Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 570
«Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Каржылоо (Улуттук жол тармагын (Ош - Баткен - Исфана) реабилитациялоо долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Каржылоо (Улуттук жол тармагын (Ош - Баткен - Исфана) реабилитациялоо долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 22011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Каржылоо (Улуттук жол тармагын (Ош - Баткен - Исфана) реабилитациялоо долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
э
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|