Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №361 токтому менен бекитилген |
Айыл чарба өндүрүшүндө пестициддерди коопсуз пайдалануу, сактоо жана топтоо боюнча НУСКАМА
Бул Нускама тийиштүү техникалык регламент кабыл алынганга чейин пестициддерди сактоодо, пайдаланууда жана ташууда эмгектин коопсуздугунун жана гигиенасынын, өндүрүштүк санитариянын, өрт коопсуздугунун, айлана-чөйрөнү коргоонун жалпы эрежелерин белгилейт жана пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүү, сатуу жана пайдалануу боюнча иш жүргүзүүчү бардык жеке жана юридикалык жактарга милдеттүү болот.
Тирүү организмге таасир этүү даражасы боюнча пестициддер төрт коркунучтуу класска бөлүнөт (ГОСТ 12.1.007-76):
1 - өтө коркунучтуу;
2 - коркунучтуулугу жогору;
3 - коркунучтуулугу орто;
4 - коркунучтуулугу аз.
Пестициддердин коркунучтуулук классы 1-таблицада көрсөтүлгөн нормаларга жана көрсөткүчтөргө жараша белгиленет.
Сырткы чөйрөнүн объекттеринде туруктуулугу боюнча пестициддер төмөнкү класстарга бөлүнөт:
- абдан туруктуу (уулуу эмес компоненттерге ажыроо мезгили - 2 жылдан ашык);
- туруктуу (уулуу эмес компоненттерге ажыроо мезгили - 0,5-2 жыл);
- туруктуулугу орточо (уулуу эмес компоненттерге ажыроо мезгили 1-6 ай);
- туруктуулугу аз (уулуу эмес компоненттерге ажыроо мезгили - 1 ай);
1 жана 2-кластагы пестициддер менен иштөө туруктуу жана атайын окуудан өткөн персоналдар тарабынан жүргүзүлүүсү керек. Алуунун, ташуунун, сактоонун жана эсепке алуунун тартиби атайын нускамалар менен жөнгө салынат.
2.1. Пестициддерди колдонуунун зарылчылыгы ар бир конкреттүү учурда негизделиши керек (агробиоценоздогу зыяндуу түрлөрдүн санын милдеттүү түрдө эсепке алуу жана алардын зыяндуулугунун экономикалык чегин аныктоо, ошондой эле альтернативдүү химиялык эмес ыкмалардын болуу ыктымалдыгын эске алуу менен).
2.2. Өсүмдүктөрдү химиялык коргоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү, Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын тизмесине (мындан ары - Тизме) киргизилген пестициддер колдонулууга тийиш.
Пестициддерди колдонуунун жогоруда аталган Тизмеде каралган нормаларын жана аларды кайталап колдонуунун санын көбөйтүүгө катуу тыюу салынат.
2.3. Пестицидди колдонуу, пестицидди тандоо тууралуу чечимди, иш-чаралардын мөөнөтүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, зыяндуу организмдердин биологиясын, ошондой эле аймактын климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өсүмдүктөрдү коргоо боюнча адис кабыл алуусу зарыл.
2.4. Өсүмдүктөрдү химиялык коргоо боюнча бардык иш-чаралар тийиштүү окуудан өткөн жана иш-чаранын жүргүзүлүшү жана анын сапаты үчүн жоопкер өсүмдүктөрдү коргоо боюнча адистин жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
2.5. Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча иштерди уюштурууга жана аткарууга катышуучу кызматкерлерди өсүмдүктөрдү коргоо боюнча адис тийиштүү окуудан өткөн адамдардан тандайт.
2.6. Жумуштардын жетекчиси мындай иштерди аткарууга тийиш:
- пестициддердин мүнөздөмөсү, алардын адамдын, малдын организмине жана өсүмдүккө таасири, этияттык шарттары, өндүрүштүк жана жекече гигиенанын шарттары менен тааныштыруу;
- атайын журналга каттоо менен коопсуздук техникасы боюнча инструктаждан өткөрүү;
- дарыгерге чейинки биринчи жардамды көрсөтүү ыкмаларын үйрөтүү.
2.7. Пестициддер менен иштөө үчүн тартылган адамдар белгиленген тартипте медициналык кароодон өтүшөт. Пестициддер менен иштөөгө 18 жашка толо элек адамдарга (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-июлундагы N 314 токтому), кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга, ошондой эле медициналык көрсөткүчү туура келбеген адамдарга тыюу салынат (1-тиркеме). Пестициддер менен иштөө үчүн атайын окуудан өткөн адамдар гана тартылат.
Пестициддер менен байланышкан жумуштардын бардык түрүнө жумушчуларга уруксат-наряд берилет (2-тиркеме).
2.8. Пестициддер менен иштөөдө жумуш күнүнүн узактыгы 6 саат (2 саат ичинде пестициддер менен байланышпаган иштерде милдеттүү түрдө кошумча иштөө).
Пестициддер менен иштеген күндөрдө чарбалар жумушчуларды сүт жана сүт азыктары менен камсыз кылышат.
2.9. Пестициддер менен иштегендер жеке гигиенаны катуу сактоого тийиш. Жумуш убагында суюктук ичүүгө, тамактанууга, алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, тамеки чегүүгө, жекече коргоо каражаттарын чечүүгө тыюу салынат.
2.10. Жумуш аяктагандан кийин, атайын жабдылган аянтта эс алуу убагында жекече коргоо каражаттарын чечип жана колду, ооз жана мурун көңдөйлөрүн таза жуугандан кийин тамактанса болот.
2.11. Эс алуу үчүн атайын аянт иштеген жерден 200 м аз эмес аралыкта жайгашуусу зарыл, ичиле турган суу куюлган идиш, жуунгуч, жуугуч каражаттар, медициналык биринчи жардамдын аптечкасы жана санитардык гигиенанын каражаттары болуусу зарыл. Ууланганда биринчи жардамды көрсөтүү үчүн керектүү аптечкалар менен камсыз кылуу:
- пестициддерди сактоо жана ташуу мезгилинде уюм, пестициддердин ээлери;
- пестициддерди пайдалануу мезгилинде - жумуштарды аткарууга жооптуу ишкана тарабынан жүргүзүлөт.
Пестициддер менен иштөөнүн бардык түрлөрүндө жетекчи жумушчулардын абалына жана өзүн кандай сезип жаткандыгына байкоо салып турат. Жумушчунун биринчи даттануусунда жетекчи аны жумушта андан ары иштөөдөн бошотууга, биринчи жардамды көрсөтүүгө жана дарыгерди чакырууга милдеттүү (3, 4-тиркемелер).
Талаада пестициддер менен иштөө
2.12. Айдоолордо химиялык иш-чараларды жүргүзүү алдын-ала байкоолорду жүргүзгөндөн жана анын зарылдыгын аныктагандан кийин гана жүргүзүлөт.
2.13. Химиялык иш-чараларды жүргүзүүдө атмосфералык абанын, суунун, топурактын жана азык-түлүктүн пестициддер менен булгануусунун алдын алуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүшү керек.
2.14. Химиялык иш-чаралар тамак-ашка жашыл (пияз, укроп, салат, петрушка, жашыл нокот, боо кызылча жана б.) түрүндө колдонулуучу өсүмдүктөргө жүргүзүлбөйт, өнүмдөрү пайда болгонго чейин гана кыртышты иштетүүгө болот.
2.15. Химиялык иш-чараларды жүргүзүүдө кыйынчылык жаратуучу процесстер максималдуу түрдө механизация жана автоматизация каражаттары менен камсыздалууга тийиш.
2.16. Химиялык иш-чараларды жүргүзүү, жүргүзүлүүчү жери, мөөнөтү, пайдаланылуучу препараттар жана колдонулуу ыкмасы жөнүндө жер пайдалануучу, чарбанын жетекчиси жергиликтүү бийликтин уюмдарын, айыл өкмөтүн, калкты, санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана ветеринардык кызматтарды кабардар кылуусу керек.
Балык чарбасынын көлмөлөрүнө жакын аймактарда препараттар колдонулган учурда алардын жетекчилерин жүргүзүлүүчү иш-чаралар тууралуу кабардар кылуу керек.
Биологиялык иш-чаралар жүргүзүлчү зоналарда пестициддер колдонулган учурда жандуу объекттерге зыян келтирбөө үчүн иш-чараларды жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн макулдашуу керек.
2.17. Пестициддер менен жүргүзүлүүчү бардык жумуштар эртең мененки жана кечки сааттарда, шамалсыз шарттарда жүргүзүлөт. Күн бүркөк, салкын жана шамал жок күндөрү аларды күндүзгү сааттарда жүргүзүүгө уруксат берилет.
2.18. Химиялык иш-чаралар жүргүзүлгөн аянттын четтерине химиялык каражаттар менен иштетүү жөнүндө эскертүүчү бирдей белгилерди коюу керек (бир белгиден башка белгиге чейинки көрүлүүчү аралыктын чегинде).
Коопсуздук белгилери аларды курчап турган фондон контрасттык түрдө айырмаланып туруусу жана даректелген элдин көрүү талаасында болуусу зарыл. Белгилер белгиленген карантиндик мөөнөттөр бүткөндөн кийин гана алынат: талаа иштерин жүргүзүү, мал жаюу жана түшүм жыйноо үчүн адамдардын иштөө мөөнөтү (химиялык иш-чаралардан кийинки түшүм жыйноо мөөнөтү Тизмеде көрсөтүлгөн).
2.19. Пестициддер менен иш-чаралар жүргүзүлгөн аянтта механикалаштырылган жана кол менен аткарылчу иштерди Тизмеде көрсөтүлгөн сунуштарга ылайык жүргүзүү керек.
Катар аралыктарын иштетүүчү өсүмдүктөргө талаада кол иштерди жүргүзүүдөн бир суткадан кем эмес убак мурда химиялык кошулмалардын буулануусун тездетүү максатында катар аралыктарын жумшартууну жүргүзүү зарыл.
2.20. Шамалдоосу начар, бийик өскөн өсүмдүктүү, пестициддер менен иштетилген аянтта кургак ысык аба ырайында талаа иштерин жүргүзүү химиялык иш-чаралардан эки жума өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
2.21. Аарыларды пестициддердин таасиринен коргоо максатында аянттарды иштетүү жерде жүрүүчү аппараттардан чачуу менен кечки сааттарда жүргүзүлөт. Мында бал челектерди иштетилүүчү аянттардан 5 км аз эмес аралыкка алып кетүү же аарыларды ал жерден чыгарбоо керек. Бактарга жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө гүлдөп турган маалында химиялык иш-чараларды жүргүзүүгө тыюу салынат.
Чакан авиация менен химиялык иш-чараларды жүргүзүү
2.22. Авиациялык-химиялык иш-чараларды жүргүзүүдө жүктөө аянты аэродромдо болуп, анын полу жылчыксыз бетон болушу зарыл. Аэродромду тандоо, даярдоо жана жабдуу колдонуудагы нускамаларга ылайык командалык-учкучтук курамдын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча чарбанын күчү менен ишке ашырылат.
2.23. Авиациялык-техникалык иштерди жүргүзүү үчүн аянтты бөлүүдө сезгич өсүмдүктөргө карата белгиленген коргоочу зоналарды, мунун ичинде кошуна чарбалардын аймагына карата зоналарды катуу сактоо керек. Эгерде шамал сезгич өсүмдүктөр жайгашкан аянт тараптан болсо, анда коргоочу тилкенин эни 100 м аз болбоого тийиш. Эгерде шамал сезгич өсүмдүктөр жайгашкан аянт тарапка болсо, анда иштетилүүчү талаа орточо уулуу препараттарды чачканда бул аянттан 500 м кем эмес алыстыкта, 2,4-Д туздары менен иштеткенде 1500 м кем эмес алыстыкта болуусу зарыл.
2,4-Д эфирлер үчүн коргоочу тилкенин узундугу 2000 м, ал эми бул препарат менен бадалдарды иштеткенде 3000 м чейин болушу керек.
Суу акваториясынын районунда иштегенде коргоочу тилкенин туурасы 3000 м кем эмес болуусу керек.
Пестициддерди пайдалануунун регламентине, айыл чарба продукциясында, топуракта, сууда пестициддин уруксат берилген чектүү өлчөмүн, ошондой эле айлана-чөйрөнү пестициддер менен булгануудан коргоо боюнча иш-чараларды бардык жер пайдалануучулардын аткаруусун контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмга жүктөлөт.
Иш аяктагандан кийин пайдаланылбаган пестициддердин калдыктары тара менен бирге өткөрүү актысын түзүү менен кампага тапшырылышы зарыл.
Жараксыз жана (же) колдонууга тыюу салынган пестициддерди жана агрохимикаттарды жок кылуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо" жөнүндө Мыйзамына ылайык химиялаштыруу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарына макулдашуу менен ишке ашырылат.
Пестициддерди алуу
2.24. Пестициддерди алууда берүүчүдөн же өндүрүүчүдөн анын ылайыктуулугун тастыктаган "Шайкештик сертификатын" (тийиштүү уюм берген) талап кылуу керек.
2.25. Рекомендацияга ылайык препараттын туура пайдаланылышын текшерүү үчүн упаковкасындагы маркировка менен кылдат таанышып чыгуу зарыл.
Бүлүнгөн, же этикеткасы жок же пломбасы бузулган тарадагы пестициддерди алууга тыюу салынат.
3.1. Пестициддер санитардык-гигиеналык талаптарга жана коопсуздук ыкмасынын эрежелерине жооп берген, типтүү долбоорлор менен курулган же ыңгайлаштырылган кампаларда гана сакталат.
Пестициддерди сактоо үчүн жертөлөлөрдү, погребдерди жана күйүүчү нерселердин кампаларын пайдаланууга тыюу салынат.
3.2. Кампа кургак, дарбазасы, эшиктери тыкыс жана кулпулары, илгичтери оң, дубалдары жана астанасы - жылчыксыз, тешиксиз, чатыры бүтүн болушу керек. Кампанын полу суу өткөрбөс жабуу менен капталышы керек.
Кампанын аймагында бошогон тараны иреттеп коюу үчүн орун жана аны зыянсыздандыруу үчүн аянт болуусу зарыл. Кампанын аймагы милдеттүү түрдө тосулушу керек.
3.3. Кампанын ичи жетишээрлик түрдө кенен жана жарык болуусу керек. Ал эки бөлүктөн турууга тийиш:
- пестициддерди сактоо жана берүү үчүн;
- жекече коргоо каражаттарын, сууну, самынды, сүлгүнү жана аптечканы сактоо үчүн (көмөкчү бөлүк).
Өзгөчө коркунучтуу пестициддерди сактоо үчүн өзгөчө кулпусу бар жана мөөр басып бекитилчү кошумча бөлмө жай болушун караштыруу керек.
3.4. Кампанын ичи текчелер, табигый же жасалма желдеткичтер (тартуучу түтүктөр, форточкалар) менен жабдылышы керек.
Кампада таразалар, ар түрдүү таразалар, калактар, тараны ачуу жана жабуу үчүн шаймандар, үлгүлөрдү алуучу шаймандар болуусу зарыл.
3.5. Кампанын ичин пестициддер менен минералдык жер семирткичтер, азык түлүктөр, жем, чарбалык маанидеги ар түрдүү материалдар жана предметтер менен чогуу сактоо үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
3.6. Пестициддин кампалары өрттү өчүрүү үчүн керектүү өрт өчүрүүчү биринчи каражаттар (өрт өчүргүчтөр, суу толтурулган челектер, кум салынган жашиктер) менен жабдылуусу керек.
Өрткө опурталдуу продукциялар сакталуучу бөлүмдүн полунун 100 квадрат метринде төмөндөгүлөр болуусу керек:
- бир өрт өчүргүч (бирок ар бир бөлмөгө ичине экиден аз эмес);
- суу толтурулган 250 литрлик челек жана эки чака;
- кум салынган жашик (0,5 куб.м) жана башка өрт өчүрүүчү шайман.
Кампада сакталуучу химикаттар көрүнөө жерде болуусу керек (өрт чыгуу опурталы болгон учурда өчүрүүчүлөр бара алышы үчүн).
Кампада тамеки чегүүгө болбойт.
Эскертүүчү белгилер жана коопсуздук ыкмалары боюнча нускамалар болуусу керек. Ошондой эле чарбанын администрациясы эскертүүчү белгилерди жана коопсуздук ыкмасы боюнча нускаманы эске алууга тийиш.
Пестициддерди кампага жайгаштырууну уюштуруу
3.7. Пестициддерди кампага жайгаштыруу алардын уулуулугу, өрт жана жарылуу коркунучтуулугу боюнча классификациясына карата, кабыл алуу, сактоо жана берүү эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
3.8. Суюк жана порошок түрүндөгү препараттарды бөлүп жайгаштыруу керек (ар түрдүү бөлүктө).
Сактоодо таранын бүтүндүгүнө өзгөчө көңүл буруу керек, анын бүтүндүгү бузулган учурда препараттарды дароо башка тарага салуу керек. Пестициддерди чачылган жана төгүлгөн түрдө калтырууга катуу тыюу салынат.
3.9. Пестициддин касиетине жана таранын түрүнө байланыштуу жайгаштыруунун эки ыкмасы колдонулат - штабелдерде (тик турган жана жалпак түпкүчтөрдө) жана текчелерде.
Дубал менен жүктүн минималдуу аралыгы 0,8 метрден кем эмес болушу зарыл, тосмо менен жүктүн ортосу - 1 метр, жарык бергич чырактар менен жүктүн ортосу - 0,5 метр. Пестициддерди үйүлгөн түрдө сактоого тыюу салынат.
3.10. Кампанын ар бир секциясындагы өзүнчө штабелдерге бир группага кирген бир түрдөгү пестициддер коюлат (бир түрдүү препараттардын штабели түзүлөт).
Бир секциядагы штабелге складдаштырылган препараттардын кээ бир группалары (гербициддер, фунгициддер, инсектициддер) туурасынан тосулган тосмолор менен бөлүнүп туруусу зарыл.
Штабелдин бийиктиги андагы механизация каражаттарына, кампанын бийиктигине, таранын жана препараттын түрүнө жараша болот.
3.11. Препараттарды мешоктордо, металл барабандарда, сыйымдуулугу 50 литрден аз челектерде, картон жана полимер кутуларда, жашиктерде, флягаларда сактаганда штабелдин бийиктиги - үч яруста болот.
3.12. Стеллаждарда штабелдер кампаны бойлото коюлат. Стеллаждарга биринчи кезекте кичине тарага салынган (сыйымдуулугу 50 литрге чейин банкалар, картон кутулар, барабандар) күчтүү таасир этүүчү жана уулуулугу жогору болгон препараттарды коюлуш керек.
3.13. От ала турган суюк пестициддер куюлган идиштерди капкагын жогору каратып этияттык менен жайгаштыруу зарыл.
Тараны ачуу үчүн учкун пайда кылуучу шаймандарды колдонууга тыюу салынат.
Упаковканы жасоого карата эрежелер
3.14. Пестициддер кампага ченемдик-техникалык документацияга ылайык келген тарада түшүүсү керек. Ар бир упаковкада төмөндөгүдөй маркалоо болуусу зарыл:
- жасаган ишкананын аталышы жана анын товардык белгиси;
- препараттын аталышы жана андагы таасир этүүчү заттын номиналдык пайызы;
- пестициддин группасы;
- коркунучтуулук белгиси;
- накта салмагы;
- партиянын номери;
- жасалган датасы;
- ченемдик-техникалык документациясынын белгилениши;
- препаратта от алуу коркунучу же жарылуу коркунучу бар болсо "Өрт коркунучтуу!" же "Жарылуу коркунучтуу!" жазуулары болуусу керек.
3.15. Тарага пестициддин ар бир группасына берилген түстөгү эскертүүчү тилкелер түшүрүлөт:
кызыл - гербициддер;
ак - дефолианттар;
кара - инсектоакарициддер жана нематоциддер;
жашыл - фунгициддер,
көк - үрөндү дарылоочу препараттар,
сары - зооциддер.
Ар бир упаковкага препаратты колдонуу боюнча нускамалар тарага тиркелет же чапталат.
Кампачынын милдеттери
3.16. Жасалма шамалдаткыч менен жабдылган кампада жумуш башталаардан мурда 30 мүнөт абаны тазалоо жүргүзүлөт, ал эми шамалдаткыч жок болсо складдын ичин желдетүү керек.
Кампада жумушту препараттардын касиетин эске алуу менен жекече коопсуздук каражаттарын пайдалануу менен гана иштөө зарыл.
3.17. Пестициддерди кабыл алууга, жазууга, сактоого жана берүүгө кампачы жоопкерчиликтүү болот: ал препараттардын уулуулук, өрт коркунучтуулук касиетин, арналышын, колдонуу эрежелерин билүүсү керек. Кампада кампачынын жана башка адамдардын болуусу, препараттарды кабыл алуу жана берүү убагына жана зарыл жумуштарды кыска убакытта аткарууда гана уруксат берилет. Кампада иштебеген башка адамдардын анын ичинде болуусуна такыр тыюу салынат.
3.18. Кампачы төмөндөгүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- пестициддерди кабыл алуу жана берүү;
- инвентаризациялоо;
- таранын бүтүндүгүнө байкоо жүргүзүү жана аны бүтөө боюнча чараларды көрүү;
- анализ үчүн үлгүлөрдү алуу жана жөнөтүү;
- кампаны жыйноо.
3.19. Кампага келүүчү жана кампадан берилчү пестициддер уюмдун мөөрү басылган, көктөлгөн жана номерленген кириш-чыгыш китебине жазылат, аны кампачы кампадагы кулпуланган столдун же шкафтын ичине сактайт.
3.20. Жылдын аягында кампада инвентаризациялык комиссиянын төрагасынын, агрономдун, бухгалтердин жана кампачынын колу коюлган калдыктарды тактоо актысын түзүү менен пестициддерге инвентаризация жүргүзүлөт.
3.21. Пестициддерди кампадан заводдук упаковкасы менен берилет, ал эми аз өлчөмдөгүлөрү препараттын сакталуусун камсыздоочу бошогон ушул пестициддердин тараларына же башка идишке салып берет. Пестициддерди кагазга же кездемеден жасалган мешокторго салып берүүгө болбойт.
Пестициддер салмагы же көлөмү боюнча гана берилет. Таразага тартууда же өлчөөдө болушуна тыкандык сакталат.
3.22. Кампанын ичин таза кармоо керек. Тазалоо зарыл болгон убакта, бирок эки жумада бир жолудан аз эмес жүргүзүлөт. Бул максат үчүн кампа чаң соруучу жана жуучу аппараттар менен жабдылышы керек.
Пестициддерди нейтралдоо үчүн кампалар дегазация каражаттары хлорлуу акиташ, кальцийленген сода жана башкалар менен камсыз болууга тийиш. Кампалар борбордук канализацияга туташкан болушу, же болбосо саркынды суулар тазалагыч курулуштарга чыгуусу керек.
3.23. Кампада сактоонун гарантиялык мөөнөтү ашып кеткен, сырткы көрүнүшү байкалаарлык өзгөргөн белгилер (суюк препараттардын коюуланышы, тунушу, порошок түрүндөгү препараттардын катууланышы) пайда болгон пестициддер бар болсо, аларды колдоноордон мурда сапатына анализ жүргүзүү зарыл. Анализ контролдоочу-токсикологиялык лабораторияда (КТЛ) жүргүзүлөт.
3.24. Эскирген пестициддерди колдонууга болбойт.
4.1. Жумуш сезону башталаардан мурда чаңдатуучу жана чачуучу бардык аппараттар толугу менен оңдолуп, себилденип жана даярдыкка текшерилүүсү керек. Атап айтканда:
а) машинанын түйүндөрүн куроонун тууралыгын текшерүү;
б) чачыратуунун жана чаң толкундарынын керектүү багытын алуу үчүн жумушчу органдардын жайгаштырылышын жөнгө салуу;
в) чачкычтарды суу, ал эми чаңдаткычтарды нейтраль порошок (жол чаңы) менен толтуруп машинанын иштешин сыноо;
г) суюктуктун сарпталуу өлчөмүн, пестициддердин дозировкасын, жумушчу эритменин чыгымын, камтуусунун энин текшерүү керек.
Жумушту баштоодон мурда чаңдаткычтардын жана чачкычтардын иштөө режимин өсүмдүктөрдү коргоо боюнча агроном аныктайт.
4.2. Иштөө үчүн машиналарда жекече коргоо каражаттары жок иштөөнүн коркунучтуулугу тууралуу эскертүүчү кыска жазуулар болуусу керек.
Пестициддер менен иштөө үчүн машиналар тейлеген кызматкерлердин кол жуушу үчүн сыйымдуулугу 5 литрден кем эмес бак менен жабдылууга тийиш.
4.3. Чачкычтардын жана башка шаймандардын негизги түйүндөрүнө жумушчу басымда ширетилген тигиштерин такылдатуу менен текшерүү жана гидравликалык сыноо жүргүзүлүүсү керек (жыл сайын жана эксплуатациялоо башталаардан мурда). Сыноонун жыйынтыгы сыналган шаймандын паспортуна жазылат.
4.4. Жумуш убагында машинанын жана аппаратуранын анчалык мааниге ээ болбогон бузулууларында чачыратуунун токтотуп, жекече коргоо каражаттарын кийип оңдоо жумуштарын жүргүзүү керек.
Орчундуу бузук болгондо машиналар жана аппараттар пестицидден бошотулуп, зыянсыздалып жана оңдоочу жерге жеткирилет. Оңдогондон кийин аларды иштөөсү жумуштук режимде текшерилет.
4.5. Машиналардын жана аппараттардын механизмдери иштеп жатканда мындай тыюу салынат:
- бурамаларды, сальниктерди, тыгыздагычтарды, каамыттарды, магистралдарды, чынжырларды жана башкаларды тартып бекитүүгө;
- басымдагы бункерлердин жана резервуарлардын капкактарын жана люктарын ачууга, насостордун кысуучу клапандарын, сактагыч жана редукциялык клапандарды ачууга;
- чорголорду жана брандспойтторду тазалоого, манометрлерди чыгарууга;
- манометри жок чачкычтарда иштөөгө;
- аэрозолдук генераторду имараттын ичинде жана ал имараттан жана башка имараттардан жана курулуштардан 5 м аралыктан жакында иштетүүгө жана токтотууга;
- кыймылдаткыч иштеп жатканда резервуарларды күйүүчү май жана жумушчу эритме менен толтурууга, аэрозолдук генераторду жүргүзүп жана токтотуп жатканда сопласынын жанында турууга.
4.6. Тракторлордун жана машиналардын кыймылдоочу жана айлануучу бөлүктөрү капчык (кожух) менен тосулуусу керек.
4.7. Машиналарга эритмелер алар толук токтотулгандан кийин жана атайын жабдылган гана жерде куюлат.
4.8. Химиялык коргоо боюнча машиналарды, механизмдерди, асынма аппараттарды жана башка приборлорду башка чарбалык муктаждыктарга пайдаланууга тыюу салынат.
5.1. Айыл чарба өсүмдүктөрүнө чачуу, чаңдатуу жана аэрозолдук иш-чаралар жердеги жана авиациялык аппараттар менен жүргүзүлөт.
5.2. Өсүмдүктү жердеги аппаратуралар менен чаңдатууга шамалдын ылдамдыгы секундуна 3 метрден ашпаса; шамалдатуучу (майда тамчылуу) чачкычтар менен чачыратууга шамалдын ылдамдыгы секундуна 3 метрден ашпаса жана (ири тамчылуу) шамалдатуучу чачыраткыч менен шамалдын ылдамдыгы 4 секундда 4 метрден ашпаса уруксат берилет. Штангалуу трактордук чачкычтарды колдонуу менен чаңдатуу шамалдын ылдамдыгы секундда 4 метрден ашпаса (майда тамчылуу) жана шамалдын ылдамдыгы секундуна 5 метрден ашпаса (ири тамчылуу) чаңдаткыч менен чачыратууга уруксат берилет. Авиациялык чаңдатууга - шамалдын ылдамдыгы секундда 2 метрден ашпаса, авиациялык чачууга - шамалдын ылдамдыгы секундда 3 метрден ашпаса уруксат берилет.
5.3. Айдоолорду авиачаңдатууну, авиачачууну жана аэрозолдук иштетүүлөрдү калктуу пункттардан, короо-жайлардан, мал сарайлардан, кушканалардан, суу менен камсыздоо булактарынан 1000 метрден жакын жана балык чарбалык көлмөлөрдүн жээктеринен 2000 метрден жакын аралыкта жүргүзүүгө тыюу салынат.
Республиканын пахтачылык аймактарында калктуу пункттардан авиахимиялык иштетүүлөр жүргүзүлүүчү жерлерге чейинки аралыкты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ар бир конкреттүү учурда жергиликтүү шарттарды эсепке алуу менен Республиканын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгерине макулдашуу боюнча аныктайт. Биологиялык контроль жүргүзүлүүчү жерлерде пестициддерди пайдаланууга тыюу салынат.
5.4. Балык чарбалык көлмөлөрдө жана сугат каналдарында жана аларга жакын жерлерде суу өсүмдүктөрүн жок кылуу, ошондой эле сууну коргоо зоналарында карантиндик объекттерди жана чегирткелерди чектөө үчүн пестициддерди колдонуу өсүмдүктөрдү коргоо кызматынын жана балык чарбалардын ээлеринин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
5.5. Талааларды трактордук чачкычтар жана чаңдаткычтар жана кол аппаратуралар менен химиялык иштетүүдө препараттын жумушчу толкундарына туш келип калбас үчүн жумушчулар шамалдын кетүүчү жагында болууга тийиш.
5.6. Жумушчу эритмелерди бетондолгон атайын эритме түйүндөрүндө же жүктөө аянттарында даярдоо керек; убактылуу аянттарды уюштурууда кыртыш тапталат. Эритиндилерди куюучу аянттар химиялык иш-чаралар жүргүзүлө турган талаага жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө жараша тандалат. Аянттарда төмөндөгүлөр болууга тийиш: жумушчу эритмелерди даярдоо үчүн аппаратура, суу толтурулган резервуарлар, жылчыксыз капкактуу бактар жана чачкычтын резервуарын толтуруу үчүн жабдыктар (насос, шлангдар), таштары менен таразалар, майда жабдыктар, метеорологиялык приборлор, ошондой эле аптечка, самын, сүлгү, кол жуугуч.
5.7. Жумушчу эритмени даярдоого чейин жана аны чачкычтын идишине (бак) толтураардан мурда препараттардын аталышына жана арналышына дал келүүсүн дагы бир жолу текшерүү керек. Жумушчу эритменин сапаты да милдеттүү түрдө такай текшерилип турууга тийиш (жумушчу эритменин концентрациясынын тууралыгы).
5.8. Жумушчу эритмени даярдоо боюнча жумуштарды баштоонун астында аралаштыргычтардын оң абалда экендигин, бактарда чыпкасынын бар экенин жана аралаштыргычтын абалын текшерүү керек.
5.9. Иштеп жаткан жерге пестициддерди жеткирүү жана чачкычтарды жумушчу эритме менен толтуруу атайын же атайын ыңгайлаштырылган куйгучтардын жардамы менен аткарылат. Идиштердин толушу деңгээл ченегич менен гана текшерилет. Капкакты ачууга жана толушун көз менен карап текшерүүгө, ошондой эле чачкычты чыпкасыз толтурууга тыюу салынат.
Чачкычтын жана чаңдаткычтын идишин толтурууда шамалдын ыктоо жагында туруу керек. Пестициддин бут кийимге, кийимге жана дененин ачык жерлерине түшүүсүнө жол бербөө керек. Жумушчулардын денелеринин ачык бөлүктөрүнө кокустан пестицид түшүп калса аны тезинен кебез тампон менен тазалап, андан кийин бул жерлерди самындуу суу менен жууш керек.
5.10. Аянттагы препараттардын саны пайдалануунун бир күндүк ченеминен ашпашы керек. Препараттардын тарасынан сырткары, аянтчада суусу жана өчүрүлгөн акиташ менен идиштер болуусу зарыл. Пайда болгон саркынды суулар, таштандылар жана булганган топурак айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо органдары менен макулдашылган жерге алынып чыгышы керек.
5.11. Пестициддерди жана алардан жасалган жумушчу эритмелерди кайтаруусуз калтырууга тыюу салынат.
5.12. Талааларды иштетүүдө машиналардын иштөөсүн, алардын чачуучу жана чаңдатуучу аппараттарын, пестицидди сарптоонун белгиленген өлчөмү сакталышын, ошондой эле, чачкычтын идишинин (түбүндө) тунма пайда болбошу үчүн аралаштыргычтын иштешин жакшылап кароо зарыл. Жумушчу эритме же дуст көп өлчөмдө чачылып кетпеши керек. Жумуш убагында чаңдаткычтар жана чачкычтар бүтөлүп калса химиялык иштетүүнүн сапаты начарлаарын унутпоо зарыл.
5.13. Жумушчу зонадагы пестициддердин концентрациясы уруксат берилген чектен ашпашы керек.
6.1. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү жана отургузулуучу материал пестициддер менен дарыланууга тийиш.
6.2. Үрөндү дарылоодон мурда себүү үчүн керектүү үрөндүн өлчөмүн эсептеп алуу зарыл. Үрөндү дарылоого эгүү кондициясына жеткирилген үрөндөр алынат.
6.3. Үрөндү дарылоо атайын бул максат үчүн арналган, желдеткичи бар имараттарда (кампалар, механикалаштырылган үрөн дарылоочу пункттар) же тосулган атайын ачык аянтчаларда, ал эми жамгырда - бастырманын алдында жүргүзүлөт. Үрөндү дарылоочу пункттар калк жашаган имараттардан, суу булактарынан, мал короолордон, азык-түлүктү, тамак-ашты, жемди сактоочу жайлардан, тамактануучу жана суу ичүүчү жайлардан 200 метрден аз эмес аралыкта жайгашуусу зарыл.
6.4. Үрөндү дарылоо ашыкча титиребеген жана атмосферага пестициддерди чаңдатпаган оң агрегаттарда жана заводдо жасалган машиналарда гана жүргүзөт. Үрөндү кол менен аралаштырып же оодарыштырып дарылоого такыр болбойт.
6.5. Дарыланган данды тамакка колдонууга, үй жаныбарларына жана канаттууларга жем үчүн берүүгө катуу тыюу салынат.
6.6. Дарыланган данды пестициддерден арылтуу үчүн жуушка, желдетүүгө, тазалаганга, ошондой эле аны дарыланбаган дан менен аралаштырууга, эгин кабыл алуучу пункттарга тапшырууга же башка жол менен сатууга катуу тыюу салынат.
6.7. Дарыланган үрөндөр себүү үчүн чарбанын жетекчисинин же анын орун басарынын буйругу боюнча жооптуу адамга гана берилет. Берүү документ-накладной менен таризделет.
6.8. Дарыланган данды эгилчү жерге тыгыз кездемеден, синтетикалык пленкалардан тигилген, "Дарыланган" же "Ууланган" деген жазуусу бар каптарга, крафт-каптарга же үрөн сепкичтердин брезент кездеме же капкак менен жабдылган автожүктөгүчтөрүндө гана салып жеткирүүгө уруксат берилет.
6.9. Дарыланган дан же анын бошогон идиши (тарасы) салынган транспорт каражатта адамдарды ташууга катуу тыюу салынат.
6.10. Дарыланган жана коргоочу-стимулдаштыруучу заттар менен иштетилген үрөндөрдү кошумча иштетүүгө (тазалоо, ылгоо, калибровка жана башка ыкмалар) тыюу салынат.
6.11. Себүүдө үрөн салгыч жашиктин капкагы тыгыз жабылышы керек. Үрөн сепкичтеги дарыланган үрөндүн деңгээли күрөк менен гана тегизделет.
6.12. Эгүүнү бүткөндөн кийин пайдаланылбаган дарыланган үрөндөр (арналышы боюнча сатууга мүмкүн болбогон учурда) акт боюнча кампага тапшырылат жана пестициддерди сактоонун эрежесине ылайык келерки жылдын эгүү мезгилине чейин сакталат. Дарыланган үрөндөрдү сактоо үчүн жооптуу болуп кампачы эсептелет, ал сакталуучу жана берилүүчү үрөндөрдүн эсебин жүргүзөт.
7.1. Родентициддер - күчтүү таасир этүүчү, уулуулугу жогору пестициддер, адам жана ысык кандуу жаныбарлар үчүн коркунучтуу, ошондуктан коопсуздук эрежелерин жана препараттын керектөө өлчөмүн айрыкча катуу сактоо зарыл.
7.2. Ууланган азыктарды даярдоодо препараттардын сунушталган концентрацияларын айрыкча так сактоо керек. Эгерде азыкты ууландыруу үчүн керек болгон уунун өлчөмүн азайтса, анда анын натыйжасы күтүлгөндөн аз болот, препараттын көп өлчөмү пайдалуу жаныбарларга жана канаттууларга зыянын тийгизиши мүмкүн.
7.3. Химиялык иштетүү жүргүзүлө турган жерлердин аянты жана курамы, аны жүргүзүүнүн ыкмалары, родентициддерге, ууландырылган азыктарга, ошондой эле машиналарга, инвентарларга жана жумушчу күчкө болгон керектөөлөрдү аймакка байкоо жүргүзүүнүн, кемирүүчүлөрдүн санынын эсебинин жыйынтыгынын жана мурда жүргүзүлгөн иш-чаралардын техникалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде аныкталат.
7.4. Ууландырылган азыктарды желдеп туруучу шкаф менен жабдылган, цемент же керамика плитка менен полдонгон атайын бөлүнгөн имаратта же атайын аянтчаларда даярдашат.
7.5. Ууландырылган азыктарды даярдоочу пункттарда жекече коргоо каражаттарын, жуунуучу, эс алуучу, тамактануучу жана суу ичүүчү жай (бастырма, чатыр) даярдалышы, дарыгерге чейинки биринчи жардамды көрсөтүүчү аптечка менен жабдылышы керек.
Пункттар суюктуктун керектүү көлөмүн кабыл алып жана андан ары тазалап, зыянсыздандырууга ылайыктуу канализация системасы жана тазалоо курулуштары менен камсыз болушу керек.
Эс алуучу, тамактануучу жана суу ичүүчү жай аянттан 200 метрден аз эмес аралыкта шамалдын багытына каршы тандалат. Ичүүчү суу чоргосу бар ана кулпу менен бекитилчү капкагы бар атайын идиште жеткирилет.
7.6. Ууландырылган азыктарды даярдоо жана колдонуу боюнча жумуштардын коопсуздугун камсыздоо үчүн механикаланган, ал эми алар жок учурда ошол жерде жасоого мүмкүн болгон жабдыктарды пайдалануу керек.
Аралаштыргычта же башка идиште даярдалган ууландырылган азык каптарга, брезентти үстүнө, пластмасса пленкага төгүлөт.
7.7. Ууландырылган азыкты талаа станында даярдоодо жумушчулар шамалга капталынан туруулары керек: мында уулуу чаң, буулар жана газдар башка тарапка кетет. Күн сайын жумуштан кийин бардык жумушчулар душка түшүшү зарыл.
7.8. Ууландырылган азыктарды авиациялык ыкма, атайын машиналар, жер семирткичтерди чачуучу машиналар менен чачат. Ууландырылган азыктарды чачууда же коюуда дозалык өлчөмдөр (кашыкчалар, күрөкчөлөр, кружкалар) колдонулат.
7.9. Ууландырылган азыктардын ашыкчасын сактоо үчүн пестициддердин негизги складына же кемирүүчүлөргө каршы күрөш жүргүзүүчү башка чарбага тилкат менен тапшырат. Андан ары пайдаланууга мүмкүн болбогон кокустан төгүлгөн ууландырылган азыктарды жана анын калдыктарын айлана чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин макулдашуусу менен атайын бөлүнгөн жерге көмүү үчүн алынып чыгышы керек.
7.10. Ууландырылган азыктарды чачуунун аянты, анын чек аралары жана мөөнөттөрү айлана-чөйрөнү коргоо органы менен макулдашылат.
7.11. Калктуу пункттардын, мал чарба фермаларынын жана комплекстеринин, пайдалуу жапайы жырткычтардын жана канаттуулардын топтолгон жерлеринин тегерегинде 300 метрден кем эмес радиуста ууландырылган азыктарды тик ийиндерге же жашиктерге гана коюуга болот.
Бактарда, токой массивдеринде жана алардын 300 метр радиустагы айланасында уулуу касиетин талаа шарттарында узакка сактаган дарыланган азыктарды коюуга болбойт.
7.12. Азгыруучу жемдерде родентициддерди:
- коруктардын аймагында жана алардын коргоо зоналарын белгилеген чектерде;
- сууда куштарынын жазгы жер которуп учуу мезгилинде жана алардын массалык учуу жолдорунда колдонууга тыюу салынат.
7.13. Иш-чара жүргүзүлгөн аймакта 20 күнгө чейин малды жаюуга болбойт.
7.14. Иш-чара жүргүзүлгөн аймакта чөп чабууга 20 күндөн кийин уруксат берилет.
7.15. Родентициддерди колдонгондон кийин дан эгиндеринин түшүмүн жыйноого 10 күндөн кийин уруксат берилет.
7.16. Жумуштар бүткөндөн кийин ууландырылган азыктарды даярдаган, катуу нерсе төшөлбөгөн аянтты кыртышты 25 см кем эмес тереңдикте коңторот. Коңторулган жердин үстүнө өчүрүлгөн акиташ төгүлөт. Катуу нерсе төшөлгөн аянтты төгүлгөн ууландырылган азыктан тазалайт жана 2 процент кальцийленген соданын же 5 процент өчүрүлгөн акиташтын эритмеси менен, андан кийин суу менен жууйт.
8.1. Өзгөчө коркунучтуулугуна байланыштуу фумигациялоо боюнча бардык жумуштарды атайын даярдыктан өткөн жана тажрыйбалуу адистер жүргүзүшөт. Бүт газдалчу объекттер фумигация боюнча жумуштардын башталышынан аягына чейин сутка бою кайтарылат. Кемирүүчүлөрдүн ийиндерин фумигациялоо боюнча жумуштар гана кайтарылбайт. Фумигация боюнча жумуштарды бригада уруксат берүүчү тапшырма таризделгенден кийин гана жүргүзүүгө тийиш.
8.2. Жылчыксыздыктын талаптарына дал келген жана эл жашаган үйлөрдөн 50 метрден жана өндүрүштүк, кызматтык имараттардан 30 метрден аз эмес аралыктагы жайгашкан имараттарга гана газация жасаса болот. Газацияны жүргүзүүгө арналган жаңы объекттер эл жашаган үйлөрдөн 200 метрден жана өндүрүштүк имараттардан 300 метрден кем эмес аралыкта курулуусу керек. Эгерде жумуштардын объекти бул талаптарга дал келбесе, саламаттыкты сактоо органдарынын өкүлдөрү катышкан комиссия жергиликтүү шарттарга жараша ал жерде адамдардын жана үй жаныбарларынын коопсуздугун толук кепилдеген кошумча этияттык иш-чараларды аткаруу менен андан аз аралыкта фумигация жүргүзүүгө уруксат бериши мүмкүн. Керек болгон учурда фумигация убагында адамдарды жана малды коркунучтуу зонадан алып чыгуу керек. Коргоочу зоналардын чегине бирдей эскертүүчү белгилер илинет.
8.3. Имараттын ичинде 10 Цельсия градусунан төмөн эмес жана 35 Цельсия градусунан жогору эмес абанын температурасында фумигация жүргүзүүгө уруксат берилет. Ысык убакта газацияны таңкы сааттарда жүргүзүшөт. Эгерде шамалдын күчү 7 метр/секунддан жогору болсо, объектти фумигациялоого болбойт.
8.4. Фумигациядан мурда бардык объекттердеги жылчыктар бекитилет, мештин каалгасы жана ачык жерлери ылай менен шыбап бүтөлөт, терезенин бош рамалары айнектелет. Кирүүчү эшиктен башка бардык каалгалар жабышкак тасма же кагаз менен чапталат же ылай менен шыбалат.
8.5. Фумигацияланчу запастар же жүктөр зарыл болсо газдын кирүүсүн жакшыртуу үчүн алдын ала кайрадан тизилет. Фумигациянын алдында имараттын ичинен суу, суусундуктар, азык-түлүк продуктылар, химикаттарды милдеттүү түрдө алып чыгылат.
8.6. Коопсуздук максатында фумигацияны 3 кишиден турган бригадалар жүргүзөт (звенолордун саны аянтка жараша аныкталат).
8.7. Ачык абада топуракты ди-хлорэтан жана формалин менен фумигациялоодо жумушчулар шамалдын багытына карай жүрүүгө тийиш.
8.8. Газация жүргүзүлүүчү аймакта ачык отту пайдаланууга катуу тыюу салынат. Газация жана дегазация боюнча жумуштарды аткарууда тамактанууга, тамеки чегүүгө тыюу салынат. Газация зонасынын чек арасында тыюу салуучу коопсуздук белгилери илинет.
8.9. Объекттин газдалуу убагы аяктагандан кийин аны шамалдатуу жолу менен дегазация жүргүзүшөт. Чоң объекттер жана калк жашаган зонадагы объекттер газдын чоң өлчөмү атмосферага дароо чыгып кетишин болтурбоо үчүн акырындык менен дегазацияланат. Имараттын ичин дегазациялоодо атмосфералык абада зыяндуу заттардын болушу атмосфералык аба үчүн белгиленген уруксат берилген концентрациянын чегинен ашпашы керек. Жай мезгилинде түнгө карата бардык терезелер жана эшиктер жабылат, ал эми эртең менен күндүзгү убакка кайрадан ачылат. Желдеткичи бар имараттарда дегазацияны тездетүү үчүн ал мезгил-мезгили менен иштетилет. Суук мезгилде сырткы абанын температурасы 15 Цельсия градустан төмөн болсо эшик жана терезелерди жаап, имараттын ичиндеги температураны газация убагындагы температурадан 2-5 Цельсия градуска жогорулатыш керек, андан кийин имараттын ичин фумигант толук чыкканга чейин желдетүү керек.
8.10. Дегазациянын аякташын иштин жетекчиси белгилейт, фумигация жүргүзүлгөн имараттын ичиндеги газдын калдык концентрациясын кылдаттык менен текшергенден кийин объектти пайдаланууга жазуу жүзүндө уруксат берет. Текшерүүнү күндүзгү сааттарда айыл чарба продукциясын зыянсыздандыруу боюнча атайын нускамаларда каралган ар бир фумигант үчүн каралган ыкмалар менен жүргүзүшөт. Дегазациянын толуктугун текшерүүгө 2 саат калганга чейин имарат жабык болуусу зарыл.
8.11. Эгерде объектти фумигациялоодо кандайдыр бир продукция газацияланса (дан кампалары, камералары) дегазацияны узагыраак мөөнөткө жүргүзүү зарыл.
8.12. Фумигацияны газ-баллондук ыкма менен иштетүүдө жумушчулар Басым алдында иштеген идиштерди орнотуудагы жана эксплуатациялоодогу коопсуздук эрежелерин катуу сактоого тийиш. Баллондорду ташууда капкактарын бир тарапка карата тизип жана ишеничтүү бекемдөө зарыл. Баллондорду жүктөөдө жана түшүрүүдө катуу кыймылдагандан, жыгылуудан жана урунуудан сактоо керек. Аларды транспорт каражаттан капкагын ылдый каратып түшүрүүгө жана вентилинен кармап ташууга тыюу салат. Кампада баллондор тик абалда, башмак-түпкүчтөрдү пайдаланып, 25 Цельсия градустан ашпаган температурада сакталат. Ысык мезгилде ташыганда баллондор ысып кетпеш үчүн сууланган брезент менен жабылат. Газациянын алдында баллондордун вентилдери оң экени текшерилет. Эгерде капкак кол менен буралбаса, аны гайкалык ачкыч менен бурайт. Баллонду эч качан балка менен урууга болбойт.
Челектерди сакталган фумиганттарды пайдаланууда аларды атайын ачкыч менен ачуу керек. Капкактарды ысытууга жана аларды катуу предмет менен урууга болбойт.
8.13. Имараттын ичин аэрозольдор (бош кампалар, эгин сактагычтар, мал короолор, фермалар) менен иштетүүдө, аларды жылчыксыздоо жана газактивдик механикалык тазалоону жүргүзүү керек. Фермадагы, мал короодогу ноолор, мал суу ичүүчү идиштер же башка туруктуу жабдуулар аэрозоль отуруп калбас үчүн пленка менен тыгыз жабылышы керек.
8.14. Фумиганттар жана аэрозоль препараттар менен иштөөдөгү коопсуздук ыкмалары боюнча кошумча чаралар ар бир препаратты колдонуу боюнча нускамаларда каралган.
9.1. Тери, дем алуу органдары жана былжырлуу чел кабыктар аркылуу организмге пестициддердин кирүүсүнөн сактануу үчүн химиялык заттар менен иштегендердин баары жекече коргоо каражаттары менен камсыздалууга тийиш.
9.2. Атайын кийим, бут кийим сактануучу жабдыктарды бекер берүүнүн ченемдерине ылайык ар бир жумушчу иштин бүткүл мезгилинде жекече коргоо каражаттарынын комплекти: атайын кийим, атайын бут кийим, респиратор, противогаз, коргоочу көз айнектер, мээлей же кол кап менен камсыздалышы керек. Противогаздарга жана респираторлорго алмаштыруучу кутулар жана патрондор берилет.
9.3. Жекече коргоо каражаттарын тандоо пестициддердин уулуулук касиетин, алардын препараттык формасын (суюк, катуу ж.у.с), эмгектин шарттарын, ошондой эл ар бир жумушчунун боюна жана бут кийиминин өлчөмүнө ылайык жүргүзүлөт. Жекече коргоо каражаттарын тандоо пестициддер менен иштөөгө жоопкерчиликтүү кызматкерлерге жүктөлөт.
9.4. Жекече коргоо каражаттары ичи таза, кургак жайда өз-өзүнчө шкафтарда сакталуусу зарыл. Пестициддерди сактаган жайда жекече коргоо каражаттарын сактоого тыюу салынат. Атайын кийимди жана атайын бут кийимди жумуштан кийин кийип жүрүүгө такыр болбойт.
9.5. Айыл чарба ишканаларынын жана уюмдарынын администрациялары атайын кийимдин, бут кийимдин жана башка жекече коргоо каражаттарынын берилишин, сакталышын, жуулушун жана зыянсыздалуусун камсыздоого милдеттүү. Жекече коргоо каражаттарынын бар же жоктугун дайыма текшерип туруу зарыл. Жекече коргоо каражаттары менен камсыздалбаган кайсы ишкана болсо көрсөтүлгөн талаптарга дал келбесе, анда өзүнүн лицензиясын алдырат.
9.6. Организмди пестициддердин дем алуу органдары аркылуу кирүүсүнөн сактоо үчүн төмөнкүлөрдү пайдалануу зарыл:
- тийиштүү патрондору менен противогаздык респираторлор;
- универсал респираторлор;
- алмаштыруучу кутулары бар өнөр жайлык респираторлор;
- чаңга каршы респираторлор.
9.7. Дем алуу органдары аркылуу организмге пестициддердин кирүүсүнөн сактануу үчүн чаң препараттар менен иштегенде (кутусун ачканда, чаңдаткычтарга жүктөгөндө, чаңдатканда, үрөндү дарылаганда, дарыланган үрөндү сепкенде, ошондой эле коркунучтуулугу аз препараттарга кирген пестициддерди чачканда чаңга каршы Ф-62Ш, У-2, "Астра-2", "Лепесток" тибиндеги сертификатталган респираторлорду пайдаланууга болот.
9.8. Уулуулугу жогору препараттарды колдонуп чаңдатканда, чачканда, үрөндү дарылаганда (коркунучтуулугу жана учуп кетүү көрсөткүчтөрү боюнча 1 жана 2-топтогу) противогаздык патрондору бар "РУ-60М" жана "РПГ-67" респираторлорду пайдалануу керек.
9.9. Жогоруда көрсөтүлгөн респираторлор жана алардын патрондору жок болгон убакта, аталган заттар менен, айрыкча алардын концентрацияланган формалары менен иштөөдө тийиштүү маркадагы коробкадагы, аэрозолдук чьшкалар (кутуда тик ак тилке) менен жабдылган өнөр жайлык противогаздар пайдаланылууга тийиш.
9.10. Жумуштарды жүргүзүүгө милдеттүү кызматкерлер ар бир противогаздык коробкага же патрондун респираторуна паспорт тариздеши керек. Паспортто экуплуатациялоонун шарттары (препараттардын жана алардын аралашмаларынын аттары, колдонуу ыкмалары, иштеген сааттардын саны, жасалган күнү) белгилениши керек.
9.11. Иштетилген респираторлордун патрондору, респираторлордун чыпкалары, коробкалары жана противогаздардын коробкалары сактоочу таасиринин мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле масканын астында пестициддин жыты пайда болгондо, өз убагында алмаштыруу керек. Иштетилген чыпкалар, патрондор, жана коробкалар бул максатка бөлүнгөн жерлерде жок кылынууга тийиш.
9.12. Тери жана былжырлуу чел кабыктар аркылуу организмге пестициддердин кирүүсүнөн коргоо үчүн атайын кийим, кол каптар жана мээлейлер же коргоочу көз айнектер пайдаланылат.
9.13. Чаң сымал препараттар менен иштегенде чаңдан сактоочу атайын кездемеден тигилген атайын кийимди, комбинезондорду колдонуу керек.
9.14. Суюк препараттар менен иштегенде (суюк жумушчу эритмелерди даярдоо, чачкычтарга жумушчу эритмени толтуруу, чачуу ж.у.с.) атайын зат сиңирилген кездемеден тигилген, фартуктуу жана каптама материалдан мээлейлери менен комбинезон колдонулушу керек.
9.15. Жабык жайларды, себилүүчү жана азык-түлүк материалдарын, тараны жана сырьену фумигациялаганда, ошондой эле аларды дегазациялаганда атайын кийим катары хлорвинил менен жабылган кездемеден тигилген комбинезондор жана ич кийимдердин комплекти колдонулушу керек.
9.16 Эмульсия концентраттары, пасталар, эритмелер жана пестициддердин башка суюк формалары менен иштегенде резина мээлейлер, чаң түрүндөгү пестициддер менен иштегенде - пленка менен капталган жана кислотадан коргоочу зат сиңирилген текстиндик алаканчалары менен пахтадан кол каптар колдонулат.
Медициналык резина мээлейлерди пайдаланууга болбойт.
9.17. Чаң сымал препараттар менен иштегенде атайын бут кийим катары брезент бахилдер, суюк препараттар менен иштегенде - резина өтүктөр, пестициддердин кампаларында - атайын тери бут кийим колдонулат. Ысык түштүк райондордо жумушчу эритмелерди даярдагадан башка учурларда чаңдатууда жана чачууда кирза өтүкчөн иштөөгө уруксат берилет.
9.18. Пестициддерден көздү коргоо үчүн "ПО-2" (ПО-3) жылчыксыз көз айнектерди колдонуу керек. Айнектин тердебеши үчүн пленка клершайбаларды (коргоочу көз айнектин ичине салынат), ГЭЖЭ тибиндеги карандаштар же ПК-10 суюктук колдонулат.
9.19. Ар бир иш нөөмөт аяктаганда коргоочу каражаттарды тазалоо керек. Аларды төмөнкүдөй ырааттуулукта чечүү керек: резина мээлейлер колдон чечпей туруп зыянсыздоочу эритмеде (кальцийленген соданын 3-5 процент эритмесинде, акиташ эритиндисине) жуулат, анан сууга жуулат; өтүктү, комбинезон, коргоочу көз айнек жана респиратор чечилет; мээлейлерди кайрадан зыянсыздоочу эритмеде жана сууда жууйт да, ошондон кийин чечилет.
9.20. Ар күнү жумуштан кийин атайын кийимди силкүү, күбүү же чаң соргучтун жардамы менен чаңдан тазалоо зарыл. Чаңдан тазаланган атайын кийимди шамалдатуу жана кургатуу үчүн бастырманын астына же ачык абага 8-12 саатка илип коюу керек.
9.21. Пестициддерден механикалык жол менен тазалагандан сырткары атайын кийим кирдегенине жараша мезгил-мезгили менен, бирок 6 иш нөөмөттөн көп эмес аралыкта жуулуп жана зыянсыздалып турушу керек.
10.1. Пестицид менен булганган айыл чарба машиналары, склад жабдуулары жана транспорт каражаттары зыянсыздалууга тийиш.
Зыянсыздандыруу боюнча бардык иштер химиялаштыруу пунктунун, кампасынын аймагында ачык абада атайын жабдылган аянтчаларда, эстакадаларда же атайын жакшы желдөөчү имараттарда жүргүзүлөт.
Бул жумуштарды жасалма көлмөлөрдүн, көлдөрдүн, дарыялардын, арыктардын жээктеринде ж.у.с жерлерде жүргүзүүгө катуу тыюу салынат.
10.2. Машиналар, жабдуулар жана аппараттар (жумушчу эритмелерди даярдоо жана жүктөө үчүн чачкычтар, аэрозолдук генераторлор, чаңдаткычтар, көчмө жана стационар агрегаттар) төмөнкү учурларда зыянсыздалат:
- башка химиялык химиялык препарат менен иштөө алдында;
- оңдоо алдында;
- жумушчу органдарды алмаштыруу алдында;
- пландуу техникалык тейлөөнүн алдында;
- шиналарды убактылуу сактоого коюунун алдында;
- абдан же авариялык кирдегенде;
- пестициддери ташуу үчүн убактылуу бөлүнгөн автомобилдерди транспорттук жана башка максаттар үчүн кайрадан жабдыганда;
- консервациялоо алдында;
- пестициддер менен иштөө жумуштары аяктагандан кийин.
10.3. Атайын аянтчалар химизация пункттарына жана пестициддердин кампасына жакын, бетон (милдеттүү түрдө!) жабуу менен жабылган жана кир суулардын топтолушу үчүн чуңкуру бар жумушчу эритмелерди даярдоочу пункттарда жайгашуусу зарыл. Аянтча жуучу каражаттарды даярдоо үчүн идиштер, жуучу каражаттарды берүүчү насос, суу түтүктөрү, түтүктөр, зыянсыздоочу жана жуугуч каражаттар менен жабдылышы зарыл.
10.4. Пестициддерди ташуу үчүн транспорт, ошондой эле аларды колдонуу үчүн аппаратура зыянсыздандыруу үчүн каражаттарды (10 процент ДИАС, 25 процент хлорлуу акиташ) чачуу менен бир айда эки жолудан кем эмес зыянсыздалат.
10.5. Зыянсыздандыруунун технологиясында алгач үстү жагын чаң соргуч менен тазалоону, бардык резина түтүктөрдү жана чачыратуучуларды чечүүнү, андан кийин аппаратуранын, машинанын жана идиштин үстүндөгү жабуусун жумушчу эритме менен 40-50 мүнөт тазалоо каралат. Резина шлангдар жана чачыраткычтар жуучу эритмеси бар идишке салынат, мында эритме активдүү аралаштырылат. Көрсөтүлгөн убакыт өткөндө зыянсыздоочу заттарды агып кеткен сууга жуулат.
10.6. Пестициддерден бошогон кагаз же жыгач тараны саламаттык сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо органдарына макулдашуу менен бөлүнгөн атайын аянтчада өрттөө керек. Сырты таза жана тыгыз жабылган темир тараны складка кайра берүү керек.
10.7. Хлор, фосфорорганикалык, фенолдук жана башка препараттар менен булганган тара (металл челек, канистра, барабан) каустик содасынын 5% эритмеси (бир чака сууга 300-500 гр.) менен зыянсыздалат. Тараны бул эритме менен толтурат жан 6-12 саатка калтырат, андан кийин суу менен көп жолу жууйт.
10.8. Тараны зыянсыздандыруу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн каражаттардын бирөө пайдаланылат: хлордуу темирдин 20 процент эритмеси, калийдин марганец кычкылынын 0,2 процент эритмеси, кычкылданган туз кислота (1 литр сууга 5 мүлктү), хлорлуу акиташ ботко (4 л сууга 1 кг). Тараны эритме менен толтурат жана 5-6 саатка калтырат. Андан кийин 1 процент калийдин марганец кычкылынын эритмеси менен жууйт. Бир сутка өткөндөн кийин тараны самындуу жылуу суу менен жууйт (соданын 5 процент эритмесиндеги самындын 4 процент эритмеси).
10.9. Кирдеген челектер жакшы желдетилет, андан кийин бирдей катышта алынган натрийдин күкүрт кычкылынын 10 процент эритмесин жана кальцийленген соданын 5 процент эритмеси менен иштетилип, челек бир суткага коюлат, андан кийин суу менен жууйт.
10.10. Карбамат пестициддер салынган челек туз кислотасында кычкылданган 1 процент калийдин марганец кычкылынын эритмеси (1 литрге 5 мл) же хлорлуу акиташ боткосу менен зыянсыздалат.
10.11. Чарбанын кампасында тазалоочу курулмалар жок болсо зянсыздоочу каражаттар (пайдалангандан кийин жана кир суулар), сынган айнек идиштер, ошондой эле тазалаганга жана зыянсыздандырганга болбогон шаймандар айлана-чөйрөнү коргоо органдары, өзгөчө кырдаалдар жана саламаттык сактоо министрликтери тарабынан макулдашылган атайын көмүүчү жайларга жеткирилет.
10.12. Пестициддер менен булганган имаратты тазалоо жана анын ичиндеги полду жууш үчүн кальцийленген соданын эритмеси пайдаланылат, андан кийин хлорлуу акиташтын 10 процент эритмеси менен жууйт. Пестициддер менен кирдеген жердин аянты хлорлуу акиташ менен зыянсыздалат жана чаналат.
10.13. Атайын кийимдер атайын кийимдерди жууш жана кургатуу үчүн тийиштүү жабдуулары бар кир жуучу жайда борборлоштурулган түрдө жуулат.
10.14. Кир жуучу жайда суу түтүктөрү жана желдеткич, центрифугасы бар кир жуугуч машина, кургатуучу барабандар, аралаштыргычтар, дегаздаштыруучу жуугуч эритмелерди даярдоочу бак, ванна, жыгач стеллаждар, кир жуучу каражаттарды сактай турган идиштер болушу керек.
10.15. Кир жуучу жайга кирдеген атайын кийимдерди жабык жашиктерде жеткирүү керек.
10.16. Атайын резина кийимдерди (бут кийим, кол каптар, фартуктар) жана пленка менен капталган кийимдерди кальцийленген соданын 3-5 процент эритмеси же хлорлуу акиташ боткосу менен, андан кийин суу менен жууйт.
10.17. Башка пестициддер менен кирдеген атайын кийимдерди күбүйт, андан кийин самын-сода эритмеге 6-8 саат чылайт. Андан кийин атайын кийимди самын-сода ысык эритмеде 2-3 жолу жууйт.
10.18. Хлорорганикалык пестициддер менен булганган атайын кийимди кол менен жууганда соданын 0,5 процент ысык эритмесине 6 саат чылайт, мында аны жакшы аралаштыруу жана үч жолу эритмени алмаштыруу керек. Механикалык жууганда (тынымсыз аралаштыруу менен) барабанда кармоо мезгили - 2 саат. Эритмени үч жолу алмаштыруу керек. Кийимди самын-сода жылуу эритмеде жууйт.
10.19. Бир канча пестициддер менен кирдеген атайын кийимди зыянсыздандыруу үчүн уулуу жана туруктуу препараттарды зыянсыздандыруу үчүн сунушталган ыкмаларды пайдалануу керек.
10.20. Транспортту, айыл чарба машиналарын, жабдууларды, ошондой эле имараттарды, тараларды, атайын кийимдерди зыянсыздандырган кир суу хлорлуу акиташ менен кошумча дарыланат (сутка контакт болгон убакта 10 литр кир сууга 0,5 кг хлорлуу акиташ) жана санитардык жана экологиялык кызматтардын органдары көрсөткөн жерге жеткирилет.
11.1. Пестициддерди колдонуу менен байланышкан жумуштарды атайын бригадалар жүргүзүүгө тийиш, аларга керектүү жабдыктарды, шаймандарды жана коргоо каражаттарын бекитип берүү керек.
11.2. Иш-чара жүргүзүлгөн күнөсканалар мөөр коюп жабылып жана ылайыктуу коопсуздук белгилери менен белгилениши керек. Иш-чаралар жүргүзүлгөн күнөсканаларда авариялык иштерди уруксат-нарядды түзүү аркылуу директордун уруксаты менен аткаруу керек.
11.3. Жашылча өсүмдүктөрдү пестициддердин эритмелери менен иштетүү боюнча негизги жумуштардын бардык түрлөрү заводдо даярдалган атайын жабдыктардын жардамы менен жүргүзүлөт. Өсүмдүктөрдү пестициддер менен иштетүү кечки сааттарда жана бардык агротехникалык иш-чаралар бүткөндөн кийин жүргүзүлөт.
11.4. Пестициддердин жумушчу аралашмалары абаны тартып чыгаруучу желдетүү системасы менен жабдылган атайын имараттарда же атайын жабдылган аянтчаларда жана керектүү жуугуч, зыянсыздандыруучу каражаттар жана медициналык аптечкалар менен камсыздалган стационардык заправкалоочу пункттарда даярдалат.
11.5. Эритме жасоочу аянттардын бети жана ички жасалгасы зыянсыздандырууга мүмкүн болгон жылмакай, оңой тазаланчу, зыянсыздоо жүргүзүүгө болуучу материалдан жасалат.
11.6. Чачкычтардын резервуарларына пестициддердин эритмесин механикасыз түрдө толтурууга болбойт.
11.7. Өсүмдүктөргө пестициддерди кол менен чачууда жумушчулар бири биринен 5-6 метрден кем эмес аралыкта жайгашуусу жана чачырандынын шаманасы жумушчуларга карай багытталбашы керек.
11.8. Химиялык иш-чаралардан кийин күнөсканалардагы жумуштарды кайра баштоонун мөөнөтү пестициддин түрүн, препаратты керектөө өлчөмүн жана жумушчу зонанын абасындагы концентрациянын уруксат берилген чегин эсепке алуу менен белгиленет.
11.9. Күнөсканаларда топуракты жекече коргоо каражаттарын колдонбостон жумшартууга байланыштуу жумуштарды өсүмдүктөрдү химиялык иштеткенден 5 күндөн кем эмес убакыт өткөндөн кийин жасоо керек.
Пестицидге уулануунун белгилери
Төмөндө фосфорорганикалык же карбамит пестициддерден жабыркаганды көрсөтүүчү симптомдордун тизмеси берилди, алар:
- баш ооруу, баш айлануу, реакциянын жайлашы же алсыроо;
- ашыкча тердөө, чыйрыгуу, шилекей агуу же суусоо;
- көкүрөктүн оорушу, дем алуунун кыйындашы, булчуңдардын карышуусу же тырышуу; көңүл айнуу, кусуу, ич өтүү жана (же) ашказандын түйүлүшү;
- каректин тарышы (карек кичирейет жана өлчөмү өзгөрбөйт).
Эгерде сиз бул симптомдорду пестицидди чачуу убагында же чачкандан кийин байкасаңыз, химикат чачылып жаткан жумуш ордуңузду таштаңыз, бетти, колду жакшылап жууп жана маркалоодогу көрсөтүлгөн коопсуздук чараларын колдонуңуз. Медициналык тез жардамды (дарыгерди) чакырып, эч токтолбостон медициналык жардамга кайрылыңыз.
1-тиркеме
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ Коркунучтуулук классы үчүн ченемдер │
├───────────────────────┬──────────┬───────────┬────────────┬─────────┤
│Көрсөткүчтөрдүн аталышы│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │
├───────────────────────┼──────────┼───────────┼────────────┼─────────┤
│Жумушчу зонадагы абада │ 0,1ден аз│ 0,1-1,0 │ 1,10-10,0 │10,0 ашык│
│зыяндуу заттардын │ │ │ │ │
│уруксат берилген чектөө│ │ │ │ │
│концентрациясы (ЧК), │ │ │ │ │
│мг/куб.м │ │ │ │ │
├───────────────────────┼──────────┼───────────┼────────────┼─────────┤
│Ашказанга киргенде │ 15тен аз│ 15-150 │ 151-5000 │ 5000ден │
│өлүмгө дуушарлантуучу │ │ │ │ ашык │
│орточо доза, м/кг │ │ │ │ │
├───────────────────────┼──────────┼───────────┼────────────┼─────────┤
│Териге жуккандагы │ 100дөн аз│ 100-500 │ 501-2500 │ 2500дөн │
│өлүмгө дуушарлантуучу │ │ │ │ ашык │
│орточо доза, м/кг │ │ │ │ │
├───────────────────────┼──────────┼───────────┼────────────┼─────────┤
│Абадагы өлүмгө │ 500дөн аз│ 500-5000 │ 5001-50000 │ 50000ден│
│дуушарлантуучу орточо │ │ │ │ ашык │
│дозасы, мг/куб.м │ │ │ │ │
├───────────────────────┼──────────┼───────────┼────────────┼─────────┤
│Күчтүү таасир этүү │ 6,0дөн аз│ 6,0-18,0 │ 18,0-54,0 │ 54,0дөн │
│зонасы │ │ │ │ ашык │
├───────────────────────┼──────────┼───────────┼────────────┼─────────┤
│Өнөкөт таасир этүү │ 10,0дон │ 10,0-5,0 │ 4,9-2,5 │2,5тен аз│
│зонасы │ ашык │ │ │ │
└───────────────────────┴──────────┴───────────┴────────────┴─────────┘
2-тиркеме
1. Жугуштуу ооруулар менен ооруп айыккан же хирургиялык операцияларды башынан кечирген адамдарга пестициддер менен иштөөгө уруксат берилбейт (12 ай бою, дарыгердик комиссиянын чечими боюнча).
2. Төмөнкү ооруулар менен ооруган адамдарга пестициддер менен иштөөгө уруксат берилбейт:
а) борбордук нерв системасынын даана көрүнгөн функциялык жана органикалык ооруулары;
б) психикалык ооруулар, мунун ичинде эпилепсия (ремиссия стадиясында болсо дагы);
в) перифериялык нерв системасынын даана көрүнгөн оорулары (невриттер, полиневриттер, радикулиттер);
г) эндокрин бездердин ооруулары (диабет, тиреотоксикоз, микседема ж.б.);
д) кургак учуктун бардык түрлөрү;
е) дем алуу органдарынын бардык өнөкөт сезгенүү ооруулары (бронхиттер, пневмониялар);
ж) жогорку дем алуу жолдорунун былжырлуу кабыктагы субатрофиялык жана атрофиялык өзгөрүүлөрү бар даана билинген ооруулары (риниттер, фарингиттер, ларингиттер); мурундун кошумча көңдөйүнүн тез-тез курч кармаган ооруулары; мурун көңдөйүнүн дем алуу туруктуу бузулган ооруулары (мурундун тосмосунун кыйшаюусу, гипертрофикалык ринит, полипоздор);
з) угуунун олуттуу бузулган угуу нервдеринин невриттери;
и) жүрөк-кан тамыр системасынын органикалык ооруулары (мунун ичинде кан айлануунун жетишсиздиги, II жана III стадиядагы гипертониялык ооруулар, эндоваскулит);
к) коллагендик ооруулар (ревматизм, өзгөчө эмес инфекциялык артрит, канчоо);
л) ичеги-карын трактынын оорулары (жара оорулар, өнөкөт гастрит, өнөкөт колит);
м) боордун жана өт чыгаруучу жолдордун ооруларынын даана билинген формалары (өнөкөт гепатиттер, холецистоангиохолиттер);
н) бөйрөктүн жана заара чыгуучу жолдордун оорулары (нефриттер, нефроздор, нефресклероздор, пиелиттер, циститтер);
о) аялдын жыныс органдарынын сезгенген жана органикалык оорулары;
п) кан системасынын бардык оорулары (анемиялар, лейкоздор, агранул-цитоздор, геморрагиялык диатездер ж.б., мунун ичинде ремиссия стадиясында);
р) көрүү органдарынын оорулары (өнөкөт коньюктивиттер, кератиттер, жаш чыгуу жолдорунун жана сурмалардын ооруулары, көрүү талаасы чектелген транзитордук амавроздор, глаукома, көрүү нервинин бузулушу);
с) тери оорулар (экзема, дерматиттер);
т) аллергиялык оорулар (бронханын астмасы, чөп безгек ж.б.);
у) зыяндуу шишиктер.
Уулуулугу жогору кошулмалар менен иштөөгө болбочу кошумча каршы көрсөткүчтөр:
а) даана билинген невроздор (неврастения, истерия, психостения);
б) өнөкөт же тез-тез кармаган гингивит, стоматит, альвеолярдык пиорея.
3-тиркеме
Бекитем жетекчинин кызматы, колу ______________________ 20__-ж."__" _________
__________________________________________________________________
(жумушту аткаруучу жердин дареги, участоктун аталышы)
Жумуштун башталышы ___ саат ___ мүнөт ___ күн ________ ай, 20__-ж.
Жумуштун аякташы ___ саат ___ мүнөт ___ күн ________ ай, 20__-ж.
Жооптуу жетекчи __________________________________________________
(кызматы, фамилиясы, аты-жөнү)
бригаданын курамында ______ киши
_______________________________________________________________________
(бардык жумушчулардын кесиби, фамилиясы, аты, атасынын аты)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Төмөндөгүлөрдү аткаруу тапшырылат ________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(жумуштун конкреттүү баяндамасы, жери, шарттары)
Коопсуздук чаралары
Коопсуздук ыкмалары боюнча нускама берген: _______________________ _______________________________________________________________________
(кызматы, фамилиясы, аты-жөөнү, датасы, колу)
Уруксат-көрсөтмөнү берген: _______________________________________ _______________________________________________________________________
(кызматы, фамилиясы, аты-жөнү, датасы, колу)
Уруксат-көрсөтмөнү жана нускаманы алдым: _________________________ _______________________________________________________________________
(кызматы, фамилиясы, аты-жөнү, датасы, колу)
4-тиркеме
1. Биринчи жардам жумушчулар өздөрү аткара алуучу (өзүнө өзү жардам берүү жана өз ара жардам берүү) жана медициналык кызматкерлер (дарыгер, фельдшер) жүргүзгөн атайын чаралардан турат.
Пестициддер менен иштеген жерде дарыгерге чейинки биринчи жардамдын аптечкасы болууга тийиш.
2. Жабырланганды баарыдан мурда тыюу салынган зонадан алып чыгып жана дем алууну кыйындаткан кийимден жана дем алуу органдарын коргоо каражаттарынан бошотуу зарыл.
3. Уунун мүнөздөмөсүнө карабастан, организмди ууландыруучу уунун организмге кирүүсүн токтотууга багытталган биринчи жардамдын жалпы чаралары:
а) дем алуу жолдору аркылуу (жабырлануучуну коркунучтуу зонадан таза абага алып чыгуу);
б) тери аркылуу (препаратты суу менен, самын менен болсо андан бетер жакшы, абыдан жууш же препаратты териге шыбабастан жана аарчыбастан, аны кездеменин бөлүгү менен алып, андан кийин муздак суу же күчтүү эмес щелочтуу эритме менен жууш керек; уу көзгө түшсө - аны суу менен, аш содасынын же бор кислотанын 2 процент эритмеси менен жууш керек);
в) ичеги-карын аркылуу.
Мүмкүн болсо жылуу сүт же бир нече стакан сууну же калийдин марганец кычкылынын ачык кызыл эритмесин ичирип жана тамак көңдөйүнүн арткы дубалын дүүлүктүрүү менен кусуу; бул процедураны 2-3 жолу кайталоо зарыл. Горчицанын жардамы менен (1/2 - 1 чай кашык кургак порошокту бир стакан жылуу сууга эритет), туздун жардамы менен (2 аш кашык тузду бир стакан жылуу сууга эритет) же самындын бир стакан эритмесинин жардамы менен да кусууга болот (оорулуу эсинен танган же карышкан абалда кустурууга болбойт). Кускандан кийин жарым стакан сууга эки-үч аш кашык активдештирилген көмүрдү салып ичирүү, андан кийин ич өткөрүүчү тузду (20 г ачуу туз жарым стакан сууга) ичирүү керек.
Ич өткөрүү үчүн кастор майын берүүгө болбойт.
4. Жабырланган адам жылуу жерде болушу керек. Эсинен танган абалда болсо грелканы, бирок абдан этияттык менен колдонуу керек. Хлорорганикалык препараттар менен ууланганда жылуулук туура эмес болгондуктан, муздак ванна, нымдуу кездеме менен сүртүү, муздак компресстер, муз салынган нерселер менен сүртүү сунушталат.
5. Дем алуу начарлаганда мурунга нашатырь спиртин жакындатуу керек, дем алуу токтоп калса жакасын жана белин бошотуп, ооздун шилекейден тазалап, артка кеткен тилди алдыга жылдырып туруп жасалма дем алдыруу керек. "Ооздон оозго" жасалма дем алдыруунун ыкмасында жардам берген адам жабырлангандын капталында туруп, анын тили артка кетип калбашы үчүн, астыңкы ээгин алдыга жылдырат. Жабырлангандын бетине тыгыз эмес кездемени төшөсө болот. Жардам көрсөтүүчү терең дем алып жана жабырлануучунун оозуна абаны үйлөйт. Абаны үйлөө тез, мүнөтүнө 25ке чейин болуусу керек.
"Ооздон мурунга" жасалма дем алдыруу ыкмасын колдонгондо жабырланган адам капталынан жатышы керек (тилин жутуп албашы үчүн). Жардам берүүчү тизелеп олтуруп жабырлануучунун мурдуна абаны үйлөйт. Үйлөө убагында ал бир колу менен оорулуунун оозун жабат, экинчи колу менен үйлөгөн учурда көкүрөк клеткасынын төмөнкү бөлүгүн басат.
"Ооздон оозго" жана "ооздон мурунга" жасалма дем алдырганда үйлөө дем алууга караганда 2 эсе узагыраак болот.
6. Жүрөк токтоп калганда көкүрөк клеткасы аркылуу сыртынан укалайт. Жабырланганды катуу тегиз жерге жаткырып, бутун бир аз көтөрүп (жаздык же оролгон кийим жаздалып), көкүрөгү кийимден бошотулат. Жардам берүүчү жабырлануучунун капталында турат, алакандарын биринин үстүнө бирин коюп, андан кийин жетиштүү күч (көкүрөгү 3-5 см ылдыйга кирүүсү керек) менен ыргактуу түрдө мүнөтүнө 60-70 жолу басат. Жүрөктү укалоо дарыгер келгенге чейин жүргүзүлөт.
7. Карышып титиреген убакта эч кандай дүүлүктүрүүчү нерселерди жасабастан, оорулууга толук тынчтык түзүү керек.
8. Дүүлүктүрүүчү заттарды, мисалы, формалинди жутуп алганда, аны ороп калуучу нерсе (крахмал желимин) ичүү зарыл. Сүт, майларды, алкоголдук ичимдиктерди берүүгө болбойт.
9. Териден кан акканда суутектин перекиси менен нымдалган тампон коюлат, мурундан кан акканда жабырланганды жаткырат, башын көтөрөт жана бир аз чалкалатат, чекесине жана желкесине муздак компресс коюлат, мурдуна суутек перекиси менен нымдалган тампон коет.
10. Фосфорорганикалык кошулмалар менен ууланып, шилекей, жаш агып, карек кичирейип, тамырдын согушу жайлап, булчуңдар диртилдесе мында белладонна препараттарды: бесалолдун 3-4 таблеткасын (бекарбол) же беллалгиндин 2-3 таблеткасын ичирүү керек.
11. Пестициддер менен ууланган бардык учурларда (жеңил болсо да) болушунча тезирээк врачка же фельдшерге кайрылуу зарыл.
5-тиркеме
1. Аспирин - 30 таблетка;
2. Бесалол (же бекарбон, белалгин) - 60 таблетка;
3. Бор кислотасы - 60 грамм;
4. Борлуу вазелин - 1 тюбик;
5. Валидол - 30 таблетка;
6. Ич өткөрүүчү ачуу туз - 300 грамм;
7. Горчица (порошок) - 200 грамм;
8. Карболен (активдештирилген көмүр) - 100 грамм;
9. Крахмал - 200 грамм;
10. Калийдин марганец кычкылы - 20 миллилитр;
11. Йоддун 10% тундурмасы - 50 грамм;
12. Йоддун 5% тундурмасы - 50 грамм;
13. Валериананын тундурмасы - 30 грамм;
14. Нашатырь спирт - 25 грамм;
15. Суутектин 3% перекиси - 100 грамм;
16. Пирамидон (амидопирин) - 20 таблетка;
17. Аш содасы (кош кычкылдуу) - 200 грамм;
18. Бриллиант жашылдын 1% эритмеси - 10 миллилитр;
19. Аш туз - 200 грамм;
20. Стериль бинт - 10 даана;
21. Стерил эмес бинт - 10 даана;
22. Гигроскопиялык кебез - 150 грамм;
23. Жгут же чыйратылган жип - 1 даана;
24. Биринчи жардамдын жекече пакети - 5 даана;
25. Кычкылтек жаздыктар - 2 даана;
26. Кичинекей жоолуктар - 3 даана;
27. Лейкопластырь 1х5 см - 5 даана;
28. Кайчылар - 2 даана;
29. Медициналык мээлейлер - 3 жуп;
30. Пипеткалар - 10 даана;
31. Стерил салфеткалар - 10 даана;
32. Медициналык термометрлер - 3 даана;
33. Зым же тор шиналар - 3 даана.
6-тиркеме
чарбада _________ райондо __________ республикасы ___________
┌───────┬─────┬────────┬─────────┬───────┬─────────┬─────────┬────────┬
│Өсүмдүк│Сорту│Талаанын│ Факт │Пести- │Иштетүү- │Иштетил- │Башталуу│
│ │ │ N │ жүзүндө │цид, │нүн │ген │ │
│ │ │ │иштетилди│препа- │түрү │күн │ │
│ │ │ │ │рат │ │ │ │
│ │ │ │ │жана │ │ │ │
│ │ │ │ │маркасы│ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────┼─────┼────────┼─────────┼───────┼─────────┼─────────┼────────┼
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
└───────┴─────┴────────┴─────────┴───────┴─────────┴─────────┴────────┴
┬───────┬─────┬────────┬─────────┬───────┬─────────┬─────────┬────────┐
│ Бүтүү │Аба- │Препарат│Препарат-│Зыян- │Зыянкеч- │Иштетүү │Түшүмдү │
│ │ырайы│боюнча │тын │кечтин │тин │үчүн │жыйноо │
│ │ │концен- │сарпталы-│саны │саны жана│жооптуу- │датасы │
│ │ │трация │шы │жана │илдеттин │лардын │ │
│ │ │ │ │илдет- │иштеткен-│колу │ │
│ │ │ │ │тин │ге │ │ │
│ │ │ │ │иштет- │чейинки │ │ │
│ │ │ │ │кенге │даражасы │ │ │
│ │ │ │ │чейинки│ │ │ │
│ │ │ │ │даража-│ │ │ │
│ │ │ │ │сы │ │ │ │
┼───────┼─────┼────────┼─────────┼───────┼─────────┼─────────┼────────┤
│ 9 │ 10 │ 11 │ 12 │ 13 │ 14 │ 15 │ 16 │
┴───────┴─────┴────────┴─────────┴───────┴─────────┴─────────┴────────┘
7-тиркеме
Жарактуу мөөнөтү _________________________________________________
Райондун башкы мамлекеттик санитардык дарыгери ___________________
Берилген күнү ____________________________________________________
Пестициддерди алууга жана сактоого укук берүүчү санитардык паспорт _______________________________________________________________________
Чарба ____________________________________________________________
Район ____________________________________________________________
Облус ____________________________________________________________
Уюм пестициддер менен ___________________________________ райондук бирикменин кампасынан камсыздалат
Кампанын сүрөттөлүшү
1. Кампанын параметрлери метр менен, узундугу _____ туурасы ______ шыпка чейинки бийиктиги _______.
2. N _____ типтүү долбоор менен курулган, башка жайдан ыңгайланыштырылган ______________________________________________________________
3. Курулган материалы: дубалы ________, полу ______ чатыры _______ шыбы _______.
а) дарбазасынын саны _____________________________________________
фасаддан _________________________________________________________
тылдан ___________________________________________________________
б) желдетүү ______________________________________________________
1. Кампанын сыйымдуулугу (долбоор боюнча) ________________________ _______________________________________________________________________ санэпид кызматтын жергиликтүү органдарынын белгилегени боюнча (кампаны жайгаштырууда)
5. Абатталышы: ___________________________________________________
а) тосмо: ________________________________________________________
б) кирүүчү жолдор ________________________________________________
в) эл жашаган имараттардан, коомдук тамактануучу жайлардан жана башка чарбалык курулуштардан, суу булактарынан аралыгы ________________
г) кампанын аянтын жашылдандыруу _________________________________
д) атайын кийимди сактоо үчүн бөлмө, аптечка, ошондой эле кол жууш үчүн бөлмөнүн барбы ___________________________________________________
е) тамактануу жана эс алуу үчүн өзүнчө жай барбы _________________
6. Кампанын жабдылышы: ___________________________________________
а) пестициддерди тартуу үчүн таразалар ___________________________
б) майда шаймандар (атоо керек) __________________________________
в) стеллаждар ____________________________________________________
г) кээ бир пестициддер үчүн көчмө (туруктуу) тосмолор ____________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
д) атайын кийимдин болушу (саноо керек) __________________________
е) аптечканын болушу _____________________________________________
ж) өрткө каршы шаймандардын болушу (атоо керек) __________________
з) жеке гигиенанын предметтери барбы _____________________________
7. Кампанын башчысынын фамилиясы, аты-жөнү (толугу менен) ________ _______________________________________________________________________
Курагы ___________________________________________________________
Билими [жалпы, атайын (же курстук)] ______________________________
Пестицид кампанын башчысы болуп канча жыл иштеген ________________
Пестициддер менен иштөөдөгү коопсуздук боюнча нускоону өтүү (качан, кайда) ___________________________________________________________
Медициналык кароодон өтүү ________________________________________
8. Санитардык дарыгердин башка эскертүүлөрү ______________________
Райондун санитардык дарыгери
(колу) ___________________________________________________________
Областтын санитардык дарыгери
(колу) ___________________________________________________________
Берилген күнү
Чарбанын жетекчиси _______________________________________________