Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-июну № 314
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аталган мыйзам долбоору каралган учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
Долбоор
1-берене.
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-жыл., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-беренесинде:
1)1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этноско таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан мыйзам алдында бирдей.".
2. 5-берененин 1-бөлүгүндөгү "ички иштер органдары тарабынан" деген сөздөр "калктын укуктарын мамлекеттик каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Баш калкалоо берүү
Кыргыз Республикасы эл аралык милдеттенмелерге ылайык саясий жүйөлөр боюнча куугунтукталган, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктери бузулган жүйөлөр боюнча чет өлкөлүк жарандарды баш калкалатат.".
4. 7-берененин 2-бөлүгүндөгү "ички иштер органдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 25-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана кызматкерлеринин жана башка адамдардын артыкчылыктары жана иммунитеттери
Бул Мыйзам жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдер менен аныкталган адамдардын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн артыкчылыктарына жана иммунитеттерине тиешеси болбойт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│3-статья.Кыргыз Республикасындагы │3-статья.Кыргыз Республикасындагы │
│ чет өлкөлүк граждандардын│ чет өлкөлүк граждандардын│
│ укуктук абалынын │ укуктук абалынын │
│ принциптери │ принциптери │
│ │ │
│[Эгерде бул Мыйзамда жана башка │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК│
│Кыргыз Республикасынын мыйзам │ЖАРАНДАР ЖАНА ЖАРАНДЫГЫ ЖОК │
│актыларында башкача каралбаса, │АДАМДАР, МЫЙЗАМДА ЖЕ КЫРГЫЗ │
│Кыргыз Республикасындагы чет │РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛУП │
│өлкөлүк граждандар да Кыргыз │ЭСЕПТЕЛГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕ │
│Республикасынын граждандары │БЕЛГИЛЕНГЕН БАШКА УЧУРЛАРДЫ │
│сыяктуу укуктардан жана │АЛБАГАНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│эркиндиктерден пайдаланышат жана │ЖАРАНДАРЫ МЕНЕН БИРДЕЙ УКУКТАРДАН │
│ошол эле милдеттерди аткарышат] │ПАЙДАЛАНАТ ЖАНА МИЛДЕТТЕРДИ │
│[Кыргыз Республикасындагы чет │АТКАРАТ. │
│өлкөлүк граждандар тегине, │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЧЕТ │
│социалдык жана мүлктүк абалына, │ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАР ЖЫНЫСЫ, РАСАСЫ, │
│расасына жана кайсы улутка таандык│ТИЛИ, МАЙЫПТЫГЫ, ЭТНОСКО │
│экендигине, жынысына, билимине, │ТААНДЫКТЫГЫ, ТУТКАН ДИНИ, КУРАГЫ, │
│тилине, динге мамилесине, ишинин │САЯСИЙ ЖЕ БАШКА ЫНАНЫМДАРЫ, │
│түрүнө жана мүнөзүнө жана башка │БИЛИМИ, ТЕГИ, МҮЛКТҮК ЖЕ БАШКА │
│жагдайларга карабастан Мыйзам │АБАЛЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАШКА │
│алдында бирдей] │ЖАГДАЙЛАРГА КАРАБАСТАН МЫЙЗАМ │
│Кыргыз Республикасынын │АЛДЫНДА БИРДЕЙ. │
│граждандарынын укуктарына жана │Кыргыз Республикасынын │
│эркиндиктерине атайын чектөө │граждандарынын укуктарына жана │
│киргизген мамлекеттердин │эркиндиктерине атайын чектөө │
│граждандарына карата жооп иретинде│киргизген мамлекеттердин │
│республиканын мыйзам актылары │граждандарына карата жооп иретинде│
│тарабынан ошондой эле чектөөлөр │республиканын мыйзам актылары │
│белгилениши мүмкүн. │тарабынан ошондой эле чектөөлөр │
│Кыргыз Республикасындагы чет │белгилениши мүмкүн. │
│өлкөлүк граждандардын өз │Кыргыз Республикасындагы чет │
│укуктарынан жана эркиндиктеринен │өлкөлүк граждандардын өз │
│пайдаланышы Кыргыз Республикасынын│укуктарынан жана эркиндиктеринен │
│граждандарынын жана башка │пайдаланышы Кыргыз Республикасынын│
│адамдардын укуктарына жана │граждандарынын жана башка │
│мыйзамдуу таламдарына, коомдун │адамдардын укуктарына жана │
│жана мамлекеттин таламдарына зыян │мыйзамдуу таламдарына, коомдун │
│келтирбөөгө тийиш. │жана мамлекеттин таламдарына зыян │
│ │келтирбөөгө тийиш. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│5-статья.Кыргыз Республикасында │5-статья.Кыргыз Республикасында │
│ туруктуу жашаган жана │ туруктуу жашаган жана │
│ убактылуу келип-кеткен │ убактылуу келип-кеткен │
│ чет өлкөлүк граждандар │ чет өлкөлүк граждандар │
│ │ │
│Эгерде чет өлкөлүк граждандардын │Эгерде чет өлкөлүк граждандардын │
│жашагандыгы тууралу күбөлүк │жашагандыгы тууралу күбөлүк │
│түрүндөгү [ички иштер органдары │түрүндөгү КАЛКТЫН УКУКТАРЫН │
│тарабынан] берилген уруксаты │МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ТАРМАГЫНДАГЫ │
│болсо, алар Кыргыз Республикасында│ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│туруктуу жашай алышат. │ОРГАНДАР ТАРАБЫНАН берилген │
│Кыргыз Республикасында мыйзамдык │уруксаты болсо, алар Кыргыз │
│башка негизде жүргөн чет өлкөлүк │Республикасында туруктуу жашай │
│граждандар убактылуу │алышат. │
│келип-кеткендер деп эсептелет. │Кыргыз Республикасында мыйзамдык │
│Алар белгиленген тартипте │башка негизде жүргөн чет өлкөлүк │
│өздөрүнүн чет өлкөлүк паспортторун│граждандар убактылуу │
│же аны алмаштыруучу документтерин │келип-кеткендер деп эсептелет. │
│каттоодон өткөрүүгө жана │Алар белгиленген тартипте │
│келип-кетүүнүн белгиленген │өздөрүнүн чет өлкөлүк паспортторун│
│убактысы аяктагандан кийин │же аны алмаштыруучу документтерин │
│республикадан чыгыш кетүүгө │каттоодон өткөрүүгө жана │
│милдеттүү. │келип-кетүүнүн белгиленген │
│ │убактысы аяктагандан кийин │
│ │республикадан чыгыш кетүүгө │
│ │милдеттүү. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│6-статья. Баш калкалоо берүү │6-статья. Баш калкалоо берүү │
│ │ │
│[Кыргыз Республикасы тынчтыкты, │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ЭЛ АРАЛЫК │
│демократияны, адам укугун коргоо, │МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРГЕ ЫЛАЙЫК САЯСИЙ │
│прогрессивдүү коомдук-саясий, │ЖҮЙӨЛӨР БОЮНЧА КУУГУНТУКТАЛГАН, │
│илимий, чыгармачыл жана эл аралык │ОШОНДОЙ ЭЛЕ АДАМ УКУКТАРЫ МЕНЕН │
│укуктун жалпы таанылган │ЭРКИНДИКТЕРИ БУЗУЛГАН ЖҮЙӨЛӨР │
│нормаларына ылайык башка иштери │БОЮНЧА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫ │
│үчүн куугунтукталган чет │БАШ КАЛКАЛАТАТ. │
│өлкөлүктөргө баш калкалоо укугун │ │
│берет.] │ │
│[Баш калкалоо берүү жөнүндөгү │ │
│маселе Кыргыз Республикасынын │ │
│Президенти тарабынан чечилет] │ │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│7-статья. Эмгектенүү │7-статья. Эмгектенүү │
│ │ │
│Кыргыз Республикасында туруктуу │Кыргыз Республикасында туруктуу │
│жашаган чет өлкөлүк граждандар │жашаган чет өлкөлүк граждандар │
│Кыргыз Республикасынын граждандары│Кыргыз Республикасынын граждандары│
│үчүн белгиленген негизде жана │үчүн белгиленген негизде жана │
│тартипте ишканаларда, мекемелерде │тартипте ишканаларда, мекемелерде │
│жана уюмдарда жумушчу жана │жана уюмдарда жумушчу жана │
│кызматчы катары иштеп, же башкача │кызматчы катары иштеп, же башкача │
│эмгектене алат. │эмгектене алат. │
│Убактылуу жашаган чет өлкөлүк │Убактылуу жашаган чет өлкөлүк │
│граждандар эгерде алардын Кыргыз │граждандар эгерде алардын Кыргыз │
│Республикасына келип-кетишинин │Республикасына келип-кетишинин │
│максаттарына жана мөөнөтүнө ылайык│максаттарына жана мөөнөтүнө ылайык│
│келсе, же ага [ички иштер │келсе, же ага КЫРГЫЗ │
│органдарынын] тийиштүү уруксаты │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ АНЫКТАГАН │
│болсо, эмгектене алат. │ТАРТИПТЕ, МИГРАЦИЯ ТАРМАГЫНДАГЫ │
│Мыйзамдарга ылайык Кыргыз │ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК │
│Республикасынын граждандары гана │ОРГАНДАРЫНЫН тийиштүү уруксаты │
│дайындалууга же белгилүү иш │болсо, эмгектене алышат. │
│жүргүзүүгө тийиш болгон айрым │Мыйзамдарга ылайык Кыргыз │
│Чет өлкөлүк граждандар эмгектик │Республикасынын граждандары гана │
│мамилелерде республиканын │дайындалууга же белгилүү иш │
│граждандары менен бирдей │жүргүзүүгө тийиш болгон айрым │
│укуктардан пайдаланат жана │Чет өлкөлүк граждандар эмгектик │
│милдеттерди аткарат. │мамилелерде республиканын │
│ │граждандары менен бирдей │
│ │укуктардан пайдаланат жана │
│ │милдеттерди аткарат. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│25-статья. Чет мамлекеттердин │25-статья. Чет мамлекеттердин │
│ өкүлчүлүктөрүнүн │ өкүлчүлүктөрүнүн │
│ башчыларынын жана │ башчыларынын жана │
│ кызматкерлеринин жана │ кызматкерлеринин жана │
│ башка адамдардын │ башка адамдардын │
│ артыкчылыктары жана │ артыкчылыктары жана │
│ иммунитеттери │ иммунитеттери │
│ │ │
│[Бул Мыйзам жоболору Кыргыз │БУЛ МЫЙЗАМ ЖОБОЛОРУ КЫРГЫЗ │
│Республикасынын мыйзамдары жана Эл│РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫ ЖАНА │
│аралык келишимдер жана Эл аралык │КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ │
│укук актылары менен белгиленген │БОЛУП ЭСЕПТЕЛГЕН ЭЛ АРАЛЫК │
│чет өлкөлүк дипломатиялык жана │КЕЛИШИМДЕР МЕНЕН АНЫКТАЛГАН │
│консулдук өкүлчүлүктөрдүн │ЖАКТАРДЫН ЖАНА АЛАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨ │
│башчыларынын жана кызматчыларынын,│МҮЧӨЛӨРҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫН ЖАНА │
│ошондой эле алардын үй-бүлө │ИММУНИТЕТТЕРИН КАМТЫБАЙТ. │
│мүчөлөрүнүн артыкчылыктарына жана │ │
│иммуннтеттерине тиешелүү болбойт] │ │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|