ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 322 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608»Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө«токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция16.06.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 16-июну № 322

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун иштешин толук камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объектерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтомго 3-тиркеме төмөнкү мазмундагы 50 жана 51-пункттар менен толукталсын:

"

┌───┬─────────────────────────────────┬────────────┬──────────────────┐

│50 │Клуб, Орто-Токой поселкасы       │      1     │        57,4      │

│   │Айылчиев көчөсү, 20              │            │                  │

├───┼─────────────────────────────────┼────────────┼──────────────────┤

│   │Спорттук комплекс, Орто-Токой    │      1     │        18,0      │

│   │поселкасы, Айылчиев көчөсү, 19   │            │                  │

└───┴─────────────────────────────────┴────────────┴──────────────────┘

".

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп беришсин.

3. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген объекттерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттердин сакталышын жана шаардын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылуу.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев