Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры № 619
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктуларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Товарлардын айрым түрлөрүн реэкспорттоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 316 "Кыргыз Республикасынын аймагынан нефти продуктуларын чыгарууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй редакциядагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн нефти продуктуларды алып чыгуу темир жол транспорту менен гана ишке ашырылышы мүмкүн экендиги белгиленсин.".
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин Секретариатына жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча көрүп жаткан чаралар жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
|
|