КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 181 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-майы № 277
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы № 345 "Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Конкурстук тандоону жогорку сапатта өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-июнундагы № 345 "Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пункттагы:
- "конкурстун арадагы жыйынтыктарын квартал сайын;" деген сөздөр алып салынсын;
5-пункттагы:
- "билим берүү жана маданият" деген сөздөр "билим берүү, маданият жана спорт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттагы "11" деген цифралар "8" деген цифра менен алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана коомдук уюмдардын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү кирет. Конкурстук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Сунуш кылынган материалдар төмөнкүдөй номинацияда бааланат:
а) басма ЖМКлардагы эң мыкты жарыялоо, жарыялоолордун сериясы (топтому):
биринчи орун - 30 миң сом;
экинчи орун - 20 миң сом;
үчүнчү орун - 15 миң сом;
б) электрондук ЖМКлардагы эң мыкты эмгек:
биринчи орун - 30 миң сом;
экинчи орун - 20 миң сом;
үчүнчү орун - 15 миң сом;
в) эң мыкты телеберүү:
биринчи орун - 30 миң сом;
экинчи орун - 20 миң сом;
үчүнчү орун - 15 миң сом;
г) эң мыкты радиоберүү:
биринчи орун - 30 миң сом;
экинчи орун - 20 миң сом;
үчүнчү орун - 15 миң сом.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |