Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №177 токтому менен бекитилген |
Акциз салыгы боюнча отчетту толтуруунун жана берүүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин X бөлүмүнө ылайык акциз салыгын эсептөөгө жана төлөөгө арналган акциз салыгы боюнча отчетту толтуруу тартибин аныктайт.
2. Акциз салыгы боюнча отчеттуулук төмөнкүлөрдөн турат:
1) "Акциз салыгы боюнча отчет" (FORM STI-070);
2) "Акциз салыгы боюнча отчетко "Өндүрүлгөн продукцияга акциз салыгы" 01 тиркемеси" (FORM STI-070-001);
3) КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) "Акциз салыгы боюнча отчетко "Пайдаланган сырьего акциз салыгы" 03 тиркемеси" (FORM STI-070-003);
5) "Акциз салыгы боюнча отчетко "Атайын эсеп" 04 тиркемеси (FORM STI-070-004).
3. Ошону менен акциз салыгы боюнча отчетко 01, 03 жана 04-тиркемелер (FORM STI-070-001, FORM STI-070-003, FORM STI-070-004) алар боюнча көрсөткүчтөр болгон учурларда гана берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык).
4. Акциз боюнча отчет акциз салыгын төлөөчү тарабынан кийинки салык отчетунун мезгилиндеги айдын жыйырманчы күндөн кийинки күн ай сайын тиешелүү сатык органына берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
.
5. 002-сабынын тиешелүү уяларына "X" белгилүү белгилөөлөр коюлушу керек, бул акциз салыгы боюнча отчетко тиешелүү тиркемелердин берилгендигин ырастоочу болуп саналат.
6. 203-сапка акциз салыгы боюнча отчетко "Өндүрүлгөн продукцияга акциз салыгы" 01 тиркеменин (FORM STI-070-001) 335-сабынын мааниси көчүрүлөт.
7. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
8. 205-сапка акциз салыгы боюнча отчетко "Пайдаланган сырьего акциз салыгы" 03 тиркеменин (FORM STI-070-003) 287-сабынын мааниси көчүрүлөт.
9. 206-сапка төмөнкүлөр көчүрүлөт:
1) өндүрүлгөн продукция үчүн - акциз салыгы боюнча отчеттун (FORM STI-070) 203- жана 205-саптарынын айырмасы;
2) (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык).
10. 206-саптын мааниси акциздик продукция өндүргөн/саткан салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин барагына эсептөөгө жатат.
11. 207-сапка акциз салыгы боюнча отчетко "Атайын эсеп" 04 тиркеменин (FORM STI-070-004) 308-сабынын мааниси көчүрүлөт.
12. 208-сап Салык кодексинин 292-беренесине ылайык акциз боюнча отчетко "Атайын эсеп" 04 тиркеменн (FORM STI-070-004) кабыл алган салык органынын кызматкери тарабынан толтурулат.
13. Акциз салыгы боюнча отчетко "Өндүрүлгөн продукцияга акциз салыгы" 01 тиркеме (FORM STI-070-001) (мындан ары - 01 тиркеме) Салык кодексинин 285-беренесинин 1-, 4-, 6-пунктчаларында каралган акциздик товарды чыгаруу менен алектенген салык төлөөчүлөр тарабынан толтурулат, эгер бул товарлар Кыргыз Республикасынын ичинде сатылса.
14. Ушул 01 тиркеменин 001-, 102-, 103-, 104-, 106-, 108-, 109-, 110-, 111-, 201- жана 202-саптарында көрсөтүлгөн маалымат акциз салыгы боюнча Отчеттун (FORM STI-070) тиешелүү саптарында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болууга тийиш.
15. Ушул 01 тиркемеде акциз маркалары сатып алынган, өндүрүлгөн даяр алкоголдук жана тамеки продукцияларына тиешелүү маалымат көрсөтүлөт жана акциз маркаларын алуу үчүн суроо-эсепте көрсөтүлгөн аларды сатып алуунун ар бир күнүндөгү сандарга төп келүүгө тийиш. Калган акциздик топтордогу товарлар боюнча өндүрүлүп жүктөлгөн продукция көрсөтүлөт.
16. 203-, 209-, 215-, 221-, 227-, 233-, 239-, 245-, 251-, 257-, 263-, 269- , 275-, 281-, 287-, 293-, 299-, 305-, 311-, 317-, 323-, 329-саптарда Сырткы экономикалык ишкердик товардык номенклатура (мындан ары - СЭИТН) боюнча товардын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
17. 204-, 210-, 216-, 222-, 228-, 234-, 240-, 246-, 252-, 258-, 264-, 270-, 276-, 282-, 288-, 294-, 300-, 306-, 312-, 318-, 324-, 330-саптарда ушул акциздик товарды ченөө бирдиги (литр, даана, тонна, кг.) көрсөтүлөт.
18. 205-, 211-, 217-, 223-, 229-, 235-, 241-, 247-, 253-, 259-, 265-, 271-, 277-, 283-, 289-, 295-, 301-, 307-, 313-, 319-, 325-, 331-саптарда жүктөп жөнөтүлгөн товарлардын физикалык көлөмү же акциздик маркалар сатылып алынып, маркирленген продукциянын көлөмү көрсөтүлөт.
19. 206-, 212-, 218-, 224-, 230-, 236-, 242-, 248-, 254-, 260-, 266-, 272- , 278-, 284-, 290-, 296-, 302-, 308-, 314-, 320-, 326-, 332-саптарда товардын жөнөтүлгөн датасы же акциздик марканын сатып алынган күнү көрсөтүлөт. Салык органынын кызматкери 01 тиркемени кабыл алууда жөнөтүү датасын текшерүүгө, алардын салык органында төлөнгөн датасы менен салыштырууга милдеттүү, эгерде төлөнгөн датасы төлөө мөөнөтүнө туура келбесе, анда бул суммага пайыздарды эсептөөсү керек. Пайыздык эсептөөнүн суммасын кабарландырууну кошо тапшыруу менен салык төлөөчүгө бериши керек.
20. 207-, 213-, 219-, 225-, 231-, 237-, 243-, 249-, 255-, 261-, 267-, 273-, 279-, 285-, 291-, 297-, 303-, 309-, 315-, 321-, 327-, 333-саптарда акциз салыгынын ставкасы (физикалык көлөмдөн сом) көрсөтүлөт.
21. 208-, 214-, 220-, 226-, 232-, 238-, 244-, 250-, 256-, 262-, 268-, 274-, 280-, 286-, 292-, 298-, 304-, 310-, 316-, 322-, 328-, 334-саптарда төлөөчүгө тийиш болгон акциз салыгынын суммасы көрсөтүлөт, ал мындай формула боюнча эсептелинет: физикалык көлөм (саны) х акциздик продукциянын ушул түрүнө акциз салыгынын ставкасы. Жыйынтык суммасынын мааниси 335-сапта көрсөтүлөт жана акциз салыгы боюнча Отчеттун (FORM STI-070) 203-сабына көчүрүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
30. Акциз боюнча отчетко "Пайдаланылган сырьего акциз салыгы" 03 тиркеме (FORM STI-070-003) (мындан ары - 03 тиркеме) акциздик товар чыгаруу үчүн негизги сырье катары акциздик товарды пайдаланган салык төлөөчүлөр тарабынан толтуралат.
31. Ушул 03 тиркеменин 001-, 102-, 103-, 104-, 106-, 108-, 109-, 110, 111-, 201- жана 202-саптарында көрсөтүлгөн маалыматтар акциз салыгы боюнча Отчеттун (FORM STI-070) тиешелүү саптарында көрсөтүлгөн маалыматтарга бирдей болушу керек.
32. Ушул 03 тиркемеде акциздик товарды чыгарууда салык мөөнөтү үчүн иш жүзүндө колдонулган акциз сырьесуна байланыштуу маалымат жана акциз боюнча сырьену сатып алган орду боюнча салык милдеттенмесинин суммасы көрсөтүлөт.
33. 203-, 210-, 217-, 224-, 231-, 238-, 245-, 252-, 259-, 266-, 273-, 280-саптарда СЭИТН боюнча товардын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
34. 204-, 211-, 218-, 225-, 232-, 239-, 246-, 253-, 260-, 267-, 274-, 281-саптарда товардын ченөө бирдиги (литр, тонна, кг.) көрсөтүлөт.
35. 205-, 212-, 219-, 226-, 233-, 240-, 247-, 254-, 261-, 268-, 275-, 282-саптарда акциздик сырьедон нормага ылайык чыгуучу акциздик товар продукциясын чыгаруу үчүн салык мөөнөтүндө керектелген сырьенун көлөмү көрсөтүлөт. Мисалы, 1000 литр бренди ичимдигин чыгаруу үчүн 4852,86 литр виноматериал жана ушул сыяктуулар колдонулат.
36. 206-, 213-, 220-, 227-, 234-, 241-, 248-, 255-, 262-, 269-, 276-, 283-саптарда салык төлөөчүгө сырьену жөнөтүүнүн датасы көрсөтүлөт.
37. 207-, 214-, 221-, 228-, 235-, 242-, 249-, 256-, 263-, 270-, 277-, 284-саптарда сырьену сатып алган жери боюнча акциз салыгын төлөөнүн мөөнөтү көрсөтүлөт.
38. 208-, 215-, 222-, 229-, 236-, 243-, 250-, 257-, 264-, 271-, 278-, 285-саптарда акциз салыгынын ставкасы (көлөмгө жараша сом менен) көрсөтүлөт.
39. 209-, 216-, 223-, 230-, 237-, 244-, 251-, 258-, 265-, 272-, 279-, 286-саптарда сырьену сатып алган жери боюнча салык төлөөчү тарабынан иш жүзүндө төлөнгөн акциздик салыктын көлөмү жана сырье үчүн төлөнгөн акциз салыгынын төлөө документинин реквизиттери көрсөтүлөт. Жалпы сумманын көлөмү 287-сапка көрсөтүлөт жана акциз салыгы боюнча отчеттун (FORM STI-070) 205-сабына көчүрүлөт.
40. Акциз боюнча отчетко "Атайын эсеп" 04 тиркеме (FORM STI-070-004) (мындан ары - 04 тиркеме) давальческийлик сырьедон акциздик товар чыгарууну ишке ашырган экспортко жөнөтүүгө жаткан салык төлөөчү тарабынан толтурулат.
41. Ушул 04 тиркеменин 001-, 102-, 103-, 104-, 106-, 108-, 109-, 110-, 111-, 201- жана 202-саптарында көрсөтүлгөн маалыматтар акциз салыгы боюнча Отчеттун (FORM STI-070) тиешелүү саптарында көрсөтүлгөн маалыматтар менен бирдей болушу керек.
42. Ушул тиркемеде салык органынын атайын эсебине салык төлөөчү тарабынан төгүлгөн акциздин (депозиттин) суммасына жана салык төлөөчүнүн банктык эсебине кайтарууга тийиш болгон акциздин (депозиттин) суммасына байланыштуу маалымат көрсөтүлөт.
43. 203-, 211-, 219-, 227-, 235-, 243-, 251-, 259-, 267-, 275-, 283-, 291-. 299-саптарда давальческийлик сырьенун СЭИТН боюнча товардын коду жана аталышы көрсөтүлөт. 204-, 212-, 220-, 228-, 236-, 244-, 252-, 260-, 268-, 270-, 284-, 292-, 300-саптарда товарды ченөө бирдиги (литр, тонна, кг.) көрсөтүлөт. 205-, 213-, 221-, 229-, 237-, 245-, 253-, 261-, 269-, 277-, 285-, 293-, 301-саптарда акциздик товар чыгарылган давальческийлик сырьенун СЭИТН боюнча товардын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
44. 206-, 214-, 222-, 230-, 238-, 246-, 254-, 262-, 270-, 278-, 286-, 294-, 302-саптарда ченөө бирдиги (литр, тонна, кг.) көрсөтүлөт. 207-, 215-, 223-, 231-, 239-, 247-, 255-, 263-, 271-, 279-, 287-, 295-, 303-саптарда давальческийлик сырьедон чыгарылган жана экспортко жөнөтүүгө жаткан товардын физикалык көлөмү көрсөтүлөт. 208-, 216-, 224-, 232-, 240-, 248-, 256-, 264-, 272-, 280-, 288-, 296-, 304-саптарда акциздик товарга чыгарылган акциз ставкасы көрсөтүлөт.
45. 209-, 217-, 225-, 233-, 241-, 249-, 257-, 265-, 273-, 281-, 289-, 297-, 305-саптарда давальческийлик сырьедон чыгарууга жаткан акциздик товардын көлөмүнө эсептелинген акциздин суммасы көрсөтүлөт, ал мындай формулада эсептелет: физикалык көлөм (саны) х акциз салыгынын ставкасы. Жалпы сумма 307-сапта көрсөтүлөт. Бул сумма салык органынын атайын эсебине төгүүгө жатат.
46. 210-, 218-, 226-, 234-, 242-, 250-, 258-, 266-, 274-, 282-, 290-, 298-, 306-саптарда төлөө документтерине ылайык салык органынын атайын эсебине иш жүзүндө төгүлгөн акциздин суммасы көрсөтүлөт. Жыйынтык сумманын мааниси 308-сапта көрсөтүлөт жана акциз боюнча Отчеттун (FORM STI-070) 207-графасына көчүрүлөт.