Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-июлу №390
"Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 916-V токтомун ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 916-V токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча ушул сыяктуу комиссияларды түзүшсүн.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө маселени чечүүдө, шайлоочулардын тизмелериндеги маалыматтарды тактоодо шайлоо комиссияларына зарыл көмөк көрсөтүшсүн жана алардын катталган жарандарга карата кат жүзүндөгү суроо-талаптарына болгон маалыматтарды беришсин.
4. Стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелердин, шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоо жайындагылардын жетекчилери бул мекемелерде убактылуу турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүшсүн жана добуш берүү күнүнө чейин кеминде 12 календардык күн мурда тийиштүү участоктук шайлоо комиссиясына беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө каралган финансылык каражаттарды бөлүүнү камсыз кылсын.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери:
- шайлоо комиссиялары жана добуш берүүнү өткөрүү үчүн жайларды бөлүүгө, автотранспорт жана материалдык-техникалык каражаттар, байланыш менен камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечишсин;
- атайын жабдылган жайларды, шайлоо алдындагы агитациялык басылма материалдарды жайгаштыруу үчүн стенддерди бөлүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги шайлоо комиссияларына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө байланышкан жүктөрдү биринчи кезекте жеткирүүнү камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын арасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, алардын шайлоо укугун ишке ашыруу шарттары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү ишин жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган, жүргөн жана консулдук эсепте турган, кийин 2011-жылдын 20-октябрына чейин - Кыргыз Республикасынын шайлоочулары консулдук эсепке коюлгандыгына жараша түзүлгөн шайлоочулар жөнүндө тийиштүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери түзгөн маалыматтарды добуш берүү күнүнө чейин кеминде 50 күн мурда берсин.
9. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоону камсыз кылуу сунушталсын.
10. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоону, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүүчү жайларды кайтарууну, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо бюллетендерин даярдоо учурун кайтарууну жана коопсуздугун, шайлоо бюллетендерин ташыган транспорт каражаттарын коштоону жана кайтарууну камсыз кылышсын.
11. Республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №390 токтомуна тиркеме |
Бабанов Өмүрбек - Кыргыз Республикасынын биринчи вице премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Токтогулович
Момуналиев Нурханбек - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси
Сакенович - министр, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Казакбаев Руслан - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Айтбаевич
Кудайбердиев Абибилла - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Рысалиев Зарылбек - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кылычбекович
Мухамеджанов Абылай - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Жумакадырович
Мамбетжанов Мелис - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Тулиндыевич
Дүйшөбаев Кеңешбек - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Асанбекович
Исаков Эркин - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Абдыкасыевич
Борбиев Болотбек - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Ибраимович
Шадиев Аскарбек - Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Алимбаевич
Абытов Алмасбек - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри;
Ахунжанович
Исаков Сапар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Жумакадырович
Үмөталиев Санжар Болотбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Бекенов Марат Эсенбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Жолдубаева Индира - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Ырысбаевна
Кылжыев Самат Аскербекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы;
Стамбеков Алибек Маратович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Үмөталиев Нурбек Сейдакматович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты нын транспорт, курулуш, коммуникациялар
жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Муратов Абдиманнап Аттокурович- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сак-
тоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы;
Токтогулов Кадыр Мирбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кузнецов Евгений - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты-
Юрьевич нын уюштуруу -инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн уюштуруу иштери боюнча инспектору, комиссиянын катчысы.