Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-сентябры №551
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров жана Э.Б.Жумалиева демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №551 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров жана Э.Б.Жумалиева демилге кылган, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинен 58-главаны алып салууну караган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Атайын каражаттарга салык акы төлөмө кызматтарды көрсөтүүчү бюджеттик уюмдардын финансылык ресурстарынын кыймылына мамлекет тарабынан контролдоо жүргүзүү үчүн арналган.
Кандайдыр бир салык төлөөдөн бошотуу үчүн адегенде бюджеттин кирешелеринин түздөн-түз жоготууларын компенсациялоо боюнча тиешелүү альтернативдүү булактарды аныктоо керек, анткени Мыйзамдын каралып жаткан долбоорунда атайын каражаттарга салыкты алып салуу сунушталган.
Андан сырткары "2011-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы салыктардын колдонулуудагы ставкаларын эске алуу жана олуттуу тартыштык менен кабыл алынганын белгилөө керек. Атайын каражаттарга салыкты бюджеттин киреше бөлүгүнөн алып салуу бюджеттин киреше бөлүгүнүн белгиленген параметрлерин аткарууга 2011-жылы дагы, ошондой эле кийинки жылдары дагы терс таасир этет.
Баяндалгандарга байланыштуу, бюджеттин кирешелеринин түздөн-түз жоготууларынын ордун толтурууга альтернативдүү булактардын жоктугун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров жана Э.Б.Жумалиева демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык келбейт деп эсептейт.