Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры №577
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-октябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-октябрындагы №523 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Башка бөлүктөрдөн жол кыймылынын коопсуздугу кызматына кабыл алуу, жылыштыруу же которуу "Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ИИО катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобого ылайык, уруксат берилген "А", "А1" "В", "В1" "С", "С1" категориялардагы транспорт каражаттарды башкаруу укугуна күбөлүгү болсо ишке ашырылат, ал эми автотранспорттун техникалык жактан оң эместиги жана аны эксплуатациялоого уруксат берүү, автомобиль жолдорунун, көчөлөрдүн эксплуатациялоого жарактуулугу жөнүндө корутунду чыгаруу жана жол кыймылын уюштуруу боюнча чечим чыгаруу менен байланышкан кызмат орундарга дайындоодо Кыргыз Республикасынын тийиштүү жогорку техникалык билим бар жарандары дайындала алышат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |
|
|