Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 24-декабрындагы № 785
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-апрели № 186
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөө маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын, аны талаптагыдай аткарууну камсыз кылсын жана өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |