Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 320
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, натыйжалуу иши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерин социалдык коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин атайын эсеби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Жобого ылайык атайын эсептин каражаттарын так пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
|
|