Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июлу № 350
Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 645 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, калктын аялуу топторун социалдык коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- (экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга багышталган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жөнүндө жобо;
- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 645 токтомуна ылайык төртүнчү абзац күчүн жоготту)
- Бирдиктүү төлөөчү системасындагы саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттары жөнүндө жобо.
- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 645, 2013-жылдын 28-июнундагы № 388 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча 2008-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 269 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого кепилдиктер программасы боюнча 2009-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча 2010-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам көрсөтүү шарттары жөнүндө" токтому.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев
|