Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 436 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-июну № 301
"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32, 2018-жылдын 14-майындагы № 233, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды жана курамында спирт бар продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыздоо максатында, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиялык комиссиясы жөнүндө жобо;
- Алкоголдук продукциялар боюнча дегустациялык комиссия жөнүндө жобо;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Этил спиртин, алкоголдук жана спирт кармаган продукцияларды чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускама.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 28-майындагы № 343 "Алкоголдук продукция чыгаруу үчүн этил спиртин чыгарууну жана сатып алууну квоталоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 38-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|