Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген
Сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссиясы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык иштелип чыккан, ал мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу мамлекеттик сатып алууларды (товарларды, ишти, кызмат көрсөтүүнү жана консультациялык кызматты) жүргүзүүдө бөлүмдү жана тендердик комиссияны түзүү тартибин, алардын милдеттерин, функцияларын, укуктары менен милдеттерин аныктайт.
2. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси милдеттүү тартипте сатып алууну жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти өзүнүн бөлүмдөрүнүн бирине жүктөйт же сатып алуулар бөлүмүн түзөт (мындан ары - Бөлүм) жана ар бир өткөрүлгөн тендерге өзүнчө тендердик комиссияны (мындан ары - Тендердик комиссия) түзөт.
3. Штаттык бирдиктин саны аз болгон учурда сатып алуучу уюм товарларды, ишти, кызмат көрсөтүүнү жана консультациялык кызматты сатып алууларды жүргүзүү үчүн Тендердик комиссияны түзүүгө жана ага Бөлүмдүн жана Тендердик комиссиянын укугу менен милдети жүктөлүүгө тийиш.
4. Сатып алуучу уюмдун Бөлүмү менен Тендердик комиссиясынын максаты болуп "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык сатып алуулар жол-жоболорун уюштуруу жана жүргүзүү саналат.
5. Сатып алуучу уюмдун Бөлүмү менен Тендердик комиссиясы сатып алуулар жол-жоболорунун негизги катышуучуларынын бири болуп саналат.
6. Сатып алуучу уюмдун Бөлүмү жана Тендердик комиссиясы өз ишинде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
7. Сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуучу уюмдун Тендердик комиссиясынын курамына башка мамлекеттик же коомдук уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн, алар сатып алуучу уюмдун атынан расмий чакырылат, мында сатып алуучу товардын, иштин, кызмат көрсөтүүнүн жана консультациялык кызматтын түрү көрсөтүлөт.
2. Бөлүмдүн жана Тендердик комиссиянын негизги милдеттери менен функциялары
8. Бөлүмдүн жана Тендердик комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- сатып алуулардын абдан майнаптуулугу менен үнөмчүлдүгүн камсыздоо;
- сатып алууларды жүргүзүүдө катышуучуларды кеңейтүү жана жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) ортосунда атаандаштыкты өөрчүтүү;
- конкурстук тоорукка катышкан бардык жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата адилеттүү мамилени камсыздоо;
- сатып алуулар жол-жобосунун ачыктыгын жана маалымдуулугун камсыздоо.
9. Бөлүм ага тагылган милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттер бекитилгенден кийин он күндүк мөөнөттө сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - Мамлекеттик орган) сатып алуулар ыкмасын көрсөтүү менен чыгашалардын ар бир беренеси боюнча кезектеги финансы жылына бекитилген форма боюнча бюджеттик ассигнациялардын чегинде натуралай жана акчалай туюнтулушунда сатып алуулар планын тапшырат;
- план бекитилгенден кийин он күндүк мөөнөттө, бирок финансы жылынын башталышынан тартып 15-январдан кечиктирбестен акциялардын кеминде 51 пайызы мамлекеттин үлүшүн түзгөн акционердик коомдор, мамлекеттик ишканалар, уюмдар жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн фондулар сатып алуулар ыкмасын көрсөтүү менен товарлардын, ишти, кызмат көрсөтүүнүн жана консультациялык кызматтын ар бир аталышы боюнча кезектеги финансы жылына бекитилген форма боюнча натуралай жана акчалай туюнтууда сатып алуулардын жылдык планын түзөт жана мамлекеттик органга тапшырат;
- алдын ала квалификациялык жол-жоболорду өткөрүү учурунда алдын ала квалификациялоо үчүн документтерди түзөт жана жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) алдын ала квалификациялык тандоосун жүргүзөт;
- чечим кабыл алынган датадан эки жумушчу күндөн кечиктирбестен ар бир жеткирип берүүчүнү (подрядчыны) алдын ала квалификациялык тандоодон өтүшүнүн натыйжасын кабарлайт;
- алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) тизмесин жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинде жарыялайт жана тоорукка катышууга чакырууну алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жөнөтөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген босого сумманы пайдаланып, ар бир өткөрүлгөн тендерге сатып алуу ыкмасын тандоону ишке ашырат;
- тендердик документтерди жана сатып алуулар жол-жобосун өткөрүү боюнча дагы башка документтерди иштеп чыгат;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинде алдыдагы тоорук жөнүндө кулактандырууну жарыялайт, эгерде зарылчылыгы туулса, түздөн-түз потенциалдуу жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) тендерге катышууга чакырууну жөнөтөт;
- документтерди басып чыгарууга жана жөнөтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн түзүлгөн калькуляцияга же сметага ылайык тендердик документтердин наркын белгилейт;
- тендердик табыштамаларды берүүнүн биротоло бүткөн мөөнөтүн белгилейт;
- атайын журналда тендердик документтерди алган, сатып алуулар жол-жобосуна катышууга каалоосун билдирген бардык талапкерлерди каттайт;
- сурамды алгандан кийинки 3 жумуш күнүнүн ичинде талапкерлердин бардык суроолоруна жооп берет жана сурамды берген булакты купуя кармоо менен тендердик документтер берилген бардык жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) түшүндүрүү берет;
- тендердик документтерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда толуктоо бардык жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жазуу жүзүндө токтоосуз билдирилет, ал бул сыяктуу жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн милдеттүү күчкө ээ;
- эгерде Бөлүм тендердик документтерге карата кандайдыр бир суроолорду түшүндүрүү үчүн жолугушуу өткөрсө, анда тендердик документтерди түшүндүрүү жөнүндө ошол жолугушуунун жүрүшүндө берилген сурам, ошондой эле анын чыккан булагын көрсөтпөстөн туруп, ошол сурамга берилген жооптор камтылган протокол түзүлөт. Протокол тендердик документтерди алган бардык жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) токтоосуз берилет;
- ачып баштаганга чейин сатып алуулар жол-жобосун өткөрүү боюнча тендердик комиссиянын мүчөлөрү үчүн консультация жана нускоо берүүнү жүргүзөт;
- Тендердик комиссиянын сунушунун негизинде сатып алуучу уюмдун атынан жеңүүчүгө келишимди ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарат;
- маалымат жана отчет үчүн түзүлгөндөн кийин 3 жумуш күнүнүн ичинде Мамлекеттик органга сатып алуулар жол-жобосунун протоколун тапшырат;
- тандап алуу жүргүзүлгөндөн кийин 3 күндүн ичинде тендердик табыштаманы утуучу деп таануу жөнүндө жеңүүчүнү жазуу жүзүндө кабарлайт;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында же Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинде кулактандыруу жарыялоо жолу менен үч күндүк мөөнөттө утуп алган талапкердин аталышын жана жайгашкан ордун жана ал тапшырган табыштаманын баасын көрсөтүү менен башка талапкерлерди жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө кабарлайт;
- үч жыл бою тендердик документтерди, жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) тендердик табыштамаларын, мамлекеттик сатып алууларга тийиштүү дагы башка документтерди жыйноону жана сактоону камсыз кылат;
- бекитилген формага ылайык сатып алуулар жол-жобосунун натыйжасы жөнүндө отчетту түзөт жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинде жарыялайт;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларына сатып алуулар жол-жобосунун шайкештигин камсыз кылуу максатында алардын өткөрүлүшүнө контролдойт;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун сакталышын текшерүү үчүн сатып алуулар жол-жоболоруна тиешелүү бардык зарыл документтерди Мамлекеттик органдын талап кылуусу боюнча берет.
10. Тендердик комиссия өзүнө тагылган милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- берилген тендердик табыштамаларды кабыл алат жана каттоодон өткөрөт;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык тендердик документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттө тендердик табыштамалардын ачылышын жүргүзөт;
- тендердик табыштамалардын ачылыш протоколун түзөт жана протоколдун көчүрмөсүн Мамлекеттик органга токтоосуз жөнөтөт;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана тендердик документтерде каралган жол-жоболорду жана критерийлерди пайдаланып, тендердик табыштамаларга баа берүүнү жүргүзөт;
- сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун түзөт, жеңүүчүнү аныктоо маселеси боюнча сунуш киргизет же сатып алуулар жол-жобосунун натыйжасы боюнча башка чечим кабыл алат жана тендердин жеңүүчүсүнө келишимди ыйгаруу жөнүндө чечим чыгаруу же башка чечим кабыл алуу үчүн Бөлүмгө тапшырат.
Тендердик комиссиянын жыйынынын протоколуна Тендердик комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коет.
3. Бөлүмдүн жана Тендердик комиссиянын укуктары
11. Бөлүм төмөнкүлөргө укуктуу:
- алдын ала квалификациялык жана тендердик документтерди түзүү маселеси боюнча чечим кабыл алууга;
- тендердик документтерди иштеп чыгууга эксперт чакырууга;
- сатып алуулар жол-жобосуна тиешелүү бардык маселелер боюнча сунуштар менен сунуштамаларды киргизүүгө;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде каралган ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүүгө;
- келишимди ыйгаруу жөнүндө сунуштаманы же Тендердик комиссия кабыл алган башка чечимди кайра карап чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) нааразылыктарын жана даттанууларын карап чыгууга жана чечим кабыл алууга;
- өзгөчө учурларда тендердик табыштамаларды берүүнүн биротоло мөөнөтү өткөнгө чейин ар кандай мезгилде толуктоо чыгаруу жолу менен тендердик документтерди өзгөртүүгө;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинде каралган учурларда тоорукту жокко чыгарууга;
- тендердик документтерге кандайдыр бир түшүндүрмө берген же өзгөртүү киргизген учурда тендердик табыштамаларды берүүнүн биротоло мөөнөтүн узартууга;
- баадан тышкары тандап алуунун кошумча критерийлерин белгилөөгө;
- кепилдик камсыздоонун өлчөмү менен түрүн аныктоого;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык тендердик табыштамаларды кепилдик камсыздоо жөнүндө пунктту чакырууга кошууга.
12. Тендердик комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- тендердик табыштамаларга баа берүүнү жүргүзгөндө, жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) алардын тендердик табыштамаларына зарыл түшүндүрмө берүү үчүн кайрылууга;
- тендердик табыштамаларды карап чыгуунун жүрүшүндө арифметикалык каталарды оңдоого (бул жөнүндө жеткирип берүүчүгө (подрядчыга) токтоосуз билдирет жана ошол оңдоого анын жазуу жүзүндөгү макулдугун алат);
- тендердик табыштаманы албай коюуга ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6 жана 28-беренелерине ылайык);
- жеткирип берүүчүнү (подрядчыны) сатып алуулар жол-жобосуна катышуудан четтетүүгө ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык);
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык тендерди болтурбай коюу жөнүндө чечим чыгарууга.
4. Сатып алуучу уюмдун Бөлүмүнүн жана Тендердик комиссиясынын милдеттери
13. Сатып алуулар жол-жоболорун өткөргөндө сатып алуучу уюмдун Бөлүмү жана Тендердик комиссиясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жол-жоболоруна ылайык сатып алуулар жол-жоболорун өткөрүү боюнча өзүнө жүктөлгөн бардык функцияны ак ниет аткарууга;
- Мамлекеттик органдын талап кылуусу боюнча сатып алуулар жол-жобосуна тиешелүү керектүү маалыматтарды берүүгө;
- бааны өзгөртүүнү же сатып алуучу уюмдун Бөлүмү же Тендердик комиссиясы менен жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) ортосунда тендердик табыштамага карата сүйлөшүүлөрдү кошкондо, тендердик табыштамалардын мазмунуна эч кандай өзгөртүү киргизүүгө жол бербөөгө;
- коммерциялык купуя сыр болуп саналган маалыматты камтыган, берилүүчү жана колдонулуучу маалыматтын жашыруундуулук принцибин сактоого. Анын үчүнчү жакка берилиши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана мүмкүн;
- сатып алуулар жол-жобосу аяктагандан кийин Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинде сатып алуучу уюмдун Бөлүмүнүн жана/же Тендердик комиссиясынын отчетун жарыялоого;
- тендердик документтерге толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жазуу жүзүндө кабарлоого;
- тендердик документтерге карата кандайдыр-бир маселени түшүндүрүү үчүн жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) менен жолугушуу өткөрүлгөн учурда, тендердик документтерди түшүндүрүү жөнүндө берилген сурам, ошондой эле анын чыккан булагын көрсөтпөстөн туруп, ошол сурамга берилген жооптор камтылган протокол түзүлөт, ал тендердик документтерди алган бардык жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) токтоосуз берилет;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинде каралган учурларда тоорукту жокко чыгаруу жөнүндө ар бир жеткирип берүүчүнү (подрядчыны) кабарлоого;
- утуп алган талапкердин аталышын, жайгашкан ордун жана ал тапшырган табыштаманын баасын көрсөтүү менен башка талапкерлерди тандоо жөнүндө кулактандыруу жолу менен үч күндүк мөөнөттө кабарлоого;
- тендердик документтерди толтуруу боюнча жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) түшүндүрмө берүүгө ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык).
Сатып алуучу уюмда тийиштүү профилдеги адис болбогон учурда сатып алуучу уюм сатып алынуучу товарга, ишке, кызмат көрсөтүүгө же консультациялык кызматка профили шайкеш келген адистерди сатып алуучу уюмдун Тендердик комиссиясынын курамына киргизүү же болбосо техникалык эксперт катары иштөөсү тууралуу сунуш менен Мамлекеттик органга кайрыла алат.
5. Бөлүмдү жана Тендердик комиссияны түзүүнүн тартиби жана иши
14. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси буйрук менен өзүнүн бөлүмдөрүнүн бирине сатып алууларды жүргүзүү үчүн жоопкерчилик жүктөйт же сатып алуулар бөлүмүн түзөт.
15. Сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы тендер жүргүзүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган учурдан баштап буйрук менен түзүлөт жана ар бир өткөрүлүүчү тендерге өзүнчө Тендердик комиссия түзүлөт.
16. Бөлүмдүн жана Тендердик комиссиянын курамына ар бирине үчтөн кем эмес киши кирет, курамдын саны так санды түзүүсү тийиш жана Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн бири тастыктоочу сертификаты бар сатып алуулар боюнча адис болушу керек. Ал адис Тендердик комиссияга бир жолудан ашык кириши мүмкүн, бирок бир нече Тендердик комиссиянын бир эле мезгилде мүчөсү болушу мүмкүн эмес. Сатып алуучу уюмдун Бөлүмү жана Тендердик комиссиясы контракттык тарап болушу мүмкүн эмес.
17. Бөлүмдүн түзүмү жана кызматкерлеринин саны мамлекеттик сатып алуулардын көлөмүнө, татаалдыгына жана ыкчамдыгына негизденип белгиленет.
18. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси сатып алуучу уюмдун Бөлүмүнүн жана Тендердик комиссиясынын курамына кирүүгө укуксуз.
19. Тендердик комиссия конкурстук тоорукту өткөрүү жөнүндө Тендердик комиссияны түзүү жөнүндө буйрук чыккан учурдан баштап келишимди ыйгаруу жөнүндө Бөлүм тарабынан чечим кабыл алынганга чейин иштейт. Эгерде конкурстук тоорук болбой калды деп табылса же анын жыйынтыгы жокко чыгарылса, анда Тендердик комиссия өз ишин токтотот.
20. Сатып алуучу уюмдун Бөлүмүнүн начальниги жана Тендердик комиссиянын төрагасы сатып алуучу уюмдун Бөлүмүнүн жана Тендердик комиссиясынын ишин уюштурат.
21. Сатып алуулар боюнча адис тендердик документтерди иштеп чыгууга катышат, потенциалдуу жеткирип берүүчүлөргө тендердик документтерди берет, тендердик комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча материалдарды даярдайт, Тендердик комиссиянын жыйындарынын протоколун тариздейт, берилген тендердик табыштамаларды кабыл алат жана каттоодон өткөрөт, тендердик табыштамаларды берүүнүн убактысын жана датасын көрсөтүү менен тендердик табыштамаларды ачып баштоо жол-жобосуна катышуу каалоосун билдирген талапкерлердин өкүлдөрүн каттайт, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык тендердик табыштамаларды ачып баштоону жүргүзөт. Тендердик табыштамаларды ачып баштоо протоколунун көчүрмөсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз жөнөтүлөт.
22. Сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясынын ишине катышууга тартылган адамдарга акы төлөө сатып алуучу уюм же анын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде тоорукту уюштуруучу тарабынан жүргүзүлөт.
23. Сатып алуучу уюмдун Тендердик комиссиясынын ишине мамлекеттик кызматчыны катышууга, экспертиза жана консультацияларды өткөрүүгө тартуу акысыз негизде жана алардын жетекчилеринин макулдугу менен жүргүзүлөт.
6. Бөлүмдүн жана Тендердик комиссиянын чечим кабыл алуу тартиби жана жоопкерчилиги
24. Тендердик комиссия тендердик табыштамаларды баалоонун жана салыштыруунун натыйжасы боюнча чечим кабыл алат жана тендердин жеңүүчүсүнө келишимди ыйгаруу жөнүндө чечим чыгаруу же башка чечим кабыл алуу үчүн Бөлүмгө сунуш киргизет.
25. Бөлүм Тендердик комиссиянын сунушунун негизинде сатып алуучу уюмдун атынан жеңүүчүгө келишимди ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарат, же "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык башка чечим кабыл алат.
26. Тендердик комиссиянын же Бөлүмдүн чечими менен макул болбогон учурда Тендердик комиссиянын мүчөсүнүн же Бөлүмдүн кызматкеринин кимиси болбосун өзгөчө пикирге укуктуу, ал жазуу жүзүндө баяндалууга жана тендердик документтердин жыйындар протоколуна тиркелүүгө тийиш.
27. Тендердик комиссиянын кандайдыр бир мүчөсү өндүрүштүк же башка себептер боюнча катышпай калган учурда тендердик комиссиянын жыйынынын протоколунда анын катышпай калган себеби көрсөтүлөт жана ошол фактыны тастыктаган документке шилтеме жасалат.
28. Келишим сатып алуучу уюмдун жетекчиси менен тендердик документтин шартына ылайык тендердик табыштамасы утту деп табылган жеткирип берүүчү (подрядчы) ортосунда түзүлөт.
29. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча тандалып алынган жеткирип берүүчү (подрядчы) тарабынан келишимге кол коюлбаган учурда, Бөлүм тендердик табыштамасы мазмуну боюнча тендердик документтин талаптарына жооп берген жана чоңдугу боюнча экинчи эң аз баалоо наркы болгон андан кийинки талапкерге келишимди ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
30. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жооп бербеген чечим кабыл алууга катышкан жана анда сатып алуулар жол-жобосунун протоколуна өзгөчө пикирин билдирбеген сатып алуучу уюмдун Бөлүмүнүн кызматкерине же Тендердик комиссиянын мүчөсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик (анын ичинде административдик жоопкерчилик) жүктөлөт. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн жана Бөлүмдүн кызматкерлеринин өзгөчө пикири сатып алуулар жол-жобосунун протоколунда жазылат.