Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры №545
Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө
Маданият, искусство жана маалымат системасында эмгек акыны реформалоого байланыштуу, эмгекке акы төлөөдөгү түзүлгөн диспропорцияны жоюу үчүн, маданият, искусство жана маалымат системасындагы уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөрдү белгилөөнүн жана төлөөнүн тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтом менен бекитилген Маданият, искусство жана маалымат системасындагы мекемелердин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр жөнүндө жобого ылайык келтирсин;
- бул Жобону колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомду ишке ашыруу үчүн керектүү каражатты караштырсын.
4. Бул токтом 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |