Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-сентябрындагы №536 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө ушул Жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
Бул Жобо баалуу кагаздар рыногундагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүчүнү түзүүнүн, статусунун жана ишинин укуктук негиздерин, баалуу кагаздар менен байланышы бар укуктарды каттоого алуунун механизмдерин жөнгө салат, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүнүн тартиптерин аныктайт.
Эмитент көз каранды эмес реестр кармоочуну өз алдынча тандап алат жана бир гана көз каранды эмес реестр кармоочу менен реестрди жүргүзүү келишимин түзөт.
Төмөнкүдөй олуттуу шарттар келишимде камтылышы керек:
- келишимдин предмети;
- келишим токтотулган учурда реестрди өткөрүп берүүнүн тартиби жана шарттары;
- реестрди жүргүзүү боюнча каттоочуга кызмат үчүн акы төлөөнүн жана реестрди сактоого жана өткөрүп берүүгө байланышкан каттоочунун чыгымдарын төлөп берүүнүн тартиби.
Көз каранды эмес реестр кармоочу чектелбеген сандагы эмитенттердин баалуу кагаздарын кармоочулардын реестрлерин жүргүзө алат.
Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- өздүк эсеп - баалуу кагаздарды кармоочулардын реестриндеги баалуу кагаздарды кармоочунун идентификациялык номери.
Өздүк эсептердин түрлөрү:
- эмитенттин эмиссиялык эсеби - белгиленген тартипте катталган баалуу кагаздарды которуу үчүн жана баалуу кагаздарды андан ары жайгаштыруу же жараксыз кылуу (төлөп берүү) үчүн эмитентке ачылып берилген эсеп;
- эмитенттин баланстык эсеби - эмитент төлөп кайта алган (сатып алган) баалуу кагаздарды которуу үчүн эмитентке ачылып берилген эсеп;
- баалуу кагазды кармоочунун өздүк эсеби - баалуу кагаздарды кармоочуга, номиналды кармоочуга, күрөөнү кармоочуга же баалуу кагаздарды башкаруучуга ачылып берилген эсеп.
Баалуу кагаздарды кармоочу - ал жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген жеке же юридикалык жак.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын түрү:
- баалуу кагаздардын ээси - баалуу кагаздарды менчиктеген жак;
- баалуу кагаздарды башкаруучу - белгилүү мөөнөткө анын ээлигине берилген жана башка жакка таандык баалуу кагаздарды ошол жактын кызыкчылыгы үчүн же ошол жак көрсөткөн үчүнчү жактын кызыкчылыгы үчүн баалуу кагаздарга ишенимдик башкарууну жүргүзгөн, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу;
- күрөө кармоочу - баалуу кагаздардын күрөөсү анын атына таризделген, милдеттенмени күрөө менен камсыз кылган кредит берүүчү;
Операция - реестр кармоочунун аракеттеринин жыйындысы, алардын натыйжасында өздүк эсепте камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилет жана/же даярдалат жана реестрден маалыматтар берилет.
Өткөрүп берүү буйругу - ага таандык баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө баалуу кагаздарды кармоочунун тапшырмасы камтылган, реестр кармоочуга же депозитарийге берилүүчү документ.
Каттоо журналы - хронологиялык тартипте баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүчү системага операцияларды (өзгөрүүлөрдү) каттоочу китеп.
Регистр - баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрлерин жүргүзүү боюнча ишмердикти жүргүзүү максатында пайдаланылуучу документтердин жыйындысы.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестри - бирдиктүү системага жазылган эмитент жөнүндө маалыматтардын жыйындысы, эмитент тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган баалуу кагаздардын саны, категориясы (түрү), баалуу кагаздардын ар бир кармоочусу жөнүндө маалымат, мында баалуу кагаздарды кармоочу, баалуу кагаздардын номиналдарын кармоочу же баалуу кагаздарды башкаруучу болуп саналарын көрсөтүлөт; ар бир баалуу кагаздар жөнүндө, баалуу кагаздар сатылып алынган (номиналдык кармоого, баалуу кагаздарды башкарууга берилген) мезгил, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын ар бириндеги мындай баалуу кагаздардын сандары жөнүндө, алардын реквизиттерин, жайгашкан жерин жана баалуу кагаздардын кармоочуларын - юридикалык жак үчүн эсептешүү эсебин, инсандын ким экендигин күбөлөндүргөн документтеги (паспорттун, аскердик билеттин, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн д.у.с. сериясын, номерин, берилген күнүн жана жерин) маалыматтарды, жашаган жерди (баалуу кагаздарды кармаган жеке жактар үчүн) көрсөтүү менен, эмитентке же реестр кармоочуга берилген маалыматтар боюнча баалуу кагаздарга карата күрөөлүк укуктарга ээ болгон жактардын реквизиттери реестрге киргизилиши керек, ошондой эле баалуу кагаздарга бекитилген укуктарга күрөө кармоочу ээби же жокпу аны көрсөтүп, ошондой эле башка негиздерден улам баалуу кагаздарга болгон укуктун сатылып алынышы жана баалуу кагаздарга күрөөлүк милдеттердин оордугун салуу фактылары жөнүндө, баалуу кагаздардын бөлүштүрүлүшү жана топтоштурулушу жөнүндө, баалуу кагаздардан алынган кирешелерди төлөп берүү жөнүндө (кирешелерди төлөп берүү жөнүндө чечимди эмитент кабыл алган күн, кабыл алынган чечимге ылайык бир баалуу кагаздан алынган киреше жөнүндө маалымат) маалыматтар реестрге киргизилет.
Ыйгарым укуктуу өкүл:
- юридикалык жактын кызмат адамы, ал уюштуруу документтерине жана/же юридикалык жактын уставына ылайык юридикалык жактын атынан ишеним катсыз эле аракеттенүүгө укуктуу;
- баалуу кагаздарды кармоочу бийлик укук берген адам ишеним каттын негизинде анын атынан баалуу кагаздар менен аракеттерди жасайт;
- баалуу кагаздарды кармоочунун мыйзамдуу өкүлү (ата энелер, бала кылып асырап алуучулар, камкор адам, багып-тарбиялоочу).
1. Реестрди жүргүзүү системасынын маалыматтары.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасында төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн маалыматтар камтылышы керек:
- баалуу кагаздарды кармоочунун ким экендигин аныктоо;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын баалуу кагаздарга болгон укуктарын так жана өз учурунда аныктоо;
- номиналдык кармоодо турган баалуу кагаздарды кармоочулар жөнүндө маалыматтар чогултуу;
- ушул Жобого ылайык баалуу кагаздарды кармоочулардын, эмитенттердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн маалыматтарды алышы.
2. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- эмитент жөнүндө;
- реестр кармоочу, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө;
- эмитент чыгарган баардык баалуу кагаздар жөнүндө;
- баалуу кагаздардын кармоочулары жөнүндө (юридикалык жак үчүн жайгашкан жери жана алыш-бериш эсеби, ал эми жеке жак үчүн - инсандыгын күбөлөндүргөн документ, анын сериясы, номери, берилген күнү жана жери, жайгашкан жери), алардын өздүк эсептеринде эсептелген чыгарылган баалуу кагаздардын категориясы (түрү), саны, мамлекеттик каттоого катталган номери жана өздүк эсептер боюнча жасалган операциялар жөнүндө;
- мурда чыгарылган баалуу кагаздарды эмитенттин төлөп кайта алышы, алардын саны, сатылып алынган наркы жана категориялары (түрү) жөнүндө;
- баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдү, ошондой эле баалуу кагаздарга карата болгон укукту сатып алуунун башка негиздерин ырастаган документтер жөнүндө жана баалуу кагаздарды милдеттенмелер менен жүктөө фактылары жөнүндө;
- баалуу кагаздарды күрөө милдеттенмелери менен жүктөө фактылары жөнүндө, эмитентке же реестр кармоочуга берилген маалыматтар боюнча баалуу кагаздарга болгон күрөө укуктарына ээ болгон жактардын реквизиттери жөнүндө, ошондой эле күрөөгө коюлган баалуу кагаздарга болгон укуктарды сатуу тартибин көрсөтүү;
- баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маалыматтар.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын кагаз жүзүндөгү типтүү тизмеси ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилет.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестри кагаз жүзүндө жана ошондой эле компьютердин же башка техникалык каражаттардын жардамы менен да жүргүзүлөт. Реестрди кармоочу биринчи эмиссия чыгарылган учурдан тартып эмитенттин баалуу кагаздары менен жасалган баардык операциялар жөнүндө маалыматтарды, ошол операциялар боюнча керектүү баардык документтерди алууга жана аларды толук сактоого милдеттүү. Ошол маалыматтар кагаз түрүндө же сактоо үчүн ыңгайлуу болгон башка түрдө берилиши мүмкүн. Эгерде маалымат компьютерге киргизилген болсо, анда кагаз түрдө жана/же электрондук түрдөгү чогултуп сактоочуга (дискиге, флеш карталарга ж.б.) маалыматтарды сактап, керек болгон учурда кайталоочу системанын жардамы менен аларды толугу менен калыбына келтирүүнүн мүмкүнчүлүктөрү каралышы керек.
Реестр кармоочу ушул Жободо, ошондой эле реестр кармоочу менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн келишимде бекитилген тартипте жана мөөнөттөрдө баалуу кагаздарды кармоочунун реестриндеги баардык өзгөрүүлөр жөнүндө эмитентке билдирүүгө милдеттүү.
3. Операцияларды документтештирүү.
Реестр жүргүзүлүп жазылуучу журналга жазууларды жазуу үчүн баалуу кагаздар менен жасалган операциялардын фактысын белгилеген төмөнкүдөй алгачкы документтер негиз болуп саналат:
- тиешелүү түрдө таризделген өткөрүп берүү буйругу;
- депозитке салуу буйруктарынын жыйындысы;
- келишимдер, контракттар, белекке берүү, алмаштыруу ж.б. тартиптерде бүтүмдөрдү жасоо макулдашуулары;
- баалуу кагаздарды күрөөгө коюу келишимдери, ошондой эле баалуу кагаздарды күрөөлүк жана башка милдеттенмелери белгилеген же ырастаган башка келишимдер жана документтер;
- мыйзам боюнча же мурас кылуу боюнча баалуу кагаздарды мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк;
- баалуу кагаздарды кармоочунун реквизиттеринин өзгөрүшүн ырастаган документтер;
- баалуу кагазга болгон укуктун өткөндүгүн же камакка алынгандыгын (тосулгандыгын) ырастаган соттук актылар.
4. Реестрди жүргүзүүчү регистрлер.
Реестр кармоочу туруктуу негизде төмөнкүдөй журналдардын жүргүзүлүшүн камсыз кылышы керек:
- кириш документтердин эсебин алуучу журнал;
- каттоо журналы;
- берилген, төлөнгөн жана жоголгон баалуу кагаздардын сертификаттарынын эсебин алуучу журнал.
Реестр кармоочу эмитенттин буйругу боюнча белгиленген күнү төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
- баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмеси;
- баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алууга укугу бар адамдардын тизмеси.
Операциялардын көлөмүнө жана программалык камсыз кылуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша журналдарды жана башка регистрлерди жүргүзүүнүн ыңгайлуу жолун реестр кармоочу тандап алат:
- журнал түрүндө кагазга түшүрүүнү;
- электрондук таблицалар түрүндөгү компьютердик программаны.
5. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүчү иши өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептерин жүргүзүү;
- эмитенттин баалуу кагаздарынын категориялары (түрү) боюнча ар бир эмитент үчүн өзүнчө каттоо журналын жүргүзүү;
- ар бир эмитент боюнча өзүнчө берилген, төлөнгөн жана жоголгон баалуу кагаздардын сертификаттарынын эсебин алуучу журналды жүргүзөт (баалуу кагаздар документтештирилген түрдө чыгарылган учурда);
- реестрге жазууларды жазуу үчүн негиз болуп саналган документтердин эсебин алууну жана аларды сактоо;
- баалуу кагаздарды кармоочулардан алынган суроо-талаптардын жана аларга берилген жооптордун, булар менен кошо реестрге жазууларды жазуудан баш тартуулардын эсебин алуу;
- эгерде реестр кармоочу менен түзүлгөн келишимдин шарттарында аныкталса, баалуу кагаздар боюнча которулган кирешелердин эсебин алуу;
- ушул Жободо каралган башка аракеттерди жасоо.
6. Эмитент жөнүндө маалыматтар.
Эмитент жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар реестрде камтылышы керек:
- толук аталышы;
- кыскача аталышы;
- эмитентти мамлекеттик каттоого алган мамлекеттик органдын аталышы;
- эмитенттин мамлекеттик каттоого алынган күнү жана анын номери;
- жайгашкан жери, почталык дареги;
- телефондун, факстын номери;
- электрондук дареги (бар болсо);
- эмитенттин аткаруу органынын жетекчиси;
- салык төлөөчүнүн - эмитенттин идентификациялык номери.
7. Эмитенттин баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар.
Реестр кармоочу чыгарылган баалуу кагаздардын катталышы жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечиминин негизинде реестрди жүргүзүү системасына жазууларды жазат.
Эмитенттин чыгарылган ар бир баалуу кагазы жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде камтылышы керек:
- баалуу кагаздар чыгарылган күн жана мамлекеттик катталган номери, чыгарылган баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоого алган каттоочу органдын аталышы;
- баалуу кагаздын категориясы (тиби);
- чыгарылган баалуу кагаздардын саны;
- чыгарылган баалуу кагаздардын формасы;
- дивиденддин (артыкчылыктуу акциялар боюнча) же пайыздын (облигациялар боюнча) өлчөмү (эгерде эмитент менен реестр кармоочунун ортосундагы келишимде каралса).
8. Баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсеби.
Баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсеби төмөнкүлөрдү камтышы керек:
Жеке жак үчүн:
- реестрди жүргүзүү системасындагы өздүк эсептин номери;
- аты-жөнү;
- жарандыгы;
- өзүн күбөлөндүргөн документтин сериясы, номери, берилген күнү жана жери (паспорт, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ошондой эле документти берген органдын аталышы;
- жашаган (катталган) жери;
- каттарды жөнөтүүчү дарек (почталык дарек);
Юридикалык жак үчүн:
- реестрди жүргүзүү системасындагы өздүк эсептин номери;
- уюмдун уставына ылайык анын толук аталышы;
- мамлекеттик катталган номери жана күнү, каттоону жүргүзгөн органдын аталышы;
- юридикалык дареги;
- почталык дареги;
- телефондун, факстын номери (бар болсо);
- электрондук дареги (бар болсо);
Баалуу кагаздарды кармоочулардын баардыгы үчүн:
- баалуу кагаздарды кармоочунун категориясы (жеке же юридикалык жак);
- салык төлөөчүнүн - эмитенттин идентификациялык номери;
- баалуу кагаздар боюнча кирешелерди төлөп берүүнүн формасы
(накталай акча же акчалай эмес түрдө);
- кирешелерди акчалай эмес төлөп берген учурда - банктык реквизиттери;
- баалуу кагаздардын саны, категориясы (тиби), баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебиндеги чыгарылган баалуу кагаздардын мамлекеттик каттоо номери, муну менен кошо милдеттери жүктөлгөн жана/же алар менен жасалуучу операциялардын жабылгандары;
- баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебиндеги баалуу кагаздардын кыймылы жөнүндө жазууларды камтыган каттоо журналынын бөлүгүн түзгөн операциялардын тизмеси.
Реестрди өткөрүп берүү (түзүү) учурунда же баалуу кагаздарды жайгаштыруу учурунда жана башка учурларда баалуу кагаздарды кармоочулардын эсептеринде эсептелген баалуу кагаздардын саны ошол категориядагы (типтеги) чыгарылган жана жайгаштырылган баалуу кагаздардын жалпы санынан ач экендиги аныкталса, реестр кармоочу "аныкталбаган жактардын баалуу кагаздары" эсебин ачууга милдеттүү. Андан кийин реестр кармоочу ага баалуу кагаздарды которууга жана бул тууралуу эмитентке билдирүүгө милдеттүү. "Аныкталбаган жактардын баалуу кагаздары" эсебинде эсептелген баалуу кагаздарга болгон укукту ырастоочу документтердин негизинде бул эсептеги баалуу кагаздар эсептен чыгарылып ташталат.
9. Өткөрүп берүү буйругу.
Өткөрүп берүү буйругу баалуу кагаздарды кармоочунун реестр жүргүзүүчүгө берген, баалуу кагаздарды которуу жөнүндө жазууну реестрге жазуу тапшырмасын камтыган документ болуп саналат.
Өткөрүп берүү буйругунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
Баалуу кагаздарды берген жакка карата:
- баалуу кагаздарды кармоочунун аты-жөнү (жеке жак үчүн), уставына ылайык толук аталышы (юридикалык жак, юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлү үчүн), анын баалуу кагаздарды кармоочу, баалуу кагаздарды башкаруучу же берилген баалуу кагаздардын номиналын кармоочу экендигин көрсөтүү менен;
- өзүн күбөлөндүргөн документтин сериясы, номери, берилген күнү жана жери (паспорт, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ошондой эле документти берген органдын аталышы (жеке жак үчүн), мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдын аталышы, мамлекеттик каттоо номери жана күнү (юридикалык жак үчүн);
- баалуу кагаздарды берген жактын же болбосо анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн койгон колу;
- баалуу кагаздарды берген жактын койгон колунун кепилдиги жөнүндө коюлган белги.
Баалуу кагаздарды берүүчүгө карата:
- эмитенттин толук аталышы;
- чыгарылган баалуу кагаздардын категориясы (тиби), мамлекеттик каттоо номери (карыздык баалуу кагаздар үчүн);
- берилүүчү баалуу кагаздардын саны (сан түрүндө жана жазуу түрүндө);
- баалуу кагазга карата болгон укуктун өтүшүнүн негиздери;
- өткөрүлүп берилүүчү баалуу кагаздарда милдеттенмеси бар же жок экендигин көрсөтүү.
Баалуу кагаздар өздүк эсебине которула турган жакка карата:
- аты-жөнү (жеке жак үчүн), уставга ылайык толук аталышы (юридикалык жак, юридикалык жактын өкүлүнүн аты-жөнү), баалуу кагаздарды кармоочу, баалуу кагаздарды башкаруучу же берилген баалуу кагаздардын номиналын кармоочу экендигин көрсөтүү менен;
- өзүн күбөлөндүргөн документтин сериясы, номери, берилген күнү жана жери (паспорт, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ошондой эле документти берген органдын аталышы (жеке жак үчүн), мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдын аталышы, мамлекеттик каттоо номери жана күнү (юридикалык жак үчүн);
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
- жашаган жеринин дареги (юридикалык жана почталык дареги);
- башка байланыш маалыматтары (телефонунун, факсынын номери, электрондук дареги) - бар болсо;
- баалуу кагаздарды сатып алган жактын же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн койгон колу;
- баалуу кагаздарды сатып алган жактын койгон колунун кепилдиги жөнүндө коюлган белги.
Милдеттенмеси бар баалуу кагаздар берилген учурда, өткөрүп берүү буйругуна күрөөнү кармоочу же анын ыйгарым укуктуу өкүлү да кол коюуга тийиш.
Өткөрүп берүү буйругун тариздөөдө баалуу кагаздарды берген адамдын (жактын) койгон колу гана жетиштүү болуп саналат, мындай учурда баалуу кагаздарды алган жактын койгон колунун милдеттүү түрдө болушу талан кылынбайт.
Өткөрүп берүү буйругунун формасы ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген.
10. Күрөө буйругу.
Күрөө буйругунда күрөөнүн жаралгандыгы же анын токтотулгандыгы жөнүндө жазууну реестрге жазуу тууралуу реестр кармоочуга берилген көрсөтмө камтылат.
Күрөө буйругунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
Күрөө коюучуга карата:
- аты-жөнү, дареги (жеке жак үчүн), толук аталышы, юридикалык дареги (юридикалык жак үчүн, юридикалык жактын жетекчисинин же өкүлүнүн аты-жөнү);
- өзүн күбөлөндүргөн документтин сериясы, номери, берилген күнү жана жери (паспорт, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ошондой эле документти берген органдын аталышы (жеке жак үчүн), мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдын аталышы, мамлекеттик каттоо номери жана күнү (юридикалык жак үчүн).
Баалуу кагаздарга карата:
- эмитенттин толук аталышы;
- күрөөгө берилген баалуу кагаздардын саны (сан түрүндө жана жазуу түрүндө);
- чыгарылган баалуу кагаздардын категориясы (тиби), мамлекеттик каттоо номери;
- чыгарылган баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоого алган органдын аталышы;
- күрөөнүн түрү;
- күрөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсү.
Күрөө кармоочуга карата:
- аты-жөнү, дареги (жеке жак үчүн), толук аталышы (юридикалык жак үчүн, юридикалык жактын жетекчисинин же өкүлүнүн аты-жөнү);
- өзүн күбөлөндүргөн документтин сериясы, номери, берилген күнү жана жери (паспорт, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ошондой эле документти берген органдын аталышы (жеке жак үчүн), мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдын аталышы, мамлекеттик каттоо номери жана күнү (юридикалык жак үчүн).
Күрөө буйругунда баалуу кагаздардан алынган кирешени алуу укугу кимге таандык экендиги, күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды пайдалануу укугу жана шарттары, ошондой эле күрөөнүн башка шарттары жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
Күрөө берүүчү, күрөө кармоочу, реестр кармоочунун ыйгарым укуктуу адамы күрөө буйругуна колдорун коюшат, анда кол коюлган күн көрсөтүлөт.
Типтүү күрөө буйругу ушул жобонун 3-тиркемесинде келтирилди.
1 1. Баалуу кагаздарды депозитке салуу буйруктарынын жыйындысы.
Депозитарий реестр кармоочуга берген документ баалуу кагаздарды депозитке салуу буйруктарынын жыйындысы болуп саналат, анын негизинде ошол депозитарийдин номиналдык кармоосуна баалуу кагаздарды которуу жөнүндө жазууну реестрди жүргүзүү системасына реестр кармоочу киргизет. Баалуу кагаздар менен операцияларды жасоо учурунда ыкчамдуулукту жогорулатуу максатында баалуу кагаздарды депозитке салуу буйруктарынын жыйындысы депозитарийлер тарабынан пайдаланылат.
Ушул Жобонун 9-пунктуна ылайык таризделген өткөрүп берүү буйругу баалуу кагаздарды депозитке салуу буйруктарынын жыйындысын түзүү үчүн негиз болуп саналат, анын түп нускасы реестр кармоочуга берилет.
Депозитарийдин колу коюлган, мөөрү басылган баалуу кагаздарды депозитке салуу буйруктарынын жыйындысы депозитарий тарабынан реестр кармоочуга эки нускада берилет.
Баалуу кагаздарды депозитке салуу буйруктарынын жыйындысын алган учурда реестр кармоочу депозитарий берген тапшырмаларды аткарат жана бул тууралуу төмөнкүдөй тиешелүү белгилерди коет:
- эгерде конкреттүү баалуу кагаздар боюнча позициялар ырастала турган болсо, анда реестр кармоочунун ыйгарым укуктуу адамы "Жыйынтык" графасына "+" белгисин коет;
- эгерде конкреттүү баалуу кагаздар боюнча позициялар ырасталбай турган болсо, анда ошол депозитарийдин тапшырманы аткарбагандыгынын себебин көрсөтүп, реестр кармоочунун ыйгарым укуктуу адамы "Жыйынтык" графасына "-" белгисин коет.
Баалуу кагаздарды депозитке салуу жөнүндө тиешелүү буйруктардын жыйындысын аткаргандан кийин кол коюлуп, мөөр басылган баалуу кагаздарды депозитке салуу жөнүндө буйруктардын жыйындысынын бир нускасын реестр кармоочу депозитрийге берет. Баалуу кагаздарды депозитке салуу жөнүндө буйруктардын жыйындысынын экинчи нускасы реестр кармоочуда калат.
Ошол буйруктардын жыйындысын түзүү үчүн негиз болуп саналган буйруктардын жыйындысын жана өткөрүп берүү буйруктарын тапшыруунун тартиби реестр кармоочунун жана депозитарийдин ортосунда түзүлгөн келишимдер менен аныкталат.
Баалуу кагаздарды депозитке салуу буйруктарынын жыйындысын түзүү үчүн негиз болуп саналган өткөрүп берүү буйруктарын депозитарийдин реестр кармоочуга беришинин мөөнөтү, буйруктардын жыйындысын депозитарий жөнөткөн күндөн тартып 10 календарлык күндөн ашпоого тийиш. Баалуу кагаздарды депозитке салуу буйруктарынын типтүү жыйындысы ушул Жобонун 4-тиркемесинде келтирилген.
12. Эмитенттин жана көз каранды эмес реестр кармоочунун ортосундагы реестрди жүргүзүү келишимди колдонуу токтотулган учурда, көз каранды эмес реестр кармоочу баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмесин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча жана келишим токтотулган күнгө карата каттоо журналын эмитент көрсөткөн башка көз каранды эмес реестр кармоочуга берет. Реестрдеги операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп кызмат кылган документтер реестр менен бирге тапшырылбайт жана реестрди өткөрүп берген каттоочу тарабынан, реестрди өткөрүп берген күндөн тартып беш жыл ичинде, сакталат. Ушул мөөнөт өткөндөн кийин көрсөтүлгөн документтер эмитентке тапшырылат, эмитент жоюлуп кеткен учурда - мыйзамда белгиленген тартипте сактоо үчүн мамлекеттик архивге өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Көз каранды эмес реестр кармоочунун лицензиясын колдонуу токтотулганда же болбосо ал жоюлуп кеткен учурда, каранды эмес реестр кармоочу лицензияны колдонуунун токтотулушу жөнүндө же болбосо жоюу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде лицензияны колдонуу токтотулган же болбосо жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөгү, ошол эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасын түзгөн документтерди жана баардык маалыматтарды, ошондой эле ошол эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочулардын реестрин жүргүзүү менен байланышкан акыркы беш жылдык архивди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча эмитентке тапшырат.
Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлгандан кийин көз каранды эмес реестр кармоочу менен түзүлгөн келишим токтойт жана эмитент башка көз каранды эмес реестр кармоочу менен реестрди жүргүзүү келишимин түзөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же келишимдерде каралган негиздерге таянып тараптар келишимди бузушу мүмкүн. Көз каранды эмес реестр кармоочу келишим бузулгандан кийин 7 жумушчу күндүн ичинде керектүү документтерди эмитентке өткөрүп берүүгө милдеттүү, ал эми эмитент, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүгө байланыштуу пайда болгон милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.
Эмитент мамилелер токтогон реестр кармоочудан керектүү документтерди алгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде башка реестр кармоочу менен реестрди жүргүзүү келишимин түзүүгө милдеттүү.
13. Реестрди өткөрүп берүү ишинин жүрүшүнө эмитенттин контролдоосу үчүн көз каранды эмес реестр кармоочу менен укугу бар үчүнчү тараптын ортосундагы кабыл алуу - өткөрүп берүү актысына алардын кол коюу мүмкүнчүлүктөрү жана кабыл алуу - өткөрүп берүү актысына кол коюлган күндөн тартып үч күндүн ичинде өзүнүн эсебинен реестрди милдеттүү түрдө салыштырууну эмитенттин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү эмитент тарабынан каралышы керек.
14. Жаңы көз каранды эмес реестр кармоочунун дайындалгандыгы жөнүндө кабарды эмитент баалуу кагаздарды кармоочуларга жалпыга маалымдоо каражаттары же кат аркылуу, келишим түзүлгөн учурдан тартып беш күндүн ичинде, билдириши керек.
Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишти жөнгө салган көз каранды эмес реестр кармоочунун баардык ички документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеши керек.
15. Реестр кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- эмитенттин баалуу кагаздарынын категориялары (типтери) боюнча реестрди жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын ар бирине баалуу кагаздарды кармоочуларынын реестринде өздүк эсеп ачып берүүгө жана алардын тапшырмасы менен гана баалуу кагаздарды кармоочулардын жеке эсептериндеги операцияларды жасоого, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген учурлар кирбейт;
- ушул Жободо каралган тартипте жана мөөнөттөрдө өздүк эсептер боюнча операцияларды жасоо;
- баалуу кагаздарды тапшырган баалуу кагаздарды кармоочулар же ошол жактын ыйгарым укуктуу өкүлү же ушул Жобого ылайык келген башка жолдор менен берилген өткөрүп берүү буйруктарын кабыл алууга;
- депозитарийдин номинал кармоосундагы баалуу кагаздарды депозитке салуу буйруктарынын жыйындысын кабыл алууга;
- операцияларды жасоонун алдында документтерге кол койгон адамдардын ыйгарым укуктарын текшерүүгө;
- баалуу кагаздардын кыймылы боюнча операциялар жүргүзүлгөн учурда баалуу кагаздарды кармоочулардын эсептеринде, эмитенттин эмиссиялык эсебинде, эмитенттин баланстык эсебинде эсептелген баалуу кагаздардын саны менен баалуу кагаздардын санын, категориясын (тибин) салыштырууну жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген тартипте маалымат берүүгө;
- эмитент менен түзүлгөн келишимдерди колдонуу токтотулган учурда жана ушул жободо каралган башка негиздерде реестрди өткөрүп берүүнүн белгиленген тартибин сактоого;
- жуманын ар бир жумушчу күнүндө 5 сааттын ичинде буйруктарды берүү жана реестрден маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрү менен эмитентти, баалуу кагаздарды кармоочуларды, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн (көз каранды эмес реестр кармоочуну филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо) камсыз кылууга;
- эмитенттин буйругу боюнча баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алууга укуктары бар адамдардын тизмесин берүүгө;
- акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалыматты номиналды кармоочуларга жана эмитенттин баалуу кагаздарын башкаруучуга жөнөтүүгө;
- эмитенттин же баалуу кагаздарды кармоочунун буйругу боюнча, тапшырманы алган учурдан тартып 20 күндөн кечиктирбей, реестрди кармоочунун бааларды көрсөткүчүнө ылайык акы төлөп заказдык катты жөнөтүү жолу менен, реестрди жүргүзүү системасында катталган баалуу кагаздарды кармоочуларга билдирүүнү жөнөтүүгө;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын өтүнүчү боюнча аларга таандык баалуу кагаздарга берилген укуктар жөнүндө жана ошол укуктарды жүзөгө ашыруунун ыкмалары жана тартиптери жөнүндө баалуу кагаздарды кармоочуларга маалыматтарды берүүгө;
- тиешелүү жазуулар реестрге жазылгандан кийин ошолордун негизинде операциялар жүргүзүлгөн документтердин сакталышын 5 жылдан кем эмес мезгилде камсыз кылууга;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасынын бүтүндүгүн жана корголушун камсыз кылууга;
- баалуу кагаздарды кармоочунун эсебиндеги баардык баалуу кагаздар эсептен чыгарылып салгандан кийин баалуу кагаздарды кармоочу жөнүндө маалыматтарды беш жылдан кем эмес сактоого;
- ыйгарым укуктуу жактын койгон колу жана реестр кармоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздардын кармоочуларынын тизмесин кагазга (электрондук алып жүрүүчүгө) түшүрүп, жылына бир жолудан кем эмес, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбей эмитентке берет;
- ыйгарым укуктуу жактын койгон колу жана реестр кармоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздар менен жасалган операциялар жөнүндө отчетту кагазга (электрондук алып жүрүүчүгө) түшүрүп, айына бир жолудан кем эмес эмитентке берет;
- реестрге жазуулар жазылган учурдан тартып бир күндүн ичинде анын добуш берүүчү акцияларынын (үлүштөрүнүн, пайларынын) 5 пайыздан ашуун ээлик кылган жактын реестрде пайда болушу жөнүндө, баалуу кагаздардын 5 пайызына (үлүштөрүнө, пайларына) жана андан ашуун ээлик кылуучулардын тизмесиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө, ошондой эле баалуу кагаздардын 5 жана андан ашуун пайызына (үлүштөрүнө, пайларына) ээлик кылуучулардын үлүштөрүнүн өзгөрүшү жөнүндө эмитентке билдирүүгө;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептерин жетик жүргүзүү үчүн керектүү өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүчү системага жана башка регистрге киргизүүгө.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган шарттардан сырткары, депозитарийдин жана реестр кармоочунун ички документтерине ылайык алардын өз ара эриш-аркак аракеттеринин механизмин аныктаган келишим реестр кармоочу менен депозитарийдин ортосунда түзүлүшү керек.
Келишимде алардын өз ара эриш-аркак иштеринин төмөнкүдөй шарттары макулдашылышы мүмкүн:
- баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды алмашуу;
- баалуу кагаздарды депозитке салуу буйруктарынын жыйындысын тариздөө учурунда өткөрүп берүү буйругунда чагылдырылып көрсөтүлгөн маалыматтарга, ошондой эле ошол маалыматтардын тууралыгын жана толуктугуна болгон кепилдикке салыштырууларды жүргүзүү тууралуу депозитарийдин милдети;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасына жазууларды жазууга негиз болуп саналган документтерди өткөрүп берүүнүн тартиби, өткөрүп берүүнүн мөөнөттөрүн жана байланыштын түрү - факсимилдик, электрондук, курьердик же башка байланыш көрсөтүлөт.
16. Каттоо журналы жана/же кагазга түшүрүлгөн жана/же маалыматтардын электрондук базасы пайдаланылып сакталган өздүк эсептеги маалыматтар жоголуп кеткен учурда реестрди кармоочу төмөнкүдөй иш-аракеттерди жасоого милдеттүү:
- жоголгон учурдан тартып кийинки күндөн кечиктирбей бул тууралуу кат жүзүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына билдирүү жөнөтүүгө;
- реестрде жоголгон маалыматтарды калыбына келтирүү максатында баалуу кагаздарды кармоочулардын документтерди бериши керектиги жөнүндө билдирүүнү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;
- жоголгон учурдан тартып он күндүк мөөнөттө реестрде жоголгон маалыматтарды калыбына келтирүү чараларын кабыл алууга.
17. Реестр кармоочу төмөнкүдөй жагдайларга туш болгон учурда реестрди жүргүзүү системасына жазуудан баш тартууга милдеттүү:
- ушул Жобого ылайык реестрге жазууну жазуу үчүн керектүү документтердин баардыгы берилбесе;
- ушул Жобого ылайык келген документтерде керектүү баардык маалыматтар берилген камтылбаса, же ушул Жобонун 25-пунктуна ылайык реестр кармоочуга берилген документтерге туура келбеген маалыматтар камтылса;
- баалуу кагаздарды эсептен чыгарып таштоо жөнүндө берилген буйруктун негизинде баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсеби боюнча операцияларды жасоо токтотулса;
- реестрге жазууларды жазуу жөнүндө буйрук берилген, баалуу кагазды жана/же баалуу кагаздарды берген баалуу кагаздарды кармоочу жөнүндө маалыматтар реестрде камтылбаса жана мындай маалыматтын жок болуп чыгышы реестр кармоочунун жаңылыштыгы менен байланышпаса;
- реестрге жазууну жазуу үчүн негиз болуп саналган буйрукта же башка документте көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебинде эсептелген баалуу кагаздардын санынан ашып кетсе;
- көз каранды эмес реестр кармоочунун бааларды көрсөткүчүндө белгиленген өлчөмдөгү кызмат көрсөтүү акысын көз каранды эмес реестр кармоочуга келишим жасаган тараптар төлөбөсө же аны төлөп берүү кепилдигин бербесе.
18. Реестр кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
- реестрге жазылган жазууну жараксыз деп табууга, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка чаралар каралбаса;
- баалуу кагаздарды кармоочунун же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн койгон талабы боюнча таризделген буйрукту аткарууну токтотууга;
- реестр кармоочу же эмитент кетирген ката үчүн реестрге жазууну жазуудан баш тартууга;
- реестрге жазууну жазуунун учурунда баалуу кагаздарды кармоочуларга жана баалуу кагаздарды сатып алуучуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралбаган талаптарды коюуга;
- операцияларды жүргүзүү үчүн баалуу кагаздарды кармоочудан, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Жободо каралбаган документтерди берүүнү талап кылууга.
19. Реестр кармоочунун маалыматтарды ачыкка чыгарылышы.
Реестр кармоочу баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин каттоо менен байланышкан өзүнүн ишмердиги жөнүндө маалыматтарды эмитентке, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачып берүүгө милдеттүү.
Мындай маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
- көз каранды эмес реестр кармоочунун жайгашкан жери, почталык дареги, телефонунун жана факсынын номери;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө баалуу кагаздар боюнча кесипкөй ишти жүргүзүүчү укукту ыйгарган, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген лицензиянын (күбөлүктүн) номери;
- реестрлерин көз каранды эмес реестр кармоочу жүргүзгөн эмитенттердин тизмеси;
- көз каранды эмес реестр кармоочунун юридикалык (почталык) дареги жана анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ыйгарым укуктары;
- реестрде операциялар жүргүзүлүүчү документтердин формалары;
- реестрди жүргүзүүнүн эрежеси, ошондой эле көз каранды эмес реестр кармоочунун башка ички документтери;
- кызматтардын бааларын көрсөткүчтөр;
- көз каранды эмес реестр кармоочунун жетекчисинин ата-жөнү жана анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү;
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар боюнча мыйзамдарына ылайык келген башка маалыматтар.
20. Баалуу кагаздарды жайгаштыруу учурундагы реестр кармоочунун ички контролдоосу.
Реестр кармоочу чыгарылган баалуу кагаздардын жыйынтыктары жөнүндө каттоого алынган отчеттун негизинде баалуу кагаздарды кармоочулардын эсептеринде эсептелген баалуу кагаздардын сандары менен жайгаштырылган баалуу кагаздардын сандарын салыштырууга милдеттүү.
Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга жана баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алууга укугу бар жактардын тизмелерин түзүү учурунда да ушундай салыштыруу жүргүзүлүшү керек.
Реестр кармоочу салыштыруулардын натыйжасында туура келбестиктер табылган учурда туура келбестиктердин себептерин аныктоого, ошондой эле мындай туура келбестиктерди болтурбоо боюнча иш-чараларды кабыл алууга милдеттүү. Көрүлгөн чаралар баалуу кагаздарды кармоочунун укугун бузбоого тийиш.
21. Документтерди жүгүртүүнү ички контролдоо.
Реестрге келин түшкөн, реестр менен байланышкан ар бир документ (суроо-талаптар) документтерди кириштөө журналына катталышы керек. Иштелип чыгарылгандан кийин документке аткарылгандыгы жөнүндө белги коюлуп, архивге жайгаштырылышы керек.
22. Көз карандысыз реестр кармоочу баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоого милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Баалуу кагаздарды кармоочулардын милдеттери.
Баалуу кагаздарды кармоочулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өздүк эсепти ачуу жана жүргүзүү үчүн керектүү толук жана чындыкка туура келген маалыматтарды реестр кармоочуга берүүгө;
- милдеттенмелери бар баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтарды реестр кармоочуга берүүгө;
- өздүк эсеп боюнча операцияларды аткаруу үчүн ушул Жободо каралган документтерди реестр кармоочуга берүүгө;
- реестр кармоочунун бааларды көрсөткүчүнө ылайык кызмат көрсөтүү акысын ага төлөп берүүгө.
Реестрдеги маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө толук эмес же жалган маалыматтарды баалуу кагаздардын кармоочусу берген учурда, ушуга байланыштуу келтирилген чыгымдар үчүн реестр кармоочу жоопкерчилик тартпайт.
24. Эмитенттин милдеттери.
Реестрди жүргүзүү келишими түзүлгөн күндөн тартып он календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, төмөнкүдөй документтерди көз каранды эмес реестр кармоочуга берүүгө эмитент милдеттүү:
- баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө эмитенттин чечиминин көчүрмөсүн;
- нотариус күбөлөндүргөн же каттоочу орган күбөлөндүргөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- эмитенттин аткаруучу органынын жетекчисин дайындоо, директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин протоколунун көчүрмөсүн;
- чыгарылган баалуу кагаздарды мамлекеттик каттоо жөнүндө билдирүүнүн көчүрмөсүн;
- чыгарылган баалуу кагаздардын жыйынтыктары жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрүн.
Өзүнүн уюштуруучулук документтериндеги жана уставындагы өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду, ошондой эле реестрден маалыматтарды алууга укугу бар кызмат адамдарынын тизмесин өз учурунда реестр кармоочуга берип турууга эмитент милдеттүү.
Эгерде баалуу кагаздардын кармоочусу, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрине киргизиле турган өзгөрүүлөр жөнүндө реестр кармоочуга билдирбей койсо, эмитент жоопкерчилик тартпайт.
25. Өздүк эсепти ачуу.
Өздүк эсепке баалуу кагаздарды которуунун (күрөөнү бүткөн түргө келтирүүнүн) алдында же өткөрүп берүү (күрөөлүк) буйругу менен бир мезгилде өздүк эсеп ачылышы керек.
Өздүк эсепти ачуу үчүн керектүү документтерди ушул Жобого ылайык бербей койгон учурда өткөрүп берүү (күрөөлүк) буйругун алууга реестр кармоочунун укугу жок.
Реестрде өздүк эсепти ачуучу жак менен түзүлгөн келишимге шарттан өздүк эсепти ачууга реестр кармоочунун укугу жок.
Реестрдеги жеке жактын өздүк эсебин ал өзү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү ачса болот.
Реестрдеги юридикалык жактын эсеби ошол юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан гана ачылат.
Өздүк эсепти ачуу үчүн жеке жак өзүн күбөлөндүрүүчү документти берет.
Өздүк эсепти ачуу үчүн юридикалык жак төмөнкүдөй документтерди берет:
- юридикалык жак же нотариус күбөлөндүргөн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- ишеним катсыз эле юридикалык жактын атынан аракеттенүүгө укугу бар кызмат адамынын дайындалгандыгын ырастаган документ, анын көчүрмөсүн юридикалык жак же нотариус күбөлөндүрүшү керек.
Баалуу кагаздар рыногундагы сооданы лицензиясы бар уюштуруучу аркылуу жарандык-укуктук бүтүмдөр жасалган учурда, талаптагыдай таризделген өткөрүп берүү буйругунун негизинде өздүк эсеп ачылышы мүмкүн.
Эгерде бир эмитентте жактын өздүк эсеби болсо, баалуу кагаздарды кармоочунун реестри көз каранды эмес реестр кармоочуда жүргүзүлсө, анда баалуу кагаздардын реестрин жүргүзгөн ошол көз каранды эмес реестр кармоочу ошол жакты идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтарды көрсөтүү менен билдирүүнү жиберүү башка эмитентте өздүк эсепти ачуу үчүн жетиштүү болот.
26. Баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебине өзгөрүүлөрдү киргизүү.
Өздүк эсепти ачуу жана жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтар өзгөргөн учурда, мындай өзгөрүү фактысын ырастоочу документти реестр кармоочуга берүүгө баалуу кагаздарды кармоочу милдеттүү.
Баалуу кагаздарды кармоочунун аты (толук аталышы) өзгөргөн учурда да мындай өзгөрүү фактысын ырастоочу документти баалуу кагаздарды кармоочу берүүгө милдеттүү.
Баалуу кагаздарды кармоочунун аты (толук аталышы) жөнүндө маалыматтар өзгөргөн учурда өзгөрүүгө туш болгон маалыматтарды сактоого, ошондой эле өзгөрүлгөн жана мурдагы маалыматтар боюнча баалуу кагаздарды кармоочуну идентификация кылуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууга реестр кармоочу милдеттүү.
Баалуу кагаздарды кармоочунун аты (толук аталышы) өзгөргөн учурда баалуу кагаздарга берилген сертификат да өзгөрүшү керек (чыгарылыш документтештирилген учурда).
27. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрине жазууларды жазуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган документтерди берген учурдан тартып үч күндөн кечиктирбей баалуу кагаздарды кармоочунун реестрине жазуулар жазылат.
Кызыкчылыгы корголгон жактын кат жүзүндөгү макулдугу менен милдеттердин түйшүгү жүктөлгөн баалуу кагаздар өткөрүлүп берилет.
Баалуу кагаздарга болгон укукту өткөрүп берүү жөнүндө жазууну реестр кармоочу реестрге жазуу үчүн төмөнкүдөй баардык шарттар аткарылышы керек:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган керектүү документтердин баардыгы берилсе;
- берилген документтерде ушул Жободо каралган керектүү маалыматтардын баардыгы камтылса;
- реестрди жүргүзүү системасына жазууларды жазуу үчүн негиз болуп саналган өткөрүп берүү буйругунда же башка документтерде көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны баалуу кагаздарды өткөрүп берип жаткан баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебинде эсептелген баалуу кагаздардын санынан көп болбосо;
- реестр кармоочуга кайрылган жак анын кызмат акысын төлөсө же реестр кармоочунун баа көрсөткүчүнө ылайык төлөп берүү кепилдигин берсе;
- баалуу кагаздарды өткөрүп берип жаткан баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсеби боюнча операцияларды жасоого бөгөт коюлбаса;
- баалуу кагаздарды кабыл алып жаткан баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсеби боюнча операцияларды жасоого бөгөт коюлбаса.
Ушул жободо каралгандан бөлөк учурларда реестрге жазууларды жазуудан баш тартууга жол берилбейт. Реестрге жазууларды жазуудан баш тарткан учурда, реестрге жазууларды жазуу жөнүндө буйрук берилген учурдан тартып беш күндөн кечиктирбей баш тартуунун себептерин жана реестрге жазууларды жазууга жолтоо болгон себептерди жоюу үчүн жасала турган керектүү аракеттерди камтыган, жазууларды жазуудан баш тартылгандыгы жөнүндө жүйөөлү билдирүүнү реестр кармоочу реестрге кайрылган жакка жөнөтөт.
Баалуу кагаздарга болгон укуктардын жана баалуу кагаздар менен бекитилген укуктардын өтүшү жөнүндө документтердеги жеке жактардын койгон колдорунун туура экендиги (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан бөлөк учурларда) нотариус же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
28. Сатып алуу-сатуу бүтүмүн жасоо учурунда баалуу кагаздарга болгон укуктардын өтүшү жөнүндө жазууну реестрге жазуу үчүн керектүү документтер.
Реестр кармоочу документтердин түп нускаларынын же Кыргыз Республикасыиын мыйзамдарына ылайык күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрүнүн негизинде гана баалуу кагаздардын реестрине жазууларды жазууга укуктуу.
Бүтүмдөрдү жасоо учурунда баалуу кагаздарга болгон укуктун өтүшү жөнүндө жазууну реестр кармоочу төмөнкүдөй документтер берилгенде реестрге жазат:
- өткөрүп берүү буйругун (реестр кармоочуга берилет);
- баалуу кагаздар рыногундагы соодаларды уюштуруучуларсыз эле келишим жасалган учурда, баалуу кагаздарга болгон укукту өткөрүп берүү жөнүндө жарандык-укуктук келишимди;
- баалуу кагаздарды кармоочунун же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өзүн күбөлөндүргөн (реестр кармоочуга берилүүчү) документти (паспорт, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
- ыйгарым укуктуу жактын же анын өкүлүнүн укугун ырастоочу документтин түп нускасын же нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү (реестр кармоочуга берилет);
- чыгарылган баалуу кагаздар документтештирилген учурда, мурдагы кармоочуга таандык баалуу кагаздардын сертификаттары (реестр кармоочуга берилет).
Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча баалуу кагаздарга болгон укуктун өтүшүн каттатуу үчүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ошол чечимдин көчүрмөсү тиркелет.
29. Катталган юридикалык жак кайра уюштурулган учурда баалуу кагаздарга болгон укуктардын өтүшү жөнүндө жазууну реестрге жазуу үчүн керектүү документтер.
Катталган юридикалык жак кайра уюштурулган учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын төмөнкүдөй чечимдерин баалуу кагаздарды айландыруунун тартибине ылайык эмитент бергенде, баалуу кагаздарга болгон укуктардын өтүшү жөнүндө жазууларды реестрге реестр кармоочу жазат:
- кошуунун, бөлүнүүнүн, бөлүп чыгаруунун же башка эмитенттин (эмитенттердин) кошулуп биригишинин натыйжасында түзүлгөн эмитенттин (эмитенттердин) чыгарган баалуу кагаздарын мамлекеттик каттоо жөнүндө;
- жүгүртүлүүчү акциялардын сандарынын өзгөрүшү жөнүндө (бөлүп чыгарган учурда).
Катталган юридикалык жак кайра уюштурулган учурда баалуу кагаздарга болгон укуктун өтүшү жөнүндө жазууну реестрди кармоочу реестрге жазгандан кийин, ошол жактын реестрин кармоочу анын каражаттарынын эсебинен реестрдеги өзгөрүүлөр жөнүндө баалуу кагаздарды кармоочуларга билдирет.
30. Мурас тартибинде укуктун өтүшү жөнүндө реестрге жазууну жазуу үчүн керектүү документтер.
Реестрди кармоочу мурасты тариздөө учурунда баалуу кагаздарга болгон укуктун өтүшү жөнүндө жазууну реестрге төмөнкүдөй документтердин негизинде жазат:
- мураскордун өзүн күбөлөндүргөн документи (реестрди кармоочуга көрсөтүлөт);
- мураскордун арызы;
- мыйзам боюнча же мурастоо боюнча мурас укугу жөнүндө күбөлүктүн, анын көчүрмөсү нотариуста күбөлөндүрүлүшү керек.
31. Белекке берүү тартибинде тартибинде укуктун өтүшү жөнүндө реестрге жазууну жазуу үчүн керектүү документтер.
Реестрди кармоочу берилген белекти тариздөө учурунда баалуу кагаздарга болгон укуктун өтүшү жөнүндө жазууну реестрге төмөнкүдөй документтердин негизинде жазат:
- белекти берүүчүнүн жана алуучунун өзүн күбөлөндүрүүчү документ (реестрди кармоочуга көрсөтүлөт);
- юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын атынан чыгуучу адамдын укугун ырастоочу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген документ;
- өткөрүп берүү буйругу;
- белекке берүү келишими (жазуу жүзүндө).
32. Баалуу кагаздарды жайгаштыруу жөнүндө жазууну жазуу.
Реестрди кармоочу баалуу кагаздарды жайгаштыруу жөнүндө жазууну реестрге төмөнкүдөй документтердин негизинде жазат:
- баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө эмитенттин чечиминин түп нускасы (реестрди кармоочуга берилет);
- чыгарылган баалуу кагаздардын мамлекеттик каттоого алынгандыгы жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- эмиссиялык эсепти ачуу үчүн керектүү баардык документтер (эмитент уюштурулган учурда).
Акционердик коом уюштурулуп акциялар бөлүштүрүлүп жаткан учурда, кошумча акцияларды бөлүштүрүүдө, ошондой эле башка баалуу кагаздарды жайгаштырууда реестр кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык эмитент жөнүндө маалыматтарды реестрди жүргүзүү системасына жазууга (акционердик коом уюштурулган учурда акцияларды бөлүштүрүү жөнүндө жазууну реестрге жазуу учурунда);
- ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык чыгарылган баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтарды реестр жүргүзүү системасына жазууга (баардык учурларда);
- баалуу кагаздардын эмиссиясынын катталган проспектисинде жана/же баалуу кагаздар жөнүндө эмитенттин чечиминде көрсөтүлгөн сандагы эмитенттин эмиссиялык эсебин ачууга жана/же аларга баалуу кагаздарды которууга (баардык учурларда);
- баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептерин ачууга жана эмитенттин эмиссиялык эсебиндеги баалуу кагаздарды эсептен чыгарып салуу аркылуу, чыгарылган баалуу кагаздар жөнүндө чечимде (акционердик коом уюштурулуп акцияларды бөлүштүрүү жөнүндө жазуулар реестрге жазылып жаткан учурда) же баалуу кагаздарды сатып алуу жөнүндө жазууну реестрге жазуу үчүн негиз болуп саналган документтерде (бөлөк учурларда) көрсөтүлгөн сандагы баалуу кагаздарды ошол эсептерге которууга;
- чыгарылган баалуу кагаздардын жыйынтыктары жөнүндө отчеттун негизинде жайгаштырылбаган баалуу кагаздарды жараксыз кылууга;
- жайгаштырылган баалуу кагаздардын сандары менен баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсебине которулган баалуу кагаздардын сандарын салыштырууга.
Салыштыруунун жыйынтыгында туура келбестиктер табылса, реестрди кармоочу бул тууралуу эмитентке билдирет жана туура келбестиктин себептерин аныктайт. Эгерде туура келбестик реестр кармоочунун күнөөсүнөн улам жаралса, ал табылган туура келбестикти жоюучу иш-чараларды көрүүгө милдеттүү.
Баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашпай калды (жараксыз) деп табылган учурда реестр кармоочу:
- баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашпай калды (жараксыз) деп таануу жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечиминин негизинде тиешелүү баалуу кагаздарды жүгүртүү менен байланышкан баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебинде жасалуучу баардык операцияларды токтотот, буга эмитенттин эмиссиялык эсебиндеги баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебинен ошол баалуу кагаздарды эсептен чыгарып таштоо кирбейт;
- баалуу кагаздарга акы төлөөнүн эсебинен алынган акча каражаттарынын (башка мүлктөрдүн) кайтарылып берилишин ырастаган документтердин негизинде, баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашпай калды (жараксыз) деп таанылган, баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебиндеги ошол баалуу кагаздарды эмитенттин эмиссиялык эсебиндеги эсептен чыгарып таштоону жүргүзөт;
- баалуу кагаздарга акы төлөөнүн эсебинен эмитент алган акча каражаттарынын (башка мүлктөрдүн) кайтарылып берилишин ырастаган документтердин негизинде, баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашпай калды (жараксыз) деп таанылган баалуу кагаздарды жараксыз деп табуу жөнүндө жазууну жазат.
Акциялардын кошумча эмиссиялары чыгарылган учурда эмиссиялык өздүк эсеп ачылат, анда жеке менчикке сатылып алынган баардык акциялар чагылдырылып көрсөтүлөт.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасындагы акциялар майдаланып бөлүштүрүлгөн же топтоштурулган учурда, акцияларды майдалап бөлүштүрүү же топтоштуруу жөнүндө чечимди кабыл алган акционерлердин жалпы чогулушунун протоколунда камтылган акцияларды майдалап бө- лүштүрүү же топтоштуруу коэффициентинин негизинде, баалуу кагаздарды кармоочунун ар биринин атына жазылган акциялардын санынын өзгөрүшүн чагылдырып көрсөткөн жазуу реестр кармоочу тарабынан жазылат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган эмитенттин уставындагы тиешелүү өзгөртүүлөр реестр кармоочуга берилген күндөн тартып он күндөн кечиктирбей, акцияларды майдалап бөлүштүрүүгө же топтоштурууга байланышкан өзгөрүүлөрдү чагылдырып көрсөткөн жазуу акционерлердин реестрин жүргүзүү системасына жазылат.
Акцияларды майдалап бөлүштүрүүгө же топтоштурууга байланышкан өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурдан тартып, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ошол өзгөрүүлөрдүн жыйынтыктарын каттаганга чейин, ошол эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочунун өздүк эсебиндеги операцияларды токтотууга реестр кармоочу милдеттүү.
Акцияларды майдалап бөлүштүрүүгө же топтоштурууга байланышкан өзгөрүүлөрдү баалуу кагаздарды кармоочуларга билдирүүгө же болбосо мындай өзгөрүүлөрдү ырастаган документтерди алган учурдан тартып баалуу кагаздарды кармоочуларга маалыматтарды белгилүү бир акыны алуу менен берүүнү реестр кармоочуга тапшырууга эмитент милдеттүү.
33. Баалуу кагаздарды алмаштыруу жөнүндө жазууларды жазуу.
Алмаштыруу аркылуу баалуу кагаздарды жайгаштыруу учурунда реестр кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө;
- баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мурдагы чыгарылыштагы баалуу кагаздарга эркин алмаштырылган баалуу кагаздарды эмитенттин эмиссиялык эсебиндеги эсепке жазып коюуга;
- эмитенттин эмиссиялык эсебинен баалуу кагаздардын кармоочулардын өздүк эсебине жаңы чыгарылыштагы тиешелүү сандагы баалуу кагаздарды которуу аркылуу жана баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсебинен эмитенттин эмиссиялык эсебине мурдагы чыгарылыштагы баалуу кагаздарды которуу аркылуу баалуу кагаздардын эркин алмаштырылышын жүргүзүүгө;
- мурдагы чыгарылыштагы баалуу кагаздарды жараксыз кылууну жүргүзүүгө;
- жайгаштырылган баалуу кагаздардын сандары менен баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсебинде эсептелген баалуу кагаздардын сандары менен салыштырууну жүргүзүүгө.
Чыгарылыштагы баардык баалуу кагаздарды же айрым баалуу кагаздарды кармоочуларга таандык баалуу кагаздардын (эгерде бул баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде каралса) алмаштырылышы жөнүндө жазууну реестр кармоочу жазат.
Эркин жүгүртүлө турган, чыгарылган баалуу кагаздар мамлекеттик каттоого алынгандан кийин гана баалуу кагаздарды алмаштыруу операциясы жүргүзүлөт.
Реестрди кармоочу баалуу кагаздарды алмаштыруу жөнүндө маалыматтарды төмөнкүдөй документтердин негизинде жазат:
- баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө эмитенттин чечиминин түп нускасынын (реестр кармоочуга берилет);
- чыгарылган баалуу кагаздарды каттоо жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечиминин эмитент тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Алмаштырылуучу баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечимин эмитенттен алган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде, чыгарылыштын баардык баалуу кагаздарынын алмаштырылаары жөнүндө жазуу реестрди жүргүзүү системасына жазылышы керек.
Баалуу кагаздарды кармоочудан буйрукту алган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде, айрым баалуу кагаздарды кармоочуларга таандык баалуу кагаздарды алмаштыруу жөнүндө жазуу реестрге жазылышы керек.
Эгерде акцияларды алмаштыруунун жана кошумча акцияларды бөлүштүрүүнүн натыйжасында айрым баалуу кагаздарды кармоочунун акцияларынын сандары бөлчөктүк санды түзсө, анда реестр кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- акционерлердин эсептериндеги жаңы чыгарылыштагы акциялардын бүтүн сандарын гана эсепке алууга;
- баалуу кагаздарды кармоочунун ар биринин бөлчөктүү акцияларына өзүнчө обочолонгон эсеп жүргүзүүгө;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмесин, аларга таандык бөлчөктүү акцияларды көрсөтүү менен, эмитентке берүүгө;
- бөлчөктүү акцияларды эмитент төлөп кайта алгандыгын ырастаган документтердин негизинде аларды эмитенттин өздүк эсебине кошууга.
34. Баалуу кагаздарды жараксыз кылуу (тындыруу) жөнүндө жазууларды жазуу.
Баалуу кагаздарды жараксыз кылуу (тындыруу) жөнүндө жазууларды реестр кармоочу төмөнкүдөй учурларда жазат:
- баалуу кагаздардын эмиссиясынын катталган проспектисинде каралгандан кыйла аз баалуу кагаздар жайгаштырылганда;
- акционердик коомдун жүгүртүүдөгү акцияларынын саны азайганда;
- баалуу кагаздар алмаштырылганда;
- чыгарылыш ишке ашпай калды (жараксыз) деп таанылганда;
- эмитент жоюлганда;
- баалуу кагаздар тындырылганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
Баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде каралгандан кыйла аз баалуу кагаздар жайгаштырылган учурда, чыгарылган баалуу кагаздардын жыйынтыктары жөнүндө катталган отчеттун негизинде эмитенттин эмиссиялык эсебинде эсептелген жайгаштырылбаган баалуу кагаздарды жараксыз деп табуу жөнүндө жазууну, андай отчетту алган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде, реестр кармоочу жазат.
Акционердик коомдун жүгүртүүдөгү акциялары азайган учурда, акционердик коомдун уставына киргизилген тиешелүү өзгөрүүлөрдү реестр кармоочуга берген учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде, анын өздүк эсебинде эсептелген төлөп кайта алынган эмитенттин акцияларынын жараксыз кылынышы жөнүндө жазууну реестр кармоочу жазат.
Баалуу кагаздар алмаштырылган учурда, баалуу кагаздарды жараксыз кылуу жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечиминин негизинде, мурдагы чыгарылыштагы баалуу кагаздардын жараксыз кылынышы жөнүндө жазууну реестр кармоочу жазат.
Баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашкан жок (жараксыз) деп таанылган учурда реестр кармоочу:
- баалуу кагаздардын чыгарылышы ишке ашкан жок (жараксыз) деп таануу жөнүндө чечимдин негизинде тиешелүү баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептериндеги, баалуу кагаздарды жүгүртүү менен байланышкан баардык операцияларды токтотууга милдеттүү, буга баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсебинен эмитенттин эмиссиялык эсебине ошол баалуу кагаздарды чыгарып салуу кирбейт;
- баалуу кагаздарга төлөнүп берилүүчү эсептен алынган акча каражаттарынын (башка мүлктөрдүн) кайтарылып берилгендигин ырастаган документтердин негизинде, баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептеринен эмитенттин эмиссиялык эсебине чыгарылышы ишке ашкан жок (жараксыз) деп таанылган баалуу кагаздарды чыгарып салууну жүргүзөт;
- чыгарылышы ишке ашкан жок (жараксыз) деп таануу жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө алуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечиминин негизинде, чыгарылышы ишке ашкан жок (жараксыз) деп таанылган баалуу кагаздардын жараксыздыгы жөнүндө жазууну жазат.
Баалуу кагаздарды жараксыз кылуу учурунда реестр кармоочу:
- баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим менен белгиленген, аларды жүгүртүү менен байланышкан баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептериндеги баардык операцияларды баалуу кагаздарды тындыруу күнү токтотот;
- баалуу кагаздарды кармоочулар менен эсептешүүлөр жүргүзүлгөндүгүн ырастаган документтерди эмитент берген учурдан тартып бир күндүн ичинде, баалуу кагаздарды кармоочулардын эсептериндеги баалуу кагаздарды эмитенттин өздук эсебине чыгарып салууну жүргүзөт;
- баалуу кагаздарды жараксыз деп таануу жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечиминин негизинде баалуу кагаздарды жараксыз деп таануу жөнүндө жазууну жазат.
Эмитент жоюлуп кеткенде жана аны жоюу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан каттоочу алган учурда каттоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептериндеги эмитенттин баалуу кагаздарын жабууга;
- жоюлган эмитенттин баалуу кагаздарын баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептеринен эмитенттин эмиссиялык эсебине которууга;
- эмитенттин эмиссиялык эсебиндеги баалуу кагаздардын жараксыз кылынгандыгы жөнүндө жазууну жазууга.
Баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде баалуу кагаздарды жараксыз кылуунун башкача тартиптери каралышы мүмкүн.
35. Баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алууга укуктары бар жактардын тизмесин даярдоо.
Кирешелерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, эмитент буйрукта көрсөтүлгөн күнү баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алууга укуктары бар жактардын тизмесин даярдоо жөнүндө буйрукту реестр кармоочуга берүүгө милдеттүү. Белгиленген күндүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши үчүн жоопкерчиликти эмитент тартат.
Буйрукта төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- эмитенттин толук аталышы;
- баалуу кагаздар боюнча кирешелерди төлөп берүү жөнүндө чечимди кабыл алган эмитенттин башкаруу органы, протокол түзүлгөн күн жана анын номери;
- баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алууга укуктары бар баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмеси түзүлүүгө тийиш болгон күн;
- кирешелерди төлөп берүүнүн формасы;
- баалуу кагаздардын ар бир категориясы (тиби) боюнча төлөнүп берилүүчү кирешелердин өлчөмү;
- кирешелер төлөнүп берилүүчү күн;
- кирешелерди төлөп бере турган агенттин (агенттердин) реквизиттери (ал (алар) бар болсо).
Баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алууга укуктары бар баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмесинде төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- баалуу кагаздарды кармоочулардын аты-жөнү (толук аталышы);
- өзүн күбөлөндүрүүчү документтин сериясы, номери, берилген күнү жана жери (паспорт, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу күбөлүк), документти берген органдын аталышы (мамлекеттик каттоо номери, каттоого алган органдын аталышы, катталган күн);
- жашаган же катталган жери (жайгашкан жери);
- каттарды жөнөтүүчү дарек (почталык дарек);
- баалуу кагаздардын саны, категориясын (тибин) көрсөтүү менен.
36. Баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмесин түзүү.
Эмитенттин буйругу боюнча, ошондой эле мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген талаптары боюнча баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмеси реестр кармоочу тарабынан түзүлөт. Баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмеси түзүлүүчү күн, баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмеси берилүүчү күн баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмесин түзүү буйругунда камтылышы керек жана баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмеси түзүлүүчү күнгө 10 күн калгандан кечиктирилбей аталган буйрук реестр кармоочуга берилиши керек.
Эгерде баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде баалуу кагаздардын номиналдарын кармоочулар катталса, анда баалуу кагаздардын кармоочуларынын тизмесин түзүү буйругун алган учурдан тартып 1 күндөн кечиктирбей баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмеси түзүлүүчү күн жөнүндө билдирүүнү реестр кармоочу номиналды кармоочуга жөнөтүүгө жана баалуу кагаздарды кармоочулар жөнүндө маалыматтарды ачып берүүнү суроого милдеттүү. Баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмеси түзүлөөрүнө бир күн калганга чейин номиналды кармоочу баалуу кагаздарды кармоочулар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Эгерде номиналды кармоочу баалуу кагаздарды кармоочунун эмес, башка кармоочунун кызыкчылыгын көздөсө, анда номиналды кармоочу бул кармоочуга баалуу кагаздарды кармоочулар жөнүндө маалыматтарды ачып берүү жөнүндө суроону 1 күндөн кечиктирбей берүүгө милдеттүү.
Баалуу кагаздарды кармоочулар жөнүндө маалыматты номинал кармоочу реестр кармоочу бекиткен мөөнөттөрдө ачып бербей койгон учурда реестр кармоочу бул жактын номиналдык кармоочу болуп саналарын көрсөтүү аркылуу, аны баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмесине киргизүүгө укуктуу.
Буйрукта белгиленген күнү, реестр кармоочу баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмесин ушул пунктта көрсөтүлгөн жактарга берүүгө милдеттүү.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмесинде төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- баалуу кагаздарды кармоочулардын аты-жөнү (толук аталышы);
- өзүн күбөлөндүрүүчү документтин сериясы, номери, берилген күнү жана жери (паспорт, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу күбөлүк), документти берген органдын аталышы (мамлекеттик каттоо номери, каттоого алган органдын аталышы, катталган күн);
- жашаган же катталган жери (жайгашкан жери);
- каттарды жөнөтүүчү дарек (почталык дарек);
- баалуу кагаздардын саны, категориясын (тибин) көрсөтүү менен.
37. Баалуу кагаздарды жана ишенимдик башкаруудагы баалуу кагаздарды ишенимдик башкарууга берүү жөнүндө жазууну жазуу.
Реестрди жүргүзүү системасында баалуу кагаздарды башкаруучуга "ИБ" белгиси бар өздүк эсеп ачылат. Баалуу кагаздарды башкаруучу тарабынан реестр кармоочуга берилген өткөрүп берүү буйругунун негизинде, ошондой эле соттун чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздерде, баалуу кагаздарды башкаруучунун эсебинен баалуу кагаздарды кармоочулардын эсебине баалуу кагаздарды которуулар жүзөгө ашырылат.
Баалуу кагаздарды башкаруучунун өздүк эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздар анын кызыкчылыктарында баалуу кагаздарды башкаруучу аракеттенген баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебинде эсептелбейт.
Ар кандай жактар тарабынан башкаруучуга берилген баалуу кагаздар баалуу кагаздарды башкаруучунун бир эсебинде эсептелиши мүмкүн. Менчик ээсине, баалуу кагаздарды башкаруучуга тиешелүү, баалуу кагаздарды кармоочуга таандык жана анын кардарларына таандык баалуу кагаздардын эсеби өзүнчө өздүк эсептерде жүргүзүлөт.
Баалуу кагаздарды өткөрүп берүү буйругунун негизинде, реестрди жүргүзүү системасына жазууну жазуу үчүн баалуу кагаздарды ишенимдик башкарууга берүү келишими негиз болоорун (келишимдин номери жана аны түзгөн күн) буйрукта көрсөтүү аркылуу, "МБ" белгиси бар өздүк эсептин эсебине баалуу кагаздар киргизилет.
"ИБ" белгиси бар өздүк эсептен баалуу кагаздарды чыгарып таштоо төмөнкүдөй негизде жүргүзүлөт:
- баалуу кагаздарды башкаруучу өткөрүп берүү буйругунун;
- эгерде баалуу кагаздарды кармоочу баалуу кагаздарын берген жактын реестрди жүргүзүү системасында өздүк эсеби жок болсо, анда ушул Жобонун 25-пунктунда каралган документтер кошумча түрдө берилет.
Баалуу кагаздарды ишенимдик башкарууга берүү келишиминде башкача жоболор бекитилбесе, анда өзүнүн кардарынын кызыкчылыгы үчүн аракеттерди жасаган баалуу кагаздарды башкаруучу баалуу кагаздар боюнча баардык укуктарды колдонууга, муну менен кошо акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга жана добуш берүүгө укуктуу.
38. Өздүк эсептеги операциялардын жабылышы жөнүндө жазууларды реестрге жазуу.
Баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебиндеги операцияларды жабуу - бул реестр кармоочу аткара турган жана баалуу кагаздардын өткөрүлүп берилбеши үчүн арналган операция.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын буйругу боюнча, соттун чечими же аныктамасынын, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жагдайларда, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн жана башка документтердин негизинде өздүк эсептеги операцияларды жабуулар жана токтотуулар жүргүзүлөт. Баалуу кагаздарды жабуу боюнча мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды пайдаланууга чек коюу жөнүндө чечимдер жогоруда көрсөтүлгөн органдар тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Эмитентке, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин кармоочуга жана тейлөөчү депозитарийге баалуу кагаздарды жабуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү берилет.
Баалуу кагаздар менен жасалуучу келишимдерди токтотуу чарасы алмаштыруунун же алмаштыруунун натыйжасында алынган баалуу кагаздар үчүн да колдонулат.
Баалуу кагаздарды жабуу жөнүндө документте башкалар аныкталбаса жана мындай аракеттер жабылган баалуу кагаздар чыгарылып жаткан учурдагы шарттарда каралса, анда эмитент аларды тындыруучу, алар боюнча кирешелерди төлөөчү, аларды алмаштыруучу же башка баалуу кагаздарга алмаштыруучу аракеттерди жасоого укуктуу.
Баалуу кагаздарды жабуудан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, соттук тартипте баалуу кагаздарга камоо салынышы да мүмкүн.
39. Баалуу кагаздарга милдеттенме жүктөө жөнүндө жазууларды реестрге жазуу.
Баалуу кагаздарга милдеттенме жүктөлгөн баардык учурлар жөнүндө, муну менен кошо баалуу кагаздарга толук эмес төлөнгөн акылар, күрөөгө баалуу кагаздарды берүү тууралуу маалыматтар баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебинде камтылышы керек.
Күрөөлүү баалуу кагаздар жөнүндө жана күрөө кармоочу жөнүндө маалыматтарды реестрди жүргүзүү системасына жазып киргизүүгө реестр кармоочу милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык керектүү маалыматтарды (документтерди) алган учурдан тартып үч күндөн кечиктирбей, күрөөлүү баалуу кагаздардын пайда болушу же токтотулушу же күрөөгө коюлуучу зат болуп саналган баалуу кагаздардын сандарынын өзгөрүү фактылары жөнүндө эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочулардын реестрине жазууларды реестр кармоочу жазат.
Милдеттенмелерди жүктөөнүн, анын ичинде каржылык-насыялык мекеме болуп саналган эмитенттин күрөөлүү баалуу кагаздарынын өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталышы мүмкүн.
40. Күрөөнүн пайда болушу жөнүндө жазууну реестрге жазуу үчүн керектүү документтер:
- күрөөлүк буйрук (реестр кармоочуга берилет);
- өзүн күбөлөндүргөн документ (реестр кармоочуга көрсөтүлөт);
- күрөө жөнүндө келишимдин түп нускасы же нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (реестр кармоочуга берилет);
- күрөө жөнүндө өзүнчө келишим жок болгон учурда, күрөө менен камсыз кылынган негизги милдеттенме жөнүндө келишимдин түп нускасы же нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (реестр кармоочуга берилет);
41. Күрөөнүн токтотулушу жөнүндө жазууларды реестрге жазуу үчүн керектүү документтер.
Милдеттенменин аткарылышына байланыштуу күрөөнү токтотуу:
- күрөө коюучу же анын ыйгарым укуктуу өкүлү жана күрөө кармоочу же анынын ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон күрөө буйругу (реестрди кармоочуга берилет);
- өзүн күбөлөндүргөн документ (реестрди кармоочуга көрсөтүлөт).
Милдеттенменин аткарылбагандыгына байланыштуу күрөөнү токтотуу:
- күрөө коюучу же анын ыйгарым укуктуу өкүлү жана күрөө кармоочу же анынын ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон күрөө буйругу (реестрди кармоочуга берилет);
- өзүн күбөлөндүргөн документ (реестрди кармоочуга көрсөтүлөт);
- соттун чечими жана соттун чечими боюнча күрөө кармоочунун талаптары канаатгандырылган учурда, күрөөнүн нерсеси болуп саналган, соодаларды жыйынтыктары боюнча түзүлгөн баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу келишими (реестрди кармоочуга берилет);
- соттун чечими жана соттун чечими боюнча күрөө кармоочунун талаптары канааттандырылган учурда, күрөөнүн нерсеси болуп саналган, баалуу кагаздарды кайталап сатуулардын ишке ашпай калышынын протоколу (реестрди кармоочуга берилет).
42. Номиналды кармоочунун эсебине (эсебинен) баалуу кагаздарды киргизүү (эсебинен чыгаруу) жөнүндө жазууну реестрге жазуу.
Баалуу кагаздарды номиналды кармоочунун эсебине (эсебинен) киргизүү (эсебинен чыгаруу) баалуу кагаздарды депозитке салуу буйругунун жана/же өт көрүп берүү буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
Реестрде номиналды кармоочунун өздүк эсеби жок болгон учурда реестрди кармоочу ага өздүк эсепти ачууга милдеттүү.
Номиналды кармоочунун өздүк эсебинде эсепке алынган баалуу кагаздар анын кызыкчылыгы үчүн номиналды кармоочу аракеттенген баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебинде эсепке алынбайт.
43. Баалуу кагаздардын сертификаттары менен жасалган операциялар.
Реестрди кармоочу берүү, тындырылган жана жоголгон баалуу кагаздардын сертификаттары журналына сертификаттарды берүү, тындыруу жана жоготуу боюнча жасалган баардык операциялар жөнүндө жазууну жазууга милдеттүү.
Реестрди кармоочу баалуу кагаздардын сертификаттары түп нуска экендигине ынанышы керек жана ошондон кийин гана сертификаттарды тындырууну жүргүзөт.
Реестрди кармоочу тындырылган баалуу кагаздарды архивде үч жыл ичинде кармоого милдеттүү, андан кийин алар жок кылуу актысын түзүү аркылуу жок кылынууга тийиш.
Сертификаттарды берүү төмөнкүдөй документтерди көрсөтүүнүн негизинде жүргүзүлөт:
- баалуу кагаздарды алгачкы жайгаштыруу учурундагы сатып алуу-сатуу келишимин;
- ушул Жобого ылайык баалуу кагаздарга карата болгон укукту кайра каттоо үчүн негиз болуп саналган өткөрүп берүү буйругун же башка документти;
- сертификаттын жоголгондугу жөнүндө баалуу кагаздарды кармоочунун арызын.
Баалуу кагаздарга карата болгон укуктун өтүшүн каттаганда, баалуу кагаздарды кармоочунун аталыштары же баалуу кагаздардын сертификатында камтылган башка маалыматтар өзгөргөн учурларда сертификаттар жараксыз деп табылат.
44. Реестрдеги маалыматтарды берүү. Реестрден маалыматтарды алуу үчүн кайрылган адам реестрден маалыматтарды берүү буйругун реестрди кармоочуга берет.
Реестрдеги маалыматтарды алууга укуктары бар жактардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- эмитент;
- баалуу кагаздарды кармоочу;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
- мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, алардын компетенцияларынын алкагында.
Реестрди жүргүзүү системасындагы маалыматтар жазуу түрүндө берилет.
45. Баалуу кагаздарды кармоочуларга маалыматтарды берүү.
Баалуу кагаздарды кармоочу же анын ыйгарым укуктуу өкүлү төмөнкүдөй маалыматтарды алууга укуктуу:
- реестрди жүргүзүү системасына киргизилген ал жөнүндө жана анын өздүк эсебиндеги эсепке алынган баалуу кагаздар жөнүндө;
- анын өздүк эсебиндеги баардык жазуулар жөнүндө;
- ага таандык баалуу кагаздардын жалпы санынын эмитенттин капиталына жана ошол категориядагы (типтеги) баалуу кагаздардын жалпы санына карата болгон пайыздык катнашы жөнүндө;
- эмитент жөнүндө, ошондой эле катталган капиталдын (уставдык капиталдын) өлчөмү жөнүндө;
- реестрди кармоочу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтар жөнүндө.
Тиешелүү суроолордун негизинде акционер акционердик коомдун башка акционерлери жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу, буга таандык акциялардын саны жөнүндө маалыматтар кирбейт.
Баалуу кагаздарды кармоочунун буйругу боюнча, анын эсебинен чыгарылып салынган баалуу кагаздар же эсебине баалуу кагаздар киргизилген адамга, реестрди кармоочу, операцияны өткөргөндөн кийин бир иш күндүн ичинде төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган билдирүүнү берүүгө милдеттүү:
- өздүк эсептин номерин, эсебинен баалуу кагаздар чыгарылып салынган баалуу кагаздарды кармоочунун аты-жөнү (толук аталышы) жана түрү;
- өздүк эсептин номерин, эсебине баалуу кагаздар киргизилген баалуу кагаздарды кармоочунун аты-жөнү (толук аталышы) жана түрү;
- операция жасалган күн;
- эмитенттин толук аталышы, эмитенттин жайгашкан жери, каттоого алган органдын аталышы, каттоо номери жана күнү;
- чыгарылган баалуу кагаздардын саны, мамлекеттик каттоо номери, баалуу кагаздын категориясы (түрү);
- реестрге жазууларды жазуу үчүн негиздер;
- реестрди кармоочунун толук расмий аталышы, жайгашкан жери жана телефону.
Билдирүү реестрди кармоочунун ыйгарым укуктуу адамынын мөөрү жана койгон колу менен күбөлөндүрүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча төмөнкүлөргө маалымкаттар берилет:
- мурас жана мыйзам боюнча мураскор болуп саналган жана мурасты ачуу учурунда тирүү жүргөн жарандарга, ошондой эле мурас берүүчү жашап турганда бойго бүткөн жана мурасты ачкандан кийин тирүү төрөлгөн балдарга;
- мурасты ачуу учурунда түзүлсө, мурас боюнча мураскор болуп саналган юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекетке жана жергиликтүү коомчулукка;
- мураскор болуп саналган чет элдик жарандарга, мурастоо фактысы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү документтерди берген учурда.
46. Эмитентке маалыматтарды берүү.
Реестрди кармоочу эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочулардын реестринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчетту эмитентке айына бир жолудан кем эмес берип турууга милдеттүү.
Эмитент реестрден маалыматтарды алуу үчүн керек болгон маалыматтардын көлөмүн көрсөтүү менен реестрди кармоочуга буйрукту берет. Эмитент реестрден маалыматтарды алууга укуктары бар кызмат адамдарынын тизмесин реестрди кармоочуга бериши жана ошол кызмат адамдарынын ар бири алууга укуктуу болгон маалыматтардын көлөмүн аныкташы керек. Тизмеде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- кызмат адамынын аты-жөнү;
- өзүн күбөлөндүрүүчү документтин (паспорттун, аскердик билеттин, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн) сериясы, номери жана берген жер, ошондой эле документти берген орган;
- кызматы;
- алууга укуктуу болгон маалыматтардын көлөмү;
- кызмат адамынын койгон колунун үлгүсү.
47. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө маалыматтарды берүү.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасына бекитилген юридикалык жана жеке жактардын эсептеринде баалуу кагаздар менен жасалган операциялар, баалуу кагаздардын саны боюнча төмөнкүдөй маалыматтар берилет:
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына;
- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына;
- салык органдарына;
- салык органдарына, алардын өндүрүшүндө турган иштер боюнча, расмий суроонун негизинде;
- сотторго, алардын өндүрүшүндө турган иштер боюнча, соттун аныктамасынын негизинде;
- жеке адамдардын өкүлдөрүнө, нотариус күбөлөндүргөн ишеним каттын негизинде.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасына бекитилген юридикалык жана жеке жактардын эсептеринде баалуу кагаздар менен жасалган операциялар, баалуу кагаздардын саны боюнча маалыматтар жогоруда көрсөтүлгөн органдарга, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча расмий суроонун негизинде, берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Реестрди жүргүзүү системасынан көчүрмөлөрдү жана башка документтерди берүү.
Реестрди кармоочу баалуу кагаздарды кармоочунун же анын атынан аракеттенген адамдын, ошондой эле баалуу кагаздардын номиналын кармоочунун талабы боюнча реестрди жүргүзүү системасындагы анын өздүк эсебинин көчүрмөсүн үч иш күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
Баалуу кагаздарды кармоочунун талабы боюнча реестрди кармоочу каалаган мезгилдин көрсөтүлгөн убактысындагы анын өздүк эсебинде жасалган операциялар жөнүндө маалымкатты берет. Маалымкатта төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
- каттоо журналындагы жазуулардын номери;
- операция аткарылган күн;
- операциянын түрү;
- реестрди жүргүзүү системасына жазуу үчүн негиздер;
- чыгарылган баалуу кагаздардын саны, категориясы (тиби) жана мамлекеттик каттоо номери;
- өздүк эсептин номери, баалуу кагаздарды берген адамдын аты-жөнү (толук аталышы);
- өздүк эсептин номери, баалуу кагаздар анын өздүк эсебине киргизиле турган адамдын аты-жөнү (толук аталышы).
Реестрди кармоочу баалуу кагаздарды кармоочунун буйругу боюнча буйрукта көрсөтүлгөн белгилүү категориядагы (типтеги) баалуу кагаздардын саны анын эсебинде бар экендиги жөнүндө ушул Жобонун 58-пунктунда каралган көчүрмөнү, бул сан анын өздүк эсебинде эсептелген ошол категориядагы баалуу кагаздардын санынан ашпаган шартта берүүгө милдеттүү.
Күрөөнү кармоочу күрөөнүн нерсеси болуп саналган баалуу кагаздарга тиешелүү көчүрмөнү алууга укуктуу. Мурда берилген реестрдин көчүрмөсүн берүүнү жана/же кайтарып берүүнү баалуу кагаздардын ээсинен талап кылууга реестрди кармоочунун укугу жок.
49. Жашы жетпегендердин өздүк эсептеринде операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү.
Жаш курагы жетиле электерге (он төрт жашка чейинки жашы жетпегендерге) таандык баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо учурунда өткөрүп берүү буйругуна жана керектүү башка документтерге алардын мыйзамдуу өкүлдөрү - ата-энеси, бала кылып асырап алуучу, камкордук кылуучулар колдорун коюшат. Жаш курагы жетиле электер 14 жаш курагына толгондон кийин керектүү документтерге баалуу кагаздарды кармоочулар өздөрү колдорун коюшат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, 14 жашка толо элек курактагы балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн бүтүмдөрдү жасоого кат жүзүндөгү макулдугу, ошондой эле камкордук органдарынын жана камкорлордун мындай макулдукту берүүгө мыйзамдуу өкүлгө берген уруксаты берилиши керек.
Эмансипация берилген 16дан 18 жашка чейинки жашы жетпегендер баалуу кагаздар менен каалаган бүтүмдөрдү жасмоого, акционерлердин жалпы чогулуштарына кагышууга жана баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алууга укуктуу. Мындай болгон учурда эмансипация берилген жашы жетпегендер төмөнкүдөн документтердин кайсы биринин түп нускасын реестрди кармоочуга көрсөтүшү керек:
- ата-эненин экөөсүнүн тең, бала кылып асырап алуучунун же камкордук кылуучулардын макулдугу үй-бүлөнү жана баланы колдоо боюнча бөлүмдүн жашы жетпегенге эмансипация берүү жөнүндө чечимин;
- ата-эненин, бала кылып асырап алуучунун же камкордук кылуучулардын макулдугу жок болгон учурда эмансипация берүү жөнүндө соттун чечимин;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүктү;
- нике тууралуу күбөлүктү.
50. Жалпы үлүштүк менчикте турган баалуу кагаздар менен операцияларды жасоонун өзгөчөлүктөрү.
Эгерде баалуу кагаздар жалпы үлүштүк менчик укугунда баалуу кагаздарды кармоочуга таандык болсо, анда өткөрүп берүү буйругуна жана керектүү башка документтерге жалпы үлүштүк менчикке катышуучулардын баардыгы кол коюшу керек. Мындай кол коюулар жок болгон учурда, жалпы үлүштүк менчикке катышуучулар атыбыздан керектүү документтерге кол коет деп берген ишеним катты ишенимдүү адам бериши керек.
51. Өздүк эсепти жабуу жөнүндө жазууну жазуу.
Эгерде өздүк эсеп менен жасалган операциялардын негизинде анда эсептелген баалуу кагаздардын саны нөлгө барабар болуп калса, реестрди кармоочу эсепти жабуу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу. Мындай болгон учурда, өздүк эсепте чагылдырылып көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды кармоочу жөнүндө маалымат, реестрди кармоочу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык иш боюнча доо алыстыгы мөөнөтүнүн ичинде сакталууга жатат.
Укуктун өтүшү жөнүндө жазууну жазуу учурунда, мураска калтырылган баардык баалуу кагаздар мураскордун (мураскорлордун) эсебине көчүрүлүп жазылгандан кийин, баалуу кагаздардын мурдагы өлгөн кармоочусунун өздүк эсеби жабылат.
52. Документтерди жүгүртүүчү система.
Баалуу кагаздарды кармоочулар, алардын өздүк эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө баардык маалыматтарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле компьютердик жабдуулар жана/же программалык камсыз кылуу иштебей калган учурда реестрди жүргүзүү боюнча ишти улантуунун мүмкүнчүлүктөрү реестрди кармоочунун документтерди жүгүртүүчү системасында каралышы керек.
Документтерди кабыл алгандан кийин реестрди кармоочу кабыл алынган күн, ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү, анын койгон колу жана реестрди кармоочунун мөөрү жөнүндө белгиси бар документтерди кабыл алуу фактысын ырастаган (же болбосо берилген документтердин көчүрмөсүнө кириштөө номери коюлуп, реестрди кармоочунун ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлган) документти кайрылган адамга берет.
Реестрге жазууларды жазуу үчүн негиз болуп саналган документтер реестрди кармоочуда, ошол эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочунун негизги реестринде алар түшкөндөн учурдан тартып беш жылдан кем эмес сакталышы керек, бул мөөнөт бүткөндөн кийин эмитентке берилиши керек.
53. Ички документтерди жүгүртүүнүн жана контролдоонун эрежелери.
Ички документтерди жүгүртүүнүн жана контролдоонун эрежелеринде реестрди жүргүзүү системасындагы документтерди иштеп чыгуунун жана сактоонун, реестрди кармоочунун ички документтерин түрлөргө келтирилишинин тартиптери, реестрди кармоочунун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин милдеттери, ошондой эле ички контролду жүргүзүүнүн тартиптери аныкталышы керек.
Ички документтерди жүгүртүүнүн жана контролдоонун эрежесинде төмөнкүлөр каралышы керек:
- документтерди каттоонун, иштеп чыгуунун, сактоонун жана архивге жайгаштыруунун жолдору;
- документтерди жүгүртүү маалыматтарында электрондук системаны пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү;
- реестрди кармоочунун архивиндеги жана базасындагы маалыматтарды алуунун тартиби;
- электрондук маалыматтарды сактоонун жолдору;
- реестрди жүргүзүүнүн программалары менен иштеп жаткан учурда паролдорду орнотуунун тартиби;
- ички контролдоо системасын жана реестрди жүргүзүү системасына киргизилүүчү маалыматтарды текшерүүнүн тартиби;
- жоголуп кеткен учурда маалыматтарды калыбына келтирүүнүн жолдору;
- мүлктөрдүн коопсуздук жана толук жоголуудан (өлүүдөн), жетпей калуу же бүлгүнгө учуроодон коргоо чаралары.
Кызматкерлердин кызматтык нускамаларында реестрди кармоочунун кызмат адамдарынын функциялары жана жоопкерчиликтери каралышы керек.
54. Документтерди тариздөөгө карата коюлуучу талаптар.
Реестрдеги операцияларды жасоону реестрди кармоочу документтердин түп нускаларынын же нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүнүн негизинде жүргүзөт, буга ушул Жободо каралган учурлар кирбейт.
Документтер даана, так толтурулушу, анда оңдоолор жана сызып оңдоолор болбошу керек.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ким экендиги өзүн күбөлөндүрүүчү документтин негизинде аныкталат.
55. Операцияларды аткаруунун мөөнөттөрү.
Реестрди кармоочуга керектүү документтер берилген учурдан тартып реестрдеги операцияларды аткаруунун мөөнөттөрү саналат.
Үч күндүн ичинде төмөнкүдөй операциялар аткарылышы керек:
- өздүк эсепти ачуу;
- баалуу кагаздарды кармоочунун реквизиттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- баалуу кагаздарга болгон укуктун өтүшү жөнүндө жазууларды жазуу;
- өздүк эсеп боюнча операцияларды жаап коюу (ачуу) жөнүндө жазууларды жазуу;
- баалуу кагаздарга милдеттенме, анын ичинде күрөө милдеттенмесин жүктөө жөнүндө жазууларды жазуу;
- баалуу кагаздарды башкарган номиналды кармоочунун эсебине баалуу кагаздарды киргизүү, чыгаруу жөнүндө жазууларды жазуу;
- баалуу кагаздарды алмаштыруу.
Беш иш күндүн ичинде төмөнкүдөй операциялар аткарылат:
- баалуу кагаздардын сертификаттарын берүү, тындыруу;
- өздүк эсептеги операциялар тууралуу билдирүүнү, көчүрмөнү, эсепте турган баалуу кагаздардын саны жөнүндө көчүрмөнү берүү.
Баалуу кагаздарды жараксыз кылуу боюнча операциялар он күндүн ичинде аткарылат.
Эмитенттин буйругунда же реестрди жүргүзүү келишиминде айтылган мөөнөттө төмөнкүдөй операциялар аткарылат:
- баалуу кагаздарды жайгаштыруу жөнүндө жазууларды жазуу;
- баалуу кагаздар боюнча киреше алууга жана акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укугу бар адамдардын тизмесин даярдоо;
- тизмелерди түзүү;
- номиналды кармоочудан алынган маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу.
Өзү же эмитент кетирген ката үчүн реестрге жазууларды жазуудан баш тартууга каттоочунун укугу жок.
Реестрди кармоочу же эмитент кетирген каталар үчүн буйрукту аткаруу кармалган учурда, беш жумушчу күндөн ичинде бул жөнүндө кайрылган адамга билдирүүгө, катаны оңдоого жана реестрге жазууларды жазууга реестрди кармоочу милдеттүү.
56. Кирген документтердин эсебин алуучу журнал.
Кирген документтерди каттоо журналы кирген документтердин эсебин алуучу журнал болуп саналат. Ар бир кириш документке тиешелүү бир жолку жазуу кирген документтерди каттоо журналына жазылат. Баардык жазуулар хронологиялык тартипте жүргүзүлөт.
Кирген документтерди каттоо журналында төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- катар номери - документтин кириштелген номери (реестрди кармоочунун эсеп системасындагы);
- документтин аталышы;
- реестрди кармоочунун документти алган күнү;
- документти берген адам жөнүндө маалыматтар, тактап айтканда:
- юридикалык жак үчүн - документтерди берген уюмдун аталышы, уюм ыйгарган күн жана чыккан номери, коштомо катка кол койгон адамдын аты-жөнү;
- жеке жак үчүн (эгерде көрсөтүлсө) - жөнөтүүчүнүн аты-жөнү, күнү, почталык дареги;
- кыскача мазмуну;
- жооп жөнөтүлгөн (реестрге өзгөртүү киргизилген) же реестрге өзгөртүү киргизүүдөн баш тартууну жөнөткөн күн;
- жооптун чыккан номери;
- жоопко кол койгон кызмат адамынын аты-жөнү.
Кирген документтерди каттоонун типтүү журналы ушул Жобонун 5-тиркемесинде келтирилет.
57. Каттоо журналы.
Каттоо журналы - баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептериндеги баалуу кагаздардын кыймылы менен байланышкан баардык операциялардын эсеби алынуучу журнал. Баардык операциялар, алардын жыйынтыгында өздүк эсептерде болуп өткөн баалуу кагаздардын кыймылы, ошондой эле алардын реквизиттериндеги өзгөрүүлөр, баардык жазуулар ушул журналда, эсептердеги эки илтиктүү жазуу принциби боюнча хронологиялык тартипте чагылдырылып көрсөтүлөт. Журналдагы маалыматтар эмитентке жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына түзүп берүү учурунда пайдаланылат.
Каттоо журналында төмөнкүдөй операциялар чагылдырылат:
- номиналды кармоочунун эсебине баалуу кагаздарды киргизүү жана чыгаруу, баалуу кагаздардын ишенимдик башкаруусуна жана баалуу кагаздардын ишенимдик башкаруусунан баалуу кагаздарды берүү жөнүндө реестрге жазылган жазууну;
- мурас кылуу, белекке берүү, алмаштыруу тартибинде, ошондой эле жабык типтеги акционердик коомдун акцияларын саткан учурда баалуу кагаздарга болгон укукту өткөрүп берүү тууралуу реестрге жазылган жазуу;
- баалуу кагаздарга жүктөлгөн оордуктар тууралуу реестрге жазылган жазуу;
- өздүк эсептеги операцияларды токтотуу жөнүндө реестрге жазылган жазуу;
- баалуу кагаздарды алмаштыруу жөнүндө реестрге жазылган жазуу;
- баалуу кагаздарды жараксыз кылуу (тындыруу) жөнүндө реестрге жазылган жазуу;
- баалуу кагаздарды кармоочу жөнүндө өздүк эсептеги маалыматтарга киргизилген өзгөртүүлөр.
Каттоо журналында төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- жазуунун катар номери;
- документтер алынган күн жана аларды кириштеген күн;
- операциялар аткарылган күн;
- операциялардын түрлөрү;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын аты-жөнү же аталышы;
- бүтүмдүн тараптары болуп саналган баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептеринин номерлери;
- баалуу кагаздардын категориясы (тиби), саны.
Типтүү каттоо журналы ушул жобонун 6-тиркемесинде келтирилет.
58. Реестрдин көчүрмөсү.
Реестрдин көчүрмөсү төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
- эмитенттин толук аталышы, эмитенттин жайгашкан жери, каттоого алган органдын аталышы, каттоо номери жана куну;
- баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебинин номери;
- баалуу кагаздарды кармоочунун аты-жөнү (толук аталышы);
- баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебинде эсептелген чыгарылган баалуу кагаздардын категориясы (түрү), саны, мамлекеттик каттоо номери;
- милдеттенме жүктөлгөн жана/же аларга карата жасалуучу операциялар токтотулган чыгарылган баалуу кагаздардын категориясы (тиби), саны, мамлекеттик каттоо номери;
- баалуу кагаздарды кармоочунун түрү (баалуу кагаздарды кармоочу, номиналды кармоочу, баалуу кагаздарды башкаруучу, күрөө кармоочу);
- реестрди кармоочунун толук аталышы;
- каттоого алган органдын аталышы, каттоо номери жана күнү;
- баалуу кагаздардын реестрин кармоону жүргүзүү боюнча кесипкөй ишти жүргүзүү укугун берген лицензиянын номери;
- реестрди кармоочунун жайгашкан жери жана телефону;
- реестрди кармоочунун ыйгарым укуктуу адамынын мөөрү, аты-жөнү жана койгон колу.
Берилген реестрдин көчүрмөсүндө камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликти реестрди кармоочу тартат. Көчүрмө берилген күндө жана убакытта гана жарактуу. Реестрдин типтүү көчүрмөсү ушул Жобонун 7-тиркемесинде келтирилди.
59. Берилген, тындырылган жана жоголгон баалуу кагаздардын сертификаттарынын журналы.
Берилген, тындырылган жана жоголгон баалуу кагаздардын сертификаттарынын журналы төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
- жазуунун катар номерин;
- чыгарылган баалуу кагаздардын категориясын (тибин), мамлекеттик номерин;
- сертификат менен күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздардын санын;
- баалуу кагаздардын сертификаты берилген баалуу кагаздарды кармоочунун аты-жөнүн (толук аталышын), өздүк эсебинин номерин;
- баалуу кагаздар сертификаты жөнүндө өзгөчө белгилерди (жарактуу, жоголгон, жоголгондун ордуна жаңысы берилген, тындырылган);
- документ берилген күндү;
- берүү негиздерин (баалуу кагаздарды жайгаштыруу, баалуу кагаздарды сатып алуу, жоголгондун ордуна берүү, чыгарылган баалуу кагаздардын баардыгына карата жасалган операциялар);
- баалуу кагаздардын сертификаты тындырылган күндү;
- баалуу кагаздардын сертификатын жараксыз деп табуунун негиздерин (баалуу кагаздарга болгон укуктун токтотулушу, эмитенттин баалуу кагаздарды төлөп кайта алышы, баалуу кагаздарды кармоочунун арызы, чыгарылган баалуу кагаздардын баардыгына карата жасалган операциялар);
- документтерди алууга коюлган колду.
60. Келүү баракчасы.
Келүү баракчасы акционерлердин жалпы чогулушуна катышкан акционерлерди каттоо жана кворумду аныктоо арналган. Типтүү келүү баракчасы ушул Жобонун 9-тиркемесинде келтирилди.
61. Реестрди кармоочунун отчету.
Реестрди кармоочу жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчетту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же ошол эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочунун реестрин жүргүзүү жөнүндө келишимдеги башка маалыматтарды эмитентке берет.
Реестрди кармоочу отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана тартипте баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берүүгө милдеттүү.
Көз каранды эмес реестр кармоочу Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
Көз каранды эмес реестр кармоочу өзүнүн филиалдары жана өкүлчүлүктөрү менен ушул Жободо белгиленүүчү төмөнкүдөй талаптардын аткарылышын камсыз кылышы керек:
Көз каранды эмес реестр кармоочунун филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишти жасаган уюмдардын жетекчилерине карата баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген квалификациялык талаптарга ылайык келиши керек.
Көз каранды эмес реестр кармоочунун филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн штатында баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишти жасаган уюмдардын адистерине карата баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген квалификациялык талаптарга ылайык келген бирден кем эмес адис болушу керек.
Көз каранды эмес реестр кармоочунун баардык филиалдары жана өкүлчүлүктөрү баалуу кагаздарды кармоочулардын өздүк эсептерин ачуу жана баардык реестрлердеги баалуу кагаздарды кармоочулардын эсептери боюнча реестрди кармоочунун баардык башка операцияларын жүргүзүү үчүн керектүү документтерди кабыл алышы керек, аларды көз каранды эмес реестр кармоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте жүргүзөт.
Көз каранды эмес реестр кармоочу менен анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жогоруда көрсөтүлгөн реестрди кармоочунун операцияларды жасоосунун тартиби көз каранды эмес реестр кармоочу тарабынан белгиленет.
Көз каранды эмес реестр кармоочунун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасында түзүлгөн маалыматтардын базасынын резервдик көчүрмөсүн көз каранды эмес реестр кармоочуга айына бир жолудан кем эмес, көз каранды эмес реестр кармоочунун ички документтеринде белгиленген жол-жоболорго ылайык берүүгө милдеттүү.
Көз каранды эмес реестр кармоочунун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ушул Жободо көз каранды эмес реестр кармоочуга карата белгиленген талаптарга жооп берүүгө милдеттүү.
62. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишти уюштуруу жана турмушка ашыруу үчүн көз каранды эмес реестр кармоочу төмөнкүдөй мүнөздөмөлөрү бар жабдууларга (камсыздоого) ээ болушу керек:
- жеке компьютерлер - экөө, анын ичинде бири резервдик (тактылуу жыштыктары бар процессор - 400 МНz, ыкчам эске тутуучу түзүлүш 64 МЬ);
- ылдамдыгы 26000 Кб/секунддан кем эмес модем;
- факс;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишти уюштуруу жана турмушка ашыруу үчүн программалык камсыздоо;
- телефон линиясы.
63. Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү максатында пайдаланылган программалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык катталышы керек.
64. Реестр кармоочунун ички документтеринде төмөнкүдөй коргонуу жана сактануу чаралары каралышы керек:
- баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү системасында түзүлгөн электрондук документтердин резервдик көчүрмөлөрү имараттан тышкары жакта сакталат - реестр кармоочу жайгашкан жерде, коммерциялык банктын сейфинде, ошондой эле мезгил-мезгили менен ошол көчүрмөлөр жаңыртылат (айына бир жолудан кем эмес);
- реестр кармоочунун бөлмөсүнө жана маалыматтар базасына чоочун адамдардын киришин чектөө;
- документтерди кагазга жазылган түрүндө сактоо жана архивде сактоо.
65. Эгерде көз каранды эмес реестр кармоочу эмитенттин катышуучусу же акционери болуп саналса, же эмитент көз каранды эмес реестр кармоочунун катышуучусу же акционери болуп саналса, анда андай көз каранды эмес реестр кармоочу мындай эмитенттин баалуу кагаздарын кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө укугу жок.
Кардары болуп саналган эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алууга-сатууга көз каранды эмес реестр кармоочунун укугу жок.
Реестрди жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырууда аны баалуу кагаздар рыногундагы кесипкей иштердин башка түрлөрү менен айкаштырууга жол берилбейт.
Эмитенттин кызмат адамы өзүнүн ишин баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча иш менен айкаштырып жүргүзө албайт.
66. Реестрди кармоочу реестрди жүргүзүү боюнча милдеттерди аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
Реестрге жазуудан реестр кармоочунун жүйөөсү жок баш тартуусуна каршы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте доо арыз берилиши мүмкүн.
Реестр кармоочу номиналды кармоочу же баалуу кагаздарды башкаруучу берген буйруктарга ылайык аткарылган талаптагыдай таризделген номиналды кармоочунун же баалуу кагаздарды башкаруучунун кардарларынын эсептериндеги операциялар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Көз каранды эмес реестр кармоочу өзүнүн кызматкерлеринин күнөөсү боюнча кардарларга келтирилген зыяндар жана чыгымдар үчүн толук көлөмдө жооп берет.
Көз каранды эмес реестр кармоочу баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү учурунда иштетилген программалык жана техникалык каражаттардын ыргактуу иштеши үчүн жоопкерчиликти тартат.
Эмитенттен же баалуу кагаздарды кармоочудан алынган жана баалуу кагаздарды кармоочуларга берүү үчүн арналган маалыматтарды бурмалагандыгы же бербей койгондугу үчүн, ошондой эле баалуу кагаздарды кармоочулардын баалуу кагаздар боюнча укуктарынын чектелишине алып келген корпоративдик аракеттер жөнүндө билдирбей койгондугу үчүн көз каранды эмес реестр кармоочу жоокерчилик тартат.
67. Ушул Жободо белгиленген талаптарды көз каранды эмес реестр кармоочунун жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй башка катышуучуларынын аткарбай коюшу же бузушу берилген лицензияны токтотууга, жараксыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жаза чараларды колдонууга негиз болуп саналат.
68. Коюлган колдордун жасалма экендигин, маалыматтардын бурмалангандыгын же өткөрүп берүү буйругуна ыйгарым укугу жок адам кол койгондугун тараптар тааныса же сот аныктаса, анын кесепетинен келтирилген чыгымдарды каттоочуга төлөп берүүгө, каттоочуга берилүүчү өткөрүп берүү буйругундагы адамдардын койгон колдорунун аныктыгына кепилдик берген баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу милдеттенет.
1-тиркеме
1-барак - титулдук, эмитенттин аталышы, анын жайгашкан жери жана реестрге берген күн камтылат.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын тизмеси
Эмитент "_______________________________"
Шаар _____________________________________
2-барак - маалыматтык, Кыргыз Республикасында баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык маалыматтар камтылышы керек.
Маалыматтык баракчаны төмөнкүдөй формада түзүү сунуш кылынат:
201_-жылдын "___" _______________ абал боюнча
Эмитент жөнүндө маалымат
__________________________________________________________________
Толук аталышы:
__________________________________________________________________
Кыскача аталышы:
__________________________________________________________________
Юридикалык дареги:
__________________________________________________________________
Почталык дареги:
__________________________________________________________________
Мамлекеттик каттоо органы:
__________________________________________________________________
Катталган номер жана күн:
__________________________________________________________________
Идентификациялык номери:
__________________________________________________________________
Капиталынын өлчөмү:
__________________________________________________________________
Чыгарылган баалуу кагаздардын мамлекеттик каттоо номери:
__________________________________________________________________
Баалуу кагаздардын категориясы (тиби):
__________________________________________________________________
Чыгарылган акциялардын саны:
__________________________________________________________________
Анын ичинде:
жөнөкөйү:
__________________________________________________________________
Артыкчылыктуусу:
__________________________________________________________________
Чыгаруунун түрү:
__________________________________________________________________
Реестр кармоочу:
__________________________________________________________________
Көз каранды эмес аудитор:
__________________________________________________________________
Эмитенттин ыйгарым укуктуу адамы:
__________________________________________________________________
3-барак жана андан кийинкилери баалуу кагаздарды кармоочулар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринин 3-барагынын болжолдуу уюштурулушу:
┌──┬──────┬─────────┬─────────┬────────────┬────────┬────────┬────────┐
│№ │Өздүк │Катталган│ Өзүн │ Саны │ Сумма │Капитал-│Почталык│
│ │эсеп- │ адамдын │күбөлөн- ├─────┬──────┤ (сом) │дагы │дареги │
│ │тин │аты-жөнү │дүргөн │Жөнө-│Артык-│ │үлүш │ │
│ │номери│(аталышы)│документ:│ көй │чылык-│ │ │ │
│ │ │ │сериясы, │ │туу │ │ │ │
│ │ │ │номери, │ │ │ │ │ │
│ │ │ │берилген │ │ │ │ │ │
│ │ │ │жери │ │ │ │ │ │
├──┼──────┼─────────┼─────────┼─────┼──────┼────────┼────────┼────────┤
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │
└──┴──────┴─────────┴─────────┴─────┴──────┴────────┴────────┴────────┘
Реестрдин акыркы барагында жыйынтык чыгарылышы керек:
Чыгарылган баардык акциялар: _____________________________________
Баардык бөлүштүрүлгөндөр (категориялары түрү боюнча) _____________________________________ №/о капиталдан.
Анын ичинде:
Юридикалык жак ____________________________________________ нуска.
Жеке жак __________________________________________________ нуска.
Баардык катталган акционерлер ___________________________________,
Анын ичинде:
Юридикалык жак ___________________________________________________
Жеке жак ________________________________________________________,
Кагазда алынып жүрүүчү баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрине номер коюлуп, жип менен байланып, эмитенттин жана көз каранды эмес реестр кармоочунун ыйгарым укуктуу адамдарынын колдору коюлушу жана эмитенттин жана көз каранды эмес реестр кармоочунун мөөрү менен бекемделиши керек.
"_____________________________________" (эмитенттин аталышы)
Башкарманын төрагасы _____________________________________________
Аты-жөнү _________________________________________________________
Көз каранды эмес реестр кармоочу "_______________________________"
Көз каранды эмес реестр кармоочунун жетекчиси ____________________
Жип менен байланган жана номерлери коюлган ________________ барак.
201_-жылдын "__" __________.
2-тиркеме
Баалуу кагаздарды берген (жеке жак үчүн - аты-жөнү, юридикалык жак үчүн - толук расмий аталышы жана өкүлдүн Ф.А.Т.) баалуу кагаздарды кармоочунун аты-жөнү (толук аталышы), анын баалуу кагаздарды кармоочу, баалуу кагаздарды башкаруучу же берилген баалуу кагаздардын номиналын кармоочу болуп саналарын көрсөтүү менен _______________________________ _______________________________________________________________________
Өзүн күбөлөндүрүүчү документ _____________________________________
Сериясы, номери, күнү жана берилген жери, ким берген _____________
Юридикалык жакты каттоого алган органдын аталышы _________________
Каттоо номери жана күнү __________________________________________
Берилген баалуу кагаздар тууралуу:
Эмитенттин толук аталышы _________________________________________
Чыгарылган баалуу кагаздардын категориясы (түрү), катталган мамлекеттик номери: ________________________________________________________
Берилген баалуу кагаздардын саны(сандар менен жана баш тамгалар менен жазып) __________________________________________________________
Баалуу кагаздарга болгон укуктун өтүшүнүн негиздери ______________ _______________________________________________________________________
Бүтүмдүн суммасы жана баалуу кагаздардын бирдигинин баасы (эгерде реестрге жазууларды жазуу үчүн сатып алуу-сатуу келишимдери, алмаштыруу келишими же белекке берүү келишими негиз болуп саналса) _______________ _______________________________________________________________________
Милдеттенме жүктөлгөн баалуу кагаздардын бардыгын же жоктугун көрсөт: _______________________________________________________________
Баалуу кагаздарды сатып алган (жеке жак үчүн - аты-жөнү, юридикалык жак үчүн - толук расмий аталышы жана өкүлдүн аты-жөнү) баалуу кагаздарды кармоочунун аты-жөнү (толук аталышы), анын баалуу кагаздарды кармоочу, баалуу кагаздарды башкаруучу же берилген баалуу кагаздардын номиналын кармоочу болуп саналаарын көрсөтүү менен ____________________ _______________________________________________________________________
Өзүн күбөлөндүрүүчү документ _____________________________________
Сериясы, номери, күнү жана берилген жери, ким берген _____________ _______________________________________________________________________
Юридикалык жакты каттоого алган органдын аталышы _________________ _______________________________________________________________________
Каттоо номери жана күнү __________________________________________
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери _________________________
Жашаган жеринин дареги (юридикалык жана почталык) ________________ _______________________________________________________________________
Башка байланыш маалыматтары(телефонунун номери, факсы, электрондук дареги) _______________________________________________________________
Баалуу кагаздарды берген баалуу кагаздарды кармоочунун койгон колу _______________________________________ (милдеттүү түрдө толтурулат)
Баалуу кагаздарды сатып алган адамдын койгон колу
_________________________________
Коюлган колдорго кепилдикти Кепилдик берүүчү берет _________________________________, мында ал өткөрүп берүү буйругуна кол койгон инсандын жана ыйгарым укуктуу адамдын ким экендиги аныкталгандыгына кепилдик берет (ушул өткөрүп берүү буйругуна кол койгон адамдардын койгон колдорунун нак өзү экендигине баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу кепилдик берген учурда милдеттүү түрдө толтурулат).
Өткөрүп берүү буйругу толтурулган күн ____________________________
М.О. (юридикалык жак үчүн)
Баалуу кагаздарга болгон укукту өткөрүп берүү ишке ашырылды:
Реестрди кармоочу(толук аталышы, дареги) _________________________ _______________________________________________________________________
Аты-жөнү жана реестрди кармоочунун ыйгарым укуктуу адамынын койгон колу __________________________________________________________________
Журнал боюнча бүтүмдүн каттоо номери жана катталган күн:
_______________________________________________________________________
М.О.
3-тиркеме
Ушул жазуу реестрге жазылды (күрөөнүн жаралышы же токтотулушу): __________________________________________________________________
Күрөөгө коюучу:
Баалуу кагаздарды кармоочунун аты-жөнү (толук аталышы) (жеке жак үчүн - аты-жөнү, юридикалык жак үчүн - толук расмий аталышы жана өкүлдүн аты-жөнү), дареги _____________________________________________
Өздүк эсептин номери _____________________________________________
Өзүн күбөлөндүрүүчү документ _____________________________________
Сериясы, номери, күнү жана берилген жери, ким берген _____________ _______________________________________________________________________
Юридикалык жакты каттоого алган органдын аталышы _________________ _______________________________________________________________________
Каттоо номери жана күнү __________________________________________
Күрөөгө коюлуучу баалуу кагаздар тууралуу:
Эмитенттин толук аталышы _________________________________________
Чыгарылган баалуу кагаздардын категориясы (тиби), катталган мамлекеттик номери: ________________________________________________________
Берилген баалуу кагаздардын саны(сандар менен жана баш тамгалар менен жазып) номерин жана сериясын көрсөтүү менен (документтештирилген түрдө баалуу кагаздар чыгарылган учурда): _____________________________ _______________________________________________________________________
Күрөөнүн түрү: ___________________________________________________
Күрөө негиздери: _________________________________________________
Күрөөнү кармоочу:
Баалуу кагаздарды кармоочунун аты-жөнү (толук аталышы), жеке жак үчүн - аты-жөнү, юридикалык жак үчүн - толук расмий аталышы жана өкүлдүн аты-жөнү), дареги _____________________________________________ _______________________________________________________________________
Өздүк эсептин номери _____________________________________________
Инсандыкты күбөлөндүрүүчү документ _______________________________
Сериясы, номери, күнү жана берилген жери, ким берген _____________ _______________________________________________________________________
Юридикалык жакты каттоого алган органдын аталышы, катталган номери жана күнү: ____________________________________________________________
Сертификаттар (эгерде бар болсо) турат: __________________________
Кирешени алуу укугу таандык (күрөө коюучуну же күрөөнү кармоочуну көрсөт): ______________________________________________________________
Пайдалануу укугу таандык (күрөө коюучуну же күрөөнү кармоочуну көрсөт): ______________________________________________________________
Пайдалануунун шарттары: __________________________________________ _______________________________________________________________________
Күрөөнүн шарттары: _______________________________________________
Күрөөгө коюучу (аты-жөнү, толук аталышы, койгон колу) ____________ _______________________________________________________________________
М.О (юридикалык жак үчүн)
Күрөөнү кармоочу аты-жөнү, толук аталышы, койгон колу) ___________ _______________________________________________________________________
Реестрди кармоочу (толук аталышы, дареги): _______________________ _______________________________________________________________________
Реестрди кармоочунун ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү жана койгон колдору: ______________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Каттоо журналындагы каттоо номери жана катталган (кол койгон) күн: _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
М.О.
4-тиркеме
Баалуу кагаздарды кармоочулар депозитарийдин номиналды кармоосуна төмөндө көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды берет:
Баалуу кагаздардын эмитентинин аталышы ___________________________
Чыгарылган баалуу кагаздардын категориясы (тиби), мамлекеттик каттоо номери ____________________________________________________________
┌───────┬─────────────┬─────────────┬────────────┬──────────┬─────────┐
│Тапшыр-│ Аты-жөнү │Өзүн │ Баалуу │ Эскертүү │Жыйынтыгы│
│ манын │ (толук │күбөлөндүргөн│ кагаздардын│ │ │
│ № │ аталышы) │документ │ саны │ │ │
│ │ │сериясы, │ │ │ │
│ │ │номери, │ │ │ │
│ │ │берген жери │ │ │ │
│ │ │(каттоо │ │ │ │
│ │ │жөнүндө │ │ │ │
│ │ │маалымат) │ │ │ │
├───────┼─────────────┼─────────────┼────────────┼──────────┼─────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │
└───────┴─────────────┴─────────────┴────────────┴──────────┴─────────┘
Ушул баалуу кагаздар боюнча баардыгы _____________________________
Депозитарийдин депоненттеринин баалуу кагаздарын депозитке салуу тапшырмасы жана баалуу кагаздарды кармоочулар же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон өткөрүп берүү тапшырмасы жогоруда көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды депозитарийдин номиналдык кармоосуна берүү үчүн негиз болуп саналат.
Депозитке салуунун бириктирилген буйругунда камтылган маалыматтар, жогоруда көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды берүү үчүн негиз болуп саналган өткөрүп берүү буйругунда көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош экендигин депозитарий ырастайт.
Депозитарийдин аталышы ___________________________________________
Депозитарийдин ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү жана койгон колу _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
М.О.
Реестрди кармоочу жогоруда көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды кармоочулардын жогоруда көрсөтүлгөн баалуу кагаздарын депозитарийдин номиналдык кармоосуна которуу операциясын жүргүздү, аларга милдеттенмелер жүктөлгөн эмес жана баалуу кагаздарды кармоочулардын аларга кожоюндук кылууга толук жана чектелбеген укуктары бар.
Реестрди кармоочунун аталышы _____________________________________ _______________________________________________________________________
Реестрди кармоочунун ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү жана койгон колдору _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________
М.О.
5-тиркеме
┌─┬─────────┬───────┬───────┬───────┬────────┬─────────┬──────┬────────┐
│№│Документ-│Доку- │Реестр-│Доку- │Документ│Жооп │Доку- │Доку- │
│ │тин │менттин│ди │менттин│берген │жөнөткөн │мент- │ментке │
│ │кириштел-│аталышы│кармоо-│кыскача│адам │(реестрге│терге │кол │
│ │ген │ │чу │мазмуну│жөнүндө │жазууну │берил-│койгон │
│ │номери │ │доку- │ │маалы- │жазган │ген │кызмат │
│ │(реестрди│ │ментти │ │мат (*) │күн) же │жооп- │адамынын│
│ │кармоону-│ │алган │ │ │реестрге │тун │аты-жөнү│
│ │нун эсеп │ │күн │ │ │жазуудан │чыгуу │ │
│ │система- │ │ │ │ │баш тар- │номери│ │
│ │сындагы) │ │ │ │ │тууну │ │ │
│ │ │ │ │ │ │жөнөткөн │ │ │
│ │ │ │ │ │ │күн │ │ │
├─┼─────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼─────────┼──────┼────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │
└─┴─────────┴───────┴───────┴───────┴────────┴─────────┴──────┴────────┘
(*) Мындай маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
- юридикалык жак үчүн - документтерди берген уюмдун аталышы, уюм ыйгарган чыгыш номери жана күнү, коштомо катка кол койгон адамдын аты-жөнү;
- жеке жак үчүн (эгерде көрсөтүлсө) - аты-жөнү, күнү, почталык дареги.
6-тиркеме
┌──┬──────────┬────────┬───────────┬──────────────────┬───────┬───────┐
│№ │Документ- │Операция│Операциянын│Аты-жөнү │Баалуу │Баалуу │
│ │терди │аткарыл-│тиби (*) │(аталышы), │кагаз- │кагаз- │
│ │алган күн │ган күн │ │бүтүмдүн тараптары│дардын │дардын │
│ │жана │ │ │болуп саналган │катего-│саны │
│ │аларды │ │ │баалуу кагаздарды │риясы │ │
│ │кириштөө │ │ │кармоочулардын │(тиби) │ │
│ │номери │ │ │өздүк эсептеринин │ │ │
│ │ │ │ │номерлери │ │ │
│ │ │ │ ├────────┬─────────┤ │ │
│ │ │ │ │сатуучу-│сатып │ │ │
│ │ │ │ │нун аты-│алуучунун│ │ │
│ │ │ │ │жөнү │аты-жөнү │ │ │
├──┼──────────┼────────┼───────────┼────────┼─────────┼───────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴──────────┴────────┴───────────┴────────┴─────────┴───────┴───────┘
(*) - Каттоо журналына реестрдеги төмөнкүдөй операциялар боюнча жазуулар жазылбайт:
- баалуу кагаздар боюнча кирешелерди алууга укуктары бар адамдардын тизмесин даярдоо;
- номиналды кармоочулардын маалыматтарды реестрге берилиши;
- баалуу кагаздардын сертификаттары менен жасалган операциялар;
- эмитентке, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринен берилген маалыматтар (анын ичинде көчүрмөлөр).
7-тиркеме
Эмитенттин толук аталышы жана жайгашкан жери: ____________________
Мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдын аталышы; каттоо номери жана күнү _______________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Өздүк эсептин номери _____________________________________________
Баалуу кагаздарды кармоочунун аты-жөнү же толук аталышы (жеке жак үчүн аты-жөнү, юридикалык жак үчүн - толук аталышы жана өкүлүнүн аты-жөнү) анын баалуу кагаздарды кармоочу, баалуу кагаздарды башкаруучу же берилген баалуу кагаздардын номиналын кармоочу болуп саналаарын көрсөтүү менен: _______________________________________________________ _______________________________________________________________________
Чыгарылган баалуу кагаздардын категориясы (тиби), мамлекеттик каттоо номери, баалуу кагаздарды кармоочунун өздүк эсебинде эсептелген баалуу кагаздардын саны: ________________________________________________ _______________________________________________________________________
Реестрди кармоочунун толук аталышы: ______________________________ _______________________________________________________________________
Мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдын аталышы, каттоо номери, күнү: _________________________________________________________________
Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча кесипкөй ишти жүргүзүү укугун берген лицензиянын номери жана аны алган күн _____ _______________________________________________________________________
Реестрди кармоочунун жайгашкан жери жана телефону: _______________ _______________________________________________________________________
Реестрди кармоочунун ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү жана койгон колу: _________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
М.О.
Реестрди кармоочунун каттоочусунун эсебиндеги көчүрмөнүн номери: _ _______________________________________________________________________