Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-июлу №369
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы №342 токтому менен бекитилген 2011-2013-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 22-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамага:
- аталган Нускаманын № I тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Бажы кызматы органынын байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 0312 51-24-67, 0312 51-18-59; Түштүк региону боюнча байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 03222 59404 (саат 09.00дөн 18.00гө чейин), 03222 55696 (күнү-түнү).";
- аталган Нускаманын № 2 тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Бажы кызматы органынын байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 0312 51-24-67, 0312 51-18-59; Түштүк региону боюнча байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 03222 59404 (саат 09.00дөн 18.00гө чейин), 03222 55696 (күнү-түнү).";
- аталган Нускаманын № 3 тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Бажы кызматынын органынын байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 0312 51-24-67, 0312 51-18-59; Түштүк региону боюнча байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 03222 59404 (саат 09.00дөн 18.00гө чейин), 03222 55696 (күнү-түнү).".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлунда № 56 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |