Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлуңдагы №377 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Аттестацияны уюштуруу жана аны өткөрүүнүн мөөнөттөрү
3. Талапкерлерге коюлуучу талаптар
4. Аттестацияга киргизүүнүн тартиби
5. Аттестацияга катыштырбай коюу үчүн негиздер
6. Квалификациялык экзаменди уюштуруу жана өткөрүү
тартиби
7. Аттестациянын жыйынтыктары
8. Аттестациялык комиссия
9. Апелляциялык комиссия
1-тиркеме. Арыз
2-тиркеме. Экзамендик баракча
3-тиркеме. Экзамендик тапшырма
4-тиркеме. Аудиторлордун квалификациялык сертификатын алуу укугун
берүүчү квалификациялык экзамендин программасы боюнча
квалификациялык экзаменди берүү жөнүндө экзамендик
протокол
Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) жеке адамдарды аттестациялоо тартиби, анын ичинде аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкер чет өлкөлүк адамдарды аттестациялоо тартибин регламенттештирет.
1. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
аттестация - квалификациялык экзамендин негизинде аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлердин квалификациясын текшерүүнүн жол-жоболору;
талапкер - аттестацияга катышууну каалаган жана аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкер жеке жак;
ыйгарым укуктуу орган - аудитордук иш жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
аттестациялык комиссия - талапкерлерди аттестациядан өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн комиссия;
апелляциялык комиссия - квалификациялык экзамендин жыйынтыктарына талапкерлерден арыз (арыздар) келип түшкөндө аларды кароо үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн комиссия;
квалификациялык экзамен - квалификациялык экзамендин программасынын бүткүл бөлүмдөрү боюнча жазуу жүзүндөгү формадагы тестирлөө экзамени;
идентификациялык код - талапкердин анонимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн экзамендик тапшырмага жана экзамендик баракчага каалагандай коюлуучу төрт сан;
квалификациялык экзамендин программасы - аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкерлердин квалификациясын ырастоо үчүн талап кылынган экзамендик суроолордун темаларынын бөлүмдөргө топтоштурулган жыйындысы;
квалификациялык сертификат - аттестациядан өткөндүгүн ырастоочу документ.
2. Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо, ыйгарым укуктуу орган бекиткен графикке ылайык, жарым жылда бир жолу жүргүзүлөт.
3. Келерки жылга талапкерлерди кийинки жылда аттестациядан өткөрүүнүн графиги кийинки жылдын 1-январына чейин бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын интернет-сайтына жана жалпы маалымат каражаттарында жарыяланат.
4. Экзамен алынат деп бекитилген күнгө чейинки бир айдан кийин талапкерлерден документтер кабыл алына баштайт жана экзамен башталганга чейин беш күн калганда документтерди кабыл алуу токтотулат.
5. Эгерде документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө карата талапкерлердин жалпы саны он беш кишиден ашпаса, анда ыйгарым укуктуу орган аттестацияны кийинки мөөнөттөргө жылдырып коюуга укуктуу, бирок ал ыйгарым укуктуу орган бекиткен аттестация графигине ылайык кийинки экзамен мөөнөтүнөн кечиктирилбейт.
6. Аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкер төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келиши керек:
- жогорку экономикалык билимге жана экономика адистиги боюнча үч жылдан кем эмес стажга же башка жогорку (экономикалык эмес) билимге жана экономикалык адистик боюнча жети жылдык иш стажга ээ болууга тийиш;
- жеке кызыкчылыгы үчүн кылмыштуулук, соттуулугу болбосо;
- белгилүү бир кызмат орунун ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылбаса.
7. Документтерди кабыл алууну жана ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келер-келбесине текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүгү жүргүзөт.
8. Аттестацияга катышуу үчүн талапкерлер ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди берет:
- өз колу коюлган, белгиленген үлгүдөгү (ушул жобонун 1-тиркемесиндеги) арызды;
- жогорку экономикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн же башка жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн, тиркемеси (нотариуста күбөлөндүрүлгөн) менен кошо;
- экономика адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш стажына ээ экендигин ырастаган эмгек китепчесинин (иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсүн, ал эми жогорку экономикалык билими жок болгон учурда, экономикалык адистик боюнча жети жылдан кем эмес иш стажына ээ экендигин ырастаган эмгек китепчесинин (иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөсүн. Чет элдик талапкерлердин эмгек китепчеси жок учурда, жогоруда көрсөтүлгөн иш стажынын ырастаган документ берилет;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- жеке кызыкчылыгы үчүн соттуулугунун жоктугун күбөлөндүргөн жана талапкер белгилүү бир кызмат орунун ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылбагандыгын ырастаган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалымат борбору) берген документти;
- 3x4 өлчөмүндөгү эки фото сүрөттү.
Чет элдик талапкерлер көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик же орус тилдерине которулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүргөн жана легалдаштырылган котормосун берет.
Баардык документтер атайын иш кагазына көктөлүшү керек жана анын алгачкы бетине талапкердин аты-жөнү көрсөтүлүүгө тийиш.
9. Ыйгарым укуктуу органдын кароосуна берилген документтердеги маалыматтардын чындыгына талапкерлер жоопкерчиликтүү болот.
10. Квалификациялык экзамендерге кирүүгө жол берилген мүмкүндүктөрүн алган талапкерлердин тизмеси экзамен башталганга эки күн калганга чейин ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
11. Паспортту же алардын ким экендигин күбөлөндүргөн башка документти көрсөткөн учурда гана квалификациялык экзаменди берүүгө талапкерлер киргизилет.
12. Аттестацияга катыштырбай коюу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- талапкер берген документтерден жалган жана чындыкка туура келбеген маалыматтар табылса;
- ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук берилбесе;
- мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алынып ташталбаган жеке кызыкчылыгы үчүн соттуулугу болсо.
13. Аудитордун квалификациялык сертификатын алууга талапкерлердин билимин текшерүүнүн каражаты квалификациялык экзамен болуп саналат жана жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды тестирлөө түрүндө аткарууну билдирет.
14. Экзамендик тапшырмалар Квалификациялык экзамен программасынын бөлүмдөрүнүн негизинде иштелип чыгарылат.
15. Квалификациялык экзамен программасы (мындан ары - Программа) ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана анын жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Каржылык отчеттун эл аралык стандарттарынын, Аудиттин эл аралык стандарттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өзгөргөндүгүнө жараша программа кайра каралып турууга тийиш.
16. Квалификациялык экзаменде талапкерлер Программанын ар бир бөлүгү боюнча 25 тесттик тапшырмаларды аткарат.
17. Талапкерлер өздөрүнүн каалоосу боюнча Программанын бир, эки, үч, төрт жана башка сандагы бөлүмү боюнча экзамендерди бере алат. Программанын ар бир бөлүмүнүн жыйынтыгы өзүнчө эсепке алынат. Программанын бөлүмдөрү боюнча талапкердин алган оңдуу натыйжалары квалификациялык экзамен өткөрүлгөн датадан тартып үч жыл бою күчүндө болот. Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин талапкер алган Программанын оңдуу натыйжалары жарабай калат.
18. Программанын бардык бөлүмдөрү оңдуу тапшырылган учурда аудиторго квалификациялык сертификат берилет. 25 тесттик тапшырманын 20сына туура жооп берген талапкер Программанын бөлүмдөрү боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырды деп эсептелинет.
19. Программанын бир бөлүмү боюнча экзамендик тапшырмаларды аткарууга 80 мүнөттөн ашпаган убакыт бөлүнгөндүгүнө жараша квалификациялык экзамендин узактыгы ар бир талапкер үчүн жекече эсептелет, кечигип калган талапкерлер алгачкы 20 мүнөттүн ичинде гана экзаменге киргизилет. Кечигип калган талапкерлер үчүн экзамендин убактысы узартылбайт.
20. Квалификациялык экзамен башталардын алдында талапкерлерге төмөнкүлөр таратылып берилет:
- экзамен берүү эрежесинин эскертмеси;
- экзамендик барактар (ушул Жобонун 2-тиркемеси);
- экзамендик тапшырмалар (ушул Жобонун 3-тиркемеси);
- черновиктер үчүн пайдаланылуучу таза кагаздар.
Талапкердин каржылык эсеп-кысаптарды чыгарбаган калькулятору, көк сыялуу калем сабы, карандашы менен өчүргүчү болууга тийиш.
21. Квалификациялык экзамендерди тапшырган учурда талапкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- ченемдик-укуктук актыларды, маалыматтык жана атайын адабияттарды, ошондой эле уюлдук байланыш каражаттарын пайдаланууга;
- экзамендик тапшырмаларды жана алардын жоопторунун варианттарын көчүрүп жазууга, көчүрмөлөрүн алууга, экзамендик тапшырманын бетине жана аркы бетине ар кандай башка жазууларды жазууга же белгилерди коюуга;
- үн чыгарып окууга, башка талапкерлер менен сүйлөшүүгө жана үн чыгаргыч калькуляторлорду пайдаланууга.
22. Ушул Жобонун 21-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды бузган талапкерлер аудиториядан чыгарылат жана квалификациялык экзаменди тапшырган жок деп эсептелинет.
23. Экзамендик тапшырмага бир туура жооптуу тандап алууга жана аны көк сыясы бар шариктүү калем сап менен тегеректеп коюуга талапкер милдеттүү. Мурда тегеректелген жооп оңдолсо, ошондой эле эки же андан ашуун жооптор тандалып алынса (тегеректелсе), анда тесттик суроолорго туура жооп берилген жок деп эсептелинет.
24. Экзамендик тапшырманы аткарууга бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин толтурулган экзамендик барактарды жана аткарылган экзамендик тапшырмаларды аттестациялык комиссиянын жооптуу катчысына берүүгө талапкерлер милдеттүү.
25. Аттестациялык комиссиянын жооптуу катчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- талапкер аткарган экзамендик тапшырмада ар кандай башка жазуулардын, же белгилердин бар экендигин текшерүүгө;
- талапкердин экзамендик баракчасына, андан кийин экзамендик тапшырмасына анын ким экендигин аныктоочу кодду коюуга;
- талапкерлердин экзамендик баракчаларын өзүнчө конвертке, ал эми аткарылган ар бир экзамендик тапшырмаларды башка конверттерге салууга.
26. Аткарылган экзамендик иштер жана экзамендик баракчалар аттестациялык комиссиянын жооптуу катчысында өз өзүнчө сакталат.
27. Квалификациялык экзамен өткөндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирбей, жарыялар илинүүчү ыйгарым укуктуу органдын доскасына илүү жана ыйгарым укуктуу органдын интернет-сайтына жайгаштыруу аркылуу квалификациялык экзамендин натыйжалары талапкерлерге жарыяланат.
28. Аттестациянын натыйжаларынын негизинде аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндөгү буйрукту, ошондой эле Программанын айрым бөлүмдөрүн оңдуу тапшырган талапкерлердин тизмесин, ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси чыгарат жана бекитет.
29. Аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жөнүндө чечим кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Аудиторлорунун мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу жазылган күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде аудитордун квалификациялык сертификаты берилет.
30. Аттестацияга катышуу үчүн ыйгарым укуктуу органга берилген документтер, ошондой эле талапкерлердин экзамендик иштери талапкерлерге кайтарылып берилбейт. Көрсөтүлгөн документтер жана экзамендик иштер үч жыл бою ыйгарым укуктуу органда сакталат жана бул мөөнөт өткөндөн кийин акт боюнча жок кылынат.
31. Талапкерлерди аттестациядан өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен аттестацияны өткөрүү мезгилинде иш жүргүзүүчү аттестациялык комиссия түзүлөт жана анын жекече курамы бекитилет.
32. Аттестациялык комиссия жети мүчөдөн турат, анын ичинде аттестациялык комиссиянын төрагасы менен жооптуу катчысы ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынан дайындалат. Аттестациялык комиссиянын калган мүчөлөрү Программанын бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча билим жана адистик тажрыйбасы бар болууга тийиш. Аттестациялык комиссиянын 1/3 курамы кесиптик аудитордук бирикмелердин өкүлдөрүнөн турууга тийиш.
33. 2/3 мүчөдөн кем эмес мүчө катышкан аттестациялык комиссиянын жыйыны маселелерди чечүүчү ыйгарым укуктарга ээ. Жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Аттестациялык комиссиянын жыйындары жана анда кабыл алынган чечимдердин протоколу түзүлөт жана ага катышкан мүчөлөр тарабынан кол коюлат. Аттестациялык комиссиянын жыйынында талкууланган маселелерди жаздырып алуу үчүн жазып алуунун техникалык каражаттары колдонулушу мүмкүн.
34. Аттестациялык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- Программанын мазмунун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- экзамендик тапшырмалардын мазмунуна оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө;
- квалификациялык экзамендерге катышууга.
35. Аттестациялык комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кийинчерээк ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин бекитиши үчүн экзамендик тапшырмалардын мазмунун кароого жана жактырууга же четке кагууга;
- талапкерлердин экзамендик тапшырмаларын текшерүүгө жана ага баа берүүгө.
Экзамендик тапшырмалар ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан экзамен башталышына бир ай калганда бекитилет.
36. Аттестациялык комиссия жактырган жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен, конвертке салынып чапталган Программанын бөлүмдөрү боюнча тесттик тапшырмалары жооптору менен конвертке салып чаптоодо, аттестациялык комиссиянын ар бир мүчөсү чапталган жерге өзүнүн колун коет. Аттестациялык комиссиянын жооптуу катчысынын сейфинде конверт сакталат жана ал талапкерлердин аткарган экзамендик тапшырмаларын текшерүү башталган учурда аттестациялык комиссиянын жыйынында ачылат.
37. Экзамендик тапшырмалар текшерилип бүткөндөн кийин жана туура жоопторду саноодо талапкердин экзамендик баракчалары салынган өзүнчө конвертти ачуу аркылуу экзамендик тапшырмалардагы ким экендикти аныктоочу код боюнча талапкерлердин ким экендиги аныкталат.
38. Ушул жобонун 4-тиркемесине ылайык экзамендердин натыйжалары экзамендик протоколдор менен таризделет.
39. Экзамендик тапшырмаларды кароодо экзамендик тапшырмалардын жашыруундугун аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү сактоого тийиш. Экзамендик тапшырмаларды иштеп, талдап чыгууга, аларды кароого жана бекитүүгө байланышы бар маалыматтардын жашыруундугун, бул иштин жүрүшүнө тиешеси бар баардык тараптар, камсыз кылышы керек.
40. Аттестациялык комиссиянын чечимине макул болбогон учурда, натыйжалар чыгарылган учурдан тартып беш календарлык күндүн ичинде талапкер квалификациялык экзамендин натыйжасына даттануу арызын берүүгө укуктуу.
41. Аттестациялык комиссиянын жооптуу катчысынын катышуусу менен бир жолу өзүнүн экзамендик иши менен жекече таанышууга талапкердин укугу бар. Таанышуу учурунда экзамендик тапшырманы көчүрүп алууга, алардын көчүрмөсүн алууга, аларга ар кандай жазууларды жазууга же белгилерди коюуга жана аларды алып кетүүгө талапкер үчүн тыюу салынат.
42. Даттануу жөнүндөгү арыз түшкөн учурда ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен апелляциялык комиссия түзүлөт жана анын жекече курамы бекитилет. Апелляциялык комиссия кеминде беш мүчөдөн, анын ичинен төрага менен жооптуу катчы ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынан дайындалат жана Программанын бөлүмдөрүнүн белгилүү бир маселелери боюнча адистерди киргизүү зарылдыгы эске алынып, аныкталган комиссиянын калган мүчөлөрүнөн турат.
43. Апелляциялык комиссиянын жыйындары анын мүчөлөрүнүн кеминде 3/2синин жана апелляция берген талапкердин катышуусунда өткөрүлөт.
44. Апелляциялык комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бир айдын ичинде апелляция жөнүндө арызды кароого;
- апелляция боюнча чечим кабыл алууга.
45. Апелляциялык комиссиянын чечими аттестациялык комиссияга аудитордун квалификациялык сертификатын алууга укук берүүчү квалификациялык экзамен тапшыруу жөнүндө экзамендик протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн берилет.
Эгерде экзамендик тапшырмаларды апелляциялык комиссия туура эмес деп тапкан учурда, апелляциялык комиссиянын тийиштүү чечими аттестациялык комиссияга экзамендик тапшырмалардын мазмуну боюнча түзөтүүлөр киргизүү үчүн берилет.
46. Апелляциялык комиссиянын ар бир мүчөсү добуш берүү учурунда бирден добушка ээ. Апелляциялык комиссиянын чечими катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда апелляциялык комиссиянын төрагасынын добуш берген чечими кабыл алынат.
47. Апелляция жөнүндө арыз берген талапкерге, жыйын башталганга чейинки 2 күндөн кечиктирилбей, апелляциялык комиссиянын жыйыны болуучу күн билдирилет. Апелляциялык комиссиянын жыйыны болуучу күн билдирилген талапкер апелляциялык комиссиянын жыйынына эч кандай билдирүүсүз катышпай калган учурда, анын катышуусуз эле чечим кабыл алынышы мүмкүн.
48. Апелляцияны кароонун жыйынтыгы беш күндүк мөөнөттө талапкерге билдирилет.
49. Кайталанып берилген апелляция каралбайт.
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы _________________________________ _________________________________
Аудиторлордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна ээ болуу үчүн жана квалификациялык экзамендин программасындагы _______________________________ бөлүмдөр боюнча экзамендерди тапшыруу үчүн аттестацияга кирүүгө уруксат берүүңүздү сурайм.
Колу _____________
"__" _____ 201__-ж.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
Аудиторлордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна ээ болуу үчүн жана квалификациялык экзамендин программасындагы _______________________________ бөлүмдөр боюнча квалификациялык экзамен
Бланкалык тестирлөө:____________________
Экзамендин узактыгы: ____ саат____ мүнөт
┌───┬───┬───┬───┐
Ким экендикти аныктоочу код │ │ │ │ │
└───┴───┴───┴───┘
_______________________________________________________________________
(Аттестациялык комиссиянын жооптуу катчысы толтурат)
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│Фамилиясы ________________________________ │
│ │
│Аты ________________________________ │
│ │
│Жөнү ________________________________ │
│ │
│Экзамен өткөрүлүүчү күн _______________________ 201__-ж. │
│ │
│Талапкердин койгон колу ________________________________ │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
(Талапкер толтурат)
Бишкек 2011-ж.
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун
жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
ЭКЗАМЕНДИК ТАПШЫРМА
┌───┬───┬───┬───┐
Ким экендикти аныктоочу код │ │ │ │ │
└───┴───┴───┴───┘
Бөлүм (квалификациялык экзамендин программасына ылайык
бөлүмдөрдүн аталышы)
Суроолор 1-25.
Жооптордун түрлөрү: А), Б), В), Г)
...
д.у.с.
Туура жооптордун жалпы сандары: _____________________________
Туура эмес жооптордун жалпы сандары: _____________________________
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
Экзамен берүүчү: _________________________________________________
(Фамилиясы, аты-жөнү)
Аттестациялык комиссия:
1. Төрага.
2. Жооптуу катчы.
3. Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү.
Экзамен өткөрүлгөн жер:
Экзамен өткөрүлгөн дата:
Экзаменди өткөрүүнүн түрү: Аудиторлордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна ээ болуу үчүн жана квалификациялык экзамендин программасындагы ________________ бөлүмдөр боюнча бланкалык тестирлөө.
Суроолордун саны:_________________________________________________
Бөлүм (квалификациялык экзамендин программасындагы бөлүмдөрдүн аталышы): 25
д.у.с. ___________________________________________________________
Туура жооптордун сандары: ________________________________________
Бөлүм (квалификациялык экзамендин программасындагы бөлүмдөрдүн аталышы): 00
д.у.с. ___________________________________________________________
Аттестациялык комиссиянын бүтүмү:
Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн койгон колдору:
М.О.