Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы №345 токтому менен бекитилген |
Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452, 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин (мындан ары - ЖМК) арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс (мындан ары - конкурс) өткөрүүнүн жүрүшүн жөнгө салат.
2. Конкурс өткөрүү боюнча ишти координациялоо республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү боюнча Конкурстук комиссия (мындан ары - Конкурстук комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Конкурстук комиссия 8 адамдан турат жана конкурс өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин жөнгө салуу максатында түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана коомдук уюмдардын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү кирет. Конкурстук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Конкурстук комиссия төмөнкүдөй иш милдеттерди аткарат:
- конкурска берилген иштердин кесиптик сапатына баалоо жүргүзөт, конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды ыйгарууга сунуш берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- бөлүнгөн финансылык каражаттарды конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн бөлүштүрөт;
- башка уюштуруу маселелерди чечет.
6. Эң мыкты иштерди аныктоо ушул Жобонун 15-пунктуна ылайык критерийлердин негизинде жүргүзүлөт.
7. Конкурс электрондук жана басма ЖМКлардын, телекөрсөтүү жана радиоберүүлөрдүн арасында өз өзүнчө жүргүзүлөт. Конкурска республикалык жана жергиликтүү газеталардын, телерадиокомпаниялардын журналисттери, ошондой эле маалыматтык агенттиктердин журналистери катыша алат.
8. Сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө акыркы чечимди Конкурстук комиссия кабыл алат. Сыйлык ыйгаруу жөнүндө чечим Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
9. Конкурска өзүнчө жарыялоолор, теле жана радиоберүүлөр, ошондой эле тематикалык топтомдор, бир же бир нече автордун материалдарынын сериясы берилиши мүмкүн.
10. Конкурска материалдар тиешелүү тема боюнча каалаган жанрда берилет.
11. Конкурс жарыяланган учурдан тартып жана учурдагы жылдын 31-декабрын кошуу менен жарыяланган же эфирге чыккан материалдар конкурска берилет.
12. Конкурсту каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Сунуш кылынган материалдар төмөнкүдөй номинацияда бааланат:
а) басма ЖМКлардагы эң мыкты жарыялоо, жарыялоолордун сериясы (топтому):
биринчи орун - 30 миң сом;
экинчи орун - 20 миң сом;
үчүнчү орун - 15 миң сом;
б) электрондук ЖМКлардагы эң мыкты эмгек:
биринчи орун - 30 миң сом;
экинчи орун - 20 миң сом;
үчүнчү орун - 15 миң сом;
в) эң мыкты телеберүү:
биринчи орун - 30 миң сом;
экинчи орун - 20 миң сом;
үчүнчү орун - 15 миң сом;
г) эң мыкты радиоберүү:
биринчи орун - 30 миң сом;
экинчи орун - 20 миң сом;
үчүнчү орун - 15 миң сом.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 277 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Конкурска берилген бардык иштер Конкурстук комиссия тарабынан каралат.
15. Сунушталган материалдар төмөнкүдөй чен өлчөмү боюнча бааланат:
- басма ЖМКлар - ЖМКнын жетекчиси жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, жарыялоонун күнүн көрсөтүү менен Юдон 15ке чейин материалдар;
- электрондук ЖМКлар - видео/аудиожазуу (10 материал), ЖМКнын жетекчиси жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, эфирдин күнүн көрсөтүү менен кагаз, электрондук булактагы теле/аудиоберүүнүн чечмеленген тексти;
- радиоберүү - ЖМКнын жетекчиси жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, эфирден чыккан күнүн көрсөтүү менен кагаздагы тексти менен өзүнчө нуска.
Конкурстук комиссия берилген материалдарды иликтөөнү жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоону жүзөгө ашырат. Конкурстун жыйынтыгын чыгарууда төмөнкүлөр эске алынат:
- автордун журналисттик чеберчилиги (кесипкөйлүгү);
- жарыялоонун жана теле- радиоматериалдын актуалдуулугу жана коомдук маанилүүлүгү;
- маалыматты камтышы, теманын терең ачылышы;
- материалды берүүнүн оригиналдуулугу;
- Кыргыз Республикасындагы дене-тарбия-массалык жана спорттук иш-чаралардын маалыматтык-үгүттөө жактан эң мыкты камсыз кылуу;
- калктын ар кандай категорияларынын арасында сергек жашоо мүнөзү, дене-тарбия жана спорт маселелери жагынан маалымдар болуу жана билим деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды эң мыкты уюштуруу;
- калк арасында сергек жашоо мүнөзү жана дене-тарбия идеяларын эң мыкты креативдүү маалыматтык-үгүттөө долбоору;
- республиканын калкынын арасында сергек жашоо мүнөзүн үгүттөгөн эң мыкты телекөрсөтүү программасы;
- массалык спортту өнүктүрүү;
- региондордо дене-тарбияны жана спортту өнүктүрүү.
Конкурска берилген материалдар кайтарылып берилбейт. Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу боюнча комиссиянын жыйыны жабык болот.
Жыл сайын 1-январдан тартып 31-декабрга чейинки мезгилде жарыяланган (эфирге чыккан) материалдар конкурска катышууга кабыл алынат. Материалдар эркин формада катышууга арыз, берилген иштерге кыска аннотация, материал жарыяланган (эфирге чыккан) ЖМКнын сунушу,