Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам берүүдө Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга багытталган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жөнүндө бул Жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жобого ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобону колдонуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзгөн саламаттык сактоо уюмдарына таралат.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам берүүдө Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - Мамкепилдиктер программасы) алкагында милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Базалык программасын, Амбулаториялык деңгээлде камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча кошумча программаны (мындан ары - Кошумча программа) аткарууга жана максаттуу иш-чараларга багытталат.
2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын түзүү тартиби
4. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын төмөнкүлөр түзөт:
- бардык төгүм төлөөчүлөр төлөгөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрү;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярлуу чегерүүлөрү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка органдардын максаттуу субсидиялары;
- кайрымдуулук фонддорунун, эл аралык уюмдардын жана жарандардын төгүмдөрү;
- келишимдик милдеттерди жакшы аткарбагандыгы үчүн белгиленген тартипте салынган финансылык санкциялар;
- ММК Полистерин сатып алган уюмдардан жана калктан түшкөн каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен төлөнгөн калктын социалдык-аялуу айрым категорияларына милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрү;
- пайдалануусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каршы келбеген башка булактар.
5. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу органдар жүргүзөт.
6. Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү алардын түшкөн булактарына карабастан, ошондой эле башка акча каражаттар банктык эсептерде чогултулат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун (мындан ары - ММК фонду) максаттарына жана милдеттерине ылайык колдонулат.
7. Саламаттык сактоо уюмдары келишимдик милдеттерди жакшы аткарбагандыгы үчүн салынган финансылык санкциялар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кайрадан каржылоого жиберилет жана администрациялык чыгашаларга колдонулбайт.
8. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары мамлекеттик менчик болуп эсептелет. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун колдонулбаган каражаттар калдыгы кийинки финансылык жылга өтөт, алар алып салынбайт жана кайра бөлүштүрүлбөйт.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарын пайдалануу
9. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:
- медициналык, фармацевттик жана профилактикалык кызматтарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу программалары боюнча көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарын каржылоого;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзгөн мамлекеттик эмес менчиктеги саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарына көрсөткөн медициналык кызматтарды каржылоого;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча иммунопрофилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө;
- Саламаттык сактоону өнүктүрүү фондун түзүүгө;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу келишимдери боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык жабдуусун жакшыртууга;
- ишке ашырылып жаткан программалардын алкагында максаттуу иш-чараларды каржылоого;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасын ишке ашырууга жардам көрсөткөн медициналык кызматкерлерге, саламаттык сактоо уюмдарына түрткү берүүгө.
10. Көрсөтүлгөн медициналык жана алдын алуучу кызматтарга төлөө өлчөмү каржылоонун унификацияланган базалык ченемдери түрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүн чагылдырган түзөтүүчү коэффициенттерди колдонуу менен белгиленет.
Мамкепилдиктер программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлчү медициналык-санитардык жардамды каржылоонун базалык ченемдерин эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Камсыздандырылган жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жана алдын алуучу кызматтарга каржылоонун базалык ченеми саламаттык сактоо уюмдарына камсыздандырылган адамдын статусуна жана берилген төгүмдүн өлчөмүнө карабай бирдей жоопкерчилик принцибин сактоо менен белгиленет.
11. Көрсөтүлгөн медициналык жана алдын алуучу кызматтарга акы төлөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- стационарлар жана жалпы дарыгердик практика борборлорунун стационардык бөлүмдөрүнүн деңгээлинде ар бир дарылануу учуру үчүн төлөө;
- Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна (мындан ары - ҮДТ) жана Жалпы дарыгердик борборлорунун амбулаториялык бөлүмдөрүндө катталган (тейленген) камсыздандырылган ар бир жаран үчүн киши башына карата.
12. Жеке менчиктеги саламаттык сактоо уюмдары Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарына медициналык жардам көрсөтүүсү үчүн төлөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- стационар деңгээлинде ар бир дарылануу учуру үчүн төлөө;
- жеке менчиктеги саламаттык сактоо уюмдарында амбулаториялык деңгээлде тейленген камсыздандырылган ар бир жаран үчүн каржылоонун киши башына карата ченеми;
- Кошумча программа боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына дарыкана мекемелери берген дары препараттын ар бир түрү үчүн төлөө суммасы.
13. Кошумча программа боюнча дары каражаттары менен камсыз кылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында иштеген дарыкана мекемелеринде камсыздандырылган жарандар сатып алган медикаменттердин наркын жарым-жартылай төлөөгө негизделет жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин макулдугу боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген, дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдардын бекитилген Кошумча программа боюнча жүргүзүлөт.
Кошумча программаны ишке ашыруу үчүн жумшалган каржылоо көлөмү жылына ҮДТда катталган, жылына ар бир камсыздандырылган жаранга эсептелген ченемдиктин негизинде аныкталат.
Кошумча программа боюнча дары каражаттарды берүүнү дарыкана мекемелери ММК рецептуралык бланктары аркылуу жүргүзөт.
ММК рецепттик бланкттарын нускалоону милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында ыйгарым укуктуу орган борборлоштуруп баштапкы деңгээлдеги медицина мекемелерин каржылоого каралган каражаттардан жүргүзөт.
14. Мамкепилдиктер программасын ишке ашыруу үчүн ММК фонду жүргүзгөн дары препараттарын борборлоштуруп сатып алуулар, калктын айрым категорияларын жеңилдиктүү дары-дармек менен камсыз кылуу бөлүгүндө, саламаттык сактоо уюмдарына акысыз негизде берилет.
15. Саламаттык сактоону өнүктүрүү фондун түзүү милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан жүргүзүлөт жана жыл сайын "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет.
16. Саламаттык сактоону өнүктүрүү фондунун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:
- ден соолукту чыңдоо жана профилактикалоо боюнча иш-чараларды каржылоого;
- саламаттык сактоонун максаттуу программаларын каржылоого;
- саламаттык сактоону өнүктүрүүгө;
- илимий негизде саламаттык сактоо уюмдарынын ишин өркүндөтүүгө жана оптималдаштырууга;
- тийиштүү башка иш-чараларга.
Фонддун каражаттарын сарптоо жөнүндө отчетту Саламаттык сактоо реформасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш угат жана бекитет.
17. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча иммунопрофилактикалык иш-чараларды каржылоо вакцина жана иммуноглобулинди борборлоштуруп сатып алуу жолу менен жүргүзүлөт.
18. Мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырган саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык жабдылышын жакшыртууга багышталган иш-чараларды каржылоону милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында ыйгарым укуктуу орган медициналык жабдыктарды, дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды, транспорт каражаттарын тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн, саламаттык сактоо уюмдары үчүн катуу жана жумшак эмеректерди борборлоштуруп сатып алуу жолу менен жүргүзөт.
19. Ишке ашырылган программалардын алкагында максаттуу иш-чараларды каржылоо милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагында инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүүгө багышталып көрсөтүлгөн кызматы үчүн кызмат көрсөтүүчүлөргө төлөө, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун жаңы программаларын иштеп чыгуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында маалыматтык агымдарды калыптандыруу, ошондой эле ишке ашырылуучу программалардын комплекстүү мониторингин жүргүзүү боюнча кызматка акы төлөө жолу менен жүргүзүлөт.
20. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасы боюнча калкка көрсөтүлгөн медициналык жана алдын алуучу кызматтарга акы төлөө иретинде түшкөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын саламаттык сактоо уюмдарынын колдонуу тартибин, ал эми аларды эсепке алуу тартибин милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган аныктайт.