Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-июну № 330
Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобону, тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун, сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүлөрүн жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмесин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссия жөнүндө жобо;
- тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун үлгүсү;
- сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун үлгүсү;
- Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын тизмеси.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| А.Атамбаев
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген
Тоорукту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун ҮЛГҮСҮ
1. _______________________________________________________________
(сатып алуучу уюм, юридикалык дареги)
_______________________________________________________________________ (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык
______________________________________________________ жеткирип берүүгө
кызматтарды жана алардын санын кыскача баяндоо)
тендердик табыштама берүү үчүн ________________________________________
(сатып алуу ыкмасы)
тоорукка талапкерлерди чакырат.
2. Товар _________________________________________________________
(товарларды жеткирүүнүн, кызматтарды аткаруунун,
_______________________________________________________________________
кызмат көрсөтүүлөрдүн же консультациялык
__________________________________________________________ жеткирилүүгө
кызматтардын орду жана мөөнөтү көрсөтүлөт)
тийиш (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр аткарылууга тийиш).
3. Тоорук үчүн документтердин толук комплектин бардык кызыкдар
талапкерлер төмөнкү дарек боюнча алышса болот: ________________________ ______________________________________________________________________.
4. Кызыкдар талапкерлер тоорук үчүн кошумча маалыматты жогоруда
көрсөтүлгөн дарек боюнча алышса болот.
5. Документтердин комплектинин наркы _____ кыргыз сомун же _______ АКШ долларын түзөт (эгерде акы каралбаса, бул пункт алынып салынат).
6. Тоорукка катышуу үчүн бардык талапкерлер өздөрүнүн тендердик
табыштамаларын __________________________________________ дареги боюнча ________________________________________ күндөн кечиктирбестен берилет.
(убактысы жана датасы)
7. Тендердик табыштамалар талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда _________________________________________________________ дареги боюнча _______________________________________________________________ ачылат.
(убактысы жана датасы)
8. Келген өлкөсүнө карабастан бардык жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) тоорукка катышуусуна жол берилет _________________________
(ички жеткирип
_______________________________________________________________________
берүүчүлөргө (подрядчыга) жеңилдик берилген учур көрсөтүлөт)
9. _______________________________________________________________
(жеткирип берүүчүгө же болбосо подрядчыга кошумча коюлуучу
_______________________________________________________________________
талаптар көрсөтүлөт)
Бөлүм башчысы же
Тендердик комиссиянын төрагасы ___________________________________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген
Сатып алуу үчүн тандоо жөнүндө жарыялоонун ҮЛГҮСҮ
__________________________________________________________________
(сатып алуу предмети)
_______________________________________________________________________
(сатып алуучу уюмдун аталышы)
______________________________________________ ыкмасы менен жүргүзүлгөн
(сатып алуу ыкмасын көрсөтүү)
_____________________________________________ сатып алуу үчүн тендердин
(сатып алуу предмети)
жеңүүчүсү болуп _________________________________________ табылгандыгын
(жеткирип берүүчүнүн /подрядчиктин аталышы)
билдирет, анын юридикалык дареги _____________________________________, ___________________________________________________ берген табыштаманын
(жеткирип берүүчүнүн /подрядчиктин аталышы)
баасы товарлардын, иштин/кызмат көрсөтүүлөрдүн толук көлөмү үчүн ______ ________________________________________________________________ түзөт.
(валютанын аты)
Бөлүм башчысы же
Тендердик комиссиянын төрагасы ___________________________________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сатып алуучу уюмдар тарабынан берилүүчү маалыматтардын ТИЗМЕСИ
┌─┬──────────────────────────────────────┬────────────────────────────┐
│№│ Маалыматтар │ Берүү мөөнөтү │
├─┼──────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│1│Сатып алуулар планы, натуралай жана │Бюджеттик уюмдар үчүн │
│ │акчалай туюнтууда төмөнкүлөрдү │кезектеги финансы жылына │
│ │кошкондо: │республикалык бюджетти │
│ │- сатып алуулардын предмети (товардын │бекиткенден кийин он күндүк │
│ │аталышы, жумуштардын баяндалышы, │мөөнөттө жана мамлекеттик │
│ │кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү); │ишканалар, уюмдар жана │
│ │- сатып алынуучу товарлардын саны, │мамлекеттик каражаттардын │
│ │жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн │эсебинен түзүлгөн фондулар, │
│ │жана консультациялык кызмат │акциялардын кеминде 51 │
│ │көрсөтүүлөрдүн наркы; │пайызы мамлекеттин үлүшүн │
│ │- бул товарларды, жумуштарды, кызмат │түзгөн акционердик коомдор │
│ │көрсөтүүлөрдү жана консультациялык │үчүн кезектеги финансылык │
│ │кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн │жылдын башында 15-январдан │
│ │бөлүнгөн сумма; │кечиктирбестен │
│ │- сатып алуунун болжолдуу мөөнөттөрү │ │
│ │жана сатып алуу ыкмасы; │ │
│ │- каржылоо булагы │ │
├─┼──────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│2│Тендердик табыштаманы ачып баштоо │Протоколдун көчүрмөсү │
│ │протоколу │түзүлгөндөн кийин │
│ │ │кечиктирбестен жиберилет │
├─┼──────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│3│Сатып алуу жол-жобосунун протоколу │Түзүлгөндөн кийин үч жумуш │
│ │ │күндүн ичинде │
├─┼──────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│4│Келишимдин наркы жөнүндө маалымат │Тараптар тарабынан кол │
│ │ │коюлган күндөн үч күндүк │
│ │ │мөөнөттө │
├─┼──────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│5│Сатып алуу планына өзгөртүү │Өзгөртүү киргизгенден кийин │
│ │ │үч күндүк мөөнөттө │
├─┼──────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│6│Тендердик документтердин жана │Мамлекеттик сатып алуулар │
│ │тендердик табыштаманын көчүрмөсү │боюнча ыйгарым укуктуу │
│ │ │мамлекеттик органдын сурамы │
│ │ │боюнча │
├─┼──────────────────────────────────────┼────────────────────────────┤
│7│Сатып алуу жол-жобосунун протоколуна │Мамлекеттик сатып алуулар │
│ │киргизилген тандалып алынган маалымат │боюнча ыйгарым укуктуу │
│ │ │мамлекеттик органдын сурамы │
│ │ │боюнча │
└─┴──────────────────────────────────────┴────────────────────────────┘