Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-сентябры N 567
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| А.Атамбаев |