ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 189 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын Ош жылуулук берүү ишканасын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция04.05.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2021-жылдын 4-майы № 189

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Ош жылуулук берүү ишканасын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын Ош жылуулук берүү ишканасын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы ", ошондой эле жылуулук берүүнүн аталган ишканасынан жылуулук энергиясын алган калкка республикалык бюджетте жыл сайын каралуучу дотациялардын (субсидиялардын)" деген сөздөр алып салынсын;

2) 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "жана тиешелүү финансылык жылга бюджеттин долбоорун түзүүдө Ош жылуулук берүү ишканасынын жылуулук энергиясын иштеп чыгуусу жана жөнгө салынуучу мамлекеттик тариф боюнча калкка берүүсү менен байланышкан чыгашаларды компенсациялоо үчүн чыгымдарды Ош шаарынын мэриясы үчүн карап турсун" деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 21-майындагы N 62 жарыяланды

 

Премьер-министр

У.А. Марипов