Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-сентябры №536
Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө тиркелген жобонун нормаларын ишке ашырууга багытталган чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |