Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 12-ноябрындагы № 245
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-июну № 298
Фармацевтик уюмдарды текшерүү тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Дары-дармек каражаттары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, дары-дармек каражаттарынын коопсуздугуна, натыйжалуулугуна жана сапатына мамлекеттик контролду камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин фармацевтик уюмдарды текшерүү тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |