Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры №530
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Ош жылуулук берүү ишканасын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош жылуулук берүүнү ишканасы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын курамынан бөлүнсүн, шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча бул ишкана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы Ош шаарынын мэриясы менен бирдикте Ош жылуулук берүү ишканасынын штаттык саны менен кошо, негизги фонддорду (объекттерди) Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууну-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте кайтарымсыз негизде бир айлык мөөнөттө жүргүзүшсүн.
3. Ош шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- муниципалдык менчикке өткөрүп берилген мамлекеттик объекттердин сакталышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
- ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүн сатуудан алынган каражаттардын эсебинен Ош жылуулук берүү ишканасынын иштөөсүн камсыз кылуу;
- займдык каражаттар (ссудалар) боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы менен өз ара эсептешүүлөрдү салыштырып текшерүүнү белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө жүргүзүү, электр энергиясы, газ, мазут жана суу берүү үчүн бар болгон карызды эске алуу менен займдык каражаттарды тындыруунун суммалары жана мөөнөттөрү боюнча реструктуралаштыруу тууралуу акыркы чечимди кабыл алуу.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Ош шаарынын мэриясын алдыда боло турган 2011/2012-жылдагы жылытуу сезонуна өз убагында даярдоо максатында Ош жылуулук берүү ишканасына 2011-жылы калкка берилүүчү жылуулук энергиясын субсидиялоо үчүн максаттуу арналышы боюнча чыгымдарды 57,044 млн. сом өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына ушул жылдын башынан бери иш жүзүндө бөлүнгөн субсидияларды (дотацияларды) эске албастан, кошумча карасын;
- ушул пункттун экинчи абзацын эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- өткөрүлүп берилген Ош жылуулук берүү ишканасынын уставын белгиленген тартипте бекитүү;
- өткөрүлүп берилген жылуулук берүү ишканасы менен "Ош электр" жана "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун ортосундагы 2011-жылдын июлунан баштап декабрына чейин керектелген электр энергиясы жана газ үчүн дебитордук карызды, мөөнөтү өткөн карыз үчүн туумду эсептебестен тындыруунун графигин даярдоо жана андан кийин келишимдик шарттарга ылайык акы төлөөнү камсыз кылуу.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |