ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы №567 «Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 21-сентябры N 567

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)

"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

А.Атамбаев