Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-июлу №382
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июлундагы №421, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 701, 2014-жылдын 22-майындагы № 269 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө техникалык жабдуу жана машина-трактор паркын модернизациялоо боюнча мамлекеттик жардам көрсөтүү, ошондой эле айыл-чарба техникасынын лизингин өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлиги Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранты боюнча 265 бирдик санында, УТО-904 маркасындагы келип түшүүчү тракторлорду жана 30,0 млн. юань суммасындагы алардын запастык бөлүктөрүн лизингге берүү үчүн:
- тракторлорду кабыл алуу, сактоо, сатуу алдындагы даярдоо жана берүү боюнча ишин уюштурсун;
- тиркемеге ылайык региондордун айдоо аянттарынын көлөмдөрүнө ылайык айылдык чарба субъектерине лизингте берилүүчү тракторлорду бөлүштүрүү үчүн квотаны белгилесин;
- келип түшкөн тракторлорду жана запастык бөлүктөрдү кийин айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингте берүү үчүн "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй шарттарда өткөрүп берсин:
а) айыл-чарба техникасын лизингге берүүнүн мөөнөтү - 7 жылга чейин;
б) лизинг алуучунун минималдуу салымы лизинг буюмунун наркынын 10 пайызын түзөт. 30 пайыздан ашуунун төгүүдө - лизинг боюнча пайыздык ставка 6 пайызды түзөт; 20дан 29 пайызга чейин төгүүдө - лизинг боюнча пайыздык ставка 7 пайызды; 10дон 19 пайызга чейин төгүүдө - лизинг боюнча пайыздык ставка 9 пайызды түзөт;
в) күрөө менен камсыз кылуу өлчөмүн лизинг буюмун жана кошумча анын наркынын 30 пайызын түзөт;
г) лизинг алуучу лизинг буюмунун наркынын 30 пайыздын ашуун өзүнүн төгүмүн төккөндө, алынган трактор күрөө болуп эсептелет;
д) лизингдик төлөмдөр графиги лизинг алуучу менен макулдашылат;
е) форс-мажордук жагдайлар, лизинг төлөмдөрүнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү үчүн айыптык санкциялар жана лизинг буюмун алып коюу боюнча маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана лизинг алуучу менен түзүлгөн келишимге ылайык жүзөгө ашырылат;
- грант боюнча келип түшкөн тракторлорду кепилдик жана кепилдиктен кийинки мезгилде сервистик тейлөө жана запастык бөлүктөрдү сатуу боюнча иштин схемасын "Айыл Банк" ачык акционердик коому жана Кытай Эл Республикасынын ИТО заводу менен биргелешкен келишимдерди түзүү менен иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен бирге тракторлорду жана запастык бөлүктөрдү сатуу баасын накладдык, транспорттук жана башка чыгымдарды эске алуу менен тракторлорду берүүчү компания берген финансылык документтерге ылайык аныктасын, ошондой эле тракторлорду кабыл алуу, сактоо, сатуу алдындагы даярдоо жана берүү боюнча кызматтардын наркын аныктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен тракторлорду пайызсыз ставка шарттарында 2020-жылдан тартып 2025-жылга чейин гранттык каражаттарды акырындап кайтарып берүү мөөнөтү менен макулдашууну тариздесин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигине тракторлорду кабыл алуу, ташып жеткирүү, сатуу алдындагы даярдоо, сактоо жана берүү боюнча аткаруучу-подрядчылардын чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн көрсөтүлгөн кызматтардын иш жүзүндөгү баасына ылайык каражат бөлүнсүн.
3. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- чарбакер субъекттердин айыл чарбалык техниканы жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарбалык продукцияны иштетүү жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды (ичүүчү суу жана алкоголдуу продукция өндүрүүчүдөн башкаларын) лизингге алуусу үчүн субсидия берүү боюнча такай жаңыланып туруучу кредиттик линия ачуу;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын алкагында алынган тракторлорду лизингге берүүдөн жана запастык тетиктерди сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен өндүрүүчү заводдордон айыл чарбалык техниканы жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарбалык продукцияны иштетүү жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды (ичүүчү суу жана алкоголдуу продукция өндүрүүчүдөн башкаларын) лизингге берүү үчүн сатып алуу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
4. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасы келип түшкөн тракторлор контейнерлерин өз убагында түшүрүүнү камсыз кылсын жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранты боюнча тракторлорду алуучуларды көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жыйымдарды алуудан бошотсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы алуучулар сатып алган тракторлорду мамлекеттик каттоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзсүн.
5.1. Тракторлорду жана аларга запастык бөлүктөрдү «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна өткөрүл берген учурдан тартьш бажылык тариздөө үчүн шарттуу түрдө эсептелген бажылык алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын суммасын төлөө боюнча милдеттенмелер токтотулду деп эсептелсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июлундагы №421 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 701 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──┬──────────────────────────┬─────────────────┬─────────────────────┐
│№ │ Облустун аталышы │ Айдоо аянты │ Бөлүнгөн тракторлор │
│ │ │ миң га │ (даана) │
├──┼──────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────┤
│ │Республикада бардыгы: │ 1168,9 │ 265 │
├──┼──────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────┤
│1 │Баткен │ 62,5 │ 20 │
├──┼──────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────┤
│2 │Жалал-Абад │ 147,0 │ 47 │
├──┼──────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────┤
│3 │Ысык-Көл │ 181,1 │ 37 │
├──┼──────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────┤
│4 │Нарын │ 101,1 │ 20 │
├──┼──────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────┤
│5 │Ош │ 175,1 │ 48 │
├──┼──────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────┤
│6 │Ош шаары │ 1,2 │ 0 │
├──┼──────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────┤
│7 │Талас │ 102,0 │ 29 │
├──┼──────────────────────────┼─────────────────┼─────────────────────┤
│8 │Чүй │ 400,1 │ 64 │
└──┴──────────────────────────┴─────────────────┴─────────────────────┘