Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 29-декабрындагы № 733
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 токтому менен бекитилген |
Чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедициялардын жетекчилери тарабынан керээздерди күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Ушул Нускама "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана нотариалдык иш аракеттерди жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедицияларда керээздерди күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедициялардын жетекчилери (мындан ары - экспедициянын жетекчиси) ушул экспедицияларда болгон жарандардын керээздерин күбөлөндүрөт.
Экспедициянын жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздер нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге теңдештирилет.
3. Экспедициянын жетекчиси керээздерди күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Нускаманы жетекчиликке алат.
4. Экспедициянын жетекчиси күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашыруундуулугун сактоого милдеттүү. Керээздин мазмуну эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга да билдирилбеши керек. Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалым каттар керээз жазган адам өлгөндөн кийин гана анын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөндөн кийин берилет.
Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашыруундуулугун сактоо жөнүндө эрежелер өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жөнүндө кабардар болушкан адамдарга да таркатылат. Алар да эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга керээздин мазмуну жөнүндө билдирүүгө укуксуз.
Экспедициянын жетекчиси, ошондой эле өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жөнүндө кабардар болушкан адамдар күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашырындуулугун бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
5. Экспедициянын жетекчиси ушул экспедицияда болушкан жана керээзин күбөлөндүрүүнү каалашкан жарандарга көмөктөшөт.
Ушул максатта ал, атап айтканда:
- керээзге байланышкан укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрөт (ушул Нускаманын 15-пункту);
- керээзди күбөлөндүрүүдөн улам боло турган кесепеттер жөнүндө эскертет;
- керээзди өзгөртүү, керээзди жокко чыгаруу тартибин түшүндүрөт.
Зарыл учурларда экспедициянын жетекчиси жарандардын өтүнүчү боюнча керээздин долбоорун түзөт.
6. Керээзди күбөлөндүрүүдө экспедициянын жетекчиси керээзди күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын инсандыгын паспорту боюнча аныктайт.
Керээзге экспедициянын жетекчисинин катышуусунда кол коюлат.
7. Керээз түзүлгөн учурда аны түзгөн адамдар, айталы, өздөрүнүн эмне кылып жатканына маани бере албаган же жөөлүгөн же акыл-эсин жоготкон абалда турганда керээздер күбөлөндүрүлбөйт.
Керээзди күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын акыл-эси ордунда эместиги же кем акыл келиши себеби боюнча керээзди күбөлөндүрүүдөн баш тартуу ушул адамды жарамсыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана мүмкүн.
Эгерде экспедициянын жетекчисине ага кайрылган адам соттун чечими боюнча спирт ичимдиктерин же баңги заттарды көп пайдалануудан жарамдуулугу чектелүү деп табылгандыгы белгилүү болсо, анын керээзин күбөлөндүрүүдөн баш тартат.
8. Керээз кат жүзүндө ал түзүлгөн жери жана убактысы көрсөтүлүү менен түзүлүүгө жана өз колу коюлууга тийиш.
Күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын оозунан угуп жазылган керээз ага кол коюлганга чейин күбөлөндүрүүнү каалаган адам тарабынан экспедициянын жетекчисинин катышуусунда окулушу керек.
9. Эгерде керээзди күбөлөндүрүүнү каалаган адам өзүнүн алты саны аман эместигинен, оорулуу же башка себептерден улам керээзге өзү кол кое албаса, ага анын өтүнүчү боюнча жана анын катышуусунда, ошондой эле күбөнүн жана экспедиция жетекчисинин катышуусунда башка адам тарабынан кол коюлушу мүмкүн жана анда экспедицияда болгон жаран эмне үчүн документке өзүнүн колун кое албаган себептери көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1131-беренесинин 3-пунктуна ылайык керээз ээсинин ордуна төмөнкүлөр керээзге кол кое алышпайт:
1) керээзди күбөлөндүрө турган кызмат адамы;
2) керээз өзүнө түзүлө турган же ага карата керээз жазуудан баш тартылган адам, ушундай адамдын жубайы, анын балдары, ата-энеси, неберелери жана чөбүрөлөрү, ошондой эле мыйзам боюнча керээз жазуучунун мураскорлору;
3) аракетке жөндөмдүүлүгү толук көлөмдө болбогон жарандар;
4) керээзди окуй албаган сабатсыз жана жөндөмсүз адамдар.
Керээздин тексти так жана даана жазылууга, документин мазмунуна тиешелүү сандар жана мөөнөттөр жок дегенде бир жеринде сөздөр менен баяндалууга тийиш. Жарандардын аты-жөнү толук жана алардын жашаган жери көрсөтүлүү менен жазылууга тийиш.
Керээзде же ишеним каттагы тазалоолор жана башка оңдоолор анын ээси кол коердон мурда эскертилиши керек. Мисалы, керээздин текстинде "турак үйү" деген сөздөр "турак үйүнүн экиден бир үлүшү" деп оңдолгон болсо, анда оңдоого төмөнкүдөй эскертме жазуу керек: "Сызылып салынган "турак үйү" деген сөздөр окулбасын, анын үстүнө жазылган "турак үйүнүн экиден бир үлүшү" деген сөздөр туурасы деп эсептелсин." Ушул оңдоого керээз ээси (же анын өтүнүчү боюнча керээзди жазып берген адам) тарабынан экспедициянын жетекчисинин катышуусунда кол коюлушу керек.
10. Экспедициянын жетекчиси төмөнкү учурларда керээзди күбөлөндүрүүдөн баш тартат:
- ушундай иш аракетти жасоо мыйзамга каршы келсе;
- керээзди күбөлөндүрүп берүү өтүнүчү менен жарамсыз жаран кайрылса.
Экспедициянын жетекчиси керээзин күбөлөндүрүп берүүдөн баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин кат жүзүндө баяндап берүүгө жана анын даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Мындай учурларда жетекчи он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен керээзди күбөлөндүрүп берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө токтом чыгарат.
Баш тартылганы жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- токтом чыгарылган күн;
- керээзин күбөлөндүрүү үчүн кайрылган жарандын аты-жөнү, анын жашаган жери;
- кайрылган адам кайсы нотариалдык иш аракетти жасап берүү жөнүндө өтүнөт;
- нотариалдык иш аракетти жасоодон (мыйзамдарга шилтеме жасоо аркылуу) баш тартылгандыгынын себеби;
- баш тартуу боюнча даттануу тартиби жана мөөнөтү.
11. Керээздин туура эмес күбөлөндүрүлгөнү боюнча даттануулар, аны күбөлөндүрүүдөн баш тартуулар боюнча даттануулар экспедиция жайгашкан жердеги сотко берилет.
12. Экспедициянын жетекчиси төмөнкүлөргө укуксуз:
- керээзди өз атына, өз атынан, өзүнүн жубайынын атына жана өз жубайынын атынан, анын жана өзүнүн туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын, чоң атасынын, чоң энесинин) атынан күбөлөндүрүүгө;
- керээзди ушул мекеменин кызматкерлеринин атынан жана алардын атына күбөлөндүрүүгө.
Ушул эрежелер бузулуу менен берилген керээздер же ишеним каттар жараксыз болуп саналат.
13. Бир керээзди бир нече адамдардын атынан, ошондой эле өкүл аркылуу күбөлөндүрүүгө мыйзам боюнча жол берилбейт.
14. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1133-беренесинин 2-пунктуна ылайык керээз күбөнүн катышуусунда күбөлөндүрүлөт, күбө керээзге керээз жазган адамдан кийин кол коюуга тийиш. Ошондой эле күбөнүн паспорту боюнча инсандыгы аныкталат жана маалыматтар нотариалдык иш аракеттерди каттоо тизмесине (1-тиркеме) киргизилет.
15. Жаран керээзди күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган учурда экспедициянын жетекчиси керээз ээсинин каалоосу боюнча кайрылган жаранды мыйзам боюнча мураскор болгон адамдардын чөйрөсү менен тааныштырууга милдеттүү. Мындай адамдардын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1141-, 1142-, 1143-, 1144-, 1145-, 1146-беренелеринде аныкталган жана керээз ээсине төмөнкүдөй укуктарын түшүндүрүлөт:
1) керээз боюнча өзүнүн бардык мүлкүн же анын бир бөлүгүн (кадимки үй тиричилиги буюмдарын кошуп алганда) мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсүнө кирген жана кирбеген бир адамга же бир нече адамга, ошондой эле мамлекетке же айрым мамлекеттик, кооперативдик жана коомдук уюмдарга калтыра алууга жана керээз калтыруучу керээзинде мыйзам боюнча бир, бир нече же бардык мураскерлерди мурастоо укугунан айрылта алууга;
2) керээз бир нече адамдардын пайдасына түзүлгөн учурда керээз калтыруучу анда мураскерлердин ар бирине канчадан үлүш мураска калтырыларын көрсөтүүгө;
3) каалаган убакта өзүнүн керээзин өзгөртүүгө же жокко чыгарууга, жаңысын түзүүгө.
Керээз жазган адам керээзин ушул Нускаманын 20-пунктуна ылайык керээз сактоого өткөрүлүп берилген мамлекеттик нотариуска арыз жазуу аркылуу жокко чыгара алат.
Экспедициянын жетекчиси керээз ээсине Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1149-беренесине ылайык, мурас калтыруучунун жашы жетпеген же эмгекке жарамсыз балдары, анын ичинде асырап алынгандар, ошондой эле эмгекке жарамсыз жубайы, ата-энеси, анын ичинде асырап алганда керээздин мазмунуна карабай, мурастагы милдеттүү үлүштүн кеминде үчтөн экисин мураска алышат. Мындай үлүш мыйзам боюнча мурас алууда алардын ар бирине тийиштүү (милдеттүү үлүш) үлүштүн жарымынан кем эмесин мураска алышат.
Милдеттүү үлүшкө, мындай үлүшкө укугу бар мураскор кандайдыр бир негиз боюнча мурастан алгандардын бардыгы, анын ичинде кадыресе үй-оокаттарынан турган мүлктүн наркы жана керээздик баш тартуунун мындай мураскорунун пайдасына белгиленген нарк кошуп эсептелеерин түшүндүрүүгө милдеттүү.
16. Керээз мазмунуна жараша ушул Нускамага тиркелген № 1 жана № 2 формаларга ылайык түзүлөт.
- эгерде керээз ээси өзүнүн бардык мүлкүн керээзи боюнча калтырууну кааласа, анда керээз 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык түзүлөт;
- эгерде керээз ээси өзүнүн мүлкүнүн белгилүү түрүн калган мүлкүнө тийбестен керээзи боюнча калтырууну кааласа, анда керээз 3-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык түзүлөт.
17. Керээз эки нускада түзүлөт жана күбөлөндүрүлөт. Керээзде ал түзүлгөн жер жана убакыт көрсөтүлүшү керек. Керээз ээсинин аты-жөнү, ошондой эле дареги паспортуна же аны алмаштырган башка документке ылайык толук көрсөтүлөт.
Күбөнүн маалыматтарын толтурууга да ушундай талаптар коюлат.
18. Керээзге керээз калтыруучу кол койгондон кийин экспедициянын жетекчиси аны күбөлөндүрүүгө тийиш. Керээзди күбөлөндүрүү анда 4-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча күбөлөндүрүү жазууларын түшүрүүдө жатат.
Ушул Нускаманын 9-пунктунда каралган учурларда, башкача айтканда керээзге керээз ээсинин өтүнүчү боюнча башка адам кол койгон учурда 5-тиркемеде көрсөтүлгөн формада анда керээз ээси керээзине кандайча өзү кол кое албагандыгынын себеби көрсөтүлүү менен түзүлөт.
Керээздеги күбөлөндүрүү жазуулары керээз түзүлгөн күнү түшүрүлүүгө тийиш.
Күбөлөндүрүү жазууларынын тексти жазуу машинкасын же кол менен жазылышы мүмкүн. Күбөлөндүрүү жазууларын кырып тазалоого жол берилбейт. Керээздердеги жана ушул керээздерди күбөлөндүрүү жазууларындагы кошуп жазуулар жана башка оңдоолор экспедиция жетекчисинин эскертмелери менен коштолууга тийиш.
Керээздеги күбөлөндүрүү жазуулары керээздин ушул эле бетиндеги жана анын артындагы керээз ээсинин колунан кийин же айрым баракта жайгаштырылат. Күбөлөндүрүү жазуусу өзүнчө баракта түзүлгөн, ошондой эле керээздин мазмуну бир канча баракта баяндалган учурда бардык барактарга номур коюлуп, жип өткөрүлүп көктөлүшү керек жана ушул тиешелүү жазуу түшүрүлүп, ал экспедиция жетекчисинин колу менен ырасталат (мисалы, "Беш баракка номур коюлду жана жип өткөрүлүү менен тиркелди". Экспедициянын жетекчиси (колу жана экспедициянын мөөрү).
Керээзге түшүрүлгөн күбөлөндүрүү жазуусуна да экспедициянын жетекчиси кол коет жана тиешелүү мекемелердин гербдүү мөөрү аркылуу күбөлөндүрүлөт.
Керээздерде атайын максаттар (маалым кат, пакет ж.б.) үчүн басыла турган мөөр басылбашы абзел.
19. Керээзди күбөлөндүрүүдө керээз жазган адамдан мурасталган мүлккө укугун, ошондой эле керээз өздөрүнүн пайдасына түзүлгөн адамдардын аны менен туугандык мамиледе болгондугун ырастаган далилдерди келтирүү талап кылынбайт. Керээз бөтөн адамдардын пайдасына да күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
20. Экспедициянын жетекчиси керээзди күбөлөндүргөндөн кийин бир нускасын керээз ээсинин колуна тапшырат, ал эми экинчи нускасын керээз ээсинин акыркы жашаган жериндеги мамлекеттик нотариуска сактоого берет (жөнөтөт).
Эгерде керээз ээси Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жери болбосо же анын туруктуу жашаган жери белгисиз болсо, керээз Бишкек шаарынын мамлекеттик улуу нотариусуна жөнөтүлөт.
21. Экспедициянын жетекчиси күбөлөндүргөн керээз нотариат иш аракеттерин каттоо тизмесине киргизилүүгө тийиш (1-тиркеме). Ушул китепте катталган керээздин катар номуру керээздин эки нускасындагы күбөлөндүрүү жазууларында коюлушу керек.
Нотариалдык иш аракеттерди каттоо үчүн тизме китебинде номурлар коюлушу жана анын бардык барактары жип өткөрүлүп көктөлүшү абзел. Барактардын саны экспедициянын жетекчисинин колу менен ырасталышы керек.
22. Колдонуудагы мыйзамдарда экспедициянын жетекчиси керээзди күбөлөндүргөнү үчүн мамлекеттик алым алынары көрсөтүлгөн эмес.
| Чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедициялардын жетекчилери тарабынан керээздерди күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага 1-тиркеме |
┌───┬─────────┬──────────────┬───────┬──────────┬─────────┬───────────┐
│Ка-│Керээз же│Жарандардын │Керээз-│Инсандыгын│Керээзди │Мамлекеттик│
│тар│ишеним │аты-жөнү, │дин же │ырастаган │алгандыгы│нотариуска │
│ № │кат │жашаган жери, │ишеним │документ │жөнүндө │керээздин │
│ │күбөлөн- │күбөнүн │каттын │ │тил кат │жөнөтүлгөн-│
│ │дүрүлгөн │аты-жөнү, │кыскача│ │ │дүгү │
│ │күн │жашаган жери │мазмуну│ │ │жөнүндө │
│ │ │ │ │ │ │коюлган │
│ │ │ │ │ │ │белги │
│ │ │ │ │ │ │(кайсы │
│ │ │ │ │ │ │нотариус │
│ │ │ │ │ │ │экендиги │
│ │ │ │ │ │ │көрсөтүлөт)│
├───┼─────────┼──────────────┼───────┼──────────┼─────────┼───────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │
├───┼─────────┼──────────────┼───────┼──────────┼─────────┼───────────┤
└───┴─────────┴──────────────┴───────┴──────────┴─────────┴───────────┘
| Чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедициялардын жетекчилери тарабынан керээздерди күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага 2-тиркеме |
Бардык мүлккө керээздин формасы
______-жылдын "____" ____________
Төмөндө кол койгон мен, __________________________________________
(керээз ээсинин аты-жөнү, акыркы
_______________________________________________________________________
туруктуу жашаган жеринин дареги)
мен кокус өлүп калсам ушул керээз аркылуу төмөнкүдөй буйрук кылам:
Мага таандык болгон мүлк мен өлгөн күнгө чейин каерде жайгашпасын жана кандай түрдө болбосун, аны _______________________________________ _______________________________________________________________________
(мүлк мураска калтырыла турган адамдардын
_______________________________________________________________________
аты-жөнү көрсөтүлөт)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1149-беренесинин мазмуну мага дайын.
Ушул керээз эки нускада түзүлдү жана кол коюлду, анын бир нускасы _______________________________________________________________________
(керээз ээсинин акыркы туруктуу жашаган
______________________________________________________________________,
жериндеги мамлекеттик нотариус көрсөтүлөт)
ал эми экинчи нускасы керээз ээси _____________________________________
(керээз ээсинин аты-жөнү)
берилет.
Керээз ээсинин колу ______________________________________________
Күбөнүн колу _____________________________________________________
(аты-жөнү)
| Чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедициялардын жетекчилери тарабынан керээздерди күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага 3-тиркеме |
Мүлктүн айрым бир түрлөрүнө керээздин формасы
______-жылдын "____" ____________
Төмөндө кол койгон мен, __________________________________________
(керээз ээсинин аты-жөнү, акыркы туруктуу _______________________________________________________________________
жашаган жеринин дареги)
мен кокус өлүп калсам ушул керээз аркылуу төмөнкүдөй буйрук кылам:
Мен, _____________________________________________________________
(мүлк мураска калтырыла турган адамдардын аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(мураска калтырыла турган мүлк)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1131-беренесинин мазмуну мага дайын.
Ушул керээз эки нускада түзүлдү жана кол коюлду, анын бир нускасы _______________________________________________________________________
(керээз ээсинин акыркы туруктуу жашаган жериндеги
______________________________________________________________________,
мамлекеттик нотариус көрсөтүлөт)
ал эми экинчи нускасы керээз ээси _____________________________________
(керээз ээсинин аты-жөнү)
берилет.
Керээз ээсинин колу ______________________________________________
Күбөнүн колу _____________________________________________________
(аты-жөнү)
| Чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедициялардын жетекчилери тарабынан керээздерди күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага 4-тиркеме |
______-жылдын "____" ____________
Ушул керээз мен, _________________________________________________
(чалгындоо жана ушул сыяктуу башка
_______________________________________________________________________
экспедициялардын жетекчинин аты-жөнү)
тарабынан күбөлөндүрүлдү.
Керээзге жаран ___________________________________________________
(аты-жөнү)
менин катышуумда жана күбөнүн катышуусунда кол койду.
Керээз ээсинин жана күбөнүн инсандыгы аныкталды, жарамдуулугу текшерилди. Күбөлүккө кол койгон адамдын инсандыгы аныкталды.
№ ________________ китепте катталды
Жетекчи ___________________________
(кызматы жана колу)
| Чалгындоо жана ушул сыяктуу башка экспедициялардын жетекчилери тарабынан керээздерди күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага 5-тиркеме |
______-жылдын "____" ____________
Ушул керээз мен, _________________________________________________
(чалгындоо жана ушул сыяктуу башка
_______________________________________________________________________
экспедициялардын жетекчинин аты-жөнү)
тарабынан күбөлөндүрүлдү.
_______________________________________________________________________
(керээз калтыруучунун аты-жөнү)
оорусуна байланыштуу анын өтүнүчү боюнча жана менин катышуумда жана күбө __________________________________________________________________
(күбөнүн аты-жөнү)
катышуусунда керээзге _________________________________________________
(керээзге оорулуу үчүн кол койгон
____________________________________________________________ кол койду.
адамдын аты-жөнү)
Керээз ээсинин жана күбөнүн инсандыгы аныкталды, жарамдуулугу текшерилди. Керээзге кол койгон адамдын инсандыгы аныкталды.
№ ________________ китепте катталды
Жетекчи ___________________________
(кызматы жана колу)
Мекеменин гербдүү мөөрү