Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2011-жылдын 15-июну № 316
Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктуларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №516 токтомунун, 2011-жылдын 6-октябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
1947-жылдын 30-октябрындагы Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашуунун XI беренесинин 2-пунктуна жана 1994-жылдын 15-апрелиндеги Эркин соода зонасын түзүү жөнүндө макулдашуунун 13а беренесинин 7-пунктуна ылайык, нефти продуктуларынын ички рынокто кескин жетишсиздигине жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бензинди, жеңил жана орто дистиляттарды жана 2710111100-
2710119000, 2710191100-2710191500, 2710192500-2710192900 ТЭИТН товардык позицияларда классификациялануучу башка бензиндерди, 2710193100-2710194900 ТЭИТН, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөндөрдү кошпогондо товардык позицияларда классификациялануучу дизелдик отунду чыгарууга алты ай мөөнөткө тыюу салуу киргизилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-августундагы №516 токтомунун редакциясына ылайык)
1-1. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн нефти продуктуларды алып чыгуу темир жол транспорту менен гана ишке ашырылышы мүмкүн экендиги белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы мыйзамда белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктун аткарууга контролдук кылууну камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган чаралар жөнүндө Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитетинин Катчылыгына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомго ылайык тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган чаралар жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна маалымдасын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери ушул токтомдун 1-пунктунда аталган то-
варларды контрабандалык чыгарууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 6 ай бою күчүндө болот.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |