келинген товарлардын КНСи жок жалпы суммасы;
- 7-графада "КНСтин суммасы" - ушул жүк бажы декларациясы боюнча алып келинген товарлардын КНСнин жалпы суммасы;
- 8-графада "датасы" - импортко КНСти төлөө боюнча төлөм документи түзүлгөн дата;
- 9-графада "№" - импортко КНСти төлөө боюнча төлөм документтеринин номери;
- 10-графада "КНСтин суммасы" - төлөм документи боюнча импортко КНСтин төлөнгөн суммасы;
- 11-графада "эсепке алынуучу КНСтин суммасы" ушул жүк бажы декларациясы боюнча толук эсепке алынуучу алып келинген товарлардын КНСинин жалпы суммасы;
- 12-графада "бөлүштүрүлүүчү КНСтин суммасы" - ушул жүк бажы декларациясы боюнча бөлүштүрүлүүчү, алып келинген товарлардын КНСинин жалпы суммасы.
11. 901 жана 902-ячейкаларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- салык органы Реестрди кабыл алган дата;
- салык салынган субъект берген Реестрди кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи.
12. Салык салынган субъект тарабынан салык органына электрондук варианттагы (файл-EXCEL) Реестр берилген учурда, алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болушу керек: "К_О бул жерде:
К - префикс салык салынган субъект тарабынан берилген Реестрдин формасынын номерин билдирет;
О - маалыматты жиберүүчүнүн идентификатору, б.а. салык салынган субъектинин ИСНи.
Мисалы: "DOCSTI024_02901200910267".
13. Салык салынган субъект тарабынан салык органына электрондук варианттагы берилген Реестр, ал белгиленген форматтарга дал келбеген, б.а. салык салынган субъект тарабынан аларды толтуруу жана берүү учурунда ушул Тартипте көрсөтүлгөн талаптар сакталбаган учурда салык органы тарабынан кабыл алынбайт.
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсептөө тартиби тууралу жобонун 14-тиркемеси
|
DOC STI-045
Салык салынуучу субъекттин
КНСтин эсеп-фактураларынын бланкаларын алууга
АРЫЗЫ
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсептөө тартиби тууралу жобонун 15-тиркемеси
|
DOC STI-048
КНСтин эсеп-фактураларынын бланкаларын
кайтарууга салык салынуучу субъекттин
АРЫЗЫ
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсептөө тартиби тууралу жобонун 16-тиркемеси
|
DOC STI-015
КНСтин эсеп-фактураларынын тармактык
формаларына серияларды жана формаларды ыйгарууга
салык салынуучу субъекттин
АРЫЗЫ
| КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсептөө тартиби тууралу жобонун 17-тиркемеси
|
DOC STI-056
КНСтин эсеп-фактурасынын бланкаларынын
уурдалгандыгы (жоголгондугу) тууралу салык
салынуучу субъекттин
АРЫЗЫ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун 2-тиркемеси
|
FORM STI-070
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы
Акциз салыгы боюнча
ОТЧЕТ