Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 токтому менен бекитилген |
1. Бирдиктүү төлөөчү системасындагы саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттары жөнүндө бул Жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоодо Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобо саламаттык сактоо уюмдары жеке жана юридикалык жактарга көрсөткөн акы төлөнүүчү медициналык эмес жана медициналык кызматтын айрым түрлөрүнөн алган атайын каражаттардын түзүлүшү, пайдаланылышы тартибин эсепке алынышын жана отчеттугун, аны пайдалануу, түзүү тартибин аныктайт.
3. Саламаттык сактоо уюмдары жеке жана юридикалык жактарга көрсөткөн медициналык эмес жана Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам берүүнүн мамлекеттик кепилдиктер программасына (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) кирбеген айрым медициналык кызматтын түрлөрүнө баалардын Прейскурантын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги же анын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштеп чыгат жана бекитет.
4. Атайын каражаттар саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо булактарынын бири болуп саналат, саламаттык сактоо уюмдарынын топтоштурулган бюджетинин курамына кирет жана аларды учурдагы күтүүгө жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого жумшалат.
5. Алынган атайын каражаттар жана алар боюнча саламаттык сактоо уюмдары жасаган чыгымдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрүндө чагылдырылат.
2. Атайын каражаттарды түзүү
6. Саламаттык сактоо уюмдары юридикалык жана жеке жактарга акы төлөнүүчү медициналык эмес жана Мамкепилдиктер программасына кирбеген айрым медициналык кызматтын төмөнкүдөй түрлөрүн көрсөтөт:
- жумушка, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларга окууга киргенде, ошондой эле айдоочунун күбөлүгүн жана курал-жарак алганда жарандардын ден соолугун медициналык күбөлөндүрүү;
- үй бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик тажрыйба борборлорунда амбулаториялык деңгээлде вакуум-аспирация (эрте мөөнөттөгү кош бойлуулукту жасалма ыкма менен түшүрүү);
- декретке чыккан жарандардын ден соолугун пландуу медициналык күбөлөндүрүү (орто жалпы билим берүү уюмдарынын, бюджеттик мектепке чейинки балдар уюмдарынын кызматкерлерин кошпогондо);
- жашырын изилдөө жана дарылоо;
- стоматологиялык кызматтар (ортопедиялык, ортодонттук, хирургиялык жана терапиялык);
- сервистик медициналык эмес кызматтар (пациенттин комфорттуу шартта тейлениши, бейтаптарды жеке медициналык жана тиричилик жактан тейлөө, заказ боюнча тамактануу ж.б.);
- балдар тамак-ашын, биостимуляторлор, биокошумчалар, вакциналар, сывороткалар, кандын компоненттеринен жасалган препараттар, өсүмдүк, минерал жана жаныбарлардан алынган дары каражаттары, азыктандыруучу чөйрөлөр, медициналык багыттагы буюмдар, айыл чарба жана башка продукция өндүрүү;
- косметология кызматы;
- соттук-медициналык жана ырасым кызматтары;
- тез жардам бригадалары менен массалык-маданият иш-чараларын тейлөө;
- келишимдик негизде саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн консультациялык, маалыматтык-билим берүүчү жана башка кызматтар.
7. Атайын каражаттарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандарды кошпогондо, ошондой эле жашоого укук бере турган документи жана ММК Полиси бар адамдарга медициналык кызмат көрсөткөндүгү үчүн түшкөн каражаттар кирет. Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызмат көрсөтүү тартибин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эл аралык келишимдерге жана макулдашмаларга ылайык аныктайт. Көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн акы төлөө саламаттык сактоо уюмдарынын фактылык чыгашалары боюнча жүргүзүлөт.
8. Атайын каражаттарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык кызматка чет өлкөлүк жарандардан, ММК Полиси бар жарандарды кошпогондо, түшкөн каражаттар да кирет.
9. Атайын каражаттарга саламаттык сактоо уюмдарына демөөрчүлүк, гуманитардык жардам же белгилүү бир долбоорлорду ишке ашырууга грант түрүндө түшкөн каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан түшкөн каражаттар кирет.
3. Атайын каражаттарды пайдалануу тартиби
10. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттарын пайдалануу тартиби саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саламаттык сактоо уюмдары үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
11. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары атайын каражаттарды сарптоону Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бөлүштүрүү планынын кварталдык бөлүп беришинин негизинде жүргүзөт.
12. Отчеттук мезгилдин аягында атайын каражаттардын калдыгы, салыктык милдеттерди жана бекитилген көлөмдөн ашыкча түшкөн суммаларды кошпогондо, мамлекеттик бюджеттин кирешесине алынбайт жана саламаттык сактоо уюмунун карамагында калат.
13. Уюмдардын жетекчилери бюджеттен тышкары ишти уюштурууга, салык органдарына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө, атайын каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максаттуу колдонууга, сактоону камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат.
4. Атайын каражаттарды эсепке алуу жана отчет берүү
14. Атайын каражаттарды эсепке алууга карата Казыналыктагы эсепти тейлөө боюнча чыгашалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жана өлчөмдө саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
15. Саламаттык сактоо уюмдары атайын каражаттардын түшүүсүн жана сарпталышын эсепке алышы Казыналыктын региондук бөлүмүндө үчүн өзүнчө транзиттик эсеп ачылат.
16. Атайын каражаттарды эсепке алуу жана алар боюнча отчет берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин талаптарына жана нускамаларына ылайык жүргүзүлөт.