Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №545 токтому менен бекитилген |
1. Бул Жобо маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн ай сайынкы проценттик кошумча төлөөлөрдү (мындан ары - кошумча) белгилөөнүн жана төлөөнүн бирдей тартибин аныктайт. Кошумча төлөө эмгекке акы төлөө системасында көтөрмөлөөчү төлөө болуп эсептелет жана маданият, искусство жана маалымат системасындагы квалификациялуу кызматкерлерди кармап калуу жана кадрлардын кетип калууларын азайтуу максатында белгиленет.
2. Маданият, искусство жана маалымат системасындагы кадрларга төмөндөгүлөр кирет: театр оюн-зоок ишканаларынын, китепканалардын, музейлердин, маданият сарайларынын жана үйлөрүнүн, клубдардын, редакциялардын, телерадиокомпаниялардын, кино, басма жана гезит редакцияларынын кызматкерлери, анын ичинде билим берүү мекемелеринде иштеген жана педагогикалык персоналга кирбеген, кенже тейлөөчү персоналдан тышкаркы кызматкерлердин айрым категориялары.
3. Иштеген жылдар - бул эмгектик стажынын түрү, ал кайсы бир кесиптик иште, бул жерде - маданият, искусство жана маалымат системасында эмгектенген убакыттын аралыгын билдирет жана кошумча төлөө үчүн негиз болот.
4. Кошумча төлөө орточо эмгек акыны эсептөөнүн бардык учурларында эске алынат.
5. Кошумча төлөө кызматтык маянага карата, эмгек стажысына жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- 5 жылдан 10 жылга чейин - 10 пайыз;
- 10 жылдан 15 жылга чейин - 20 пайыз;
- 15 жылдан ашык - 30 пайыз.
6. Иштеген жылдарга булар кирет:
- маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндө иштеген жалпы эмгектик стаж;
- маданият, искусство жана маалымат системасында иштеп туруп 20 жаштан 25 жашка чейин чакырылган болсо, армияда кызмат өтөгөн жылдары;
- бала багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча эмгектик отпускада болгон учуру;
- кызматкердин иш орду (кызмат орду) жана орточо эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык сакталуу менен иште болбогон учурлары.
7. Кызматкер иште болбогон учурда иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр төмөнкүдөй учурларда белгиленет:
- орточо эмгек акысы сакталуу менен иштен бошотулуп окуу мекемесинде квалификациясын жогорулатууда же кайрадан даярдоодо болгондо;
- орточо эмгек акысы сакталуу менен иш сапарда болгондо;
- орточо эмгек акысы сакталуу менен медициналык текшерүүгө жиберилгенде;
- кызматкердин иш орду (кызмат орду) жана орточо эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык сакталуу менен иште болбогон учурларда.
8. Эгер кызматкерге кошумча төлөөнү чектөө же өлчөмүн өзгөртүү укугу төмөндөгү мезгилдерге туура келсе кошумча төлөөнүн өлчөмү кызматкер ишке чыккан күндөн баштап өзгөртүлөт, андай учурлар:
- акы төлөнүүчү ар жылдык же кошумча эмгектик отпускада болсо;
- эмгекке убактылуу жараксыз болсо;
- эмгек акы төлөнбөгөн отпускада болсо;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча отпускада болсо.
9. Кошумча төлөө негизги жумуштагы кызматтык маянага карата, кошумча төлөөлөрдүн бардык башка түрлөрүн эске албастан белгиленет.
10. Кошумча төлөө үчүн эмгектик стаж эмгек стажыны аныктоочу комиссия тарабынан аныкталат.
11. Комиссиянын курамына: уюмдун жетекчиси, жетекчинин орун басары, уюмдун кадр жана юридика кызматтарынын өкүлдөрү, профсоюздук же башка өкүлдүк органынын өкүлдөрү кирүүгө тийиш.
12. Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
13. Эмгек стажыны аныктоо үчүн негиз эмгек китепчеси болот. Эмгек китепчеси жок болсо жана китепчеде иштеген убактысы жөнүндө керектүү жазуу жок болсо, же жазуу так эмес болсо, иштеген жылдарды ырастоо үчүн иштеген убактысы жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкаттар, буйруктардын көчүрмөлөрү, өздүк эсептер кабыл алынат.
14. Комиссиянын кошумча белгилөө жөнүндө чечими протокол менен таризделет.
15. Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү эки нускада даярдалат да, кошумча төлөөнү эсептөө үчүн бухгалтерияга жана кызматкердин өздүк делосуна тиркөө үчүн кадрлар бөлүмүнө берилет.
16. Кошумча төлөм эмгек акы менен кошо берилет.