Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык кызматтар үчүн кошумча төлөм жөнүндө бул Жобо (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам берүүнүн (мындан ары - МКК) мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүдөгү укуктук мамилелерин жөнгө салат, ошондой эле кошумча төлөм тартибин, аны саламаттык сактоо уюмдарынын пайдаланышын жана пациенттерге кайтарып берүү тартибин аныктайт.
2. Кошумча төлөө - Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары амбулаториялык жана стационардык деңгээлде көрсөткөн медициналык кызматтардын МКПны каржылоо көлөмүнөн ашык наркын төлөп берүүгө жарандардын катышуусу.
3. Саламаттык сактоо уюмдары калктан түшкөн кошумча төлөө тартибинде алган каражаттар мамлекеттик бюджетке алынбайт жана салык салынбайт.
4. Кошумча төлөө амбулаториялык деңгээлде Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда (мындан ары - ҮМБ), Жалпы дарыгердик тажырыйбалык борборлорунда (мындан ары ЖДТБ) кеңири профилдеги стационарлардын амбулатория-диагностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары - АДБ), үчүнчү деңгээлдеги стационарлардын консультация-диагностикалык бөлүмдөрүндө (мындан ары КДБ) жүргүзүлгөн лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр үчүн (Мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча акысыз жүргүзүлүүчү лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү кошпогондо) төлөнөт.
5. Кошумча төлөө стационардык деңгээлде хирургиялык жана терапиялык иш-чараларга МКПда белгиленген өлчөмдөргө ылайык төлөнөт.
2. ҮМБда, АДБ/КДБда жана ЖДТБнын амбулаториялык бөлүмдөрүндө кошумча төлөм
6. ҮМБ, АДБ, КДБ жана ЖДТБнын амбулаториялык бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөргө кошумча төлөм Медициналык кызматтарга прейскурант боюнча (мындан ары - Прейскуранты) төлөнөт. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген бардык саламаттык сактоо уюмдары үчүн бирдей болгон Прейскурантты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги менен макулдугу боюнча иштеп чыгат жана бекитет.
7. Кыргыз Республикасынын жеңилдиктерге укуктары бар жарандары тиешелүү адистерден жолдомосу болгондо ҮМБда, АДБда, КДБда, ЖДТБда клиникалык протоколдорго ылайык, МКПнын 15-пунктунда көрсөтүлгөн кымбат баалуу текшерүүлөрдү кошпогондо, жүргүзүлгөн лабораториялык, диагностикалык текшерүүлөр жана дарылоо иш-чаралары үчүн кошумча акы төлөөдөн бошотулат.
8. Айрым жеңилдиктерге укуктары бар, Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү адистерден жолдомосу болгондо, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде бекитилген базалык текшерүүнүн тизмесин кошпогондо, Прейскурантка ылайык текшерүү наркынын лабораториялык, диагностикалык текшерүү жана манипуляциялар наркынын 50 процент өлчөмүндө кошумча акы төлөшөт.
9. Жеңилдиктерге укуктары жок, ошондой эле тиешелүү адистерден лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөргө жолдомосу жок жарандар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде бекитилүүчү базалык текшерүүнүн тизмесин кошпогондо, Прейскурантка ылайык кошумча акы төлөшөт.
10. Кыргыз Республикасынын жарандары, Улуу Ата-мекендик согуштун майыптарын жана катышуучуларын кошпогондо, кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөргө жана манипуляцияларга киргизилген лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрү үчүн Прейскурантка ылайык кошумча акы төлөшөт. Кымбат баалуу изилдөөлөр жана манипуляциялардын тизмеси МКПда келтирилет.
3. Стационарларда жана ЖДТБнын стационардык бөлүмдөрүндө кошумча төлөө
11. Стационарга жана ЖДТБнын стационардык бөлүмдөрүнө жаткырганда кошумча төлөө өлчөмү тиешелүү адистен жолдомо болушуна ылайык жана оорулар профилине, медициналык кызмат алууда жарандардын жеңилдиктерге укуктары болушуна ылайык бөлүнөт. Кошумча төлөө өлчөмдөрүн жыл сайын республикалык бюджет бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
12. Кыргыз Республикасынын МКП боюнча акысыз медициналык кызмат алууга укуктар бар жарандары тиешелүү адистерден жолдомосу болгондо кошумча акы төлөөдөн бошотулат.
13. Кыргыз Республикасынын МКП боюнча медициналык кызмат алууда жарым-жартылай укуктар бар жарандары тиешелүү адистерден жолдомосу болгондо кошумча акы төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өлчөмдө төлөшөт.
14. Стационарга жана ЖДТБнын стационардык бөлүмдөрүнө экстрендүү көрсөткүчтөр менен түшкөн бардык пациенттерге, экстрендүү стационардык жардам өмүрүнө коркунуч туудурган акыбалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт.
15. Экстрендүү жардам, анын ичинде оперативдүү кийлигишүү көрсөтүлүп дем алуу жана гемодинамика көрсөткүчтөрү ордуна келгенден кийин пациенттер тиешелүү адистерден жолдомосу бар адам катары бекитилген кошумча төлөм өлчөмдөрүнө ылайык кошумча акы төлөшөт.
16. Тиешелүү адистердин жолдомосу болгон учурда ооруканага пландуу жаткырууда кошумча төлөө өлчөмү МКПда каралган жарандардын жеңилдиктерге болгон укуктарына ылайык аныкталат.
17. Стационарлардын хирургиялык бөлүмдөрүнө операция жүргүзбөй жаткырганда кошумча акы төлөө өлчөмү терапиялык профилдеги кошумча төлөө өлчөмүнө теңештирилет.
18. Аз чыгымдуу хирургиялык жана гинекологиялык операцияларды жана манипуляцияларды жүргүзүү менен ооруканага жаткырганда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде бекитилген тизмеге ылайык, кошумча төлөө өлчөмү терапиялык профилге теңештирилет.
19. Керектүү консультациялар, лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзгөндүгү үчүн (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр жана манипуляцияларды кошпогондо) пациенттерден кошумча акы алууга жол берилбейт.
20. Стационарда же ЖДТБда тийиштүү адистер, лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөрдүн айрым түрлөрүн (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык текшерүүлөр жана манипуляцияларды кошпогондо) жүргүзүү үчүн шарттар жок болгон учурда алар саламаттык сактоонун башка уюмдарында жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда үстөк акы же кошумча акы пациенттен алынбайт. Акы төлөөнү жолдомо берген саламаттык сактоо уюму жүргүзөт, бул чыгашалар "Медикаменттерди сатып алууга чыгашалар" статьясы боюнча кошумча төлөө каражаттары катары эсепке алынат.
21. Тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинде бекитилген, кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү өткөрүү зарыл болгондо станционардагы дарылоодогу пациенттар, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарын жана катышуучуларын кошпогондо, изилдөөлөр үчүн акы төлөөнү бекитилген Прейскурантка ылайык өздөрү төлөшөт, же Жогорку технологиялар фондунун каражаттарынан төлөнөт.
22. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК фонду бекиткен дарылануунун орточо наркынан пациенттин дары-дармек менен камсыздоодо иш жүзүндө кеткен чыгымдар үч эсе ашып кетсе, саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-көзөмөлдөө комиссиясы пациенттин мындан аркы дарылануусу үчүн жеңилдиктерге укуктуу экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган бекиткен жобого ылайык дары-дармекке кошумча чыгашаны төлөп берүүсү тууралуу чечим кабыл алат.
23. Кыргыз Республикасынын аз камсыз болгондордун категориясына таандык жарандары социалдык коргоо органдары же айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери тарабынан берилген маалымкатты бергенде саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-көзөмөлдөө комиссиясынын чечими боюнча кошумча төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.
Аз камсыз болгондугу тууралуу маалымкатты эмне себептен көрсөтүү мүмкүндүгү жоктугун көрсөткөн жеке арызы болгон өзгөчө учурларда саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-көзөмөлдөө комиссиясы пациенттерди кошумча төлөөдөн бошотушу мүмкүн. Кошумча төлөөдөн бошотулган жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү дарылоо-профилактикалык уюмунун топтоштурулган бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
4. Кошумча төлөм жана аны кайтарып берүү тартиби
24. Ушул Жобонун 2-бөлүмүнө ылайык тиешелүү адис же стационардын кабыл алуу бөлүмүнүн жана ЖДТБнын стационардык бөлүмүнүн дарыгери берген кошумча төлөө талону кошумча төлөө үчүн негиз болуп саналат.
Медициналык кызматты акысыз алууга укуктуу пациенттер үчүн кошумча төлөө талону толтурулбайт.
25. Кошумча төлөөнү пациенттер саламаттык сактоо уюмунун кассасына төлөшөт. Пациентке төлөгөн кошумча төлөм суммасын көрсөтүү менен кассалык чек же кассалык киреше ордеринин квитанциясы берилет.
26. Пациент кошумча төлөөнү тапшыргандан кийин анын жеңилдиктерге укуктуулугу аныкталса, ошондой эле МКП алкагында медициналык-санитардык жардам алганда пациенттердин укуктарын бузуу фактылары аныкталганда кошумча төлөм пациентке кайра кайтарылып берилет.
27. Стационарда жатып дарыланган пациентти башка стационарларга которуу зарыл болгондо, же пациент каза тапкан учурда тапшырылган кошумча төлөм төмөнкү өлчөмдө кайтарылып берилет:
- пациент ооруканада бир суткага жетпей жаткан болсо - 100 пайызы;
- пациент ооруканада үч суткага жетпей жатып, диагнозун аныктоо үчүн дарыгерлердин байкоосунда жүргөн болсо - 50 пайызы.
5. Кошумча төлөм каражаттарын пайдаланууну эсепке алуу, отчеттулук, контролдоо
28. Кошумча төлөм каражаттары дарылоо-диагностикалык процессти жана пациенттердин тамактануусун камсыз кылууга байланыштуу иш-чараларга милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте пайдаланылат.
29. Кошумча төлөм каражаттарынын түшкөндүгүн жана сарпталашын эсепке алуу жана отчеттук тартибин милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
30. Саламаттык сактоо уюмдары кошумча төлөм каражаттарын пайдаланышын контролдоону милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.