Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 565
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 "Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жободо:
- 6-главасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Квалификациялык күбөлүккө аттестациялык комиссиянын төрагасы кол коёт жана аны берүү жөнүндө аттестациялык комиссиясынын чечими кабыл алынган жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуусунун берилген квалификациялык күбөлүктөрүнүн мамлекеттик реестрине жазуу киргизилген күндөн тартып 3 күндүн ичинде берилет.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 588 "Башка мамлекеттердин эмитенттери чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылууга уруксат берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Башка мамлекеттердин эмитенттери чыгарган баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунуш кылууга уруксат берүү жөнүндө жободо:
- 12-пунктундагы "30 календардык" деген сөздөр "15 жумушчу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 498 "Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай сертификаттарын чыгаруу, колдонуу жана жабуу тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгарылган турак жай сертификаттарын каттоого же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөөлүү чечимди документтерди алган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбей кабыл алууга милдеттүү.".
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |