Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-июлу №368
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Н.В.Никитенко, Ж.А. Жолдошева, Р.К.Акназарова, К.О.Осмоналиев, Э.Б. Жумалиевалар демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч. Текебаев, Н.В. Никитенко, Ж.А. Жолдошева, Р.К. Акназарова, К.О. Осмоналиев, Э.Б. Жумалиевалар демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №368 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет:
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 378-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталат, ага ылайык билим берүү уюмдары, илимий мекемелер, маданият жана саламаттык сактоо уюмдары атайын каражаттарга салык төлөөдөн бошотулат.
Мыйзам долбоору менен сунушталып жаткан өзгөртүү кабыл алынганда бюджеттин киреше бөлүгүндө жоготуулар күтүлөт. Ставкаларды азайтуу же берилүүчү салыктык бошотуулардын тизмесин кеңейтүү үчүн алгач бюджеттин түздөн-түз жоготууларын компенсациялоо боюнча тийиштүү альтернативдик булактарды аныктоо зарыл. Мындай болбогон учурда бюджеттин киреше бөлүгүн азайтуу терс натыйжаларга алып келүүсү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 2011-жылы билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо системаларынын бюджеттик мекемелеринин атайын каражаттары боюнча кирешелердин келип түшүүлөрү З,1 млрд сом көлөмүндө болжолдонууда. Ошол эле учурда билим берүү уюмдарын, илимий мекемелерди, маданият жана саламаттык сактоо уюмдарын атайын каражаттарга салык төлөөдөн бошотуу бюджеттин кирешесин 626 млн сомго жоготууга алып келет.
Ошондой эле атайын каражаттарга салык салуу бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруудан бөлөк дагы акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөткөн бюджеттик мекемелердин финансылык ресурстарынын (акча каражаттарынын) кыймылы үчүн мамлекет тарабынан контролду ишке ашыруу үчүн арналганын белгилөө керек.
Буга байланыштуу атайын каражаттарга салык төлөөчү билим берүү уюмдарына, илимий мекемелерге, маданият жана саламаттык сактоо уюмдарына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү максаттуу каржылоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу ишке ашыруу максатка ылайык келет.
Мындан тышкары акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан бюджеттик системаны реформалоо мамлекеттик кирешелердин агылып келүүсүнүн ачык-айкындыгын жана толук чагылдырылышын камсыз кылууга, каражаттарды которуу жана иш-чараларды каржылоо жол-жоболорун бир түргө келтирүү менен алардын бардыгын бирдиктүү бюджеттик системага бириктирүүгө багытталган. Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдүн этаптарынын бири атайын каражаттардан баш тартуу жана администрациялык башкаруудагы бардык мамлекеттик органдардын жана башка бюджеттик мекемелердин толук бойдон бюджеттик каржылоого өтүшү болуп саналат.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч. Текебаев, Н.В. Никитенко, Ж.А. Жолдошева, Р.К. Акназарова, К.О. Осмоналиев, Э.Б. Жумалиевалар демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун сунушталган вариантын кабыл алуу максатка ылайык келбейт деп эсептейт.