Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 токтому менен бекитилген |
Алкоголь азыктары боюнча дегустациялык комиссия жөнүндө
ЖОБО
1. Алкоголь азыктары боюнча дегустациялык комиссия (мындан ары Дегустациялык комиссия) Кыргыз Республикасына импорттолгон жана анда өндүрүлгөн этил спиртинин жана алкоголь азыктарынын органолептикалык сапатына мамлекеттик контролду жүргүзөт жана дегустациянын натыйжасы боюнча азыктардын сапатын, тышкы жасалгасын жакшыртуу жана технологиялык процесстерди өркүндөтүү боюнча сунуштарын киргизет. Дегустациялык комиссиянын төрагасынын чечими менен анын отуруму спирт, ликер арак заводдорунун же Кыргыз Республикасынын аймагына этил спиртин, алкоголь азыктарын импорттоону жана өндүрүүнү ишке ашырып жаткан башка ишканалардын (уюмдардын) дегустациялык залдарында өткөрүлөт.
2. Дегустациялык комиссиянын корутундусу сунуштоо мүнөзүнө ээ болот.
3. Дегустациялык комиссияга төмөндөгү милдеттер жүктөлгөн:
- этил спиртинин, алкоголь азыктарынын органолептикалык касиеттери жана тышкы жасалгасы (тара, этикеткалык дизайны, бекитилиши) боюнча сапатын баалоо;
- чыгарууга сунушталган азыктардын жаңы түрлөрүнүн жана рецептураларды же технологиялык процесстер өзгөргөндө алынган азыктын сапатын өндүрүүчүлөр бул азыкты берген учурда органолептикалык баалоо;
- Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү алкоголь азыктарын органолептикалык баалоо;
- Этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү азыктарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен графикке ылайык чыгарылган азыктардын сапатын баалоо боюнча пландуу дегустацияларды (квартал сайын) өткөрүү.
4. Сапатын органолептикалык баалоо үчүн дегустацияга сунушталган азыктардын үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишкананын (уюмдун) өкүлүнүн катышуусу менен Дегустациялык комиссия мүчөлөрү тарабынан тандалып алынышы жана пломбаланышы керек.
5. Дегустацияга азыктын үлгүлөрү төмөндөгү санда берилет:
- чыгарыла турган азыктын сапатын текшерүүдө 2 шише;
- жаңы азыктын сапатын текшерүүдө 4 шише.
6. Дегустацияга бериле турган азык төмөндөгү документтер менен коштолот:
- үлгүлөрдү тандоо актысы;
- аккредитацияланган лабораториялардын негизги көрсөткүчтөр боюнча сыноолорунун протоколу;
- азыкты чыгаруу жөнүндөгү отчеттук мезгилдеги маалымат;
- мерчемделген өндүрүш көлөмү.
Азыктын жаңы түрүнүн сапатын текшерүүдө жана импортко же өндүрүүгө сунуштарды алууда төмөндөгүлөр кошумча берилет:
- белгиленген тартипте макулдашылган технологиялык колдонмо, рецептура;
- тышкы жасалгасы жана орому боюнча материалдар (этикетка үлгүлөрү жана товардык белги ж.б.).
7. Дегустациялык комиссиянын отуруму анын курамынын жарымынын көбү бар болсо укуктуу болот. Дегустациялык комиссиянын корутундусу отурумда катышкан комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8. Азыктын сапатын аныктоодо, Дегустациялык комиссия тарабынан комиссиянын мүчөлөрү гана берген органолептикалык баалар эске алынат.
9. Дегустациялык комиссиянын отурумунда кеңеш берүү укугу менен азыктары дегустациялоого таандык ишканалардын (уюмдардын) адистери жана дегустацияланып жаткан азыктын түрлөрүнө окшош азыктарды чыгаруучу ишканалардын адистери чакырылышы мүмкүн.
10. Этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү азыктарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен иш планына ылайык жүргүзүлөт.
Зарыл учурда комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын указы боюнча же этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү азыктарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан келип түшкөн сунуштар боюнча пландан тышкары отурумдар өткөрүлөт.
11. Дегустацияны өткөрүүгө коротулган каражаттын наркы ишкана (уюм) тарабынан дегустацияга берилген үлгүлөрдүн санына пропорционалдуу төлөнөт.
12. Дегустациялык комиссиянын мүчөлөрү дегустациялык комиссиянын төрагасы тарабынан колу коюлуп жөнөтүлгөн телефонограммалар менен катчы тарабынан чакырылат.
13. Төраганын чечими боюнча дегустациялар ачык жана жабык өткөрүлөт.
Жабык дегустациялоодо үлгүлөр төраганын жана анын орун басарынын тапшырмасы менен Дегустациялык комиссиянын катчысы номерлер коюп белгилейт.
Азыктын үлгүлөрү ачылат, ар бир үлгүгө белгилүү бир номер берилет, үлгүлөрдүн номери, азыктын жана өндүрүүчүнүн аталышы көрсөтүлгөн шрифттерди ачуу актысы түзүлөт. Шифровка актысына кол коюлуп төрагага же анын орун басарына берилет.
Шифровка актысы дегустация жана үлгүлөрдү талкуулоо бүткөндөн кийин ачылат.
14. Өндүрүштүн технологиялык режимдери, азыктын рецептурасы өзгөргөн жана жаңы азыктар чыгарылган учурларда дегустациялык комиссия азыктардын дегустациясын үлгүлөрдү алдын-ала шифровкалабастан ачык ыкма менен жүргүзөт. Мында дегустацияланган үлгүлөрдүн сапаты контролдук же стандарттык катары кабыл алынган үлгүлөр менен салыштырылат жана дегустациянын жыйынтыгы боюнча тийиштүү тыянактар жасалат.
15. Азыктын сапатын баалоодо ар бир үлгү үчүн орточо балл комиссия мүчөлөрүнүн бааларынан орточо арифметикалык чоңдугу катары аныкталат. Дегустацияга чакырылган адамдар үлгүлөрдү талкуулоого катыша алышат, бирок ар бир үлгү боюнча орточо бааны эсептөөдө алардын баалоосу эске алынбайт.
16. Дегустациялык комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарууда үлгүлөрдү баалоо бардык дегустаторлор тарабынан ар бир азыкка берген баасын үтүрдөн кийинки биринчи белгиге чейин тегеректөө менен орточо арифметикалык мааниси катары эсептелет.
17. Дегустациялык комиссиянын ар бир отуруму протокол менен таризделип, анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
- отурумду өткөрүү күнү;
- катышуучулардын персоналдык курамы;
- иштин максаты;
- азыктын аталышы жана чыгарган ишкананын аталышы көрсөтүлүү менен талдануучу үлгүлөрдүн тизмеси, алардын мүнөздөмөсү жана баллдык баалоосу;
- талкууда айтылган дегустаторлордун пикирлери жана сунуштары;
- сунушталган үлгүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган сунуштар жана иш-чаралар.
18. Протоколго Дегустациялык комиссиянын төрагасы, анын орун басары жана комиссиянын катчысы кол коюшат.
19. Протокол же протоколдун көчүрмөсү Дегустациялык комиссиянын бардык мүчөлөрүнө жана азыктары дегустацияда бааланган ишканаларга (уюмдарга) берилет.
20. Вино жасалуучу, ликер арак азыктарынын жана пивонун сапатын баалоо ушул Жобонун тиркемесине ылайык азыктын ар бир тобуна коюла турган талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
21. Түссүз дегустациялык бокалга куюлган үлгүнүн тунуктугу жана өңү жарыктан кароо жолу менен аныкталат. Изилдене турган ичимдиктин бокалга 3/1 бөлүгү куюлат (40-50 см). Бокалды ылдый жагынан кармап туруп ичимдиктин өңү жана тунуктугу бааланат. Түссүз ичимдиктер (арак, спирт) эч кандай өңдө болбоого тийиш. Боелгон ичимдиктер рецептурасында көрсөтүлгөн өңдө болууга тийиш. Мында ичимдиктин боелушун, анын каныгуу даражасы жана кошумча тону аныкталат.
22. Жытын аныктоодо бокалдагы ичимдикти аз гана чайкап, бокалдын ылдый жагынан алакан менен жылыткандай кылып кармашат. Мындай учурда жыпар жыт абага тез тарайт. Оозду кичине ачып туруп, мурун менен бир нече жолу жытташат.
Этил спиртинин жытын жана даамын аныктоодо 2,5 көлөмдөгү спирт менен 20 град. Цельсия жумшартылган суу аралаштырылат, анда альдегиддер, сивуш майы, эфирлер сыяктуу кошумча заттардын жоктугу текшерилет. Спирттин сапатын талдоо үчүн кошумча ыкма пайдалануу керек, спирттин бир нече тамчыларын алаканга тамчылатып сүргүлөш керек.
Арактын жытын аныктоодо спирттин же башка кошумча заттардын жыты жоктугу текшерилет.
Ликер арактардын жытын аныктоодо анын жыты шайкештүүбү, ал даярдалган рецептурадагы мөмө-жемиштерге же жыпар жыттуу заттарга мүнөздүүбү, спирттин же башка заттардын жытынын бары-жогу текшерилет.
23. Жыты аныкталгандан кийин даамы аныкталат. Оозго бир ууртам ичимдик алынат дагы ооздун алдыңкы бөлүгүндө кармап турушат. Мында ичимдик таңдайдын ортоңку бөлүгүндө, тилдин учунда жана эки жагында турат. Ушундай жол менен ичимдиктин таттуулугу, ачуулугу, күчтүүлүгү, майлуулугу билинет. Андан соң башты чалкалатып туруп, ичимдиктин тилдин өзөгүнө алып барып, оозду чайкашат. Мында ичимдиктин ачуу даамы жана башка даамдары билинет.
Спиртти дегустациялоодо спирт жасалган затка жараша анын даамы ченемдүү күйгүзүүчүбү же кескин күйгүзүүчүбү, ачуубу же таттуубу аныкталат.
Арактын даамын аныктаган соң, анын даамы бир түрдүүбү же ачуубу, таттуубу текшерилет.
Ликер арактарды аныктоодо анын даамы рецептурага шайкеш келеби, негизги чийки заттардын даамы сезилеби, спирттин же башка даамдар жокпу аныкталат.
24. Ичимдиктердин үлгүлөрүн жутпай туруп, түкүрүп салууга болот. Дегустациялоодо оозду чайкоо үчүн атайы кайнатылган же дистирленген суу болууга тийиш.
25. Аракты анализдөөдө ак нан, сыр жана бышкан колбасаны жеш керек, ал эми таттуу ичимдиктерди анализдөөдө - печений жана жемиштерди (цитрустардан башкасын) жеш керек.
26. Дегустациялык комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
- импорттоло жана өндүрүлө турган этил спиртинин жана алкоголь азыктарынын сапатын органолептикалык баалоонун натыйжалары боюнча корутунду берүүгө;
- дипломдорду негиздөөгө жана этил спирти менен алкоголь азыктарынын сапатын органолептикалык баалоонун натыйжалары менен дипломдорду жогорку сапаттуу спирт, алкоголь азыктарын туруктуу чыгаруучу ишканаларга (уюмдарга) берүү жөнүндөгү чечимдерди кабыл алууга;
- жалпыга маалымат каражаттары аркылуу өз ишинин натыйжалары жөнүндө алкоголь азыктарын керектөөчүлөргө маалымат берип турууга.
27. Дегустациялык комиссиянын курамы:
- комиссиянын төрагасы;
- төраганын орун басары;
- комиссиянын катчысы;
- комиссия мүчөлөрү.
28. Дегустациялык комиссиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Дегустация жарык кенен жайда 18-25 град. Цельсия температурада өткөрүлүүгө тийиш. Жайдагы аба башка жыттардан таза жана эркин болушу керек.
Дегустациялык бокал түссүз айнектен даярдалып, чачыратпай чайкаганга жана анын жыпар жытын жыттоого ылайыктуу атайы формага ээ болот.
Үлгүлөрдү берүү тартиби жана дегустация регламенти төрага тарабынан химиялык жана органолептикалык көрсөткүчтөр боюнча аныкталат.
Биринчи кезекте спирти азыраак, таттуусу азыраак, азыраак экстрактивдүү винолор берилет.
Алардан кийин таттуулугу бирдей болгон кубаттуураак жана кубаттуулугу бирдей таттуураак винолор берилет. Бир категориядагы винолорду баалоодо жаңыларын, андан соң эскилери, кийин ачык кызыл түстөгүлөрүн, кызылдарын ооз тийип көрүшөт.
Дегустация жарык кенен жайда 18-25 град. Цельсия температурада өткөрүлүүгө тийиш. Андагы аба башка жыттардан таза жана эркин болушу керек.
Дегустациялык бокал түссүз айнектен даярдалат.
Арак жана ликер арак азыктары, аперитивдер, алдын ала бир аз кармап тургандан кийин же 20 (+-) 2 град. Цельсия температурада дегустацияланат.
Спирттин органолептикалык көрсөткүчтөрүн аныктоо ага жумшартылган сууну кошуп 40% кубаттуулукка келтирилгенден кийин жана 20 (+-) 2 град. Цельсияга чейин муздатылгандан кийин жүргүзүлөт.
Пунш менен ромдун дегустациясын ысык чай; вискини газдалган же сода суусу менен; джинди - тоник менен; бальзамды - чай, кофе, арак менен; коктейлдерди - газдалган же минералдык суу, тоник жана муз менен жүргүзүү керек.
Дегустациялык комиссиянын бир отурумуна бериле турган үлгүлөрдүн саны алдын ала төрага же анын орун басары менен макулдашылат жана анын 15 үлгүдөн ашырбоо сунушталат.
Бирдиктүү дегустацияны жүргүзүүдө белгилүү бир ырааттуулук сакталат. Алгач спиртти, аракты жана өзгөчө аракты, андан соң ачуу, орточо таттуу жана таттуу азыктарды дегустациялашат.
Аракты дегустациялоодо биринчи кезекте жогорку тазалыктагы спирттен даярдалган аракты, андан соң "Экстра", "Люкс" жана "Альфа" спиртинен даярдалган аракты баалашат.
Ликер арак азыктарын дегустациялоодо алгач жыты азыраактарын, андан соң жыты орточороокторун жана андан ары өтө жыттууларын баалашат. Даамын баалоо деле ушундай тартипте жүргүзүлөт: алгач жыты азыраак, андан соң жыттуурактарын жана минималдуудан максималдуу мазмундагы экстракты боюнча.
Дегустацияны пивонун ачык түстөгү сортторун ооз тийүүдөн башташат, мында баштапкы суслдун кургак заттардын концентрациясы аз пиволордон 10-13% баштапкы суслдун кургак заттардын концентрациясы көбүрөөк пиволорго 13-17% өтүшөт.
Андан соң 12ден 21% баштапкы суслдун экстрактивдүүлүгү нөлдөн баштап ушул эле тартипте кара түстөгү пиволор дегустацияланат.
Ачык түстөгү пивону дегустациялоодо ачуу ачыткысына жана угут тонуна көңүл бурулат, ал эми пивонун кара түстөгү сортун баалоодо угуттун жытына жана даамдын толуктугуна көңүл бурулат.