Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 588 токтому менен бекитилген
Башка мамлекеттердин эмитенттери чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылууга уруксат берүү жөнүндө ЖОБО
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана башка мамлекеттердин эмитенттери (мындан ары - чет элдик эмитенттер) чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда ачык сунуш кылууга, аларды экинчи рынокто жайгаштырууга же жүгүртүүгө ачык сунуш кылган учурда уруксат берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Чет элдик эмитенттин ачык сунуш кылынган баалуу кагаздары жана ошол сунуш кылуунун проспектиси Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөндөн кийин гана чет элдик эмитенттин баалуу кагаздары Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылынат.
3. Кыргыз Республикасынын резидентинин башка мамлекеттердин эмитенттеринин баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жакта сатып алышы ошол баалуу кагаздар Кыргыз Республикасында жүгүртүлүп жатат деп таанылбайт.
4. Ачык сунуш кылууга уруксат берилбеген чет элдик эмитенттердин баалуу кагаздарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактан адамдар сатып алган мындай баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасында ачык сунуш кылууга тыюу салынат.
5. Эгерде чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасында квалификациялуу инвесторлор үчүн гана ачык сунуш кылууга уруксат берилсе, ошол баалуу кагаздарды квалификациялуу инвесторлор гана сатып ала алат. Башка жактардын ошол баалуу кагаздарды сатып алышына ушул Жободо белгиленген учурларда гана жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Эгерде чет элдик эмитент төмөнкүдөй шарттарды канааттандыра турган болсо, анда чет элдик эмитенттин баалуу кагаздары Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылынат:
- ал резидент болуп саналган өлкөдө юридикалык жак катары эмитент катталса жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ачык акционердик коом менен бирдей маанидеги, ал катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык юридикалык статуска ээ болсо (акциялары ачык сунушталган учурда);
- эмитент Кыргыз Республикасында аракеттенген фондулук биржалардын листингине карата коюлган талаптарды канааттандырса;
- Кыргыз Республикасында эмитенттин ачык сунушталган баалуу кагаздарынын ээлеринин укуктарынын эсебин алуу үчүн эмитент баалуу кагаздар рыногунун депозиттик ишти жүргүзгөн кесипкөй катышуучусу менен келишим түзсө;
- эмитент Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда анын кызыкчылыгын көрсөтүү үчүн брокердик/дилердик иш жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу менен келишим түзсө;
- эмитент Кыргыз Республикасында ачык сунуш кылынган чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин укуктарынын эсебин алуу үчүн баалуу кагаздардын ээлеринин реестрлерин жүргүзүү ишин кылган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу менен келишим түзсө.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуштоого уруксат берилген эмитентке жана анын баалуу кагаздарына карата да Кыргыз Республикасынын эмитенттери жана алардын баалуу кагаздары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар коюлат, мында ошол баалуу кагаздар адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө ачык сунушталаары же квалификациялуу инвесторлорго гана сунушталаары эске алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Чет элдик эмитенттин проспектисин каттоо, чет элдик эмитенттер чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылууга уруксат берүү болуп саналат.
9. Чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарына берилүүчү уруксатты алуу үчүн баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди берүү керек:
- ушул пунктта саналып көрсөтүлгөн документтердин тизмесин;
- арызды;
- эмитент юридикалык жак болуп саналган өлкө жана эмитент тууралуу жалпы маалыматты, эмитенттин юридикалык дарегин;
- Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарды жүгүртүү (жайгаштыруу) жөнүндө эмитенттин ыйгарым укуктуу органы кабыл алган чечимди ырастоочу документти (же анын көчүрмөсүн);
- Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө (жайгаштырууга) сунуш кылынган баалуу кагаздардын санын жана түрлөрүн;
- баалуу кагаздарды жүгүртүү (жайгаштыруу) пландаштырылган мөөнөттү;
- баалуу кагаздарды жайгаштыруунун (жайгаштыруу учурундагы) наркын;
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмитенттин уюштуруучулук документтеринин көчүрмөлөрүн же аларды алмаштыруучу документтерди;
- бул субъект өзүнүн өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча аракеттенүүчү юридикалык жак болуп саналарын күбөлөндүргөн реестрдин мыйзам жүзүндө таанылган, мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн же башка документти (Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде каралган учурларда жогоруда көрсөтүлгөн документтерди мыйзамдаштыруу талап кылынбайт);
- эмитент чыгарган баалуу кагаздардын, аларды Кыргыз Республикасында жүгүртүү пландаштырылгандыгын ырастоочу документтердин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн.
Устав же аны алмаштыруучу документ, эмиссиялардын проспектиси (эгерде бар болсо), эмитент чыгарган баалуу кагаздар көрсөтүлгөн каржылык отчеттун документтери, ошондой эле эмитенттин баалуу кагаздарды чыгарышы жөнүндө бүтүм кылууга негиз болгон башка документтер эмитенттин баалуу кагаздарды чыгаргандыгын ырастоочу документтер болуп саналат;
- документтештирилген түрдө чыгарылса - баалуу кагаздардын үлгүлөрүн;
- эмиссиянын проспектисинин 3 нускасын. Ага эмиссиянын проспектиси же аны алмаштыруучу, анын резиденти болуп саналган эмитент таандык болгон өлкөнүн каттоочу органында катталган башка документ тиркелет (эгерде бар болсо);
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда чет элдик эмитенттин таламдарын көрсөтүү үчүн брокердик жана дилердик иш жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу менен түзүлгөн келишимдин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
- баалуу кагаздарга карата болгон укуктун эсебин алуу жөнүндө тиешелүү лицензияны баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан лицензия алган көз каранды эмес реестр кармоочу менен түзүлгөн келишимдин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
- чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө (жайгаштырууга) берилген уруксат үчүн төлөнгөн жыйымдар жөнүндө документти;
- эмитенттин кредиттик рейтингди алганын ырастоочу документтин көчүрмөсүн, эгер бар болсо;
- өлкөнүн чегинен тышкаркы биржанын биринде эмитенттин листингден өткөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн, эгер бар болсо;
- акыркы үч жылдагы финансылык отчетту жана ошол жылдардагы финансылык отчеттор боюнча аудитордук бүтүмдөрдү, эгер эмитенттин иштеген мөөнөтү үч жылдан аз болсо - анда анын ишинин баардык жылдары үчүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Чет элдик эмитенттин чет тилде жазылган документтери, Кыргыз Республикасынын расмий тилдеги котормосу белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүү менен берилет.
11. Жогоруда саналган баардык документтерге жана проспектиге кол койгон билдирүүчүнүн (эмитенттин) кызмат адамы ошол документтерде камтылган маалыматтардын тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тапшырылган документтерди 15 жумушчу күндүн ичинде карап чыгат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 565 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Берилген документтер ушул жобонун талаптарына ылайык келген учурда баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган проспектини каттайт жана "Катталды" деген штамп басылган проспектинин эки нускасын, каттоо номери менен каттоо күнүн көрсөтүү менен билдирүүчүгө берет.
14. Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө уруксат берилген чет элдик эмитенттин баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар баалуу кагаздар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө уруксат берилген чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарынын реестрине (мындан ары - чет элдик баалуу кагаздардын реестри) киргизилет.
15. Чет элдик баалуу кагаздардын реестрин жүргүзүү төмөнкүдөй ишке ашырылат:
1) кагазга (атайын журналга) жазылат;
2) компьютердик жазуулар түрүндөгү маалыматтарды магниттик алып жүрүүчүгө.
16. Чет элдик баалуу кагаздардын реестринде төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- эмитенттин толук аталышы;
- эмитент резидент болуп саналган мамлекет;
- эмитенттин уюштуруучулук-укуктук түрү;
- эмитенттин юридикалык дареги;
- юридикалык жак катары катталган күн жана каттаган органдын аталышы;
- Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө уруксат берилген баалуу кагаздардын түрү жана анын саны;
- жүгүртүүнүн түрү (экинчи рынокто жайгаштыруу, жүгүртүү);
- баалуу кагаздар жүгүртүлүүчү мөөнөт;
- эмитенттин уставдык капиталынын өлчөмү;
- жайгаштырылган баалуу кагаздардын (жайгаштыруу учурундагы) баасы (номиналдык наркы);
- проспект катталган күн, баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган проспектке ыйгарган каттоо номери.
17. Чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын жүгүртүүгө (жайгаштырууга) берилген уруксатты же токтотууну ырастаган документтердин негизинде чет элдик баалуу кагаздардын реестрине жазуулар менен өзгөртүүлөр жазылат.
18. Чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуш кылууга уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкүдөй учурларда баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укугу бар:
1) ушул Жободо каралган документтер баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу органга толугу менен берилбей калса;
2) ушул Жободо белгиленген талаптарга эмитент жана/же чет элдик эмитенттин ачык сунуш кылынуучу баалуу кагаздары ылайык келбей калса;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарынан, уруксат берүүчү жол-жоболордон өтүү үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар ылайык келбей калса;
4) берилген документтердеги маалыматтарда туура эмес, жалган маалыматтар камтылса;
5) эгерде эмитенттин баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуусу ушул Жобонун, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына карама-каршы келсе.
19. Ушул Жободо көрсөтүлбөгөн башка себептер боюнча чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасында ачык сунуш кылууга баш тартууга жол берилбейт.
20. Чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуш кылууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө, мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 иш күндөн кечиктирилбей билдирүүчүгө жеткирилет.
21. Чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуш кылууга уруксат берилбеген учурда баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу орган берилген баардык документтерди билдирүүчүгө кайтарып берет.
22. Эгерде билдирүүчү баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууга уруксат бербей коюу негизсиз деп эсептесе, анда ал бул каршы чечимге соттук тартипте доо-арыз берүүгө укуктуу.
23. Кыргыз Республикасынын эмимтенттеринин баалуу кагаздары үчүн белгиленген эрежелер жана жол-жоболор боюнча, ушул Жобо менен белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен чет элдик эмитенттердин баалуу кагаздары Кыргыз Республикасында ачык сунуш кылынат.
24. Чет элдик эмитенттердин баалуу кагаздары менен жасалуучу бүтүмдөрдү брокерлер/дилерлер баалуу кагаздар рыногундагы соодаларды уюштуруучулар аркылуу иш жүзүнө ашырат.
25. Чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин укуктарынын эсебин баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүү боюнча ишти жасоого лицензиясы бар, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу жүргүзөт.
Чет элдик эмитенттин таламдарын көрсөткөн баалуу кагаздардын кесипкөй катышуучусу баалуу кагаздардын ээлеринин эсебин камсыз кылууга жана эмитент, анын баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачып берүүгө милдеттүү.
26. Чет элдик эмитенттин баалуу кагаздары менен бүтүмдөрдү жасаган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу күчү, жөндөмү бар сатып алуучуларга ошол баалуу кагаздарды сатып алуу менен байланышкан кооптуулуктар, анын ичинде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган, чет элдик эмитенттин ишин контролдогон мамлекеттик органдын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендиги менен байланышкан кооптуулуктар тууралуу, ошондой эле баалуу кагаздар боюнча милдеттенмени эмитент аткарбаган учурда доо-арыз берүү кыйынчылыктары жөнүндө айтууга милдеттүү.
27. Баалуу кагаздарды сатып алуучу чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алуудагы кооптуулуктар жөнүндө маалыматта камтылган кооптуулуктар менен тааныштым деп атайын бланкка (тиркеме) кол койгон учурда гана, чет элдик эмитенттин баалуу кагаздары менен болгон бүтүмдү жасоого баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу укуктуу.
28. Эгерде инвесторлордун белгилүү категорияларына сунуш кылуу үчүн баалуу кагаздарды чыгарууга уруксат берилсе, анда эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алуудагы кооптуулуктар жөнүндө маалыматта камтылган кооптуулуктар менен тааныштым жана эмитент баалуу кагаздар боюнча милдеттерин аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата дооматтарым жок деп атайын бланкка сатып алуучу кол койгон шарттарда гана, башка инвесторлордун таламдарын көздөп баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого кесипкөй катышуучулар укуктуу.
29. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууга уруксат алган баалуу кагаздардын чет элдик эмитенти маалыматтарды төмөнкүдөй түрлөрдө ачып берүүгө милдеттүү:
- ар кварталдык, жылдык отчет түрүндө, баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууну жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын эмитенттери үчүн белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө;
- "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде келтирилген эмитенттин каржылык-чарбалык ишиндеги олуттуу фактылар (окуялар) жөнүндөгү билдирүүлөр түрүндө, баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууну жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын эмитенттери үчүн белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө;
- жылдык каржылык отчетту жарыялоо түрүндө, баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууну жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын эмитенттери үчүн белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө.
30. Ушул Жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан сырткары, баалуу кагаздары Кыргыз Республикасында ачык сунуш кылынуучу чет элдик эмитент төмөнкүдөй кошумча маалыматтарды ачууга милдеттүү:
- чет элдик эмитент резиденти болуп саналган өлкөдөгү мыйзамдардагы, экономикалык, саясый кырдаалдардагы өзгөрүүлөр жөнүндө, эгерде көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр баалуу кагаздардын ээлеринин укуктарына же чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарынын наркына олуттуу таасир тийгизе турган болсо;
- Кыргыз Республикасынын чегинин сыртындагы биржаларда жүргүзүлгөн соодаларда баалуу кагаздардын ошол түрүнүн рыноктук баасы 10 жана андан ашуун пайызга бир жолу өзгөрүшү тууралуу;
- Кыргыз Республикасынын чегинин сыртындагы биржаларда жүргүзүлгөн соодаларда түзүлгөн баалуу кагаздын ошол түрүнүн рыноктук орточо баасын;
- чет элдик эмитенттин Кыргыз Республикасындагы таламдарын көрсөткөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өзгөрүшү жөнүндө.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн маалыматтар эмитенттин каржылык-чарбалык ишиндеги олуттуу фактылар (окуялар) жөнүндө маалыматтарды ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө ачылат.
31. Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууга жол берилген учурда чет элдик эмитент (чет элдик эмитенттин таламдарын көздөгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу) баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууга уруксат берилгендиги жөнүндө билдирүүнү төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя кылат:
- эмитенттин толук аталышын, юридикалык дарегин;
- эмитенттин ишинин негизги түрүн;
- Кыргыз Республикасында ачык сунуш кылууга уруксат берилген баалуу кагаздардын түрүн, баалуу кагаздардын санын;
- баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуучу мөөнөт;
- чет элдик эмитенттин таламдарын көрсөткөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун аталышы жана жайгашкан жери;
- жөндөмдүү инвесторлор проспект жана эмитент жөнүндө, башка маалыматтар жана анын баалуу кагаздары менен тааныша турган жер.
32. Чет элдик эмитент (чет элдик эмитенттин таламдарын көздөгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу) эмитент тууралуу маалыматтардын, анын ичинде проспектинин каалаган адамдарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
33. Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуу проспектин баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого чейин чет элдик эмитенттердин баалуу кагаздарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарнама кылууга тыюу салынат.
34. Кыргыз Республикасындагы чет элдик эмитенттин маалыматтарын ачууну чет элдик эмитенттин таламдарын көрсөткөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу келишимге ылайык уюштурат. Чет элдик эмитенттин таламдарын көрсөткөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу чет элдик эмитенттин ачкан маалыматтарынын мазмуну үчүн жоопкерчиликти тартпайт.
Чет элдик эмитенттин таламдарын көрсөткөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу кандайдыр бир жагдайларга байланыштуу чет элдик эмитент жана/же анын баалуу кагаздары тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ачуу аракеттерин жасоого мүмкүнчүлүктөрү жок болсо, мындай жагдай жаралган учурдан тартып 5 иш күндөн кечиктирбей бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.
35. Чет элдик эмитент жана/же анын баалуу кагаздары тууралуу маалыматтарды ачуу мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүнү алган учурдан тартып баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, 1 жумушчу күндөн кечиктирбей, Кыргыз Республикасынын маалыматтарды ачуу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарганга чейин ошол чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуш кылууну токтотууга милдеттүү.
36. Баалуу кагаздары Кыргыз Республикасында ачык сунуш кылууга уруксат берилген чет элдик эмитент Кыргыз Республикасынын эмитенттери үчүн белгиленген тартипте көлөмдө жана мөөнөттөрдө отчетту баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
37. Чет элдик эмитенттин отчетуна жана ачылуучу башка маалыматтарына кол койгон кызмат адамы анда камтылган маалыматтардын тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди тартат.
38. Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу орган чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуш кылууну 30 күндүк мөөнөткө токтотуп коюу жөнүндө чечимди төмөнкүдөй учурларда кабыл алат:
- эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузса, анын ичинде маалыматтарды ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарбаса;
- баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууга уруксат берүүгө негиз болгон документтерде туура эмес, жалган маалыматтар камтылган деген шек туулган учурда;
- баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуунун жүрүшүндө инвесторлордун кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү жана баалуу кагаздар боюнча алардын укуктарын ишке ашырууга коркунуч жараткан жаңы шарттар келип чыкса;
- ушул Жобонун 35-пунктунда каралган учурларда.
39. Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуу токтотулгандыгы жөнүндө чечим мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 1 жумушчу күндөн кечиктирилбей, токтотуунун себептерин көрсөтүү менен эмитентке же анын өкүлүнө жеткирилет.
40. Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуу токтотулгандыгы жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн бузууларды эмитент жойгон жана бул тууралуу маалыматты берген учурда, баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай маалымат берилген учурдан тартып 1 жумушчу күндөн кечиктирбей баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууну кайра баштоо тууралуу чечимди кабыл алат.
41. Чет элдик эмитенттин таламдарын көрсөткөн эмитенттин же баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун билдирүүсү боюнча, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда, баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуш кылууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн:
- баалуу кагаздарга уруксат берилген мөөнөт аяктаганда;
- эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу бузганда;
- баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууну токтотуу жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн бузуулар токтотуу мөөнөтүнүн ичинде жоюлбаса;
- баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууга уруксат берүүгө негиз болгон документтерден туура эмес, жалган маалыматтар табылган учурда;
- эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарына таасир тийгизүүчү эмитент кетирген бузуулар жөнүндө расмий маалыматтар, эмитент резиденти болуп саналган өлкөнүн мамлекеттик органдарынан баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшсө.
42. Баалуу кагаздарды ачык сунуш кылуу токтотулгандыгы жөнүндө чечим мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 1 жумушчу күндөн кечиктирилбей, токтотуунун себептерин көрсөтүү менен эмитентке же анын өкүлүнө жеткирилет.
43. Чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын ачык сунуш кылууну токтотуу учурунда же токтоткондо Кыргыз Республикасынын аймагында ошол баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынат.
44. Чет элдик эмитенттин проспектисинде Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин баалуу кагаздарынын эмиссиясынын проспектиси үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган баардык маалыматтар камтылышы керек, буга чет элдик эмитент резиденти болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбөөчүлүгүнүн айынан берүүгө мүмкүн болбогон маалыматтар кирбейт.
45. Эмитент резиденти болуп саналган өлкөнүн каттоочу органында катталган проспектиге проспект же аны алмаштыруучу башка документ тиркелген учурда, эмитенттин өлкөсүндө катталган проспектиде ачылган маалыматтар, баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоо үчүн берилген проспектиде көрсөтүлбөсө да болот.
46. Чет элдик эмитенттин проспектисинде төмөнкүдөй маалыматтар кошумча камтылышы керек:
- Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарды ачык сунуш кылууга уруксат алуунун максаты (себептери);
- жүгүртүүнүн (экинчи рынокто жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн) түрү;
- чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин укуктарын ишке ашыруунун тартиби;
- баалуу кагаздардын ээлеринин укуктарын ишке ашырууга байланышкан талаштарды кароонун жана баалуу кагаздар боюнча милдеттенмени аткаруу учурунда эмитентке доолорду коюунун тартиби;
- Кыргыз Республикасында чет элдик эмитенттин таламдарын көрсөткөн баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун аталышы, анын ыйгарым укугу жана баалуу кагаздардын ээлеринин алдындагы жоопкерчиликтери;
- чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарды сатып алууга байланыштуу тобокелдиктер;
- чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарына ээлик кылуу менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүүчү чаралар;
- эмитенттин кредиттик рейтинги жөнүндө маалымат (эгерде бар болсо);
- эмитент резиденти болуп саналган өлкөнүн чегинен сыртында баалуу кагаздарды жүгүртүү жөнүндө маалыматтар;
- эмитенттин баалуу кагаздары менен соодаларды жүргүзүп келген/жүргүзүп жаткан соодаларды уюштуруучулар жөнүндө маалыматты;
- эмитент жөнүндө кошумча маалыматтарды ала турган мезгилдүү басылма жана электрондук басылма.
47. Чет элдик эмитенттин проспектисине ыйгарым укугу бар эмитенттин кызмат адамы, Кыргыз Республикасында чет элдик эмитенттин таламдарын көрсөткөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу кол коет, ал эмитенттин жана агенттин мөөрлөрү менен бекитилет.
48. Проспект үч нускада түзүлөт. Бир нуска баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, экинчиси - эмитентте сакталат, үчүнчү нуска эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин укуктарынын эсебин алган каттоочуга сактоо үчүн берилет.
Проспектинин нускаларынын тексттеринде айырмачылыктар болгон учурда баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталган документтин тексти туура деп эсептелинет.
49. Эмитент (чет элдик эмитенттин таламдарын көрсөткөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу) проспектиде камтылган маалыматтарды алууну камсыз кылууга милдеттүү.
50. Чет элдик эмитенттин проспектисин тариздөөнүн тартиби, ошондой эле ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин проспекти үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Тиркеме
1. Баалуу кагаздар боюнча укукту ишке ашыруу менен байланышкан кооптуулуктар
Баалуу кагаздардын ээлеринин алдындагы милдеттерди эмитенттер аткарбай койгон учурда чет элдик эмитентке анын баалуу кагаздарынын ээлеринин доо-арыз берүү механизми олуттуу чыгымдарга алып келет.
Башка кооптуулуктар (чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алуу менен байланышкан башка кооптуулуктар саналат).
Мен, _____________________________________________________________
(аты-жөнү)
чет элдик эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алуу менен байланышкан башка кооптуулуктар менен таанышканымды ырастаймын, жана ошол кооптуулуктар жөнүндө толук маалыматтарга ээ болуп туруп, чет элдик эмитенттин төмөнкүдөй баалуу кагаздарын сатып алуу жөнүндө чечимди өз алдымча кабыл аламын: баалуу кагаздардын түрү, эмитент, эмитент катталган өлкө, баалуу кагаздардын саны. ______________________________________________ _______________________________________________________________________
Инвесторлордун белгилүү бир категориясы үчүн баалуу кагаздарга уруксат берилгенде:
Мен, _____________________________________________________________
(аты-жөнү)
ачык сунуш кылууга уруксат берилген баалуу кагаздар инвесторлордун белгилүү категорияларынын чөйрөсүнө сунуш кылынып жаткандыгы тууралуу маалыматым бар жана аларды сатып албоо кеңеши мага берилген. Ошол баалуу кагаздарды сатып алуу менен байланышкан кооптуулукту мен сезип, аларды сатып алуу чечимин кабыл алдым жана чет элдик эмитент баалуу кагаздары боюнча милдеттенмесин аткарбай койгон учурда Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, башка мамлекеттик органдарга, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата доо-арыз бербейм.
Баалуу кагаздарды сатып алуучу ___________________________________
(аты-жөнү, колу)