Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1993-жылдын 14-декабры № 1296-XII
Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-октябрындагы № 168, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1993-жылдын 14-декабрындагы № 1297-XII, токтому менен колдонууга киргизилген)
(Аталышында Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамы тарабынан 3-беренеси менен мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде киргизилген өзгөртүүлөр.
I. Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын, ошондой эле чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жарандардын негизги укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин аныктайт, мындай статусту ыйгаруунун жана токтотуунун шарттарын жана тартибин белгилейт.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар деп, республиканын жарандары болуп саналбаган жана өзүнүн чет мамлекеттин жарандыгына таандык экендигинин далилдери бар адамдар таанылат.
Чет өлкөлүк жарандыгы жана жарандыгы жок адамдар бар мекендештер деп, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте чет өлкөлүк жарандыгы жана жарандыгы жок адамдар бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар таанылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдар мыйзамдарда каралган укуктар жана эркиндиктер кепилденет.
Жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандык экендигинин далилдери болбогон адам.
Жарандыгы жок адамга күбөлүк берилет, ал жарандыгы жок адамдын ким экендигин тастыктоочу жана статусун ырастоочу документ болуп саналат.
Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү жарактуу жол кире документи болуп саналат.
Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо жана жарандыгы жок адамга күбөлүк берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
Өзүн Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген арыз ээсине анын өтүнүчүн каттоо жөнүндө күбөлүк берилет, ал арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ жана Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүшү жана бул адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо үчүн негиз болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалынын принциптери
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде белгиленген учурларды кошпогондо Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарышат.
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этноско таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан Мыйзам алдында бирдей.
Качкындарды жана качкын статусун берүү жөнүндө өтүнгөн адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарына жана эркиндиктерине атайын чектөөлөр киргизилген мамлекеттердин жарандарына карата улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жооп иретиндеги чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өз укуктарынан жана эркиндиктеринен пайдаланышы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, коомдун жана мамлекеттин таламдарына зыян келтирбөөгө тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-октябрындагы № 168, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Кыргыз Республикасынын Конституциясын урматтоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүүлүк
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилген укуктар жана эркиндиктер алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген милдеттерди аткаруусунан ажыралгыс болуп саналат.
Республикада турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын сактоого, Кыргызстандын элинин салттарына жана адаттарына урмат көрсөтүү менен мамиле кылууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана убактылуу келип-кеткен чет өлкөлүк жарандар
Эгерде чет өлкөлүк жарандардын жашагандыгы тууралу күбөлүк түрүндөгү калктын укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген уруксаты, же болбосо чет өлкөнүн жарандыгы же болбосо качкындын статусу, же болбосо жарандыгы жок адамдын статусу бар мекендештин статусу болсо, алар Кыргыз Республикасында туруктуу жашай алышат.
Кыргыз Республикасында мыйзамдык башка негизде жүргөн чет өлкөлүк жарандар убактылуу келип-кеткендер деп эсептелет. Алар белгиленген тартипте өздөрүнүн чет өлкөлүк паспортторун же аны алмаштыруучу документтерин каттоодон өткөрүүгө жана келип-кетүүнүн белгиленген убактысы аяктагандан кийин республикадан чыгып кетүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-октябрындагы № 168, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Баш паанек берүү
Кыргыз Республикасы саясий жүйөлөр боюнча, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу жүйөлөрү боюнча куугунтукталган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык баш паанек берет.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-октябрындагы № 168, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
II. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын негизги укуктары, эркиндиктери жана милдеттери
(Бөлүмдүн аталышында Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Эмгектенүү
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда жумушчу жана кызматчы катары иштеп, же башкача эмгектене алат.
Убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар эгерде алардын Кыргыз Республикасына келип-кетишинин максаттарына жана мөөнөтүнө ылайык келсе, же ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте, миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын тийиштүү уруксаты болсо, эмгектене алышат.
Мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары гана дайындалууга же белгилүү иш жүргүзүүгө тийиш болгон айрым кызматтарга чет өлкөлүк жарандар дайындалбайт же белгилүү иш жүргүзө албайт.
Чет өлкөлүк жарандар эмгектик мамилелерде республиканын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-октябрындагы № 168, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Эс алуу
Кыргыз Республикасында турган чет өлкөлүк граждандар Кыргыз Республикасынын граждандары менен жалпы негизде эс алууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Ден соолукту коргоо
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей медициналык жардамдан пайдаланат.
Убактылуу келип-кеткен чет өлкөлүк жарандарга медициналык жардам саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгиленген тартипте көрсөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Социалдык камсыз кылуу
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пенсияларды, жөлөкпулдарды алууга жана социалдык камсыз кылуунун башка формаларына укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктар
Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчикке, илимий, адабий жана көркөм өнөр чыгармаларынын, ойлоп табуулардын, рационализатордук сунуштардын, өнөр жайлык үлгүлөрдүн автордук укуктарына, ошондой эле башка мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктарга ээ болот.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Билим алуу
Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мьшзамдарында белгиленген тартипте ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей билим алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын окуу жайларына кабыл алынган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окуучулардын жана студенттердин укуктарынан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Маданияттын жетишкендиктеринен пайдалануу
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар республиканын жарандары менен маданияттын жетишкендиктеринен бирдей пайдаланууга укуктуу.
Чет өлкөлүк жарандар тарых жана маданият эстеликтерине, башка маданий байлыктарга кылдат мамиле кылууга милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Коомдук бирикмелерге катышуу
Эгерде коомдук бирикмелердин уставына (жоболоруна) карама-каршы келбесе, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк граждандар Кыргыз Республикасынын граждандары менен жалпы негиздерде саясий максаттарды көздөбөгөн коомдук бирикмелерге кирүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Дин тутуу эркиндиги
Кыргыз Республикасында жашаган чет өлкөлүк жарандарга республиканын жарандары менен бирдей дин тутуу эркиндиги гарантияланат.
Диний ишенимине байланыштуу кастыкты кылып жана жек көрүүнү тутандырууга тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-статья. Никелик жана үй-бүлөлүк мамилелер
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар Кыргаз Республикасынын мылзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары жана башка адамдар менен никеге туруп жана никесин буза алат.
Чет өлкөлүк жарандар нике жана үй-бүлөлүк мамилелерде Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Инсанга жана турак жайга эч кимдин тийбестиги
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жарандарга инсанга жана турак жайга эч кимдин тийбестиги жана башка жеке укуктар гарантияланат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Республиканын аймагы боюнча чет өлкөлүк жарандардын жол жүрүшү жана жашай турган жерди тандап алышы
Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ылайык Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жол жүрө алышат жана жашай турган жерди тандай алышат. Мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн зарыл болгон учурда аймак боюнча жол жүрүүгө жашай турган жерди тандап алууга чек коюуга жол берилет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Салыктар жана жыйымдар
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20-статья. Чет өлкөлүк жарандардын укуктарын коргоо
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандар өздөрүнө таандык жеке, мүлктүк, үй-бүлөлүк жана башка укуктарын коргоо үчүн сот жана башка мамлекеттик органдарга кайрылуу укугуна ээ болот.
Алар сотто Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей процессуалдык укуктардан пайдаланат.
Кыргыз Республикасына келип-кеткен чет өлкөлүк жарандарга өз мамлекетинин дкпломатиялык же консулдук өкүлдүгү менен, ал эми мындай өкүлдүктөр жок болгон учурда чет өлкөлүк адам жараны болуп эсептелген мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого полномочие берилген башка мамлекеттин дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгү менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Шайлоо укугуна карата мамиле
Чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик шайлануучу органдарга шайлап жана шайлана албайт, ошондой эле жалпы элдик добуш берүүгө (референдумга) катыша албайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-статья. Аскердик кызматка карата мамиле
Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөбөйт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья. Укук тартибин бузгандыгы үчүн чет өлкөлүк жарандардын жоопкерчилиги
Кылмыш жасаган администрациялык же башка укук тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандары менен жалпы негизде жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-статья. Жарандыгы жок адамдарга карата мыйзамдын колдонулушу
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса бул Мыйзамдын жоболору чет өлкөлүк жарандар менен катар жарандыгы жок адамдарда да жайылтылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-статья. Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана кызматкерлеринин жана башка адамдардын артыкчылыктары жана иммунитеттери
Бул Мыйзам жоболору мыйзамдар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер менен белгиленген адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн артыкчылыктарына жана иммунитеттерине тиешелүү болбойт.
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-октябрындагы № 168, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
III. МУРДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫГЫНДА ТУРГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ГРАЖДАНДАРДЫН УКУКТАРЫ
(Бөлүм КР 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(Бөлүмдүн аталышында Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья. Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандардын укуктары
Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алууга укуктуу.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:
- алардын алгач Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык болгондугуна карабастан, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандарга;
- алардын алгач Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандарга;
- Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына ыйгарылышы мүмкүн эмес.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
27-статья. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруунун тартиби
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу ушул Мыйзамдын 26-статьясында көрсөтүлгөн, мындай статусту алууга укуктары бар чет өлкөлүк жарандардын өтүнүчү боюнча ыйгарылат.
Чет мамлекеттин аймагында өтүнүчтү кабыл алуу жана чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин берүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруунун, узартуунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби, тийиштүү документтин үлгүсү жана аны берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Өтүнүчтү кароо жана чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө же аталган статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу өтүнүч катталган күндөн тартып алты айдын ичинде жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгарууда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун жана ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген анын укуктарын ырастоочу, мамлекеттик маанидеги документ болуп саналган, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документи берилет.
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууда чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ыйгарылат.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу мөөнөтсүз колдонулат.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документинин колдонулуу мөөнөтү документ берилген күндөн тартып он жылды түзөт жана ал белгиленген тартипте узартылат.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин бергени үчүн мамлекеттик алым же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган каражаттар алынат.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
28-статья. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алуудан баш тартуу үчүн негиздер
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруу жөнүндө өтүнүч беришкен чет өлкөлүк жарандарга төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн, эгерде:
- өтүнүч берүүдө өзү жөнүндө жалган маалыматтарды билдирсе;
- кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар болсо;
- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу ишти жүзөгө ашырса;
- террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болуп саналса;
- чектөө алып салынганга чейин Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же туруктуу тыюу салынса.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим өтүнүч берүүчүгө чечим кабыл алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө жана анын талабы боюнча жазуу жүзүндө билдирилет.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
29-статья. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктары
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер төмөнкүлөргө укуктуу:
- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документи бар учурда, жарактуу документтердин бири боюнча визасын жол-жоболоштурбастан, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен өтүүгө, жол жүрүүгө жана анда турууга;
- жашап турууга уруксатты жол-жоболоштурбастан, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоого. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш Кыргыз Республикасынын аймагында турган мөөнөтүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга теңештирилет;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берүүчү эмгек визасын жол-жоболоштурбастан жана жумушка уруксат албастан, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген негиздерде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөөгө же башка иште эмгектенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдей шарттарына.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлей албайт.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
30-статья. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун токтотуу жана андан ажыратуу
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкү учурларда токтотулат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы калыбына келтирилгенде;
- чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган адамдын жеке арызы боюнча.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк гражданин төмөнкү учурларда статусунан ажыратылат:
- статус ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кат бергенде өзү тууралуу жалган маалыматтарды билдиргенде;
- соттуулугу бар экендиги жөнүндө фактылар ырасталганда;
- ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудуруучу иштерди жүзөгө ашырганда;
- эгерде террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөсү болуп саналса.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун токтотуу чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендешке берилген документтин колдонулушун токтотууга алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |