Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 320 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин атайын эсеби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор
1. Министрлик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен бөлүнгөн ассигнованилерден тышкары алган каражаттар атайын эсептин каражаттары болуп эсептелет. Атайын эсептин каражаттары максаттуу негизде гана сарпталат. Аталган каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине киргизилет жана бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндө өзүнчө тиркеме иретинде бөлүнүп белгиленет. Министрликтин атайын эсеби төмөнкүдөй максаттарда ачылат: - Министрликтин жана ага караштуу ведомстволук бөлүмдөрдүн натыйжалуу ишин жогорулатуу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүү; - Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону жана кепилдиктерди камсыз кылуу, алардын өз иштеринин жыйынтыгына болгон кызыкчылыктарын арттыруу; - Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу; - Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине бир жолку материалдык жардамдарды көрсөтүү. 2. Министрликтин атайын эсеби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыкта ачылат. 3. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри, ал эми ал жокто бюджеттик ассигнованилерди тескөө укугу берилген министрдин орун басары атайын эсептин каражаттарын тескөөчүлөр болуп эсептелишет.
II. Атайын эсепти түзүү булактары
4. Атайын эсептин каражаттары төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлөт: - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтому менен бекитилген жобого ылайык Министрликке караштуу ведомстволук бөлүмдөрдүн атайын каражаттарынан 10 пайызга чейинки которуулардан; - Министрликтин мамлекеттик геологиялык ишканаларынын келишимдик жумуштарынан түшкөн кирешелерди 5 пайызын, жылына бирдей үлүштө 4 жолу которуулардан; - юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн; - ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн. 5. Акча каражаттарынын түшүүсү накталай жана накталай эмес түрдө улуттук валютада жүзөгө ашырылат.
III. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жана эсебин алуу тартиби
6. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат: - Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө; - Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин ден соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомолордун наркын жарым-жартылай компенсациялоосуна; - борбордук аппараттын кызматкерлерин бир жолку сыйлоого; - статс-катчынын сунушу боюнча борбордук аппараттын кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөтүүгө; - кызматтык максаттар үчүн автоунааларды, аларга запастык бөлүктөрдү жана күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга; - кошумча төлөмдөрдү, үстөктөрдү жана сыйлык төлөмдөрүн берүүгө, анын ичинде ченемге салынбаган жана ченемден сырткары эмгек үчүн; - өздүк автоунааны кызматтык максаттар үчүн пайдаланууга кеткен чыгымдардын ордун аракеттеги ченемдик актыларына ылайык төлөп берүүгө; - шаардын, райондун ичиндеги коомдук транспортто жүрүүгө жол кирени жана тамактанууга кеткен чыгымдарды жарым-жартылай компенсациялоого; - турак жай жана ден-соолук чыңдоо мекемелерди курууда үлүштүк катышууга, уй сатып алууга, кызматтык жайларды капиталдык жана утурумдук ремонттоого жана башка эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга чыгымдарды төлөөгө; - кызматкерлерге пайызсыз ссудаларды берүүгө; - чет элдик коноктор менен жолугушууларды уюштурууга, чет өлкөгө тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатууга барууда иш сапарларына кеткен чыгымдарды, ошондой эле сметада каралбаган башка чыгымдарды төлөөгө; - кызматкерлердин жакын туугандары каза болгондо, бала төрөлгөндө, никеге кирүүдө, кызматкерлердин юбилейлик даталарында (50,60 жыл) туулган күңгө байланыштуу материалдык жардам көрсөтүүгө; - эмгек келишимдери жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча күтүлбөгөн чарбалык жумуштарды аткарууга; - Министрликтин ишин материалдык-техникалык камсыз кылууга жана Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга; - жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча Министрликке караштуу мекемелердин ишин жакшыртууга багытталган башка иш-чараларга. 7. Атайын эсептин каражаттары бюджеттик классификацияда каралган чыгымдардын беренелерине ылайык так пайдаланылат. 8. Атайын эсептин каражаттары Министрликтин борбордук атайын эсебинде топтолот. 9. Чыгымдардын сметасы бекитилгенге чейин атайын эсептин каражаттарын сарптоого жол берилбейт жана бекитилген сметанын чегинде гана ишке ашырылат. Керек болгон учурда бекитилген сметадан ашыкча түшкөн каражаттардын сметасы кошумча бекитүүгө сунушталышы мүмкүн. 10. Атайын эсептин каражаттарынын отчеттук жылдын аягында калган калдыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
|
|