Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры №581
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын жаңы 2011-2012-окуу жылына даярдоо жөнүндө
2011-2012-окуу жылынын башталышына карата республиканын билим берүү системасында 1 миллион 18 миңден ашык окуучуну камтыган 2222 билим берүүчү уюм, ошондой эле 80 миң баланы камтыган 653 мектепке чейинки уюм иштейт. Ыкчам маалыматтар боюнча 2011-2012-окуу жылында биринчи класска 93 миң бала кабыл алынат.
Республиканын жалпы билим берүүчү мектептерин жаны 2011-2012-окуу жылына өз учурунда жана сапаттуу даярдоо максатында төмөнкү жумуштар аткарылды.
2011-жылдын 1-сентябрынан баштап бардык биринчи класстар Алкактык Улуттук стандарттардын негизинде иштелип чыккан жаңы предметтик стандарттар боюнча окутууга киришет. Мектептерди жаңы предметтик стандарттар боюнча окуу жана усулдук адабияттар менен камсыз кылуу максатында 1 миллион 400 миң даанадан ашуун окуу-усулдук комплекттер Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен чыгарылды. Ушуга байланыштуу республиканын 16 миң билим берүү кызматкерлери Алкактык Улуттук стандарттарды жана окутуунун сапатын баалоону колдонуу боюнча окутуудан этап менен өтүшөт.
Республиканын мектептеринде 70 миңден ашуун мугалим эмгектенет. Мугалим кадрларга болгон муктаждык ушул жылдын 15-августуна карата 3 миңден ашуун мугалимди түзөт. Үстүбүздөгү жылы жогорку жана кесиптик орто окуу жайлардын бюджет бөлүмдөрүнүн педагогикалык адистигин бүтүргөн 1951 бүтүрүүчүнүн ичинен 1650 бүтүрүүчү жекече бөлүштүрүлдү. Бул белгилүү бир деңгээлде мектептерди адистер менен камсыздоо көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги проблемаларын чечүү үчүн чаралар көрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 токтому менен билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттары киргизилди. Натыйжада мугалимдердин эмгек акысы олуттуу жогорулатылды.
Эмгекке акы төлөөнүн жаны шарттары жаш кадрларды мектепке тартууга багытталган, анткени бүгүнкү күнгө карата мектептердин мугалимдеринин болжол менен 60 проценти пенсия алдындагы жана пенсиялык куракта. Андан сырткары айыл жеринде иштеген мугалимдерге кошумча төлөө белгиленген.
Ушуга байланыштуу "Жаш мугалимдин депозити" программасынын аракетин токтотуу үчүн шарттар түзүлдү.
Жалпы билим берүүчү мектептердин окуу китептери менен камсыздалышы 62 процентти түзөт. Дүйнөлүк банктын колдоосунда 27 аталыштагы окуу китеби (1 миллион 49 миң нуска) басууга жана тираждоого даярдалды, буга 100 миллиондон ашык сом каралган.
Натыйжада республиканын мектептеринин окуу китептери менен камсыздалуусу 9 процентке жогорулайт,
Республиканын мектептерин жаңы окуу жылына даярдоого республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле эл аралык уюмдар менен демөөрчүлөрдөн да олуттуу финансы каражаттары каралган.
Жалпы билим берүүчү уюмдарда курулуш, капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулду.
Облустук мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана билим берүү органдарынын колдоосунда республиканын жалпы билим берүүчү мектептерин жана мектепке чейинки уюмдарын жаңы окуу жылына өз убагында даярдоо жүргүзүлдү.
Учурдагы оңдоого Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каражат өз убагында бөлүнгөндүгүн белгилөө керек, бул учурдагы оңдоону белгиленген мөөнөттө бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Республика боюнча бардыгы болуп учурдагы оңдоого 353,5 млн. сомдон ашык каражат, анын ичинде республикалык бюджеттен - 100,0 млн. сом жана ар түрдүү булактардан 253,5 млн. сом сарпталды.
Үстүбүздөгү жылы пландаштырылган 66 объектинин ичинен 1-сентябрда 11 объекти ишке киргизилет; 2011-жылдын аягына чейин каржылоо толук жана убагында жүргүзүлсө дагы 25 объектини ишке киргизүү пландаштырылууда, калган 18 объекти 2012-жылга өткөрүлөт.
Бардыгы болуп 2011-жылдын 18-августуна карата 288,3 млн. сом каржыланган, бул пландаштырылган 457,2 млн. сом каражаттын 63,0 процентин түзөт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 21-июлундагы № 367 буйругуна ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунда болуп өткөн жер титирөөнүн залалдарын жоюу максатында шашылыш иш-чаралар көрүлүп жатат.
Бул буйрукту аткаруу үчүн ведомстволор аралык комиссия келтирилген материалдык зыянды, жер титирөөнүн залалдарын жоюуга зарыл керектүү материалдык-техникалык жана финансылык каражаттарды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды берүү боюнча иш жүргүзүүдө.
Баткен облусунда бардыгы болуп 85 миңден ашык окуучуну камтыган 228 билим берүү уюмдары иштейт. Жаратылыш кырсыгынан айрыкча Баткен жана Кадамжай райондорунун эски мектеп имараттары жапа чеккен. Ыкчам изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча облустун 67 билим берүү объектилеринин (29,4 процент) имараттары жана окуу корпустары аябай кыйроого учураган, анын ичинде 4 мектеп жаңы курулушту талап кылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан билим берүү уюмдарын отун менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ушул жылдын 15-августуна карата республиканын мектептери үчүн 694,7 тонна катуу отун даярдалган же жалпы керектөөлөрдүн 0,91 процентин түзөт.
Жылытуу мезгилинин башталышына чейин 1869 жылыткыч жайларды ремонттон өткөрүү пландаштырылган. 2011-жылдын 15-августуна карата 1337 жылыткыч жайлар ремонттолду, бул 72 процентти түзөт.
Жалпы билим берүүчү мектептерди жаңы 2011-2012-окуу жылына даярдоо маселесин карап чыгып, аткаруу бийлиги органдарынын ишин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы окуу жылына карата республиканын жалпы билим берүүчү мектептерин даярдоо боюнча иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2011-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр боюнча сунуштарды киргизсин:
жер титирөөдөн жапа чеккен Баткен облусунун мектептерин курууну;
жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери үчүн максимум уруксат берилген жүктөмдү көбөйтүү жана шаар тибиндеги поселкаларда жана чакан шаарларда жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине кошумча төлөөлөрдү белгилөө;
"Жаш мугалимдин депозити" программасынын аракетин 2011-2012-окуу жылынан баштап токтотуу;
Мугалимдер күнүнө карата "Жылдын мыкты мугалими" республикалык сынагы уюштурулсун;
республиканын жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн окуу китептерин өз убагында сатып алуу жана жеткирип берүү боюнча системалуу иш жүргүзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 8-июлундагы № 296 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-сентябрындагы № 519 токтомун аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- ведомстволук интернат уюмдары жана балдар үйлөрү, жалпы билим берүү уюмдар үчүн отунду өз учурунда жеткирүүнү камсыз кылсын;
- 2012-жылга билим берүү-уюмдарынын капиталдык курулуштары объекттеринин тизмесине биринчи кезекте курулушу аяктап калган объектилерди киргизсин;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте республиканын региондорунда билим берүү объекттеринин курулушунун жүрүшүнө такай мониторинг жүргүзсүн;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын контролдоону жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине 2011-жылдын 20-июлунда болуп өткөн жер титирөөдөн жапа чеккен Баткен облусунун 4 мектебинин курулуш киргизсин;
- Жер титирөөнүн залалдарын жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын келтирилген материалдык зыянды аныктоонун жыйынтыгы менен Баткен облусунун билим берүү уюмдарынын капиталдык жана учурдагы ремонт иштерин жүргүзүүгө каражаттарды карасын жана каржыласын;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук интернат уюмдарын жана балдар үйлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүнү жана катуу отун даярдоону өз учурунда каржылоону камсыз кылсын;
- 2012-жылга карата республикалык бюджетти түзүүдө төмөнкүлөрдү карасын:
квалификациясын жогорулатуу курсуна жиберилген педагогикалык кызматкерлердин командировкалык чыгымдарын;
имараттарды жана курулмаларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө укук белгилөөчү документтерди алууга каражаттарды;
жалпы билим берүүчү уюмдарды жыл сайын учурдагы ремонттон өткөрүүнү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук интернат уюмдарын жана балдар үйлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүүнү каржылоо көлөмүн көбөйтүүнү.
4. Облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөр боюнча чараларды көрүшсүн:
- мектептерди, анын ичинде жер титирөөдөн жапа чеккен билим берүү уюмдарын жаны окуу жылына даярдоону толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо;
- жылытуучу жайларды жана жылытуу системаларын ремонттоону аяктоо жана жалпы билим берүүчү уюмдарга отунду өз учурунда жеткирүүнү камсыздоо;
- педагогикалык кадрларды тартуу жана мектепте калтыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
- республикалык жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки уюмдарында өрт коопсуздугун күчөтүү жана коопсуздук техникасынын эрежелерин аткаруу;
- катуу отун менен жылытылуучу билим берүү уюмдарын этап менен жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө которуу программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте 2012-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө укук белгилөөчү документтерди, анын ичинде имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле аларга чектешкен жер участкаларын мамлекеттик каттоо жөнүндө актыларды жана техникалык паспортторду шайкеш келтирүү боюнча ишти аяктасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |