КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-ноябры № 701
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтомдун тиркемесине:
- 2-пункттагы "43" цифралары "47" цифраларына алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "39" цифралары "37" цифраларына алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "28" цифралары "20" цифраларына алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "43" цифралары "48" цифраларына алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "1" цифрасы"0" цифрасына алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "27" цифралары "29" цифраларына алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|