Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-июлу № 361
Айыл чарбасында пестициддерди коопсуз пайдалануу, сактоо жана кампага жыйноо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиешелүү техникалык регламент кабыл алынганга чейин тиркелген Айыл чарбасында пестициддерди коопсуз пайдалануу, сактоо жана кампага жыйноо боюнча нускама бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев
|